Кыргыз гезиттер архиви

  Сандан-санга

Жетимдердин көз жашы
- Менден коркуп жатасызбы?
- Жок.
- Менин акчам жок, натуралай эсептешсем болобу?
- Мен сенден акча сурап жатамбы?
- Бары бир бекер мышык мыёлобоорун билесиңби?
- Ай чоң кыз, ким менен кандай эсептешесиң өзүң бил. Бирок, экинчи мага андай айтпай жүр. Сени атаң менен энең кызыбыз деп эркелетип, ушул эрежеге жеткирсе, сен машинеге түшүп алып, эркектер менен натуралай эсептешип жүрсөң уят эмеспи.
- Сен эмне ушунчалык эле гумандуу жигитсиңби же импотент же …
Жалжаңдап кайрыла бергенде Айдар кызды жаактан ары бир чапты.
- Ким атың?
- Аида
- Кайсы көчөдө жашайсың?
- Кийинки көчөдө үчүнчү үйдө…
Айдар эшиктин алдына жеткирип туруп, машинесин буруп кетти. Түн ортосуна чейин уктай албай таң атырды. Анын ою эле "эгерде, менин алган аялым дагы ушундай шуркуялардан болуп калса эмне кылам"… Жооп жок.
Эртең менен телефондун сайраган музыкасы, анын уйкусун бузду.
- Алоо,
- Айдар, сени менен Арсен байке жолугат элем деп Москвадан атайын келиптир. Жүрү жолугуп келели.
- Мен уктап жатам.
- Болчу, билесиңби, ал "денежный мешок" экендигин өткөндө Нурик айтты эле го.
- Болуптур деген Айдар мойнунан байлагансып, ыргылжың боло ордунан тура жөнөдү.
Канат экөөнүн барганын эшик алдында карышкыр ичик жамынган Арсен тосуп алып, "Атыңды угуп, Арстан жигит экендигиңди өзүм сезип, жол арытып, атайын келдим иничек. Чай ичип отуруп ал-жай сурашалы" - деди колун үйгө карай жаңсай.
- Канат капа болбосоң Айдар экөөбүздү калтырсаң. Биздин сүйлөшө турган сөзүбүз бар.
- Болуптур деген Канат эшикке чыгып кетти.
Эми иним сен жаш, болуп-толуп турган кезиң экен. Сенин кумарды катуу ойнооруңду Россиянын атка минерлери (кумарчылары, коммерсанттары) айтып жатышат. Ошондуктан, мен сага өзүм келип таанышайын дедим.
- Сиз менен таанышкандыгыма өтө кубанычтуумун байке. Сиз өзүңүз жөнүндө кыскача болсо дагы тааныштыра кетсеңиз?
- Албетте, мен өзүм Кара-Балта шаарынан болом. Чындыгын айтсам иним, башымдан көп жаманчылык, жакшылыктар өттү. Мен мактанбайын ушунчалык байыдым, натыйжада ким мага дос, ким мага душман экендигин дагы биле албай калдым. Колуңда акчаны уучтап турган маалда бары сага дос. Душман деген жок. Акыры эмне менен бүтөт билбейм. Чынын айтсам эшикте турган эңгезердей болгон жигиттерсиз дааратканага дагы бара албайм-деди муңкана сүйлөгөн Арсен.
- Сиз бул жашоодо өкүнгөн нерсеңиз барбы?
- Мен учурда өткөн күнгө өкүнүп, учурдагы жашоомо топук кылып, келечектен коркуп жашаган адаммын - деп Айдарды эшикке узатууга камынды.
- Болуптур байке, дагы жолугушабыз деп Ош базарындагы Мурат досуна жолугууну чечти.
- Мурат экөө бала кезден достор. Ал базарда араба сүйрөйт. Айдар "Жүрү мени менен жаша, аялың үйдө эле болсун" - десе болбойт. Акыры бир тапкан акчасына өзүнө жакын жерден үй алып берип, жүрөгү тынчыган.
- Мурат менен Айдар кажылдашып сүйлөшүп отурса, - "Байке таксиби"-?
- Ооба, кайда барасыз дей салды Айдар кызды тамашалай.
- Мени, Тоголок Молдо көчөсүнө таштап коёсузбу?
Мурат экөө жөлөнүп турган машине такыр эле башканыкы экендигин кыз билбей аларга кайрылганын кийинчерээк түшүнүп калган Айдар күлүп, арабаңызды Мынабу Мурат деген жигит айдап барып кайра келсин болуптурбу. Ал эми сиздин акыңыз бул - деп чөнтөгүнөн 100сом алып берип, кыздын жүгүн машинесине алып жөнөштү.
- Байке, бул сиздин машинеңиз болбосо, убара болбоңуз. Мен башка эле такси кармайм-деди ыңгайсыздана түшкөн кыз.
- Жок карындаш, мен сизди жеткирип коём. Менден корпой эле кой. Мен бир кыргыздын намыстуу жигиттериненмин. Сиздей болгон чырайлуу назик кыздарга кызмат кылуу мен үчүн сыймык.
Кыз же жигиттердин колунан жүгүн тартып ала - албай кызарып кетти. Жолдо эч кимиси сүйлөбөй, жана эле досунун алдында чечен болуп жаткан Айдар эми дудуктун кейпин кийип, сөз сүйлөй албай отурат. Акыры өзүн-өзү жемелеп жатып:
- Атыңыз ким?
- Мээрим.
- Каяктан болосуз?
- Ушул жактан.
- Телефонуңуз барбы?
- Жок.
- Эмнеге?
- Тааныбаган адамдарга телефонумду бербейм.
- Канчадасыз?
- 20 жаштамын.
- Окуйсузбу?
- Ооба,
- Каякта?
- КУУда
Акыры экөө тең күлүп жиберишти. Сен эмне бардык балдар сураса эле айта бересиңби?-деди кызгана бурк эткен Айдар.
- Сиз өзүңүз сурап жатпайсызбы?-деп Мээрим таарына көчө жакты карады.
- Тамашалап жатам, сен эмне таарынып калдыңбы?
- Жок,
Так, Мээримканын таарынычын Айдар кантип жазышы керек? … Мейли балмуздак алып берейинби?-деди жалооруй караган жигит кызга чындап эле жүрөгү элжирей.
- Кыздын ууртунан жылмаюуну көргөн Айдар машинесинен ыргып түшүп эле эки жүз сомго бир баштык балмуздакты алып келди.
- Сиз эмне… көзүн алайткан Мээрим Айдарды карады. Мен муну качан түгөтөм Айдар байке…?

- Сен мынча азык-түлүктү эмне кыласың -деди сөздү башка жакка бурган Айдар.
- Мамам салат жасайлы дегенинен …
- Сен жасаганды билесиңби?
- Билем.
Айдар канчалык машинесин жай айдаса дагы Мээримдин үйүнө жетип келишти.
Мурда болуп көрбөгөндөй абалга туш болгон Айдарга бүгүнкү болуп өткөн окуя түш сымал болуп, уйкудан чочуп ойгонгонсуп, Машинесин элеңдей карады.
- Ураа, Мээримдин көз айнеги калып калган тура. Телефонун эптеп жатып сурап алганына сүйүнүп, түз эле үйүн көздөй жөнөдү.

(Уландысы кийинки санда)
Нурзада Акмат