Кыргыз гезиттер архиви

Түштүккө курулуш материалдар заводун курууну сунуштап жатышат
Германиялык "Санус" концорциумунун вице-президенти Алирезе Могхаддамдын маалымат жыйында билдиргени боюнча, алар Кыргыз бийлигине өлкөнүн түштүгүнө социалдык турак-жайларды куруу үчүн завод тургузууну сунуштап жатат. Ал жылына миң турак жай куруу кубаттуулугуна ээ. Ал эми бир үй болжол менен 40 миң доллар турат. Алирезе Могхаддамдын айтымында, заводду сегиз ай ичинде куруп бүтүүгө мүмкүн жана ал Кыргызстандын аймагында беш жыл иштеши мүмкүн. Немис ишкери бул аралыкта тургундардын турак-жайга болгон суроо-талабы басаңдап калышы ыктымал деп эсептейт.


М.Садыркуловдун өлүмү, "Матрешка-гейт" кайра иликтенүүдө
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда сырдуу жагдайда каза табышкан саясатчылардын, айрым жарандардын өлүмдөрү боюнча козголгон кылмыш иштери кайрадан кошумча иликтөөгө алынууда. Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин Варшава шаарында маң заты менен кармалышы боюнча ачылган кылмыш иштери кайра иликтенүүдө. Ошондой эле бул сыяктуу кылмыш иштеринин арасында 2005-жылы Жалал-Абад шаарындагы Улуттук банктын филиалынан 22 миллион сомдун уурдалган фактысы да бар.

Түштүктөгү ЖОЖдордун окуусу 18-октябрда башталат
"Азаттыктын" Оштогу кабарчысынын билдиргенине караганда, бул тууралуу 25-августа түштүк башкалаасындагы жыйында өлкөнүн билим берүү жана илим министри Канат Садыков айтты. Кийинчерээк ушул эле маалыматты өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьери Өктөмкан Абдуллаева да ырастады. Кабыл алынган чечимге ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагындагы жогорку окуу жайларда сабактар 18-октябрдан тарта гана башталат. Билим берүү тармагын тейлеген расмий өкүлдөр мунун себебин парламенттик шайлоону утурлай саясий партиялардын студенттерди өз тарабына тартуу коркунучу бардыгына жана коопсуздук жүйөөсүнө да байланыштырышууда. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 24-август күнү "Азаттык" радиосунун кабарчысы менен маегинде муну июндагы окуялардан улам түштүктөгү жогорку окуу жайларда мамлекеттик экзамендер тапшырылбай, жайкы сессиялар күзгө жылдырылганы жана баарын бир учурда жүргүзүү мүмкүн эместиги менен да түшүндүрдү. Министрдин айтымында, окуу жараяны расмий башталганга чейин түштүктөгү жогорку окуу жайларда жайында тапшырылбай калган экзамендерди өткөрүү керек. Бирок билим берүү министринин айтымында, жалпы эле түштүк аймагында, анын ичинде Ош облусунда орто мектептер адаттагыдай эле 1-сентябрда ачылат.


HRW Акыйкатчынын
айткандарын четке какты
HRW уюму Ош окуялары боюнча өзүнүн баяндамасына карата Акыйкатчынын билдирүүсүн четке какты. Турсунбек Акун 17-августта УТРК аркылуу бул уюмдун баяндамасы укук коргоочу Азиза Абдурасулова берген маалыматтарга негизделип, бир тараптуу болуп калгандыгын айткан. Акыйкатчыга жолдонгон катта HRW уюму Турсунбек Акундун "Азиза Абдурасулова алардын кызматкерлерин аэропорттон тосуп алып, аларды өзбек махалелеринде коштоп жүргөн" деген маалыматын төгүндөйт.
Уюм А.Абдурасуловадан түштүктөгү окуяларга байланыштуу эч кандай документ албаганын, баяндама даярдалып жатканда ал сурамжылоого катышкан 200 кишинин катарында болгондугун белгилейт. Хьюман Райтс Вотч баяндаманын методологиясын жана андагы жыйынтыктарды кайра карап чыгуу зарылчылыгын көрбөй тургандыгын билдирет.
Акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыкка" Хьюман Райтс Вотч уюму негизинен Азиза Абдирасулова баштаган айрым укук коргоочулардын пикирине таянгандыгын, алар сурамжылоого алган 200 киши маалыматы аз болуп, абалды билбей туруп жооп берген деп эсептээрин билдирди. Акыйкатчы ошондой эле бул уюм өзбек тектүү укук коргоочуларынан көбүрөөк маалымат алгандыгын белгилейт. Турсунбек Акун уюмдун катына Филиппинден келгенден кийин жооп берерин билдирди. Учурда ал Филиппинде өтүп жаткан Азиядагы Акыйкатчылардын ассоциациясынын жыйынына катышып жатат.

"Кытыгы" кимдерди кытыгылайт?
Саясаттан тажап бүткөн кыргыз элине сатира, юмор тартуулайбыз дешип жеңин түрүнүп жүргөндөр бар дешет. Жаңы саясий -сатиралык "Кытыгы" аттуу гезит жакынкы күндөрү жарык көрмөкчү. "Кытыгы" кимдерди кытыгылайт болду экен?


Кыргызстандык балбандар үчүнчү медалды утуп алышты
Кыргызстандык дзюдочу Болот Токтогонов Биринчи жаштар олимпиадасынын коло байгесин жеңип алды. Ал 100 кг. чейинки салмактык категорияда мөөрөй талашып, алгачкы таймашта белгиялык спортчуга жеңилип, андан соң мексикалык жана ирандык балбандарды утууга жетишкен. Коло медаль үчүн болгон таймашта Б.Токтогонов 010:001 упайында кубалык дзюдочуну жеңип, Сингапур оюндарынын үчүнчү орунуна татыды. Буга чейин Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары бир алтын, бир коло медал утуп алышкан.


Дзюдочу Т.Масабиров дүйнө чемпиону болду
Дзюдо жана самбо боюнча эл аралык спорттун чебери, Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти Таалайбек Масабиров Канаданын Монреаль шаарында өткөн спорт чеберлери арасындагы 12-чемпионатта биринчиликти жеңип алды. Кыргызстандык балбан 81 киллограммга чейинки салмакта күчүн сынады. Чемпионатта Т.Масабиров беш жолу күрөшүп, бешөөндө тең атаандаштарын утуп алды. Биринчи кармашта ал бразилиялык балбанды, экинчисинде англиялык, үчүнчүсүндө аргентиналык, төртүнчүсүндө австриялыкты жеңилүү ызасын тарттырды. Ал эми финалдык беттеште ал былтыркы чемпионаттын жеңүүчүсү канадалык дзюдочу менен кездешип, аны да жыгып алды. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясы билдирет.


Камбар-Ата-2 ГЭСи толук даяр
Нарынгидроэнергокурулуштун техникалык директору Жолдошбек Жетигенов "КАБАР" агенттигине Камбар-Ата-2 гидроэлектрстанциясын сынак ишке киргизүүгө даяр экендигин айтып берди.
Станциянын имаратынын төмөнкү эки капкасынын ортосундагы каналга суу толтуруу пландаштырылууда. Андан тышкары, биринчи суу жиберүүчү жана суу кабыл алуучу каналдар толугу менен даяр.
Техникалык директордун айтымында, азыркы убакта жумушчу комиссиясы айрым обьектилердин ишин кабыл алууда, ал кароонун актылары мамлекеттик комиссияга берилет. "Бардык башкы обьектилер даяр болуп калды, тиешелүү документтерге кол коюу гана калды. Биз биринчи агрегатты сынак ишке иргизүүгө толук даярбыз, ал 30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен өтөт",- дейт Ж.Жетигенов.

Республикада 100 миң атуулга
34 дарыгер туш болот
Кыргызстанда миңге жакын фельдшердик амбулатордук пункттар, 700 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 80 үй-бүлөлүк медицина борборлору бар. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, республикада 100 миң атуулга 34 дарыгер туш болот. Ал эми Нарын, Баткен жана Жалал-Абадда эки эсе аз.
"Жаш дарыгердин депозити" программасында каралган 3 миң сомду 5 миң сомго чейин жогорулатуу керек. Бул акчадан киреше салыгын алып салуу керек", - деди министр.
Маалыматка ылайык, 2009-жылы медицина тутумунан баардыгы болуп 1 миң 581 адис жумуштан бошогон, анын 61 республикадан сырт чыгышкан. Кайрадан бош жумушчу орундарды 1 миң 506 адис толуктаган.

Коргоо министрликке АКШдан жардам
АКШ Кыргызстандын Коргоо министрлигине 1,5 млн. доллардан ашуун суммадагы автоунаа жана атайын техниканы жардам катары жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мурда макулдашылган эки тараптуу келишимдин негизинде Коргоо министрлиги 45 "Форд Рейнжер" унаасына жана 45 квадроциклге ээ болду. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге тапшырды.
АКШ 2000-жылдан тарта ушул кезге дейре республиканын аскердик мекемесине аскер-техникалык кызматташуу алкагында 35 млн. доллар суммасында көмөк көрсөткөн. Жардам негизинен авиациялык жана жана автомобиль техникасы, авиаотун, запастык бөлүктөр, тылдык жана буюмдук мүлк, байланыш каражаттары жана түнкү жарык берүүчү куралдар түрүндө келген.