Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 2
  Тегерек

Катышуучулар:
Толкун Исаков,
"Туран" партиясы,


Акылбек Жапаров,
"Ар-намыс" партиясы


Абдыжапар Тагаев,
"Акыйкат" партиясы


Батырбек Дууланов,
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы


Модератор: Айзада Абазова, "Кыргыз Руху" гезитинин башкы редактору
Саясий күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо
Баардыгыңыздарга белгилүү болгондой биздин газета алдыда болчу парламенттик шайлоонун алдын алып "Саясий күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо" деген маалымат акциясын баштаган эле. Бул акциянын максаты алдыда боло турчу парламенттик шайлоо коопсуздугун алдын алууну көздөйт. Буга чейин бул тема боюнча тегерек столго "Ата мекен", "Республика", "Замандаш", "Мекен Туу" партияларынын өкүлдөрү чогулса, бул жолу дагы беш партия чогулду. Аталган лидерлер жогорку темага ылайык тегерек столго боло турган шайлоодогу терс көрүнүштөргө биргелешип каршы туруп, ал шайлоо элибиз үчүн жаңы тополоңдордун очогу болуп кетпөөсүнүн алдын алууда өз ойлорун, сунуштарын ортого салмакчы.


Айзада Абазова:
- Парламенттик шайлоо атаандаштыктын туу чокусу болуп келген. Ушул атаандаштык касташкан тараптардын деңгээлине өтүп кетпес үчүн ар бир тарап (партия) кайсыл чектерден өтүп кетпеш керек? Батырбек ага, улуу катары алгач сөздү сизден баштасак.

Батырбек Дууланов:
- Урматтуу катышуучулар, партиянын өкүлдөрү. Мен айтар элем мен аксакал катары эми алдыда боло турчу бул шайлоо биринчиден таза өтүш керек. Экинчиден калыс өтүш керек. Ошондой эле бирине-бир бут тосуу болбош керек, жер жерлерге бөлүнүү болбош керек. Биздин максат элди бириктирүү, түндүк, түштүк деп бөлбөө жана Кыргызстанда жашаган башка элдерди бириктирүү. Чыр чатактын кереги жок деп ойлойм. Баарыбыз ынтымакта өтүшүн тилек кылабыз. Маңдайга жазганды көрүп, таза иштеп, таза шайлоодо эл менен жолугуп, эми ар бирибизге буюрганын алабыз да. Өткөн шайлоолорду көрдүк. Эми бул шайлоо өзгөчө партиялардын шайлоосу болгону жатат. Анын үстүнө көп партия буга ат салышканы турат. Ошондуктан биз таза шайлоону өткөрүшүбүз керек. Бул үчүн биринчиден Убактылуу Өкмөт тарабынан калыстык болушу керек. Кайсыл партия болбосун, канча партия болбосун булардын ар бирине калыстык менен мамиле кылып, бирдей шарт түзүп берүүсү керек. Ошондо гана шайлоо таза өтөт деп ойлойм, ошондо чатак болбойт. Биздин партиянын ою ушул.

