Кыргыз гезиттер архиви

  Күн собол

Шайлообек Дуйшеев:

1) - Бул эми ар бир партиянын маданиятына жараша болот деген ойдомун. Ар партиянын лидерлеринин маданиятына жараша болот. Мурда мындай жалган жалаа жаап, бири-бирин шыбаган аз-аздан эле болсо, бүгүнкү күндө аябай өнүгүп өсүп жаткан учуру. Албетте шайлоо алдында бири-бирин аңдып, көө жапканга баары эле жулкунат болушу керек. Эң өкүнүчтүүсү азыркы учурда эл фактыга эмес ушакка көп ишенип, ушак менен жашап калгандыгы.

2) - Андай коркунуч да бар. Мунусуна тиги жакпай, тигинисине мунусу жакпай чыр -чатак да чыгышы мүмкүн. Тууган - туушканды чогултуп, акча таратып, чаң тополоң уюштурганды жакшы көргөндөр да бар. Менин айтаарым дагы бир мындай тополоңго кыргызым чыдабайт, учурда алсырап турган учуру. Ички душмандардан да сырткы душмандар көп. Кыргызстандын тагдыры өзүбүздүн колубузда. Келе жаткан шайлоо менен Кыргызстандын тагдыры чечилет, аны туура куруу ар бирибиздин колубузда. Ошондуктан туура чечим кабыл алгыла.

Жоомарт Кадыралиев:

1) - Андай карама-каршылыктар бул мындай айтканда партиялардын жетекчилеринин деңгээли. Эгерде бул компромат согуш кайрадан күч алса анда чет элдик коомчулукка жаман аттуу болобуз. Чын-чынга келгенде быйылкы жылы болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийин элибиздин көзү ачылып, акылдуурак болуп калды. Ошондуктан бул шайлоодо ката кетпейт дегенге толугу менен ишенем.

2) - Шайлоого катышууга уруксат алган баардык партиялардын программалары окшош. Баары тең Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн. Ал эми шайлоодо чыр-чатак салгандыгы Кыргызстандын өнүгүүсүн артка тарткандыкка барабар.

Камчыбек Ташиев:

1) - Биздин партиянын башында кабыл алган талабыбыз бар. Ал талапка ылайык башка партияларга, алардын лидерлерине карата эч кандай компромат колдонбойбуз деп чечтик. Эгер башка партиялар бизге карата компромат даярдап, бийликке барыш үчүн, мандатка жетиш үчүн кандай жолдорго барышса да алардын абийирине коёбуз.

2) - Жаңы тополоңдун болушуна өбөлгө түзбөй турган бир гана жол бар, бул-таза шайлоо. Эгер шайлоо таза өтсө, административдик ресурстар колдонулбаса, мыйзамга көз жумду мамиле жасалбаса эч кандай тополоң болбойт. Биз "Ата Журт" партиясы мыйзам чегинде өткөн шайлоодо элдин ишенимине артып утуп чыксак парламентте таза иштеп берүүгө даярбыз. Эгер мыйзамдуу түрдө жеңилип калсак анда жеңген партияга баш ийип беребиз, тополоң жараталы деген оюбуз жок. Бирок административдик ресурс колдонулуп, же башка да мыйзамсыз жол менен утулуп кала турган болсок ар бир шайлоочубуздун добушу үчүн күрөшөбүз.

Чыныбай Турсунбеков:

1) - Менин оюмча ал ар бир адамдын ички ыйманына жараша болот. Ыйманы таза адам бирөөнү жамандоого, ал жөнүндө жаман сөз айтууга барбайт, ал эми ыйманы жогу бирин-бири шыбап, ар кандай жаман жолдорго барышы мүмкүн.

2) - Андай аракеттер көрүлүп жатканы жашыруун деле эмес. Эң башкысы ийгиликке жетиш үчүн ар кандай айла-амалдарга барыштары мүмкүн, ич күптүлөрүн, ызасын чыгарып алуу максатын көздөгөн адамдар элди куралга айлантып тополоңго барышын күтсө болот.


Арман Бейшеев:

1) - Эмитеден эле тигил партиянын лидери мындай экен, бул партияныкы тигиндей экен деген сөз-кеп чыгып жатпайбы. Анысына караганда компромат согушу от алып күч алышып жаткан кез. Эртең эле Сариевдин беш аялы, Текебаевдин 8 баласы бар экен деген кеп чыгат эмеспи. Мына ушунун баары тең көө шыбамай согуш деп аталат.

2) - Шайлоо алдында, бирөөсү өтүп, экинчиси өтпөй калса да чыр-чатак чыгат. Бул келе жаткан шайлоо тынч эле өтөт, бирок өтөрү менен өтпөй калгандардын жаңжалы башталып кетиши да ыктымал. Миллиондогон акчаларын коротуп, таратып алып унчукпай калып калмак беле? Сөзсүз Ала-Тоо аянтын айланып ызы-чуу салат.



Каныбек Иманалиев:

1) - Саясатчылардын, партиялардын деңгээлине жараша болот. Ошондой эле журналисттердин, гезиттердин позициясына да жараша. Эң негизгиси мындай компромат согуш мамлекетибиздин ички стабилдүүлүгүнө доо кетирбесе болду.

2) - Чыр-чатак аттуунун баары тең шайлоо алдында чыкчу эмес беле, ошондуктан бул жолкусунда да чыгат деген коркунуч бар. Бирок биз баарын тең саясий амбицияга алдырбай мырзалык келишим менен чечүүгө аракеттенишибиз керек.

Айзада КӨЧКӨНБАЕВА, Мальвина Уметбекова