Кыргыз гезиттер архиви

  маданияттын түндүгүн кӨтӨрӨлү

Парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлерге - алардын партияларына маданият тармагынан сунуш
"Манас" эпосу
Улуу эпостун аталышы менен 40тан ашык ар кандай ишкана, мекеме жана түркүн коомдук уюмдар юридикалык каттоодон өткөн. Бирок иштери чаржайыт, утурумдук же жеке кызыкчылык мүнөздө болгондуктан Кыргыздын Улуу Сөзүнүн баркы, наркы дегеле сезилбейт.
Мына ушул "манасчылар" менен ырааттуу, туруктуу жана чыгармачыл өнүктөштүк негизде иштөөнү КР Маданият жана маалымат министрлиги өз колуна алса Манастаануу маселеси мамлекеттик, улуттук уюткуга айланмагына шарт түзүлмөк.
"Манас" аэропорту, "Манас банкы" жана Кыргыз-Түрк Манас университети калгандарды каржылык да, уюштуруучулук жана чыгармачыл колдоого да дарамети жетери анык эмеспи.
"Манас" китепчелерин балдарга, жаштарга арнап чыгаруу боюнча аэропорт менен банк жетекчилерине КР маданият министрлигинин Улуттук маданий борбору мурда кайрылгандан майнап чыкпаганын эми оңдоонун өңүтү келди го...
Залкар манасчылардын, дегеле жалпы кыргыз өнөрүнүн таланттуу өкүлдөрүнүн жалпы музейи-ордосу жоктугу да ойлончу маселе. Бишкекте болгону С.Каралаевдин үйүндө гана эскерткич такта жазылып туру, ал эми үйү эбак эле сатылып кеткен.
Ошондуктан, С.Орозбаков, С.Каралаев баштаган манасчылардын, А.Осмонов,
Ч. Айтматов башында турган классик акын, жазуучулардын, фольклор, теарт, кино ж.б. искусствонун ири ишмерлеринин көркөм жана агартуучу ак ордосун түзүү зарыл. Бул үчүн качкын академик президенттин үйүн же болбосо кароосуз турган "Нарын" ресторанынын имаратын караштыруу туура болор.
Манасчылардын кароо-сынагын Таласта жана Балыкчыда (Саякбай шаары деп аталса) улам кезектештирип өткөрүп туруу өрнөгү колго алынса.
Манасчыларга Элдик манасчы же атактуу манасчылар атындагы наамдар, лауреаттык сыйлыктар уюштурулушу да шарт.
Кыргыз эл артисттери Ш.Азизов, К. Атабеков жана КР эмгек сиңирген артисти С. Молдокеевалардын мурастарын жана ысымдарын түбөлүккө калтыруу жагдайындагы иш-чараларга көңүл бөлүнсө. Алардын аза зыйнатына эч кандай катышпаган жана кимиси тирүү же өлүү экендигин билбеген Маданият министрлигинин мурдагы атка минерлеринин айынан, үч талантттын арбагы ыраазы эместиги эске алынса.
"Манас-1000" мааракесин өткөрүүдө зор эмгек өтөшкөн кинорежиссер-манасчы М.Убукеевдин, жазуучу-манасчы А.Жакыпбектин жана художник-манасчы Т. Герцендин 75 жылдыктары (2010-ж) деле өз деңгээлинде болбоду. "Манас" эпосун же манастаануу сабагын ЖОЖдордо окутуу, эл аралык деңгээлде (мурдагы "Манас-1000" дирекциясы сыяктуу), жайылтуу да көңүл бурууга муктаж. Демек, Манаска мамлекеттик мамиле зарыл.
Кыскасы, "Аталардын алгы сөз, айтылбаса дат басат" деп Улуу Сөздө айтылганды жадыбыздан чыгарбасак.