Абдыжапар Тагаев:
- Мына бир нече күн эле болбодубу 10-октябрда шайлоо өтөт деп жарыяланды. Революциядан кийинки Конституцияны талкуулап жатканда кийинки көп болгон сөздөрдө да бир дагы партия же бир дагы мындай мен деген киши жаман шайлоо өтсүн, таза болбосун деген болбосо керек. Мен дагы ушул шайлоолордун таза өтүшүнө кошулуп, ушундан баштап биздин кыргыз элинде, кыргыз журтунда, Кыргыз республикасында бир жаңы кадам башталса деп ошого аракет кылсак. Бирок дагы деле болсо ошону айтып, таза болсо экен, акыйкат болсо экен, элдин өзү чечсе экен деп коюп, ошого кадам шилтебей, элдин алдында, гезит-журналдардын алдында, теленин алдында бир сүйлөп бирок ошол жерге барганда бул жердеги оппоненттерге айтып коюш керек, башкача иш кылган партиялар дагы болуп жатат. Алардын атын атагым деле келген жок, аны көптөр байкап билип жатат. Бир айтар элем, эми каалайбызбы, каалабайбызбы бул шайлоолордо ошол партиялардын лидерлеринен көп иш көз каранды болот. Эгер ошол партия лидерлери партиясын түзгөндө анын үгүт иштерин жана башка иштерин эң башынан баштап өзүнүн жүрүм-туруму, жасаган иши менен таза болуп, алдыда боло турчу шайлоолорду таза өткөрүшкө аракет кылса, мен ойлойм бизде таза шайлоону өткөрүүдө ар бирибиздин мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Экинчиден биз муну кааласак дагы, каалабасак дагы коомчулукта "бул партиялар эптеп эле шайлоого катышып, ал жактан орун алышы керек. Ошого жараша ушундай кылып жатышат" деген тилекке каршы терс ойлор болбой койгон жок. Ушул парламенттен орун алып калалы, жетишип калалы деген ой менен жаман иштерге барбай, биздин тилегибиз элди бөлбөстөн, шайлоолорду таза, дүнүйө жүзүнө десем аябай чоң айткандай болуп калышы мүмкүн, жок дегенде ушул тегеректеги мамлекеттерге бир мисал болуп берсек дейм, себеби мындай парламенттик шайлоо, парламенттик башкаруу, мурунку Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттердин арасынан биринчи жолу биз тараптан өтүп жатпайбы. Айрыкча коңшу Россия, Казакстан, Өзбекстан дагы бизге аябагандай сын көз караш менен карап турушат. Эгерде алдыдагы шайлоо чаң тополоң болуп, таза өтпөй турган болсо бүгүнкү күндө абал дагы курчуп андан ары дагы эң оор абалга түшүп калышыбыз мүмкүн. Мен дагы ойлойм, биз ушул шайлоону таза өткөрүүгө бардыгыбыз, оңчул партия болобу, солчул партия болобу аракет кылышыбыз керек. Партиянын лидерлери ошого мисал көргөзүш керек.
Айзада Абазова
- "Акыйкат" партиясы ошого мисал болуп бере алабы?
Абдыжапар Тагаев:
- Биздин ошондой гарантиябыз бар. Биз өткөндө Таласта болгондо биз абдан "критично" сүйлөдүк. Бул туура эмес, бул баштала электе эле келип бул түндүк, түштүк деп кылган болбойт. Ошого биз каршыбыз. Эгер мындайды бүгүнтөн эле баштап алсак, бир айдан кийин эмне гана болот, аны биз көз алдыбызга келтире албай жатабыз.

Акылбек Жапаров:
- Кытайлыктар айтып коёт "дорого тысячи мил начинается с первого шага" деп, ошол кадамды азыркы бийликтеги президент Роза Исаковна Отунбаева жасады. Бул шайлоонун так эрежеси, күрөштүн тартиби, кодекс боюнча жүрөт деди. Андан кийинки кадамдар дагы ошол боюнча жүрөт го деп жатам. Негизинен эрежени эки тарап бузат. Биринчиси бийликтегилер, бийликте калып калалы деп, экинчиси бийликке баралы деген тарап бузат. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгы боюнча утуп алгандар дагы, утулуп калгандар дагы ыраазы болушу үчүн биз эрежени так сакташыбыз керек, бузбашыбыз керек. Мына ушул кепилдиктер боло турган болсо, анда шайлоо тынч өтөт го деген үмүтүбүз бар. Биз атайын өзүбүздүн жактоочулар менен жолугуп жатканда дагы азыр ар бир региондордогу штабдын жетекчилерин алып жатканда дагы, биз ушул эрежелерди так сактайлы деп жатабыз. Ошон үчүн шайлоо кодексинин негизинде шайлоо өтө турган болсо, анда бул тынч өтө турган нерсе. Жана административдик ресурсту колдонобуз деп аракет кыла турган болсо мунун арты чатак менен бүтөт. Анткени 2000-жылы партиялык тизме менен 16 депутат шайланса, азыр 2010-жылы партиялык тизме менен 120 депутат шайланганы жатат. Ар бир партиянын эл ресурстары дагы, финансылык ресурстары дагы, бир топ мүмкүнчүлүктөрү болуп калды. 10-12 партиянын ресурстары жетиштүү болот. Жакында шайлоо кодекси боюнча 100 млн. сомдун тегерегиндеги акча сарпталганы турат. Бул дагы бир топ оңой эмес акча. Ошол акчаны топтоп, шайлоонун ишаратына жумшоого мен айтып коёюн 7ден 12 партияга чейин мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондуктан таза, так шайлоо болуунун бир гана кепилдиги ошол эрежени так сактоо. Так сактоодо эгерде Роза Исаковна дагы президент катары экинчи, үчүнчү кадамдарды дагы ушул таза шайлоонун үстүндө иштөөнүн негизинде жүргүзсө, анда Кыргызстанда биринчи жолу таза шайлоо өтөт го деген ой-пикирибиз бар.

Айзада Абазова:
- Административдик ресурстар колдонулуп кетет деп жатпайсызбы. Бул жерде сөз "Ата Мекен", "СДПК", "Акшумкар" жөнүндө жүрүп жатса керек. Бирок алар өздөрүнүн бийлигин тыштап кетишти да. Эми административдик күч кимге иштейт деп ойлойсуз?

Акылбек Жапаров:
- Эми бул туура эмес да. Эгерде бийлик жок болсо бийликке кимдер умтулат. Бирөө бийликте турат. Ошол бийликти сактап калуунун аракетинде болот. Кайсыл бир партиялардын көпчүлүгүн алабы, аздыгы менен болобу, же чогулуп алып коалиция болуп кайрадан өзүбүз бийликте калып калалы дегендердин бир тарабынын аракеттери болот. Экинчи тараптын аракети болсо, "жок, биз өзүбүздүн программанын негизинде, өзүбүздүн лидерлердин негизинде кишилерибиз менен бөлөкчө оюн жүргүзөбүз, бөлөкчө бийлик жүргүзөбүз дегендердин эки тарабы болуп жатат. Кайсыл жерде болбосун бир тарап бийликтегилер болот, өздөрүнүн бийлигин сактап калышы керек. Бир тарап болсо бийликке барам дегендирдики. Ошондуктан мен ойлоп жатам азыр дагы бийликтегилер бар, бийликке барам дегендер дагы бар. Бирок тилекке каршы акыркы үч-төрт айдын ичинде биз ушунчалык көп ойлонулбаган, экономикалык жагынан эсептелинбеген, финансылык булагы такталбаган бир топ декреттер менен указдарды кабыл алып койдук. Бул бюджетти крисизке алып келе турган саясатка айланып кетти. Азыр 610 млн.дон 650 млн.долларга чейин бюджеттик тартыштык бар. Мындай кыргыз элинин тарыхында болуп көргөн эмес. Ошондуктан мен ойлоп жатам баары бир бийликтегилер бийликке калып калуунун үстүндө аракет кылат, же болбосо жаңы күчтөр келип жаңы бийликти алганга аракет кылат. Шайлоонун шарапаты ошон үчүн болот да.

Абдыжапар Тагаев:
- Биз кааласак дагы, каалабасак дагы кыргызда "имиш" деген бир балээ пайда болгон. Айткан имиш, кылган имиш деп ошол имиштен башталат. Мына сиз айтып жатасыз Убактылуу Өкмөтөгүлөр, партия башчылары кетти деп. Мына аны эсептеп көрсөк болгону беш, алты киши кетти да. Калгандары калды да. Бүгүнтөн эле бардык нерселер болуп жатат. Аким баланча партиянын мүчөсү экен, минтип жатат. Ошолор кийин анан ырбай баштайт. Менин оюмча бир идеалдуу вариант, ар бир партия өзүнүн программасы менен келип, бүгүнкү жүргөн кыйынчылыктан чыгуунун жолун көрсөтүп, ошого үндөп, ошого биринчи кадам шилтесе калгандары дагы ошону колдойт эле. Кече 7-апрелге чейин оппозиция болсо бүгүн кайра проопозиция болуп, бизге кайра оппозиция сыяктуу болуп, азыр өгөй баладай болуп турабыз.

