Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 2
  Маек

Бек Борбиев:
"Үрп-адатын, каада-салтын сыйлаган адам улутчул"
- Саясаттын жолуна түшүп, партиялык тизме менен шайлоого аттандыңыз. Саясатка кеткен жол чыгармачылыгыңызга тоскоолдук кылбайт бекен?
- Таптакыр эле тоскоолдук кылбайт десем чындыктан алыстап кетишим мүмкүн, сөзсүз түрдө тоскоолдугу болот. Саясат менен алектенбей, же башка иштер менен алагдыланбай жалаң чыгармачылык менен иштесем менимче үзүрдүүрөөк болмок болушу керек. Бирок бажы тармагында иштеп жүргөндө деле чыгармачылыкты таштап койгон жокмун, буйруса саясатта деле ошондой болот болушу керек. Көкүрөктө чыгармачылыктын уюткусу бар болсо ага качан болбосун убакыт табылып, жүрөктөн жарала турган чыгарма убактысы келгенде жарык дүйнөгө келген наристедей кубаныч тартуулап жарала берет. Мен көбүнчө кечкисин, түн ичинде элдин баары таттуу уйкунун кучагына киргенде чыгармачылык менен алектенем, ошондуктан саясат менин жеке чыгармачылыгыма чоң тоскоолдук келтирбейт го деген ойдомун.
- Жыл сайын сентябрь айында берген концертиңизде күйөрмандарыңыз менен бирге туулган күнүңүздү белгилечү элеңиз. Жакында боло турган концертиңиздин багыты кандай болот, сурайын дегеним ушул учурда шайлоого карата агитациянын күчүнө кирип турган учуруна дал келет экен, балким агитациялык концерт болобу деген ой жаралышы мүмкүн да?
- Жок, саясат өз жолу менен, чыгармачылык өз жолу менен жүрө берет. Концертимде саясат жөнүндө эч нерсе айтылбайт, эч кандай лозунгдарды илдирбегенге аракет кылып жатабыз. Ошол учурда саясаттын курчуп турган учуру болот, ошол күндөрү элди саясаттан эс алдырып жакшы маанай тартуулап, жылдагыдай эле туулган күнүмдү элим менен тосоюн деген тилектемин.
- Бир канча убакыттар мурда артисттен саясатчы чыкпайт деген сыяктуу көз караш болгон. Бирок бара-бара коомдо жашаган кандай кесиптеги адам болбосун коомдогу саясий көрүнүшкө өз көз карашы бар экенин, атайын даярдалган саясатчылардан да терең көз карашы бар атуулдарыбыз бар экенин убакыт өзү тастыктап койгонсуду. Сиз парламентке келип калсаңыз кандай көйгөйлөргө көңүл буруп, кандай маселелерди көтөрүп чыгасыз?
- Адам өзүнүн жашаган чөйрөсүнө, билимине жараша көйгөйлөрдү алып чыгат болушу керек. Биринчиден маданияттагы көйгөлөрдү, экинчиден жогорку билимдүү бажычы катары бажы тармагындагы, ошондой эле курулушчу-инженерлик багытында окугам, ал тармактагы, кыскасы өзүмдүн сабатым, билимим жеткен чөйрөдөгү көйгөйлөргө түздөн-түз киришем деген ойдомун.
- Чыгармачыл адамдын дили таза, ар бир көрүнүштү жүрөгүнө жакын алат дейбиз, ошол эле учурда саясатты ыплас деген түшүнүк бар, аралашып жүрүп ушул нерсени байкай алдыңызбы?
- Саясатты, кир, ыплас деп айтышат, бирок ал ошол саясатты жүргүзүп жаткан адамдын өзүнө жараша болот. Мен мамлекеттик иштеби, чыгармачылык жолдобу ар дайым түз жүргөнгө аракет кылам. Түз жүргөн адам эч жерден адашпайт, бир калыпта салмактуу жүрсөң кайсы жерде болбосун репутацияң бузулбайт болушу керек. Саясаттын оң -терс жактарын карап салмактап көрдүм, көкүрөктөгү максаттар, кыргыз элинин азыркы оор учурга кептелип калган тагдыры кайдыгер калтырбагандыктан саясатка аралаштым.
- Партиялар көп, алдыдагы шайлоого билек түрө баары даярданып жатышат, ошол эле тынччылыкты тилеген эл арасында шайлоо кандай өтөт деген кооптонуулар бар. Кандай ойлойсуз, шайлоо тынч өтөбү?
- Тынч өтсө экен деген тилегим бар. Анын үстүнө биздин үй-бүлөбүздө октябрь айында чоң тойлорубуз, жакшылыктарыбыз бар, ага зыяны тийбей жакшы өтүп кетсе экен деп тиленип атабыз. Элдин деле тилеги ошол. Административдик күчтөр колдонулбай шайлоо таза өтсө эч кандай толкундоолор болбойт.
- Кантип таза шайлоо өткөрө алабыз?
- Таза шайлоо үчүн бийлик мыйзамдуу болушу керек. Бийликтеги партиялар өздөрүнүн келечегинен кандайдыр бир шектенүүлөр болуп коркуп атышкан болсо сөзсүз түрдө фальсификацияга барышат. Бул жагдайда адамдар жалаң эле заманды өзгөртө бербей адамдар өзүбүз ичибизден өзгөрүшүбүз керек. Бийликке бараткан адамдар да жеке өзүнүн көр оокатын ойлобой жалпы элдин тагдырын ойлошу керек. Кудай анын бетин ары кылсын, эгер күзүндө толкундоолор болуп, аны күч менен басып коюп туура эмес жолдор менен ары карай жыла берсек беш жылдан кийин дагы чоң жарылууга алып келет. Бул нерсени тереңирээк ойлонуп, бул күн да өтөт дегендей баарын туура көз караш менен карап элге пайда алып келе турган, Кыргызстаныбызды бейпилдиктин кучагында жашаталы. Биздин эң негизги максатыбыз ушул, кыргыз элинин тагдыры, мамлекеттүлүгү, тынчтыгы, өлкөбүздө өсүш болсо экен дейбиз.
- Ар бир партияда эле өлкөбүздүн ар тарабынан, жалпы Кыргызстандан мүчөлөрү болгонуна карабай ар бир партиянын ар кайсы региондо башкача орду, салмагы бар экен, бул жөнүндө сиз кандай ойдосуз?
- Түндүк-түштүк маселесинин башталганына менимче жыйырма жыл болуп калды окшойт, ал 7-апрелден кийин курчуп кетти окшойт. Союз учурунда түндүк-түштүк деп бөлүп сүйлөгөндөн корккон заман болчу. Кийин демократияга жеткенде айрым саясий ыплас оюндардын аркасында ушул түндүк-түштүк деген кеп айтылып калып, кадр маселесине келгенде, же саясий оюндарда көп учурда курал болуп келген экен. Билинген, бирок көп көңүл бурулбаган жаратыбыз билинбей чоңоюп келе берген. Акаев келгенде бул түндүктөн, кадрларын түндүктөн коюп жатат дешип, кийин Бакиев келгенде тескерисинче түштүктөн кадрлар көп деп айтылып тымызын бөлүнүү чоң көйгөйгө алып келип койду. Мен өзүмдү айта кетишим керек, географиялык жактан алганда да токтогулдукмун, Токтогул ары жакка да, бери жакка да кошулбай ортодо жайгашкан. Чыгармачылык жактан алганда жалпы элдин уулумун, чыгармачылыкта дегеле түндүк-түштүк деген түшүнүк болбойт, болгон да эмес, аны кесиптештерим муну жакшы билет. Бир өлкөдө жашап туруп андай бөлүнүү болбош керек, болтурбашыбыз да керек. Кээ бир мурдунун учунан алысты көрбөгөн саясатчылар бар, бул ошолордун бөлүнүүгө алып келип кылган иштери. Кыргызстан алакандай жер, бир күндө аркы башынан берки башына жете аласың, өлкөмдүн ар бир жерин кыдыргам, мага ар бир айыл тааныш. Кичинекей мамлекетибизди түндүк-түштүк деп бөлүп, өздөрүнүн куралы катары колдонгон саясатчылар кыргыз элинин чекесине чыккан чыйканы, душманы.
- Элде кызматка, бийликке келген адам байыш үчүн, дүнүйө жыйнаш үчүн гана келет деген түшүнүк пайда болуп калган сыяктуу?..
- Бул дагы акыркы жыйырма жыл ичиндеги жүргүзүлгөн саясат, эл башчыларыбыздын идеологиясы ушул түшүнүккө алып келди. Жыйырма жыл ичинде бир муун өсүп чыккан болсо ошол муундун аң-сезими ушул калыпта тарбияланып калды. Ар нерсе кезек-кезеги менен да, ушундай аң-сезимде өскөн адамдарыбыз бир убакта мамлекетти башкарат, коркунуч ошондо. Ошол түшүнүк менен бир муунбу, эки муунбу эл башына келип калса кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүндө чоң коркунуч пайда болот. Бийликти легитимдештирип алгандан кийин биздин бийлик идеология боюнча ушул багытта чоң иштерди жүргүзүшү керек деп ойлойм.
- Демократиялык өлкөбүз, бизде демократия деп жар салабыз, чындыгында биз демократиянын талабына жооп берерлик жашап жатабызбы?
