Кыргыз гезиттер архиви

  Ден соолук

Ашыкча салмактууларга керектүү ке?еш
Азыр дүйнө жүзүндө эң оор проблемалардын бири ден соолук үчүн ашыкча салмак. Бул албетте, өнүккөн өлкөлөрдө Европада, АКШда бөтөнчө сезилет. Илгерки кыргыз ата-бабаларыбыз ат көтөрө алгыс салмактагы адамдарды өзгөчө баалоочу. Ормон ханды ат көтөрө алчу эмес экен улам-улам ат алмаштырып минип, акыры ошол салмагы анын түбүнө жетти. Себеби, Балбай кубалап келатканда аны ат көтөрө албай калып бир дөбөгө отуруп, мени эмне кылат эле дегиче сайып кетип атышпайбы. "Атка жеңил,тайга чак" жеңил болгондо качып кутулмак беле?
Негизи бизде деле ашыкча салмактуулук деген дарт акырындап басып келатат. Ошондуктан кыргыз Курортология илим-изилдөө институту тарабынан "Салмакты төмөндөтүү" боюнча программасы, айрыкча мага окшогон анча-мынча салмактан кутула албай жаткандарга айрыкча жагып турат. Ошондуктан ушул мекеменин Неврология бөлүмүнүн башчысы айдай сулуу Айгүл Казакова айымга кайрылып төмөнкүдөй кеңештерди алдык.

"Салмакты төмөндөтүү"
калыбына келтирүү программасы - ден-соолукту чыңдап, сулуулукту тартуулайт
Ашыкча салмагыңызды жоготуп, жаңы жашоо баштаңыз!
Бул сизге жагат!
Ашыкча салмактын негизинин үч башкы себеби бар:
бүгүнкү элдер өтө күчтүү жогорку каллориядагы тамактар менен тамактанышат;
бүгүнкү адамдар аз кыймылдашат;
тамактануунун эрежесин сактабайт, күчтүү тамак-ашты түштөн кийин пайдаланышат.

Билинбеген убакыттын өтүшү менен, ашыкча салмакты 40-45 жашка жеткенде кокустан сезебиз, ошондон кийин гана оор салмак менен кейиштүү түрдө күрөшө баштайбыз.
Ашыкча салмак ден-соолукка көп зыянын келтирерин эсиңиздерге салабыз.

ЖҮРӨК- Жүрөктүн токтоп калышы көбөйүүдө: кандын басымынын жогору болушу жана веналык артериянын бүтөлүшүнөн (тромбоз)
КАН-ТАМЫРЛАР- (артерия) артеросклероз жана артериядагы басымдын жогорулашы мээге кан куюлуунун (инсульт) жана кан тамырдын бүтөлүүсү (тромбоз)
БООР- боорду май басат, иштөөсү начарлайт
ӨТ- таш пайда болууга жол берет
УЙКУ БЕЗИ- ички бездердин иштөөсү бузулат,
"Чанкама" (кант диабети) оорусуна алып келет.
БӨЙРӨК- кандын көп болушунун, чыпкалоосу бузулат.
АЯЛДАР ООРУСУ- этек киринин келүүсү бузулат.
ЭРКЕКТИН ООРУЛАРЫ- жыныстык функциясы бузулат.
АРКА ОМУРТКАЛАР-бут дене кысат жана остеохондроз оорусуна алып келет.
ЖАМБАШ-кашка жиликтин мойнунан сыну көбөйөт.
ТИЗЕ МУУНУ-дегенеративдик остео-артроз пайда болот.

Салмакты азайтып арыктоо үчүн эмнелерди гана жасабайбыз:
Мүйөз (диета) - тамактануу, сыйкырдуу дары-дармектерин кымбат косметикалык процедураларды, хирургиялык операцияларды жасатабыз.
Сиз өзүңүздүн ашыкча салмагыңыз бар экенин билесизби?
Ашык салмагыңарды аныктагыла.
Дененин салмагынын индекси-ДСИ дененин салмагы менен барабар адамдын боюнун узундугу квадрат метр менен эсептелет (кг/м2).
ДСИ 18,5-24,9 ДСИ 25-29,9 ДСИ 30-30,9 ДСИ более 40 дененин салмагы калыбында ашык салмак семирүү өтө семирүү өзүңүздөрдүн ашыкча салмагыңыздарды мүйөз (диета) тамактар менен гана жогото алам деген ойдон алыс болуңуздар.
Мүйөз (диета) тамактарды өтө күчөтүү дагы, ден-соолук үчүн көптөгөн зыяндарды алып келээрин эсиңиздерге салабыз.
Алар төмөнкүлөр:
1. Мүйөз (диета) тамактануу дененин салмагын төмөндөөсүнө булчуңдардын ичкеришине алып келет.
2. Мүйөз (диета) тамактануу витаминдин микроэлементтерин жетишсиздигине алып келет, алар болсо майдын, углеводдун зат айлануусун жөнгө салат. Бул дененин салмагынын жогорулашына алып келет.
3. Мүйөз (диета) тамактануу-энергетикалык зат айлануу акырындатат, ошонун негизинде дене ачкачылыкты өткөзөт.
Ал эми адам кайрадан туруктуу тамактанууга өткөндө жөнөкөй тамактануу дененин салмагынын көбөйүшүнө алып келет.
Биздин адистер сиздер үчүн "салмакты төмөндөтүү" боюнча комплекстүү жергиликтүү шартка ылайыкталган программаны иштеп чыкты.
ПРОГРАММАНЫН МАЗМУНУ:
Төмөнкү каллориядагы мүйөз (диета) тамактануу:
Нандар: кара нан же улпак кошулган нан.
Сүт азыктары: сүттүн, айрандын майлуулугу аз болуш керек.
Эттин түрлөрү: кайнатылган же дымдалган болуш керек.
Майлуулугу аз болгон: жылкынын, торпоктун, балыктын эттери
Мөмө жемиштер, жашылчалар, дары чөптөрдүн тундурмалары, канты жок сүттөлгөн чай, минералдык газы жок суулар
Физио-бальнеодарылоо:
Электростимуляция (ток менен булчуңдарды калыбына келтирүү)
Суу менен укалоо
Фитосауна (Кызыл карагай челеги, буу менен дарылоо)
ИРТ (алтын ийне сайуу)
Укалоо (дарылоочу)
Машыктыруучу зал
Бассейн (дарылоочу)
Дене-тарбия дарылоосу
Ичегилерди тазалоо

Өлчөмдүү салмак өзүн өзү жакшы сезүү, жумушка жөндөмдүү жана сулуу дене тартуулайт.
Тандоо Сиздерде!
Сиздердин ден-соолугуңуздар, өзүңүз­дөрдүн колуңуздарда!
Бетти даярдаган:
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