Батырбек Дууланов:
- Мына бийликте турган адамдар бар эмеспи. Мисалга "Ата мекен", "СДПК", "Ак шумкар". Эми булар азыр өкмөттүн мүчөлөрү да. Кызматтан кеткени менен өкмөттүн мүчөсү болуп иштеп, чечим кабыл алып жатат да. Туурабы?

Акылбек Жапаров:
- Эми алар биз кетип кала турган болсок анда мыйзам чыгаруу функциясы калып калды деп жатышат. Аргументтери болсо мындай: депутаттар парламенттик шайлоого депутататтын мандаты менен барат. Биз өзүбүздүн мыйзам чыгаруу функциябызды алып калабыз дагы, декрет чыгара берсек балким болоттур деген ниет менен ошол функциябыз калды деп жатышат. Мен айтып коёюн бүт дүйнө жүзүндө парламент чыныгы шайлоого кетет, депутаттык мандаты, ошого жараша өзүнүн айлык акысы жана кандайдыр бир жеңилдиктер калышы мүмкүн. Бирок шайлоо башталгандан тартып, алар мыйзам чыгаруу укугунан ажырайт. Мына азыр президенттин указы чыккандан кийин мыйзам чыгаруу токтотулушу керек. Мындан ары ошол указдын негизинде иштешибиз керек. Ошондуктан мен ойлоп жатам, жана башында да айтып кеткендей таза шайлоого карата биринчи кадам болду, экинчи кадамдар дагы президенттин жарлыгы менен кабыл алынышы керек. Эгер керек болсо кийинки келген парламент аны ратификациядан өткөрсө, мындан ары мыйзам жолуна түшкөнүбүз оңой. Атайын нормативдик актылар жөнүндө атайын мыйзам бар. Алардын мыйзам чыгаруу укугу жок болуш керек. Же бул кыргыздардын дагы бир феномени болот.

Болот Отунбаев:
- Биз дагы 10-октябрда боло турчу шайлоону таза өтөт деп үмүттөнүп жатабыз. Жакында 26 партия "этикалык жүрүм-турум кодекси" деген документке кол коюшту. Ошол документте жазылып турат, бир-бирибизди шыбабайбыз, тоскоолдук кылбайбыз, баарыбыз ошол жигиттик шерттин негизинде иш алып барабыз деп кол алыштык. Партиянын лидерлери, биздин партия дагы бул документке кол койду. Ал жердеги шарттарга макулбуз. Биз бул документтен башка дагы маселени коёлу деп жатабыз. Бул этикалык кодекске жоопкерчилик жок. Биз мындай учурда ал партиянын кылган иштерин моралдык жагынан гана алып карап калчудайбыз. Мына ушул документти Швециянын агенттиги Македония республикасы үчүн жазыптыр. Ал жакта шайлоолор кандай өткөнүн биз билбейбиз. Бизде көп партиялуу шайлоо биринчи жолу өтүп жатат. Мына бүгүнкү күнү 57 партия шайлоого барабыз деген ниетин билдириптир, бирок ошолордун ичинен 10-15дей гана партия чыгат, менимче. Биздин партия ошолордун ичинен аттуу-баштуу партиялар менен кайрадан жаңы документ тъзгөнгө макулбуз. Ага карата алардын жооркерчилиги да такталып жазылат, эгер бир-бирине тоскоолдук кыла турган болсо, бир-бирин шыбасаңар мындай чара көрүлөт деп ачык жазышыбыз керек. Ачыгын айтканда, жогоруда этикалык кодекске кол койгон партиялар азыр бири-бирин шыбап жатат. Аны бардык гезиттерден окусаңыздар байкайсыздар. Кайрадан эле мурдагы кейпине тъшъп жатат. Жанагы аттуу-баштуу деген партиялар менен кайрадан бир документке кол коёлу дегенимдин себеби дагы ушул, партиялар дагы өздөрүнүн жоопкерчилигин сезиши керек. Эгер бир партия кыянатчылык кылса, булганыч технологиясын колдонсо, аларга моралдык жактан эскертүү бербей эле аны кетириш керек. Алардын мындай кадамына эл өзү калыс болуп бериши керек.

Толкунбек Исаков:
- Кандай гана маалымат болбосун биринчи булактан уккан жакшы болот. Чындыгында шайлоо жарыяланганга чейин бир топ иштер жасалып калды. Анын ичинде туурасы дагы, туура эмеси дагы. Бирок, тилекке каршы туура эместери басымдуу болуп калды. Президенттин указынын бир аз кечигип чыккандыгы коомчулукту дагы кичине туура эмес багытка түртүп койду деп эсептейбиз. Түштүктөгү окуялардан кийин биздин партияга көптөгөн кайрылуулар келип түштү, тигил жакта бул партиянын туусу илинип турат, бул жерде мунуку илинип турат деген. Эми ушул партиялар ушундай оор учурда өздөрүнүн желектерин майрамдагыдай желбиретип илип алышпай, кичине башкачараак кылышса кандай болот эле деген терс пикирлерин билдирип жатышты. Чындыгында элдин андай ою менен толук макулбуз. Эл кыйналып турганда кээ бир партиялардын жасаган бул аракеттери кичине туура эмес болуп калды. Кээ бир партиялар шайлоо жарыяланганга чейин көп тыйын чачып койгон учурлар дагы болду. Кээси токтоно албай азыр деле кетип бара жаткандары бар. Мунун баары жыйынтыгында келип шайлоого карата терс нерселердин жаралуусуна алып келе турчу негиз болууда. Кыргыз эли акылдуу эл. Кандай гана күн болбосун туура чечим кабыл алат деп ишенебиз. Чын-чынына келгенде шайлоо чырсыз болбойт. Аны менен бул жердегилердин баары эле макул болот болушу керек. Эң негизги бул жерде биринчиден, мыйзам чегинде иш болсо. Биздин президентибиз Роза Исаковна бир кезде Украинадагы шайлоого катышып келгенде "Ушундай таза шайлоо өттү" деп айтты эле. Эми өзүбүздөгү шайлоону дагы таза өткөргөнгө аракет жасайт болушу керек. Шайлоо мыйзам чегинде, шайлоодон кийинки боло турчу нааразычылыктар дагы мыйзам чегинде өтсө, буюрса менимче бардыгы туура болот. Анткени, ат салышып жаткан партиялардын бардыгы эле жеңип чыгышы мүмкүн эмес. Баары тең өтпөйт. Алар сөзсүз түрдө өзүнүн нааразычылыгын билдирет. Билдиргенде дагы мыйзам чегинде билдирсе, менимче коомчулукка эч кандай терс таасири болбойт.

Айзада Абазова:
- Мына бул жерде кыргыз эли акылдуу эл, туура чечимди кабыл алат дедиңиздер. Саясатчылардан дагы эл өзүнүн маданияттуулугун көргөзүп койгон учурлар болот. Мисалга 27-июнда өткөн референдумда эл өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн, туруктуулук үчүн деп жаңы мыйзамды колдоп берди. Ушундан улам элди тополоңго салган ошол саясатчылар өздөрү болот турбайбы деген ой келет. Биздин лидерлер элди кайсыл багытка үндөп, кайсыл багытка жетелесе дагы эл өзүнүн чечкиндүүлүлүгүн, туруктуулук, стабилдүүлүк үчүн кээси жаңы мыйзамдын мазмуну менен тааныштыгы жок туруп, ушул жоопкерчиликти мойнуна алды. Азыр да биз стабилдүүлүк үчүн болууга тийишпиз. Бирок ошол эле учурда этият бололу деп баарын жаап-жашыра берген болбойт. Партиялар тууралуу чыныгы маалымат элге толугу менен жетиши керек. Кээ бир пратиялар өздөрү тууралуу чыккан чындык маалыматтарды кара пиар катары кабыл алып, кандайдыр бир кадамдарга барып жатат. Мындай нерселер айтылыш керек го. Биз ушундай жол болобу баары бир тазаланышыбыз керек. Бирок, булардын баары факты түрүндө болушу керек.

Абдыжапар Тагаев:
- Шайлоодо партияны түзгөндөр түптөгөндөр башка жактан келген жок. Алардын баары тең Кыргызстанда эле жашады да. Кээси мамлекеттик кызматтарда иштеди дегендей. Бирок, буларды дагы айтканда оозуна сала берди болуп айтпай, факты менен тактап айтып, бири-бирибизди ачыкка чыгарып, элге көргөзүү мүмкүнчүлүгү болуш керек. Бирок, ошол эле маалда бизде жети атасына чейин айтып жиберип жатпайбы. Мына ушундан алыс болушу керек. Бул жерден мен ойлоп жатам биздин анализ боюнча азыр бир группа курамында эки, үч киши болушу мүмкүн атайы өздөрү күрөшө турчу партияларга карата компроматтарды даярдап жатат. Булардын баары азыр даяр турат. Эптеп эле бир нерсе болуп кетсе жылт этип эле чыга калып, анан чоң отко айланып кетиши мүмкүн. Мына баарыбызга маалым, эгемендүүлүк деп, акыркы окуялардан пайдаланып ар бир партия өзүнчө гезит ачышты. Мына алардын саны азыр 500дөн ашып калды. Алар мындай маалды пайдаланып калалы деген ой менен партияларды бири-бирине кайраштырган материалдарды берип, акча жасап калалы, же башка бир кызыкчылыкты көздөшү мүмкүн да. Андайлар ошол учурда маалымат туурабы же туура эмеспи ага көңүл бурбай калат.
Мен ойлойт элем тазалануу керек. Тазаланбаса биз ошону мындай бир этикалык кодекстин негизинде аша чаппастан бири-бирибизге критика түрүндө айтсак болот. Силердин программаңар мындай, айыл чарбасы боюнча жакшы, бирок бул тармак боюнча туура эмес, дегендей кылып айтып, партияларды жамандоо же башка нерседен арылып, ушундай деңгээлге жетишибиз керек. Элди удургутуп жаман ишке түртпөшүбүз керек. Биз бир-бирибизди көрүп туруп, канчалык терс нерсе айтсак, аны эл он эсе терс кабыл алышы мүмкүн. Анан имиш кептер башталып, бири-бирине тукуруу башталат. Мына жакында келген маалыматтарга караганда өткөндө Базар-Коргондо партиялардын жыйыны болуп, ал жактагы эл кыжы-куу болуп акыры пистолеттерин алып чыгышканга чейин барыптыр. Шайлоо боло элек, жөн эле жолугушууда сен мындайсың, сен андайсың деген сөздөн чыккан эле түшүнбөстүк. 10унан кийин эми үгүт иштери башталганы турат. Ал жерде 20 партия болсо, 20 агитатор болот да. Кээси партиянын программасын жакшы түшүндүрдүп берсе, кээси сен андайсың, мындайсың дегендей иш жүргүзөт. Анан партиялардын бири-бирине болгон нааразычылыгы башталат. Элди бөлүшөт дегендей.
Сөзсүз түрдө бизге тазалануу керек. Бирок, ошол тазалануу убагында, бири-бирибизди элдин астында мокочо кылып таштабышыбыз керек. Талашуу, тазалануу программа жагынан болушу керек. Келечекте биз муну жакшы өткөрүшүбүз керек. Мыйзамдуу шайлоо, таза шайлоо дегендин тегерегинде күрөш болушу керек.