Эстеликтер, музейлер
Республиканын бардык негизги автожолдору оңдолуп же реставрация болууда. Тилеке каршы ошол жолдор өткөн жерлерге тиешелүү тарыхый, маданий эстеликтер же атактуу инсандарды же урунттуу окуяларды чагылдырган эскерткичтер, такталар орнотулбай, а эскиргендери алынбай же алмаштырылбай көңүлдөн сырт калууда.
Ушул себептен Улуу Жибек Жолунун негизги үч багытындагы автожолдор боюнча жогорудагы иштер колго алынса, ар кандай рекламалык же жеке, саясий кызыкчылыктагы чааралекей жазуулар өчүрүлүү менен табиятка да кооздук кайтарылмак.
Улуу Жибек Жолуна жайгашкан райборборлорго тарыхый-маданий эстеликтердин, музейлердин тутумун түзүп, экспонаттарын бир жерге жайгаштыруу агартуучулук милдет менен бирге туризм тармагына да зор көмөгүн тийгизеринде талаш жок. Мисалы, Токтогул, Коргол, Жоомарт музейлерине барыш үчүн эле канча убакыт кетет... Чоң-Алайдагы Дароот-Коргон сепилин оңдоп, райондук маанидеги этнография-тарых музейин түзсө, Дүйшөмбү-Нура жолундагы маанилүү маданий очокко айланмак.
Көлдүн тескейинде анча өнүкпөй жаткан туризм-маданият сервисине да көңүл бөлүү зарыл. Жети-Өгүздүк агартуучу Кален Жетимишбаев аксакал өмүрү өткөнчө чогулткан архивдик, археологиялык, тарыхый-этнографиялык миңдеген экспонаттар үчүн атайын музей имараты курулбай, шыбынан суу тамчылаган эски универмагдын имаратында дээрлик ишпалдасы чыгып жатканына он жылдай убакыт өттү...
Бурана музей-комплексин өнүктүрүү да соңку жылдарда солгундап, дээрлик токтоп калгандай. Бул ишти Жусуп Баласагындын миң жылдык салтанаты менен (2018) эриш-аркак жүргүзүү элибиздин эзелки маданиятын эларалык деңгээлге алып чыгуунун жана каражат табуунун эптүү жолудур...
Айтмакчы, Жусуп Баласагын жана анын доору жөнүндөгү тарыхый полотнолорду КР эл артисти, кинохудожник, Алыкул сыйлыгынын лауреаты, кыргыз мультфильминин баштоочусу Сагынбек Ишенов акыркы он жылдан бери жалгыз, өз күчү, каражаты менен тартып келатат. Бул адамга мамлекеттик колдоо болгондо эмгиче Баласагындын музейин түзүп коймок.
Советтер Союзунун Баатырлары Дүйшөнкул Шопоковдун, Чолпонбай Түлөбердиевдин жана Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Зууракан Кайназарованын, дегеле ушундай атактуу инсандардын үй-музейлерин кайрадан оңдоо, толуктоо иштери жөнгө салынса, эмгектик жана атуулдук эрдиктерге тарбиялоонун көзү бүтөлүп калган булагы кайрадан ачылмакчы.
Мезгил жана Алыкул
Жалаң өз демилгеси менен Алыкул Осмоновдун үй-борборун Бишкекте, үй-музейин Чолпон-Атада ачууга жетишкен,акындын өмүр-баянын, чыгармачылыгын изилдөө менен "Мезгил жана Алыкул" китебин түзгөн (1990), жазган (2006) П.Казыбаевге да мамлекеттик деңгээлдеги материалдык колдоо көргөзүлгөндө Алыкултаануу ааламы мындан да кеңири кулач жаймак. Бирок көптөгөн убадалар, сөздөр маданият ж.б. жетекчилер тарабынан айтылганы менен аткарылбаганы акындын эстелигин Ысык-Көлдө тургузуу, чыгармаларын чыгаруу, бөлөк тилдерге которуу өңдүү олуттуу иштерге залакасын тийгизүүдө. Ушундай кайдыгерликтин айынан "Алыкул-95" мааракеси да быйыл өтпөй, үч томдугу чыкпай калуу абалында.
