Кыргыз гезиттери




Эл "и" элита
Байыркы орус эли сөз таппай эле, сөздүн көбүн биздин ата-бабаларыбыздан үйрөнгөн окшойт. Биздин кыргыздар бир жерге барып: "Мас көп" экен дегенин орустар угуп алып өздөрүнүн тилине салып Мас көптү Москва деп өзгөртүп алышса, падышасы битир сурап жүрүп чогулткан шаарды битир эмес, өздөрүнчө Питер деп алышкан, Сары Тоону Саратов, Түмөндү Тюмень, Кабарды Хабаровск, Оңду Омск, Тоңду Томск. Айтор баардык эле орустун байыркы сөздөрү биздин төл сөздөрүбүз экен.
"Элита" деген сөз деле бизден чыкса керек. "Эл ити" деген эле сөз экен.

"Элита" эмне себептен "эл ити"?
Мурунку кыргыздарда эл мыктысы, эл жакшысы, манап деген лексикондор колдонулган. Советтик мезгилде номенклатура, атка минерлер, партократ, элдин каймактары деген терминдер колдонула башталат. Аскар Акаев бийликке келгени "бөйрөктөн шыйрак чыгарышып,"көйрөңдөнүшүп, элден өзгөчөлөнүшүп "элита" деген терминди кийиришет. Акаевдин убагында кимдер элитага киришчү? Албетте, Акаевдин үй-бүлөсү жана ага жакындар кыргыздын элитасы болсо, иерархия боюнча облустун элитасы, райондун элитасы, айылдын элитасы болуп түзүлүп кете беришкен. Анан биз элитабыз деп сыймыктанышып, кыргыздын элиталары деп китептерди жаздырышып, өздөрүн-өздөрү даңктай башташкан. Аягында иттей болушуп куйруктарын кыпчышып, элитанын көпчүлүгү эл итине айланып, жөн гана итке айланбастан качкын итке айланышып журтуна жолой албай жүрүшөт. Мындай тагдыр андан кийинки бийликке келишкен Бакиевдик бийликке да таандык. Демек байыркы кыргыздар да бекер жеринен "эл ити" деген сөздү кошуналарга тараткан эместир. Балким алар маанисин туура эмес түшүнүп алышкандыр. Бирок эми биз мунун маанисин туура түшүнүп "эл ити" деген терминди алып салып эле күн көрбөйбүзбү?
Манас эмес манаптардан баштайлы
Албетте, эл манабы деп айтсак. Азыр шылдың сыяктуу угулат. Биринчиден, "манап" деген сөз өз учурунан өтүп архаизмге айланды. Экинчиден манаптар менен азыркы "элитабыз" дешип дардалаңдагандарды салыштырууга болобу? Акаевдик элита Үзөңгү-Куушту үзүп, өз кызыкчылыгы үчүн Кытайга берди, ал эми Бакиевдик элита болсо Каркыраны казактарга бергени, эмки бийликтин башын эки кылып турат. Себеби, алар Каркыраны бетке кармап Бакиевдик бийликти элге жек көрсөтүп келишсе, эми бийликке келишкен соң эл аралык нормага ылайык Казакстандан бийликтин деңгээлинде Каркыраны талашуу мүмкүнчүлүгү жок. Анткени казак бийлиги ара төрөлүп бутунан тура албай жаткан жаңы бийлик үчүн кас-кас тургуза турган таянычынын бири болуп эсептелет. Демек Каркырадан айрылганыбыз үчүн кыргыздар аш берип, ыйлап алсак болот.
Ал эми манаптарга келсек алар нукум жер үчүн башын канжыгага байлап, кыргыздын жерин сактап келишти. Калмактар менен канча кырылышты? Кийин кытайлар ажыдаардай жылып келатканда, кумурскадай жыбыраган кытайларга каршы алакандай кыргыздар туруштук бербесе, бизди алар эбакта эле Шиңжан-Уйгур автономиялуу районунун, бир аймагына алмаштырып салышмак. Ошондуктан манап ата-бабаларбызга даңк дешибиз керек!
Манаптардын сасык байлардан айырмасы алар байлыктын кулу болушкан эмес. Сасык байлар тартуулап манаптарды багышкан да. Шабданга Ат-Башыдан жүз жылкы берсе, элге таратып отуруп Кеминге келгиче бир да жылкысы калбай калыптыр. Акаевдик, Бакиевдик бийлик элитасына жакындаган бийлигине таянып байлык жыйнагандар, байлыгына таянып бийлигин жогорулаткандар.
Элиталар каякка кетишти?