Батырбек Дууланов:
- Элге ак мамиле кылуу, калыстык мамиле кылуу биздин ата-бабабыздан бери келе жаткан салт да. Эми бул жерде тигил партияга бул кирип алыптыр, тигил кирип алыптыр дегендей сөздөр болот дебедиңизби. Мен айтар элем, ошол сөз туура эмес го. Ал дагы Кыргызстандын атуулу. Эгер анын жасаган иштери сот менен аныкталган болсо, анан айтышса. Бул коррупционер же бул мындай деп. Анан ал кишини бул жактан туруп алып эле жамандай берүү туура эмес иш. Ушундай атуулдарды жамандоону мен бөлүнүп жарылуунун бир формасы деп айтар элем. Азыр ошол коррупционер деп жаткандардын бардыгы качып кетти, аны баарыңар билесиңер. Алар акчасын алды дагы, бөктөрүнүп алып кетип калды. Бул жерде деле Совет маалында иштегендер, Акаев, Бакиев тушунда иштегендер деле жүрөт. Азыр деле иштеп жатат, кудай буюрса кийин деле иштейт. Экинчи маселе, ушул ушак сөздөр болууда да. Эки киши сүйлөшсө жакшы сүйлөшөт. Анан эле сен мындай басып кетсең артыңан жаманатты сөздөр угулат. Адам өз колу менен кармап алса, өз көзү менен көрсө, же кулагы менен укса гана ишенип бир тыянак чыгарышы керек. Мындай айың кептерди ошол партиянын жетекчилери, мамлекеттик органдарда иштеп жаткан адамдар токтотушубуз керек. Бири-бирибизди жамандаганды коёлу, түндүк-түштүккө бөлгөндү коёлу дешибиз керек. Ошто тигиндей болуп жатыптыр, Нарында мындай болуп жатыптыр деген кептер болуп жатат. Буларды басма сөз беттири тынбай жазып жатат. Бир партияга бир жерге барганда ал жерде правокаторлор болбой койбойт, билесиңер. Биз ушул правокаторлордон сактанышыбыз керек. Бардыгыбыз эле таза шайлоо өтүүсүн каалайбыз. Партияларга бут тоспойлу, өзүнүн күчүнө жараша, дараметине караша өз баасын алсын да. Эми шайлоо 100 пайыз таза болбосо дагы ага жакындатып өткөрүшүбүз керек.

Айзада Абазова:
- Правокаторлор эми алар бардык жерде болушу мүмкүн. Бирок, лидерлерге калктын мыйзам ченемдүү бере турчу суроолору бар да. Мисалга "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Кимсанбаевичке элдин бере турчу суроолору ал мыйзам ченемдүү. Анткени ал убагында спикер катары Каркыра жайлоосунун тегерегиндеги окуяга тиешеси бар. Ал нерседен Адахан Кимсанбаевич кандай болгон күндө дагы качып кутула албайт. Ал Бакиевдер сыяктуу качып кетпегенден кийин, шайлоого катышам деп бел байлап аттангандан кийин андай суроолорго жооп берүүгө даяр болуш керек деп ойлойм. Эл кандай суроо бергенде дагы анын каршы айта турчу аргументи болушу керек.
Мисалга менин деле Адахан Кимсанбаевичке ушул Каркыра тууралуу жана башка көптөгөн темалардын тегерегинде бере турчу суроолорум толтура.

Батырбек Дууланов:
- Таласка барганда ал жактан деле жакшы суроо берди. Алардын бардыгына жакшы жооп берди. Анан эле бир бурчтан чыга калып сен ким элең, сен мындай кылгансың деп кыйкыргандары туура эмес го. Бул жерден ошол лидерлерди толук билбей туруп, толук маалымат албай туруп алар ушундай кадамдарга барып жатат да. Анан алардан сурадым, сен Адахан Кимсанбаевичти тааныйсыңбы десем, телевизордон көргөм дейт.

Айзада Абазова:
- Кандай суроо болду, кандай жооп берди ал башка маселе. Эң жаманы мындай чырлуу жолугушуулардан кийин коомчулук арасында биздин баланы бул жакта кабыл албай койду. Биз дагы ал жердин баласы келсе кабыл албайбыз деген тар түшүнүктөр орун алып калууда…

