Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 2
Бийлик, Оппозиция, Геосаясат
7-апрелден кийин Кыргызстандагы өзгөрүүлөр өтө тездик менен өнүктү. Кыргызстанды башкарууга даярдыгы жок жаңы келген алсыз бийликтен пайдаланган ар кандай ички жана сырткы күчтөр тездик менен аракетке өтүп, эзелтен толеранттуу, айкөл, меймандос, бейпилдик менен тынчтыкты сүйгөн кыргыз жерин кандыбулоонго айлантып, эгемендүүлүгүбүзгө доо кетирчү коркунучтуу абалга чейин алып келишти. Кыйын учурда президентибиз АКШ, БУУ, ЖККУ, Россиядан жардам сурап жибергенге чейин барды. Тилекке каршыбы, бактыга жарашабы, сырткы күчтөр учурунда жардам берүүдөн баш тартышып, кыргыз эли бул кыйын кырдаалдан өз күчү менен чыгып кетүүгө жетишти. Бул өз күчтөрүбүз ал кездеги Исмаил Исаковдун сөзү менен айтканда: "аскер, милиция кызматкерлери, жергиликтүү жана областык жетекчилер, акылдуу аксакалдар, түшүнүктүү патриотторубуз жана кырдаалды кеч болсо да улантып кетүүгө жол бербей токтотуп калган Убакытлуу өкмөт бийлиги". Албетте, бул өз күчтөрүбүз мындай кырдаалдан чыгууда идеалдуу аракеттенди деп айта албайбыз. Аскерлерибизден да ката кетти, курал жарагы, техникасын алдырып жиберген учурлар болду, милициядан да ката кетти, учурунда кырдаалды көзөмөлдөгөнгө атайын каражаттары (резина октор, жаш агызуучу газдар, шум гранаттары, суу чачыратчу каражаттары) жок болгондуктан жана мурда-кийин мындай кырдаалга даяр эместигинен, өкмөттөн да ката кетти учурунда көзөмөлдөй албай калышты, жергиликтүү бийликтегилерден да ката кетти, бир жактуулукка жол беришти. Бирок, ошончо каталарга карабастан кырдаалды өз күчтөрү менен токтотуп калуу бул эрдик. Албетте, кырдаал тынчыды деп азыр деле айтууга эрте. Бирок, кризистик кырдаалдан чыктык. Эми ошол кырдаал кайрадан кайталанып кетпес үчүн жогорку өз күчтөрүбүз биримдикте жана өз ара түшүнүшүү аракеттеринен кайтпаш керек. Кырдаалды күчөтүп жиберүү азыр үч күчкө байланыштуу. Ал үч күч төмөнкүлөр: 1) Бийлик 2) Оппозиция, 3) Эл аралык күчтөр.


Бийлик
Төрт тарабы
төп болсун
Кыргызстандагы азыркы кырдаалда бийлик баардык тараптан максималдуу аракеттерге өтүш керек. Азыр бел чечип, жайбаракат жатчу учур эмес. Бийлик азыр төрт тарабынан тең, төрт багытта идеалдуу иштөөсү керек
1) Социалдык багытта
2) Саясий багытта
3) Тышкы саясатта
4) Коопсуздук багытында
Биринчи, социалдык багытта чеч­кин­дүү аракеттер керек дегенибиз элдин социалдык маселелери, пенсия, пособие, айлык акы дегендери өлкөдө кандай каржылык кырдаал болбосун өз убагында берилиш керек. Андай болбосо, элдин бийликке болгон ишеними кетет да ар кандай экстремистик, сепаратисттик күчтөрдүн куралына айланып кетиши мүмкүн. Учурдагы күндөлүк керектелүүчү азыктарга болгон баанын өсүшү (өсүмдүк майы - литри 55 сомдон 75 сомго, эт - килограмы 180-190 сомдон 230-240 сомго, ун - килограммы 17 сомдон 25 сомго), өзгөчө дан азыктарына болгон баанын көтөрүлүшү да элдин социалдык жарылуусуна алып келиши мүмкүн. Андыктан монополияга каршы агенттик популизм үчүн эле эмес, реалдуу кырдаалды эл пайдасына максималдуу көзөмөлдөгөнгө жетишиши керек.
Экинчи, саясий багытта. Алдыдагы парламенттик шайлоону уюштурууда калыс саясат жүргүзүү аркылуу саясий күчтөрдүн ортосунда өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылуу. Бири-бирин тытып кетүүгө даяр турган каардуу каршылаштардын ортосундагы абалды БШК менен биргеликте жумшартууга жана өз көзөмөлүнөн чыгарбоого тийиш.
Үчүнчү, тышкы саясатта көп багыттулуктан жанбоо. Тең салмактуулукту сактоо. Өлкөнүн ички ишине кийлигишкиси келген түрдүү эл аралык жана сырткы күчтөр менен иштөөдө жогорку дипломатияны сактоо. Ар кандай материалдык жана моралдык колдоолорду алуу учурунда ал колдоолор капканга салынган сыр экенин эстен чыгарбоо. Ошол эле учурда улутттук кызыкчылыкты зыян учуратпай турган моралдык жана материалдык колдоолорду алууга жетишүү.
Төртүнчү, коопсуздук чараларын күчөтүү. Милицияны атайын каражаттар менен камсыздоо, милицияны жана УККны жаңы шартта иштөөгө окутуу, саясатчыларды аңдыгандан башкага адистелбеген УККны кадрдык жактан кесипкөйлөр менен толуктоо, ички жана тышкы чалгынды күчөтүү аскерди жана ички резервдерди дайым даярдыкта кармоо. Криминалдын саясатташкан аракеттерин көзөмөлдөн чыгарбоо.


Оппозиция
Бүгүнкү оппозициянын жоопкерчилиги элдин тынчтыгы менен ченелет

Учурда Кыргызстанда жаңы оппозиция пайда болду. Алардын азырынча ачык статуста чыгып жатканы "Ата журт", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары. Мындан сырткары өлкөгө коркунуч келтирчү, эски бийликтин реваншисттери, ашкере шовинисттер, сепаратисттер, бийликти басып алгысы келген тымызын күчтөр. Буларды ар кандай тополоңдорду пайдалангысы келген экстремисттер, наркобарондор, криминалдык күчтөр өз пайдасына пайдаланып кетиши мүмкүн. Андыктан бүгүнкү бийликке оппозиция болгусу келген күчтөр мурдагы оппозиция сыяктуу эл таламын бийликтин басынтуусунан сактап калуу миссиясында баштагыдай абал жок экенин, алардын эл таламын талашабыз деген максаттарын ар кандай күчтөр пайдаланып кетүүгө даяр экендиктерин эске алып, ашкере жоопкерчиликтүү жана сак болуулаары керек. Ар бир туура эмес сүйлөнгөн сөздөр өлкө бүтүндүгүнө доо кетирүүгө, жаңы чуру-чуулардын башталып кетүүсүнө өбөлгө түзүүсү мүмкүн экендиктерин унутпоого тийиш. Азыр бизге ээн ооз оппозиция эмес, өтө жоопкерчиликтүү, өз кызыкчылыктарынан өлкөнүн бүтүндүгүн, амандыгын жогору койгон оппозиция керек болуп туру. Кечээ эле Мелис Мырзакматовдун кызматта калуу учурунда кандай калпыстыктар кетти.
Барыктабасовдун курултайы канча элди дүрбөлөңгө салды. Базар-Коргондо бийлик менен оппозиция партиясы деп бир эл экиге бөлүнүп аз жерден атышып кете ташташы, булардын баардыгы ансыз да араң турган элге дүрт деп өрт коюп жибериши мүмкүн. Мурдагы учур болгондо бийликтегилер менен оппозициядагы бакиевчилер деп бир айлап, жарым айлап, керек болсо бир кездеги ноябрь митингисиндей болуп борбордук аянтты миңдеген кишилер жети күндөп дүңгүрөтүп отура бермекпиз. Элди кайдыгер болбоого, ар кандай провокацияларга алдырбоого үндөп, күнүгө бир ырчыларды чакырып Ала-Тоо аянтын күнү-түнү концерт залына айландырып. Ал кезде ошондой тынч митингдер өтүүгө шарт бар болуучу. Элибиз кан эмне, курал эмне көп билчү эмес. Азыр шарт башка. Элдин арасында карапайым эле адамдарда бекитилген канча, өз коопсуздугубузду коргойбуз деп ачык эле алып жүргөн куралдар канча экени белгисиз. Мурда мушташ чыгып кетпесин деп корксок, азыр атышуу болуп кетпесин деп коркобуз. Андыктан бүгүнкү оппозициянын жоопкерчилиги элдин ынтымагы, элдин тынччылыгы, керек болсо, элдин өмүрү менен ченелип турган чак.

Геосаясат
Кааласаң да, каалабасаң да жардам беребиз!
Кыргызстандын көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүшүнүн оң жагы менен бирге эле терс жагы да бар. Ал саясаттын кемчилиги кандай кырдаал болбосун кытайы деле, арабы деле, орусу деле, батышы деле, чыгышы деле Кыргызстанга өз таасирин орнотууга аракет кыла беришкендиги өзгөчө кийинки кездери Россия менен Кытайдай ири кошуна державалар жаныбызда унчукпай турганынан пайдаланып батыштын ар кандай эл аралык уюмдары БУУ, ОБСЕге окшогон дөөсүнөн баштап, "Хьюман райтс вотч" өңдөнгөн чөөсүнө чейин эле Ошко "тынчтык орноткусу келип" көшөрүп туруп алышты. Кыйын учурда кайда жүрдүңөр эле, эми өзүбүз тынчтык орноттук, азыр эми гуманитардык, материалдык жактан эле жардам бербесеңер, башкага муктаж эмеспиз десек болбой эле, "жок муктажсыңар, биз тынчтык орнотуп бербесек, тынчыбайсыңар, кайра от алып кетишиңер мүмкүн" деп эле көгөрүп туруп алгандарына таңбыз. "Жок, ой, рахмат" жакшы тилегиңерге рахмат" десек деле болбойт.
Эми болсо "эгер биздин сөзүбүздү уккуңар келбесе, полициябыздын кеңешин кабыл албасаңар, анда гумжардамдарды токтотобуз, Ош шаарын курууга берилүүчү кайрымдуу жана кайрымсыз каражаттарды бууйбуз" деп коркутканга өтүштү. Бул эмне деген шумдук? Эгер алар бергиси келген каражат, биздин көз карандылыгыбызга тура турган болсо, баягы ХИПКтей кылып эле чечкиндүү "Жок!" деш керек. Кыргыз ачка калса да эркиндигин, азаттыгын жогору коюп келген. 7-апрелде кыргыз нан үчүн кан төккөн эмес, Бакиевдин зордукчул, баш көтөртпөгөн, криминалдык, зулумдук саясатына каршы кан төккөн. Албетте, учурдагы бийлик элинин социалдык муктаждыктарын чечип берүү үчүн тышкы күчтөрдүн каражатына муктаж. Бирок, ал каражат биздин азаттыгыбызды сатуу аркылуу жүргүзүлбөшү керек. Бийликтин күчү элинин кызыкчылыгын ар кандай ички, сырткы күчтөрдөн коргоп калууда билинет. Ал эми биздин бийлик күчтүү болууга тийиш. Себеби, биздин эл күчтүү бийликке татыктуу. Татыктуулугун эл каны менен далилдеген.








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 47

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 47


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 47

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 47


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 47

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0827_3.htm on line 47