Бийлик, Оппозиция, Геосаясат
7-апрелден кийин Кыргызстандагы өзгөрүүлөр өтө тездик менен өнүктү. Кыргызстанды башкарууга даярдыгы жок жаңы келген алсыз бийликтен пайдаланган ар кандай ички жана сырткы күчтөр тездик менен аракетке өтүп, эзелтен толеранттуу, айкөл, меймандос, бейпилдик менен тынчтыкты сүйгөн кыргыз жерин кандыбулоонго айлантып, эгемендүүлүгүбүзгө доо кетирчү коркунучтуу абалга чейин алып келишти.Кыйын учурда президентибиз АКШ, БУУ, ЖККУ, Россиядан жардам сурап жибергенге чейин барды. Тилекке каршыбы, бактыга жарашабы, сырткы күчтөр учурунда жардам берүүдөн баш тартышып, кыргыз эли бул кыйын кырдаалдан өз күчү менен чыгып кетүүгө жетишти. Бул өз күчтөрүбүз ал кездеги Исмаил Исаковдун сөзү менен айтканда: "аскер, милиция кызматкерлери, жергиликтүү жана областык жетекчилер, акылдуу аксакалдар, түшүнүктүү патриотторубуз жана кырдаалды кеч болсо да улантып кетүүгө жол бербей токтотуп калган Убактылуу өкмөт бийлиги". Албетте, бул өз күчтөрүбүз мындай кырдаалдан чыгууда идеалдуу аракеттенди деп айта албайбыз. Аскерлерибизден да ката кетти, курал жарагы, техникасын алдырып жиберген учурлар болду, милициядан да ката кетти, учурунда кырдаалды көзөмөлдөгөнгө атайын каражаттары (резина октор, жаш агызуучу газдар, шум гранаттары, суу чачыратчу каражаттары) жок болгондуктан жана мурда-кийин мындай кырдаалга даяр эместигинен, өкмөттөн да ката кетти учурунда көзөмөлдөй албай калышты, жергиликтүү бийликтегилерден да ката кетти, бир жактуулукка жол беришти. Бирок, ошончо каталарга карабастан кырдаалды өз күчтөрү менен токтотуп калуу бул эрдик. Албетте, кырдаал тынчыды деп азыр деле айтууга эрте. Бирок, кризистик кырдаалдан чыктык. Эми ошол кырдаал кайрадан кайталанып кетпес үчүн жогорку өз күчтөрүбүз биримдикте жана өз ара түшүнүшүү аракеттеринен кайтпаш керек. Кырдаалды күчөтүп жиберүү азыр үч күчкө байланыштуу. Ал үч күч төмөнкүлөр: 1) Бийлик, 2) Оппозиция, 3) Эл аралык күчтөр.








PDF формат