Акаевдик элиталар каякка кетишти? Башкы элиталар аркасын карабай качып кетишкени менен элитанын өзөгү Бакиевдин коюн-колтугуна киришип, элге каршы саясатын улантып жатышпады беле. Акаевдик элиталардын мыкты өкүлдөрү Амангелди Муралиев, Александр Костюк, Жантөрө Сатыбалдиев Бакиевдик элитанын мыкты өкүлдөрү Өктөмкан Абдуллаева, Азимбек Бекназаров, ошол эле Жантөрө Сатыбалдиев бийликтин бир бучкагын чоюшуп, элдин жашоосу үчүн тескери саясатты жүргүзүп жатышат. Элге эмне керек эле? Эркиндикке кокодон тойдук. Элдин курсагы ачка. Элдин жашоо турмушу оор. Туура чыныгы демократтар аралашкан Убактылуу Өкмөт электрэнергиясын 70 тыйынга түшүрүп, "сотканын" баасындагы 60 тыйынды алып салды. Бакиевдик бийлик үчүн 1 сом 30 тыйын үчүн күрөштүк белек?
Бир гана жетишкендик демократиялуу республикага багыт алдык. Ооба, бул чыныгы жетишкендик. Бирок ушул жетишкендиктерди дагы эле Бакиевдик элита пайдаланганы турбайбы. Камчыбек Ташиев сыяктуу кечээ эле Курманбек акасынын чачпагын көтөрүп, ага каршы чыккан адамдарга муштумун кезеп, ал эмес тоголото чапкан мындай элита өкүлдөрү, бийликтин бир бучкагына илинип эртең азыркы бийликке каршы иштерди уюштурууга даяр болуп турат. Анткени азыркы бийлик элди бага албай калса, кайрадан эки тизгин бир чылбырды Бакиевдик элита колго алып, кайрадан элдин терисин тескери сыйырганы Максим Бакиевди еврейлери менен кошо алып келиши мүмкүн.
Азыркы бийликтин дагы бир батыл иши Аскар Акаевди актабай койгондугу. Бүгүн Акаевди актасак. Эртең Бакиевди актасак. Анда кийинки бийлик жегенди мода кылып алышпайбы.
Мэрди ээрден ким алат?
Акаевдин элитасынын учурунда мэрди бир ушак менен эле Майрам Акаева чөгөлөтүп койчу. Бакиев бийликти жаңы алган учурда мэрди, катта чиновниктерди кызматтан алуу бир топ проблемаларды туудуруп, пикеттер уюшулуп, Бакиевди кокуйлатып койчу. Андан кийин Бакиев бийлигин бекемдеп алган соң мэрди кызматтан алуу чыйт түкүрүм болуп калган. Эмки Оштун мэри Мелис Мырзакматовду кызматынан кетирүү учурдагы эң оор нерсе. Дал ошол Ошто коогалаң болуп, акырындык менен тынчып баратканда кайрадан элди ызы-чуу кылуу, албетте азыркы бийлик үчүн деле өтө татаал маселе. Мындай кадамга дипломатиянын "королевасына" айланган Роза Отунбаева бармак эмес. Дагы эле анын айланасында күн тийген жердин күкүктөрүнө айланган Акаевдик, Бакиевдик элитанын өкүлдөрүнүн жасаган иши болуш керек. Азыркы мезгилде кызматты эмес элдин ынтымагын ойлоочу убак, ошондуктан президенттик бир топ укуктардан жаңы Конституция боюнча айрылган Роза Отунбаевага баарын жүктөп салууга болбойт. Азыр мэрди ээрден алчу эмес, андан көрө кечээ элим деп, бийликке келген соң капчыгын ойлогондорду жок кылуу керек.
Бийлик элиталарга, элге эгин
2007-жылы Алмаз Атамбаев Бакиевдик өкмөт башына келгенде, ошол мезгилдеги экономика министри Акылбек Жапаров: "Дүйнөлүк кризис келатат"- деп жар салганына карабай, күзүндө эгиндин баасы кымбаттап бир мүшөк ун 1200 сомдон ашып кеткен. Эми "Мурашкиндердин" өкмөтү эч кандай дүйнөлүк кризис жок эле ундун баасын көтөрүп жатканы, элдин кыжырын да көтөрүп жатат.Саясат деген ушул болуш керек. Эң биринчи элиңдин курсагын тойгуз, андан кийин каалашыңча былжырай бер. Быйыл Кыргызстан Казакстандан адаттагы өлчөмдө ун алып, АКШдан 50 миң тонна ун алат дешет. Күзүндө 800 миң тонна буудай жыйналаары күтүлсө, анда эмнеге ундун баасы асмандап баратат? Балким Акаевдик, Бакиевдик элиталарынын калдыгынан кайрадан жаңы элита түзүлүп, элдин кызыкчылыгынан өз чөнтөктөрүнүн кызыкчылыктарын ойлогондуктан болуп жүрбөсүн?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика