Кыргыз гезиттер архиви

Биз "мыйзам-закон"
дегенди качан үйрөнүп, анын үтүр чекитин сактап жашап иштейбиз?
Мыйзам-закон бул мамлеке-тибиздин желеги-герби, аны көздүн карегиндей кастарлап аземдеп сактап, күндөлүк тиричилик көр турмушубуздан баштап, мамлекеттик иштерге чейин пайдаланбасак эч кимдин эч кандай иштери жүрбөйт.
Мыйзам закон барбы мамлекетибиз бар, коом бар эл журт мамлекеттин түзүлүш-структурасы алардын кыймыл аракеттери элибиздин, жарандарыбыздын турмушу кыймылга келип коомубуз алга жылып турат эмеспи.
"Баш мыйзам-конституция деп эле тытышып калабыз, себеби ал негизги закон, ошого карап калган закондор чыгат, мамлекеттик башкаруу тепкичтери түзүлөт, айыл өкмөтү райондук, областык анан республикалык болуп. Президенттин чыгарган документ мыйзамдары өлкөбүздөгү бардык жерде ким болбосун кыйшайуусуз түз аткарууга милдеттүү. 1917-жылга дейре кыргыз элинде эч кандай жазылып ар ким үйрөнө турган закон жок, акча тыйын жок эле жалаң сөздүн мааниси менен аксакалдардын бүтүмү-чечимдери айткандары менен эле жашап келгенбиз. Ал кездеги "аксакалдардын сөзүн капка сал" кылып адилет калыс жана таза эле оокат кылуучу экенбиз. Эми ушу илим-билимге жеткен кезибизде законду казып үйрөнөт, өз укугуңду жана милдеттериңди даана так билбесең, качан же кандай күндө да бирде болбосо бирде чалкадан кетип калышың мүмкүн.
Бийлигиңе да ишенбе, байлыгыңа да ишенбе деген кеп бекеринен айтылбаган чыгар.
Законду иштетүү, кабыл алуу аны бузууну, балык башынан сасыйт дегендей өкмөт башындагылар, укук коргоочулар өздөрү биринчи баштап одоно түрдө четинен бузуп киришет. Ошентип эл журт башкарган адамдар одоно түрдө ачыктан-ачык, көз-көрүнөө бузуп тескери жасап жатса анан жөнөкөй фермер-сугатчы, врач, шофер мугалим кантип өз оокатын өткөрөт.
Мамчиновниктер аз сүйлөп саз жасаса, сүйлөгөнүн кыйшаюусуз аткарса. Кедей-кемба­галдын арыз-мунуң түшүнүп карап, аны сүйлөп койсо, антпейт экен мыйзам бузулат, эл жакырланат буту жеткен жактарга тентип кудайы сурап, же ошол жактын короолорун шыпырып, тамекисин айдап жүргөнүбүз жүргөн.
Ушинтип жөнөкөй бей-бечаранын укугу тебеленип-тепселип атса кайдан укуктуу мамлекет болобуз. Сөзүмө күбө катары кечээ эле Президентибиз "Эл аралык полиция" кирсин десе, Ош областык кеңеш "кирбесин" деп чечим чыгарып жатпайбы. Демек Ош областык кеңеш өзүн президенттен да жогору көрөбү? Жок андай болбойт, областык кеңештин андай чечимге келүүсүнө такыр, түк укугу жок. Кыскасын айтканда төмөнкү бийлик жогоркуга сөзсүз түрдө баш ийүүгө милдеттүү.
Мыйзамдуу иштин баарын биринчи иретте так үйрөнүп, көздүн карегиндей сактоочу мекемелер, адамдар булар сот, прокуратурага бизде сасып көз көрүнөө эле пулга сатылып, таптакыр тескери өкүм чыгарып коюп жатышпайбы. Кур дүрмөт менен мээлөөнүн эч кимге кереги жок, атсаң да ал эч кимге тийбейт.
Азыр жалпы эл чайпалып башы маң болуп турат. Мамчиновниктер камырабай өз чөнтөктөрү менен алек, бирөө кулап түшүп жатса, бирөө сүйүнүп күлүктү минип жол камылгасын көрүп жатат ажыга бара тургансып, чөнтөгүндө анча-мынча шылдыраган тыйындары барлар бууркандап чабылып депутатка жулунуп умтулууда, ал эми жумурай журтучулугубуз көртирлик менен алек: ун кымбаттоодо, балдарын мектепке даярдоо, эптеп бир жумуш табу ж.б.у.с.
Топоздор төлдөөнүн алдында бири-бирин атайын мээлеп ичке-курсака сүзүшүп жатып бойлорунан түшүрүп алышат экен, аман эсен көз жарып алышпай айланайын кыргыздар эми биз дагы ошол мал топоздун жоруктарын кайталап оокат кылабызбы?
Билимибиз жетиштүү эле го, законго баш ийип ар бирибиз өз милдетибизге кызматыбызга тийиштүү иштерди закон боюнча жасап, аны так аткарып эле түз жашабайлыбы, оокат табылат, адамдын кадыры табылбайт эмеспи садагасылар, жөндөн жөнү жок эле челише бергенден чагымдан башка эч кимге кымындай да пайда жок.
Жээнбек Ныязалы уулу





Парлемент, парламенттик мамлекет
Парламенттик шайлоо - деген сөздөр эл арасына шамалдай тарап коомчулукта ар-кандай ой-пикирлерди жаратып жатат.
Кээ бирөөлөр парламенттик башкаруунун эртелигин айтса, кээ бирөөлөр президенттик бийликке ишенбей калгандыгын анын зарыл экендигин айтып жатышты.
Дыйкан өзүнүн дан жыттанган буудай талаасын аралай карылуу колдору менен кетменин кере-кере чаба тунжураган ойго батат:
- Атаңдын көрү ушунча бай жерибиз менен эмнеге кедейбиз?, эмнеге ачкабыз?, эмнеге бирөөлөрдүн акылын угуп, көзүн карайбыз? Илим -билимдүү болбосом да биздин мээнетибизди ортомчулар соруп жатканын жүрөгүм сезет, акылым туят. Эмнеси болсо да мээнетибизди кайтара турган жолдо-белден бизге кам көрүмүш болгону менен ач бөрүлөргө талатпай турган заман келсе экен -деп жаңы гана кызарып чыгып келе жаткан улуу күнүнө, көгөргөн асманына жалынат.
Атка минер Алгырбай да көптөн бери ойлуу жүрөт. Канча жолу элди алдап бийликке келди, канча жолу элди алдап депутат болду. Буюрганын жеди, 2 президенттин тактан кулашына чоң салым кошту. Бирок аман-эсен бүгүн да кызматында жүрөт. Кийинки убакта элдин ишениминен чыгып калганда кудай жалгап жергиликтүү бийликти, акимди эл эмес жогору жактан шайлай турган болуп калды. Алыкеңдин көктөн тилегенин кудай жерден берди, бул иш билги адам үчүн бийликке баруунун даңгыраган жолу эле.
Бир аймактын бийи да, манабы да болуп турган күндөр болду. Акыйкат издеп Алыкеңден запкы жегендердин көп болсо, барар жери жергиликтүү соттор эле. Шылкыйган бечараларды көргөндө Алыкеңдин зоболосу дагы көтөрүүлөр эле.
Эми минтип 3-бийлик менен иштээринде Текебаевдин элге, элдин каалоосуна басым жасалган Конституциясы дарыядай, чыга алгыс аскадай жолду тосту да калды.
Алыкең ааламга жар салып кыйкыргысы келет, "чындыкты" айткысы келет, парламенттик эмес президенттик башкаруунун тууралыгын далилдегиси келет. Бирок, кайран эл кайдан түшүнсүн, түшүнсө референдумдан аткарбай коёт эле да, референдумга келишпей коюшат эле да. Билимдүүсү да, билимсизи да, тоодогусу да, талаадагысы да бир нерседен кур калгансып кол салабыз, добуш беребиз -деп келип жатканда Алыкең "кайран эл" -деп дагы бир жолу оор үшкүрүнүп алды.
Барынан да элге отчёт бериш керек, өкмөт колдой турган оппозиция болот дегенде башына кыяматтын күнү түштү. Депутаттар менен кеңешип алып иш кыла беришчү эле мектепти, оорукананы, жолду ремонттоо ж.б. социалдык обьектилерге карашат болду, кайра ыгын таап өздөрүнүн чөнтөгүнө түшүрүү. "Май кармаган бармагын жалайт" дегендей элге отчёт бермей деген жок эле.
Ким эле жаны кыйналбай табылган дүйнөдөн качсын. Алдында жумшак машина, үстүндө жылуу тон. Балдары болсо доллар кармап чет элден билим алып, үй-жай курууда. Эл алдына чыгып сүйлөгөндө элин сүйгөн, эмгекти сүйгөн, патриот болумуш болгону менен нөшөрлөгөн жамгырда, мээ кайнаткан ысыкта иштеп жүргөндөрдү көргөндө "буларга ушу туура" -дегендей өзүнчө жылмайып алат.
Жашоодон, бекер оокаттан үмүтүн үзгүсү келбейт. Балким парламентке жолун таап элди бийликке аралаштырбай турган "ишкердүү" партия келип калаар.
Философту да коомдогу өзгөрүүлөр ойго салып түйшөлтөт:
- чын эле -дейт өзүнчө коомдун материясы эл, саясат аны өнүктүрүүнүн идеологиясы. Эгерде саясат, саясий структура өндүрүштү өнүктүрүүгө салым кошо албаса же болбосо "өндүргүч күчтөрдүн" талабын "өндүрүш мамилелер" канаатандыра албаса материянын толкуну же революция болушу керек да.
Дагы Кыргыз элиме рахмат -дейт ичинен 3 коомдук түзүлүштүн элементтери менен жашап келген.
1-феодалдык уруулук түзүлүштүн кылдыктары. Бул карапайым элди бири-бирине кайроо, керт баштарынан кызыкчылыгы үчүн өздөрүнө калканч кылууда бийлик төбөлдөрүнө табылгыс каражат болуп берди.
2- эмгек жеке менчикке, рыноктун шартына өтүп кеткенине карабай, аны социалисттерге башкаруу. Мындай башкаруу кагаз жүзүндөгү болуп көрбөгөндөй өнүгүүлөргө алып келди.
3-элдин маңдай теринен чогулган бюджетин социалисттерге кайра бөлүштүрүү. Диктатура эмес демократиянын шартындагы мындай бөлүштүрүүлөр. "Ак сайрайга" "Особняка", "Кафе-барга" айланды.
(Уландысы бар)
Осмонбек Көчөралиев




31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 19 жыл толот
Алтыныбызды Канада казып, Аэропортубузду АКШ басып…
Арабөк калган айыл
Айылым көптөн арабөк болду,
Айрыл бир иште гана көп болду.
Ар жылы улам бөлөгү келип,
Айлыма башчы бала көп болду.

Оңойбу элдин тизгинин кармоо,
Ой, күчүн, демек бүт элге арноо.
Жандабай койсо жалпайта


бербей,
Жакшырса кантет кадрды


тандоо.

Жазылган арыз борборго кетет,
Жаш-кары койгон колдор да


кетет.
Кир чалган көөнүн чайыттай


кылып,
Ким билет качан чоңдорго жетет?

Ансайын арбыйт, жогуна кайыл…
Аягы-башы ат-чабым айыл,
Өкүнбө, журтум, жолуңар болоор,
Өсө бер, гүлдө, дүркүрө жайыл!
Какен Алмазбеков

Байыркынын сөзү менен,
Азыркынын көзү менен, деп айтылгандай Алмазбек Какен акындын "Арабөк калган айыл" аттуу ыры XX кылымдын 80-90 жылдардагы советтик кыргыз айылдарынын абалы жөнүндө болгону менен, эгеменбиз, эркинбиз деп ээликкенден эки ат чабым алыска кете албаган, азыркы XXI кылымда жашап жаткан Кыргыз мамлекетинин мазасы кетип турган маалына дал келип турганына не дейбиз?
31-августта Эркиндик майрамды 19-жолу тоскону турабыз. Адам курагы менен салыштырганда бойго да жетиле баштаганы, кандайдыр ийгиликтин алгачкы учкундар жанганы жана турмуштук улуу максаттар аныкталары белгилүү.
Совет бийлигинин тарыхы менен салыштырсак: Кыргыз эли араб, латын жана орус тамгаларын өздөштүрбөгөнгө, индустриянын пайдубалын түптөгөнгө, айыл чарбасынын ар тарабын өз дөштүрүүгө киришкенге, кат-сабатын дээрлик жойгонго жана РСФСРдын (Россиянын) курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусунан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасына айлануу күн саясий өнүгүү баскычына чейин көтөрүлгөн. Он беш союздук республикадан куралган СССР өлкөсү Кыргызстандын кийинки өсүштөрүнө да өзгөчө дем, күч, кубат бергени эми билинип отурат.
Соңку 19 жыл ичинде дүйнө жүзүнөн 2 млрд. доллардан ашык карыз алганыбыз менен алтыныбызды Канада казып, аэропортту АКШ басып, көптөгөн эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер өз кызыкчылыгы үчүн бизге шашып жатканы менен жарып кеткенибиз дегеле сезилбейт го?
Башкалар жөнөкөй шаар эмес, мамлекеттин жаңы калаасын калдайтып тургузуп коюшса, биз бир микрорайон салганга жарабай салпактап калдык. Бардык күнөөнү эки качкын-элбезер президенттерге шылтап коймой адатты үйрөндүк, ал аз келгенсип "үчүнчү күчтөр" дегенди да таап алдык. Ал эми ар кимибизден баштап атка минелерге чейинки жоопкерчилик, милдет, уят-сыйыт дегенди ойлоп да койбойбуз… Сөзүбүз менен ишибиз, айтканыбыз менен аткарганыбыз ар дайым ажырым.
Эл менен бийлик ортосундагы түшүнүшүү, өз ара пикирлешүү дегендин да деми сууп бүткөндөй…
Убада аткарылбайт, аны ары тур, бери бол деп тескейин деген киши жок.
Демократия дегенге өтө эле делбе тап боло бергендиктенби, айтор бардык нерсенин жоопкерчилиги болорун моюндабаган кыргыздар өсүүдө.
Улуу муундагылар Манастын Чоң Жинди каймана аталышын жалаң араккорчулукка байласа ал эми азыркы жаштар Шабдан баатырды Кыргызстандын эл артисти жана кыргыздарды мусулманчылыкка баш ийдирген Чынгызхан болгон деген деңгээлге жеткен соң, башканы айтып эмнеге убараланабыз…
Быйылкы апрель, июнь кандуу окуяларынан улам да маанайыбыз пас тосуп жаткан эгемендик майрамыбыз кийинки ийгиликтерге тилек, көрөнгөлүү уютку жана ыйман-инсандыктын кайра жаралуунун башаты болгой эле деген таризде көзү өтүп кеткен акын агабыз Какен Алмазбековдун "Арабөк калган айыл" аттуу ырын окурман журтка сунуш этүүнү эп көрдүк. Бардык нерседен арабөк калбаш үчүн Теңирге да, айылга да жардам керек. Анткени, бардык нерсе айылыбыздан; каада-салт, тил, дил ж.б. улуттук касиеттерден жана болгон атуулдук мамиледен башталарын көкүрөктүн шамы катары кабыл алуубуз абзелдир.
Памирбек Казыкбаев,
Алыкул адабий
сыйлыгынын лауреаты