Кыргыз гезиттер архиви

  Тегерек Үстөл

Саясий күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо
Газетабыз "Саясий күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо" деген темада талкуунун экинчи этабын жыйынтыктайт. Бул талкуу эч кандай партиянын кызыкчылыгын көздөбөгөнүнө, талкууда өз партияларын жарнамалап сөз сүйлөөгө жол берилбеши алдын ала эскертиле кеткендиктен талкуу кайсы бир партиянын кызыкчылыгына эмес, жалпы шайлоочулардын келе жаткан шайлоодо коопсуздугун алдын алуу жана анын таза, адилет өтүшүнө алдын ала коомчулуктун пикирин даярдоо, саясий күрөштүн этикасынан чыгып кетпөө максатында жүргүзүлгөндүгүнө калыс окурман өзү тараза. Талкуунун үчүнчү этабы башка форматта, Шайлоо Кодексинин талабына ылайык башка эрежелер менен 10-сентябрдан кийин улантылмакчы.


(Башы өткөн санда)
Акылбек Жапаров:
- Болот мырза дагы айтып калды, жаңы келишимге кол койсокпу деп. Биз муну толугу менен колдойбуз, канча келишим болсо ошонун бардыгына кол коюуга жана этикалык жазылбай турган чектерден өтпөөгө биз толугу менен кошулабыз. Жаман жер, жаман эл болбойт да, жаман адамдар гана болот. Эгерде ошол "адамдардын" сөздөрүн жалпыга маалымдоо каражаттары текшербей туруп таратып жибербесе, анда Кыргызстандын эли тынч эле жашайт.
Өзүбүз финансы, экономика тармагында иштегенден кийин ар бир нерсенин артында экономикалык туруктуулук турарын айтат элем. Ошол эле журналисттердин, ошол эле массалык маалымат каражаттарынын, анын артында турган саясатчылардын, өздөрүнүн саясий аброюн көтөрүүнүн ордуна, кантип башкалардыкын түшүрүүнү ойлогон саясатчылар дагы ушул ыкманы колдонот. Ошондуктан, саясий партиялар биригип алып сөз болуп жаткан келишимге кол койсо, ошол эле гезиттин редакторлору фактыга таянган гана материалдарды жарыялай турган болсо, анда алдыдагы шайлоо таза өтөөрүнө ишенем. Эгер ушул фактыга таянган материалдарды жарыялоо принциптерин бардык массалык маалымат каражаттары колдоно турган болсо, анда булар чынында төртүнчү бийлик болоор эле. Азыр биз баарын эле көрүп турабызда кайсыл гезит кимдики экенин, эмне үчүн бирөөнү жамандап жатканын, ар бир гезиттин артында кимдер турганы баары эле маалым. Кыргызстан аябай эле кичине өлкө да.
Биринчи жолу 4 айдан бери сиздер чакыргандыгыңыздар үчүн келип жатам. 2 айдан бери өзүбүздүн жумуштар менен алп-урушуп жатабыз. Бир жылдан ашык жума намаздарга барып, ислам жолуна түшсөкпү деп жатабыз. Ушак айткан, бирөөгө жалаа жапкан, бул өтө чоң күнөөлөрдүн бири. Ошондуктан мен жеке өзүм жаныбызга келген кишилердин бардыгына ушуларды айтып жатабыз, мындан ары кол коюп дагы, кол койбой дагы биз ушул эрежелерди колдонууга, сактоого аракет кылабыз. Быйылкы шайлоодо балким жеңишке жетишпей калсак, анда эмки шайлоолордо дагы ушул эрежелерди биз тутунушубуз керек.
Тазалануу принциби болсо бул эң туура. Муну элдин таразасына коюп жатабыз. Ошол элдин ишеними аркылуу биз тазаланышыбыз керек. Элге эгер өзүбүздүн программабыз жакса, эл ушул программаны колдойм десе, анда ошол аркылуу тазалануу болот. Элдин баарын акчага сатып алабыз деген бул жөн эле сөз. Бир эле кишинин артынан кыргыз эли ээрчип кетет дегенге мен толугу менен кошула албайм. Мен ойлоп жатам мына 10-сентябрдан баштап, партиялар бири-бирине асылбай, бир-биринин программаларынын жакшы-жаман, жетишсиз жактарын айтып, анан бири-бири менен атаандашуусу керек го дейм. Мен өзүм экономикалык программаны жазып жатканда, Абдыжапар байкени (Тагаев) "Акыйкат" партиясына кирди деп угуп, мен телекоммуникация тармагын жазбай эле койгула дедим. Анткени, Тагаев мен билгенден бул тармак боюнча абдан такшалган адис. Телекоммуникация тармагы боюнча, банктык көзөмөл боюнча бул кишиден мыкты билген киши болушу мүмкүн, бирок, бул киши алардан кем билбейт. Ошондуктан, биз айрым партиялардын кайсыл жакшы жактары бар экенин эмитен билебиз. Биз ушул жактарын караштырабыз. Мен мисалы 10 жылдан бери фискалдык саясатта келе жатам. 30дан ашык салык бар эле, азыр болгону 9у калды. Мен муну андан ары да кыскартайын деп жатам. Бир өлкөдө бир эле салык болушу керек, бир фискалдык орган болушу керек, бир гана текшерүү болушу керек. Эгер ушул нерсени башка партиялар дагы колдонуп, бизди колдоп кете турган болсо, биз мыйзамдарын, кодексти да жазып койдук кийинки парламентке тартуулайлы деп. Киреше боюнча комитетте кандай структура болушу керек экендигин аны да түзүп койдук. Эгер бизди ушул жактан колдоп кетсе анда бардыгы жакшы болот. Ал эми тазалануу деп эле баланча менен баланча иштеген дей берсек, анда мен бул туура эмес деп эсептейм.
Мен 3 жыл финансы жана экономика министри болуп иштедим. 2005-жылы 17 млрд. менен мен алгам, 2008-жылдын бюджетин 48 млрд. менен президенттин алдына алып келип, министрлик жумуштан кеттим. 3 жыл ичинде бюджет 3 эсеге өстү. Дефицит нөл, тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга салыштырмалуу 2 эсе азайды. Мына 3 жылдын ичинде үч финансы министри алмашты. Бюджеттик дефицит 28 млдр. болду, өкмөттүн капчыгында бир тыйын жок, эмдиги жылы эмне болот, кудай өзү билет болду. Мына өзүбүз билген тармактар боюнча биз айтууга даярбыз.
Айзада Абазова:
- Бийлик алмашканда кээ бир саясатчылар өздөрүнүн ордун билбей ары-бери чуркап калган учурлар болот. Кечээ бийликтен кеткендер азыр оңчулдарда да жүрөт, солчулдарда да жүрөт. Мына "Бүтүн Кыргызстан" деген жаңы оппозиция пайда болду. Бийликтен кеткен адамдардын азыркы алган позициясы тууралуу кандай ойлойсуздар?