А.Осмонов жөнүндөгү документалдык тасмаларды эмки талапка ылайык көчүрмөлөп, көгүлтүр экранга чыгаруу жана жаңыларын тартуу. Ошондой эле аудиовидео шарты жана 30-50 орундуу конференц залы бар, чакан эки кабат музейин Бишкектеги үй жанында салууга, "Алыкул" кемесин Ысык-Көлгө алып чыгууга анык атуул ишкерлерди күтөбүз.
Тасмалар жана дикторлор
"Кыргызфильм", "Кыргызтелефильм_дин" эски тасмаларынын бардыгын сандык көрсөтүүгө көчүрмөлөө, аудиовидеофотофонотеканы толуктоо жана радиомаектердин тандалма жыйнагы китеп түрүндө чыгарылса түркүн багыттагы кызыктуу маданий булакка айланмак.
Мындан тышкары телерадио дикторлорунун, алып баруучулардын кеп маданияты, тышкы келбети жана редакторлордун жоопкерчилигине, сабаттуулугуна да көңүл бурулбай жатканы жалпы тил маданиятына тескери таасирин тийгизүүдө.
Кыргыз элинин жана башка элдердин эртеги,учурдагы жана келечектеги маселелерин чагылдырган "Маданият" каналы же программасы-долбоору УТРК да ачылса жакшы болмок.
Китеп, басма иштери
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Улуттук маданий борборуна караштуу "Маданият" басма-полиграфия багыты өркүндөтүү максатында финансылык колдоо өкмөттөн берилсе, жалаң эле маданият тармагы эмес, жалпы окурмандар үчүн да кызыктуу басылмалар-китептер чыгарылып, "Маданият" журналы да байма-бай жарык көрүп турмакчы.
"Маданият" басмасынан элдик залкар таланттар, атактуу акын, жазуучулар, Токтогул жана башка сыйлык лауреаттары, Кыргыз жана СССР эл артисттери, художниктери жөнүндөгү түстүү, илимий-популярдык басылмаларды чыгаруу, 20-кылымдагы кыргыз адабиятынын хрестоматиясын түзүү, "Ала-Тоо аңгемелери" сериясын негиздөө жана "Манас" эпосу баштаган дастандардан үзүндүлөрдү бөбөктөр, наристелер, тестиер, өспүрүмдөр жана жаштар үчүн иллюстрация менен коштоп чыгаруу маселеси баягы эле акчага барып такалууда.
Алыскы, жакынкы элдердин адабий-маданий жаңылыктары, көркөм мурастары жана рухий булактары менен таанышып, үлгүлөрүнөн үйрөнүү да мезгил талабы - жаш муундар зарылдыгы.
Эгемендик деп эйфорияга батканыбыз менен 20 жылда кыргыздын элдик адабиятынан, фольклорунан, кийинки, соңку чыгармаларынан чыгарууга көңүл бурулбагандыктан, ошол эркиндикте чоңойгон муун өз улутунун руханий уузунан оозанбай, эне тилинен, дилинен улам оолак калууда.
"Өлгөндүн сазайы көмгөн" дегендей мамлекеттик кызматтагылардын, ириде кыргыздардын орус тилинде сүйлөгөнү, иш-кагаздарынын кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөнү да улуттук маданияттын, каада-салттын кадырын кетирүүдө. Тилекке каршы буга таңдануунун, өкүнүүнүн деле кереги жоктур? Анткени, алардын көбү орусча онтоп сүйлөгөндү жактырган, анысын саясатка айланткан "эски гвардиячылар". Башкаларга канчалык жараматтануу, "Улут аралык ынтымак" деген жасалмалуулук акыр түбү эмнеге алып келерин Ош окуялары даана тастыктады го!!! Ошондуктан, Кыргыз мамлекетинде адилет, калыс жана мыйзамдык негизде иш жүргүзүлбөсө, "итибиз чөп жебей эле, улуп каларына" кайдыгер карабасак.