Батырбек Дууланов:
- Мына Кыргызстандын көп эле эр-азаматтары 20-30 жылдан бери Бишкекте жашашат. Саясатчылар бар, кызматчылар бар. Ошону бөлүп, тигил жактан, бул жактан деген туура эмес. Биз ошону өзүбүз кылып жатабызда. Чагымчылдар аркылуу кылып жатабыз. Эмнеге бөлүшүбүз керек, бул бир маселе. Ал эми Адахан тууралуу көп деген гезиттерге ар түрдүү болуп чыгып жатпайбы. Ал гезиттерге жазгандар окуянын чоо-жайын ордунда көргөн жок да. Аны угуп алышып анан эле дуулдатып жазып жиберип жатат. Эгер ушундай көрүнүштөрдү токтотпосок, жанатан бери сөз кылып жаткан шайлоолор тынч өтпөйт. Биз бир-бирибизди сыйлашыбыз керек. Бул заман да кетет, бул дүйнө да өтөт. Баарыбыз өтөбүз, бирок, ошончо жашап алгандан кийин артыбызга жакшы нерсе калтырышыбыз керек да. Аларга үлгү болгондой нерселерди калтырышыбыз керек. Кыргызда айтып коёт эмеспи, "оозуна алы жетпегендер" деп. Бизде азыр ошондойлор көбөйүп кетти. Тим эле дуулдатып-уулдатып жамандап жиберет. Эгер биз ушундай аракеттерди токтотпосок, анда бизде ынтымак болбойт. Түштүк, түндүк, Нарын, Талас деп бөлүнө берсек, болбойт. Бөлүнгөндү бөрү жейт.

Болот Отунбаев:
- Тазалануу сөзсүз керек. Кыргызстанды бөлүп жарууга жол бере албайбыз. Азыр эле сөз болду. Ар кайсы мамлкеттик кызматтарда, бийликте иштеп кеткен адамдардын баары эле жаман эмес. Аларды жөнү жок эле жаманатты кылуунун кереги жок. Саясатка аралашкан кишинин бардыгын эле коррупционер деп айтууга болбойт. Эгер сен ошону чындап эле колунан кармап алсаң, анда айтсаң болот. Мына бизде башында "Алга" партиясы түзүлүп анан курамына бардыгы киришкен. Ал кетип анын ордуна "Ак жол" келди. Эми ошондо бардыгы кезекке туруп алып ага киришти. Азыр "Ак жол" жок. Алардын бардыгы башка партияларга киришти. Парламенттик шайлоого аттана турган партиялардын курамында эски "ак жолчулар" толтура. Биз аларды жаман кишилер дей берсек, кыргызда жакшы киши калабы? Мисалы, бул жерде тазалануу тууралуу сөз болуп жатат. "СДПК" партиясынын катарында бир дагы "Ак жолчу" жок. Булар жаманбы, жакшыбы аны эл таразалап, эл бааласын. Кээ бир "ак жолчулар" биз партияларга өтүүгө, мүчө болуп кирүүгө кандай моралдык укугубуз бар деп эч жакка кирген жок. Аларга рахмат айтса болот. Бул шайлоолордо биз бири-бирибизге бут тоспостон барышыбыз керек. Мына Оштогу окуялардан кийин ал жерде кээ бир партиялар өздөрүнүн желектерин илип алышты деп айтып жатышат. Мына биздин партия андай кадамдарды, аракеттерди жасаган жок. Бизге андай өзүбүздү рекламалоонун кереги жок. Анткени биздин партиянын тарыхы бар.

Толкунбек Исаков:
- Эми тазалануу дегенди башкача түшүнүп алышы мүмкүн. Тазалоо дегенди мамлекеттик органдарды тазалоо десе болот. Коюлган суроонун маанисине карата айта турган болсок, мурдагы адамдардын туура эмес кадамдарын айтуунун кажети барбы? Мен ойлойт элем, биринчиден ошол фактылардын баарын элдин алдына чыгарып кимдин ким экенинин бетин ачайын деген адамдар эң негизгисинен өзү чечим кабыл алышы керек. Элдин башын айлантып иш жүргүзгөн болбойт. Бирөөнүн бетин ачканды элдин ичине чыр салуу катары колдонбош керек, эң негизгиси элдин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Ошондуктан жеке пикирин коомчулукка салып, ал жөнүндө өйдө-төмөн ой пайда кылуу туура эмес деп эсептейбиз.
(Уландысы кийинки санда)
Даярдаган,
Расул Үсөналиев










кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 115

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 115

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 115


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 115

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 115

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 115


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 115

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 115

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_8_9.htm on line 115