Батырбек Дууланов:
- Эми оппозиция деп жатпайбызбы, бул адам баласына керектүү эле нерсе, кошунаң менен болобу, досторуң менен болобу. Мурда бир колхоздо бир башкарма болсо анын артынан бир арызчы болчу. Ошол башкарма артын карап турчу, "кой, баягы бар, мен таза жүрөйүн" деп. Мунун эки түрү бар, кээ бир оппозиция деп коёт, баарыбыз билебиз, бир болбогон эле нерсе болот. Кээ бир оппозиция бар, чыныгы чындыкты айтат. Оппозиция кимге болот мамлекеттик жетекчилерге. Бул бир четинен керек, бирок кандайы керек? Чындыкты айткан, фактыларга негизделген нерселерди сүйлөгөн. Мындай оппозиция мен ойлойм керек.

Абдыжапар Тагаев:
- Азыр мурдагы тарыхта калган кинолорду көрүп жүрөбүз да, ошондо эки шапкеси бар ак анан кызыл. Тигилер келсе ак шапкени кийет, алар кетип башкалары келсе кызыл шапкесин кийет. Кээде тамашалап айтып калам бизде азыр чынында 5-6 шапке болуп калды. Заманга жараша ушул шапкелерди алып алып, ошол жактын сөзүн сүйлөп келет. Менин оюмча биз мурунку жүргөндөр жаманбы, жакшыбы баарыбыз бир мамлекеттин жарандарыбыз. Ар бирибиздин дурус жана буруш жактарыбыз бар. Биз баарыбыз ушул кодекске кол коюп, ал жерде 200, 300 же миң киши болобу баарыбыз колдошубуз керек. Бизде тарыхта биринчиден экинчиге, экинчиден үчүнчүгө өткөн кадам болбой жатпайбы. Келип эле үзүлүп калып жатат. Мен ойлойм бул өтө турган шайлоо тарыхта кала турган кадам болот. Эгер ушундан ары жакшынакай өтүп кетсек, ушул жердеги бардыгыбыздын арабызда чыныгы тазалануу болот. Таза өтүп, таза келип ушул айткандырыбызды аткарып, эртең биздин программабызга жараша эл дагы ишенип, колдоп кетсе ошолор күч да. Биз ошондо алдыга карата чоң бир кадам шилтеген болор элек. Биз бул шайлоолорго акыйкаттык менен келсек, бюджеттин мүмкүнчүлүгү бүгүнкүдөн эки эсе кубаттуу болууга кудурети жетет. Биз бир гана ага жол ачып беришибиз керек. Мисалы, бир гана салыкты алалы. Аны ким гана текшербейт. Бир гана салык системасын киргизип кой дагы ишиңди кыла бер. Экинчиден биз ошого даяр болуп келгенде, сүйлөшө келсең калк деле ага даяр экен. Алар деле айтып жатат "бизге шарт түзүп бергиле, аны ишке ашырууда бизге кайра мүмкүнчүлүк бергиле. Калганын өзүбүз алып кетебиз. Кетмен кармаганды билебиз, трактор айдаганды билебиз" деп.
Менин оюмча боло турчу шайлоо абдан чоң жоопкерчиликтүү. Эгерде бул шайлоодо биз бир чатак менен, бир кокустук менен чыксак анда ушул шайлоого катышкандар жөн эле башка жакка кетип калышыбыз керек, кой, бул колдон келбейт экен деп. Мына бизде азыр ушул шайлоолорду таза, акыйкат өткөрүүгө шартыбыз болуп турат. Ушул жерде отургандар мына баары эле жөнөкөй киши эмес да. Биз колдон келишинче буга этияттык менен мамиле кылып, болушунча таза өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек. Шайлоо таза, адилет, өтпөсө, анда мурунку үй-бүлөлүк бийликтен эмнебиз артык?
Айзада Абазова:
- Үй-бүлөлүк бийлик демекчи, эки президент үй-бүлөлүк бийликтин айынан кеткенден кийин элде президенттин иниси, баласы дегендерден катуу көңүл калуу болгон. Мына бул жерде Роза Исаковнанын бир тууган иниси отурат. Эл муну оң кабыл алабы, же терспи?
Болот Исакович, Сиздин Социал демократтарга киришиңиз, аларга плюс болобу же минус болобу? Сиз өзүңүз кандай ойлойсуз?