- Буга мен бир жактуу баа берүүдөн алысмын, менин жеке пикирим боюнча демократиянын бизге сунуштаганын бүтүндөй кабыл алып алдык. Демократиянын бизге бул бөлүгү керек, бул бөлүгүнүн кереги жок, анткени биздин менталитетибиз, тилибиз, дилибиз башка деп алсак жакшы болот эле. Демократиянын айрым өзүбүзгө туура келбеген жактары интернет сайттарга чыгып кеткендей карманаар ыйык эч нерсеси жок экен, жапайы эл экен деген сыяктуу терс ойлорду дүйнө коомчулугуна тарап кетишине алып келдиби деп ойлойм.
- Улутчулдук керекпи?
- Улутчул десе башка улуттарды жаман көрүп, аларды жекирип, ур-токмокко алгандарды улутчул деген түшүнүк болуп калды. Андай адамды кылмышкер деп коёт, улутчул адам өзүнүн улутун урматтап-сыйлап, үрп-адатын, салт-санаасын сыйлаган адам улутчул, мекенчил болуп эсептелет. Идеологиянын маңызы, материалдык, руханий байлыгы, төрүндөгү булагы улутубуз болушу керек. Биз кыргыздыгыбызды, улуу эл экенибизди билгизип үрп-адаттарыбызды сыйлап, ошолор менен сыймыктана албасак башка нерселерди пропагандалап эмне кереги бар? Элибиздин баалуулуктарын барктап ошолорду таратышыбыз керек. Ошондой болсо гана мамлекетибизде улуттар арасында кагылышуулар болбойт. Кыргыз мамлекети, кыргыздардын мамлекети болгондуктан биздин үрп-адатыбызды, тилибизди сыйлап жашашат. Кыргызстанда кыргыздын нарк-насилин сыйлаган гана адамдар жашаш керек, азыр жашап жаткан улуттар сыйлайт деген ойдомун. Башка мамлекеттин улуттук баалуулуктарын билбей туруп ал өлкөдө жашаш кыйын болуп калат. Биздин улуттук кызыкчылыктарыбыз өлкөбүздө жашап жаткан башка улуттардын кызыкчылыгынан бир тепкич жогору коюлса эң жакшы болот.
- Сиздин саясатка аралашканыңызга үй-бүлөңүз кандай көз карашта болушту?
- Мен бийликтин партиясында болсом дагы макул болушмак беле, оппозициялык маанайдагы партияда болгондуктан абдан кооптонушту, өзүңдүн жумушуңда эле иштей берсең болмок дешти. Менин чечимим ушундай экенин билдирдим, үй-бүлөм мени ар дайым колдоп келишкен, азыр деле колдошууда.
- Мурунку бийлик учурунда мамлекеттик кызматта иштедиңиз да, жашырбай айтсаңыз, сиз да кимдир бирөөлөргө керектүү сумманы төлөп берген учуруңуз болду беле?
- Баары өтүп кетти го, жашырбай эле айтайын, эч убакта мага кимдир бирөө акча түшүрүп бер, керектүү пайыз төлө деген сыяктуу көрүнүш болгон эмес. Андай болсо башка жерлерде болуп жаткандыр, мен анчалык чоң кызматты ээлеген жокмун. Бир жерде ушундай болуптур деп да айта албайм. Бул ачык айтканда коррупция да, туурабы, муну бир күндө жок кыла албайбыз деп Акаев да айткан, азыр да айтылып жатат. Азыркы бийлик дагы Акаев, Бакиевдер колдонгон тырмоочту тебелеп жатышат. Биздин саясий партиянын максаты ошол тырмоочту таптакыр жок кылганга аракет кылабыз. Иштеп жаткан жериңде тырмооч жатса бир күнү болбосо бир күнү аны тебелейсиң. Ошон үчүн биздин максатыбыз-таза Кыргызстан үчүн, таза коом үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн иштөө. Биздин максат- эч качан күч менен бийликке келүү эмес, мыйзамдуу жол менен шайлоого баруу. Күчтүү мамлекет үчүн, күчтүү Президент үчүнбүз, парламенттик мамлекет болууга өзүбүздүн көз карашыбыз бар.
Айзада КӨЧКӨНБАЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 47

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 47


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 47

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 47


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 47

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0910_8.htm on line 47