Бул үчүн кыргыз тилинин устаттары тартылып орус, түрк, англ, ж.б. тилде сүйлөгөн тилмечтер даярдылышы заман талабы. Эмки коркунуч жалаң англис тилинде аңгемелешип калабызбы деген мааниде...
Айтмакчы, адабий котормочуларды жана өзгөчө китеп редакторлорун, художниктерин, дизайнерлерди, техредакторлорду даярдоо маселеси деле чети оюлбай туру. "А дегенде сөз болгон" деген улуу ойго маани берсек, анда басма сөзгө, иралды басма-полиграфия, китеп чыгаруу багытына башкы басым жасалса: театр, кино жана башка көркөм көрөңгөлөр азыгы түптөлмөк, кеңейген.
"Учкундун" базасында же өзүнчө басма түзүлүшү кыргыз китебине кеңири улуттук шарт түзмөкчү. Бул үчүн мурда жоюлуп кеткен "Кыргызстан", "Мектеп", "Адабият" басмаларынын ордуна улуттук "Маданият" басмасын уюштуруп, ага мамлекеттик колдоо көргөзүү кыргыз китебин туруктуу жана сапаттуу чыгарууга өбөлгө болмок.
Үркүн жана 1938, 1998, 2002, 2005, 2010 -жылдардын окуяларына
Арналган эстеликтер долбооруна жалпы конкурс жарыяланса.Анткени, үркүнгө эстеликтер, белгилер негизинен тоолордо. Ал эми Бишкектин түштүк дарбазасында 1991-жылы коюлган ташбелгинин маңдайына орус чиркөөсү салынса, калган тарабын кафелер ээлеп калды. "Үркүн-95" кандай белгиленет?
Апрель курмандыктарынын бейнеси Ала-Тоо аянтына тургузулса, дагы башка толуктоолор менен. Т. Садыковдун "Эркиндик" эстелигиндеги түндүктү көтөрөм деп эси оогон европалашкан элести биротоло алуу керек. Түндүктү энелер эмес, эрендер көтөрөрүн мурунку турмуш, тарых тастыктаган эмеспи.
Манас эстеликтерине деле сын көз менен кароо, болбосо кийинки долбоорлоруна мараторий жарыялоо жагдайы түзүлүп калды. Анткени, айкөлдүн айкөлдүгү Теңир, Кудай дегендей көкүрөктө, ички туюмда, сырдуу дүйнө катары кастарланганы таасирдүү болмок, ыйыктыгы сакталмак. Ал эми соңку мезгилде Айкөлдүн эстелигин жасоо, сүрөтүн тартуу көбүнчө акчага, гонорарга эле байланышып бараткандай... Минте берсек Манасты мазактоого да мараторий жарыялап жүрбөйлү!
Чубактын кунундай чоюлган маселелер
Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги качан орнотулат деп жүгүргөн агасы Намырбек аксакал тилегине жетпей, былтыр 84 жашында көзү өттү. 1997-жылы эле кабыл алынган токтом эмгиче эмне үчүн турмушка ашырылбаганы өзүнчө купуя сыр бойдон кала береби?!
Ал эми Ч.Айтматовдун маселесинде деле эки анжылык байкалат. Үй-бүлөсү өкмөткө ишенсе, коомчулук "жок дегенде күмбөзүн бала-бакырасы салдыртпайбы, колдору деле куру эместир" деген тейде.
Саякбай Каралаевдин Балыкчыдагы башкарма түспөлдөгү эстелигин манасчылыктын анык бейнесин чагылдырган бедизге айлантса болбойбу? "Хан ордосу Таласта, манасчылык көл кылаасында" дегенди далилдеп.
Памирбек Казыбаев,
КР Маданият министрлигинин Улуттук маданий борборунун басма иштери боюнча башчысы.