Болот Отунбаев:
- Мен ушул саясатка башынан кошулбайм деп жүрдүм эле. Баары эле айтат мына эжесинин көлөкөсүндө калды деп. Эжем канча жылдан бери саясатта жүргөндүктөн мен бул чөйрөгө кошулган эмес элем. Чет мамлекетте окуп, иштеп жүрдүм. Мен азыр 45ке келдим. Анын 22 жылын чет мамлекетте жашадым. Анан үч университетти бүттүм. Илимдин кандидаты болдум. Мен каякка барышым керек? Мени мурдагы президенттин балдарына салыштырып жатат. Алар парламентке депутат болом деп жүргөн кезде жыйырмадан араң эле өткөн, отузга жашы жете элек болчу. Мен мына 45ке келдим. Өзүмдүн уулум мына 22ге толду. Эми былтыр келдим мисалы. Билимим боюнча дипломатия жагын аяктагам. Бул жактан мени жумушка албай коюшту. "Эмне үчүн?" десем, сенин эжең оппозицияда жүрөт дейт. Бул жерде эжемдин жүргөн жолу башка, менин жүргөн жолум башка да. Мына ушундай себеп менен албайбыз дешет. Мурдатан бери жүрдүк жумушсуз, эски бийлик жумуш бербейт, жаңы бийлик келди жумуш бербейт, каякка барайын? 22 жыл чет мамлекетте жүргөнүм жетишет. Акыры мен кыргыз уулу катары өз мамлекетимде жашап, өз мекениме кызмат кылышым керекпи? Жаңы бийлик келди бир күндөн кийин 8-апрелде мени чакырып алып "любой" орунду ала бер дейт. Мен эмне "кожоюн" катары келип алып, бир орунду бирөөдөн талашмак белем. Өз убагында бербеген орунга мен басып барып дагы отурбайм. Эртең эле сөз болуп калат, "мына тууганын алып келип отургузду" деген. Бирок, менин өзүмдүн жолум бар да. Мен мисал катары айта кетейин, 2008-жылы январь айында мындан эки жыл мурун дал ошол 2006, 2007-жылдары оппозиция бир топ күчөп аянтта жүргөн убактар болчу, мен Түркияда иштеп жүргөм, элчинин орун басары болуп. 2008-жылы президенттин указы менен мага наам берилди ыйгарым укуктуу өкүлү деген. Эмне үчүн берилди? Эжем оппозицияда жүргөндүгү үчүн берилдиби, же жасаган ишим үчүн берилдиби? Мен абдан сыймыктанам, барына айтам мына бул наамды президенттин указы менен алдым, өзүмдүн мээнетим менен алдым деп.
Ал деңгээлге мен келип калдым. Барат элем, бирок, Путин айткандай "грабли" болуп жатпайбы. Мына Бакиев өзүнүн инисин Германияга элчи кылып алып барды. Мамлекеттик жумуштарга мен бирөөнүн ордун тартып алып барбайм деп башынан эле айткам. Мен андай жумуштарга шайлоо аркылуу гана барам. Алмаз Шаршенович менен көп жылдан бери таанышмын. Ал киши да айтты келип иштеп бер, анан шайлоо менен барабыз деп. Указ болмоюнча сен мамлекеттик жумуштарда иштей албайсың, сен шайлоо аркылуу барып, бардыгына таза барышың керек да. Андан кийин сен саясатка киресиңби же кирбейсиңби ал өзүңдүн эркиң.