Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Марс Сариев,
саясат талдоочу:

1) Мелис Мырзакматов Ошто авторитет фигура экендигин баары тең билет. Түштүк окуясынан бери бул адам элдин башын кошкондордун бири. Мындай адамдар биримдикке алып келе алат. Эгерде аны бийликтен алып салса ал оппозицияга кетүүгө аргасыз болот. Ошондуктан баарын тең таразалап, жети өлчөп бир кесүү керек.

2) Бир учурда Максим Березовский менен эч кандай байланышым жок деп чыккан. Ал эми Березовкийдин адвокаттарынын кызматы менен колдонуп жаткандыгы аны менен байланышы бар экендигин далилдейт. Эптеп өзүн актоо үчүн жасалган иш аракет деген ойдомун.

Кубанычбек Исабеков,
экс-спикер:

1) Түндүк-түштүк деп бөлгөндүн өзү жаман, бул кыргызымдын денесин экиге бөлгөнгө барабар. Роза Отунбаева жаманбы, жакшыбы мамлекетибиздин президенти, аны менен да эсептешишибиз керек. 7-8 класстык билими менен аким губернатор болуп деле жүрүшпөйбү. Бир айдын ичинде төрт аким алмашып жаткандын өзү бир гана нерсени далилдесе керек. Бул тигил уруудан, тигил бул уруудан деп, эми урууларга да бөлүп башташыптыр. Мындай саясатты токтотуу керек. Азыркы өкмөттүн алсыздыгы ансыз деле көрүнүп турат. Декрет деген нерсе модадан дале кала элек. Мыйзамдуулукка келүү керек. Шайлоо кандай аяктаарын да азырынча айтуу өтө оор.

2) Максим Березовский эмес, Березовский дүйнөгө атагы чыккан адамдардын бири. Максимдин Англияга барганынын себеби, ал жак бай качкындардын өлкөсү. Ал биринчиден өзүн коргоо үчүн барды. Анын үстүнө анын тааныш, достору да ошол жакта. Ал эми Березовскийдин адвокаттары менен иштешип жаткандыгы ал анын бизнес-шериктеши, досун коргоп калам деп юристтери менен тааныштыргандыр. Бул Максимдин саясий кадамы деп эсептебейм, себеби ал баары бир бул жакка келип министр же депутат боло албайт.

Бегалы Наргозуев,
экс-депутат:

1) Азыркы бийлик учурунда Мелис менен пайдаланган. Апрелдеги окуяларда азыркы өкмөт аны менен кызматташуусун сунуштап, сөз эрчитишкен. К.Бакиев 7-апрелде Ошко учуп барганда Мырзакматов калыс болуп, Бакиевдин аркасынан ээрчиген эмес. Эми шайлоо жакындап калганда мындай элге сөзү өтө турган адамдар керек. Мырзакматовдун түштүктө таасири чоң, аны эл угат деген саясат
менен иштөөдө. Мырзакматовдон корккондор аны бийликтен алабыз деп иш-чараларды жүргүзүүдө. Апрель окуяларында бизди маалымат согушунан уттургандар учурда Мырзакматовду да каралоодо, себеби, ал улутчул, мекенчил адам экенин билишет. Ошондой эле экинчи күчтөр, регионалдар да аны кызматтан кетүүсүн көздөөдө. Шайлоо өткүчө мындай "шаан-шөкөтүн" токтото турса болмок.

2) Менимче Максимдин федерал болоюн деген ою деле жок болуш керек. Мунун баары тең өзүн коргоп калыштын айласы. Березовский жалдаган адвокаттык контора жалаң байлар жана саясатчыларды ал өлкөдө калтыргандарын билем. Ал конторанын жардамы менен Максим Англияда калып калышы да мүмкүн.

Канат Хасанов,
адвокат:

1) Мелис Мырзакматовдун кетүүсү боюнча бир да документке кол коюлган эмес, бул жөнүдө Роза Исаковна да өзү далилдеп кетти. Бул менимче саясий пиар, шайлоо алдында өзүн жарнамалап, өлкөгө кандай деңгээлде керектигин көрсөтүп жатат окшойт. Балким мындай кадам менен ал өзүнүн саясий аренадагы салмагын көрсөтүп жаткандыр.

2) Березовскийдин адвокаттарын жалдап жаткандыгына карганда ал да ошондой чоң федерал болоюн деген ою бар. Бирок Кыргызстандан канчалаган миллион, миллиарддарды алып чыгып кеткени факт. Беш миллион кыргыздан бир адвокат аны актай албайт деп ойлойм. Кандай кыйын дүйнөлүк аты бар адвокат болсо да андай адамды актоого болбойт.

Качкын Булатов,
укук коргоочу:

1) Албетте бул бийликтин алсыздыгы. Жөндөмдүүлүгү жоктугун ушундай кадамы менен далилдеп жатышат. Улуу дөөлөтүн сактай албагандыктан учурда криминал заманы келип бийлеп турган учуру. Түндүк-түштүк маселесин коррупция жоюлмайынча чечилбейт деген ойдомун. Мыйзам күчтөнбөсө, тартипке келбесек түндүк-түштүк маселеси чечилбей тескеринче ырбап, жаралап кетиши ыктымал.

2) Березовский менен Максим экөө бир команда экендигин дүйнөлүк коомдун баары тең билет. Экөө тең дүйнөдөгү эң коркунучтуу адамдардын бири. Максим Березовскийдин адвокаттары менен кызматташып жаткандыгы катоклизмадан кабар берет. Мындай адамдардан жакшылык күтүп болбойт.

Кудайберген Жоодаров,
коомдук ишмер:

1) Эми бул суроого алсыздык же болбосо күчтөнгөндөрү деп айтуу оор. Бирок келе жаткан шайлоодон кол чогултуунун айласы экендиги баарыбызга тең белгилүү. Азыркы бийликти түштүк тарап такыр эле "признавайт этпегенин" баарыбыз тең билебиз, ошондуктан алар "подставной" адамдар аркылуу кол чогултууну көздөөдө деп айтсам да болот. Бийликте калуу үчүн кандай нерселерге гана барбайсың. Канча бийлик келди, кетти бирок бирөө да ушул түндүк-түштүк маселесин жоё албагандыгына мен абдан нааразымын.

2) Максимди Березовский менен салыштырып болбойт дечи, бирок, ал деле андан кем калбайт. Экөө тең окшошкон адамдар, жерден чыккан желмогуздар. Березовскийдин адвокаттары менен иштешип жатканы анын кандайдыр бир пландарды дайындап жаткандыгын далилдейт.

Мальвина Уметбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика