Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 2
  Түз байланыш

Исмаил Исаков, коомдук жана мамлекеттик ишмер:
"Ош окуясы 20 жылдап чогулган шишик. Ал баары бир жарылмак"
Бүгүнкү түз байланыштын каарманы Исмаил Исаков. Биз генералды партия жетекчиси катары эмес, көрүнүктүү инсан, коомдук жана мамлекеттик ишмер, жакында эле болгон Ош, Жалал-Абад окуясындагы Убактылуу өкмөттүн түштүк региону боюнча өкүлү катары чакырган элек. Шайлоо өнөктүгүндө партияларды жарнамалоого тыюу салынгандыктан окурмандардын Исмаил Исаковичтин партиялык ишмердигине тиешелүү суроолорун кыскартканыбызды эскерте кетели.

Айзат, Бишкек шаары:
- Байкап көрсөк Бакиев учурундагы министрлерден да азыркылардан да ишине такшалган, таза иштеген адам бир гана сиз сыяктанасыз. Өзүңүздүн ишиңизди жакшы билсеңиз, кызмат ордуңуз бар болсо, колуңуздан келип, башкаларга салымыңыз тийе турган жумушуңуз болгондон кийин эмне үчүн саясатка аралашып жүрөсүз? Адатта, саясатта бош жүргөн же, кылар иши жоктор аралашып жүрүшөт.
- Биздин жүрүшүбүз өзү саясат да, тамак ичсек да, кийим алсак да саясат, ошонун негизинде саясаттан эч кимибиз сыртка чыга албайбыз. Аскар Акаевдин Баткен окуясына карата аракети туура эмес болгондуктан, туура эмес чечимдерди кабыл алып, туура эмес кадамдарды жасап жатканынан өз сунушумду киргизип, ушулар аткарылбаса кеткенге акым бар дегенимен кийин өз ыктыяры менен кетти деп мени чыгарышты. Кээ бирөөлөр "качып кеткен" деген сөздөрдү айтып жүрүшөт, анын баары жалган жалаа жабайын деп атайын айтылган кептер. Кант шаарынан генерал Чотбаев менен бирге учуп баратканда, самолётту токтотуп мени түшүрүп алып калышып, "жазган арызыңа ылайык кызматтан бошотулдуң" деп айтышкан. Ошол убакта шайлоо болуп калгандыктан шайлоого аттангам. Ошону менен бирге Кыргызстандын армиясын түптөгөн адамдардын бири катары армиянын акыбалын билебиз биздин көз алдыбызда кадрлар өсүп чыгышты. Министр болгондо иштөө жеңил болду. Курманбек Бакиев өзү суранып, мага керек адамсыз, ушул тармакты жакшы билесиз, мага жардам бериңиз, бул мен үчүн эмес Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн дегенинен Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп бардым. Баргандан кийин айткан сөзү иш менен төп келбей калды. Мен чын дилимен башым менен ишке кирдим, эң орчундуу көйгөй ошол учурда энергия тармагы болгон эле, энергетиканы,ТЭЦти, укук коргоо органдарын, билим, дин ж.б тармактарды карап чыгып өз көзүм менен баарын көрдүм. Көп кемчиликтерди көрүп, улам четинен президенттин алдына коюп муну карайлы, аны карайлы десем муну караганга мүмкүн эмес, бул өкмөттүн иши, анын кереги жок, буга эмнеге киришип жатасыз дегендей сөздөр болду. Карап турсам, кайсы тармакка кирбейин алдыма бөгөт коюлуп жатты. Иш кылайын деп келсем алдыма бөгөт коюлуп жатса, кийин уят болуп калам, эл деле ишке келгени эмне кылды дейт, же өзү макулдугун бербесе, жасайын деген ишиңе бөгөт коюп жатса эмне кылышым керек дедим дагы бир чечимге келип арыз жазып кетип калдым.
- Ал эми Коргоо министри болгондо тоскоол болгон жок беле?
- Коргоо министрлигинен эч тоскоол болгон эмес. Мага башка министрлер келип, "президент сиздин жакшы досуңуз, сизге иштеш жеңил, бизге кыйыныраак" деген сөздөрдү айтышканда, "койгулачы, силердин ишиңерге ким тоскоолдук кылмак эле, иштегиле" деп койчумун. Чындыгында мага эч ким тоскоолдук кылбаса, телефон чалбаса, бирөө суранбаса андай ой келбейт да. Бир гана жолу "Бакиевдин бир инисинин жардамчысынын секратаршасымын" деп бирөө телефон чалган, ага келиштире айтып туруп ордуна коюп койдум эле ошол бойдон эч ким телефон чалган эмес. Ошентип өзүбүздүн аракетибиз менен ишибизди жасай бердик. Чынын айтканда Кыргызстанда биз акчаларды тебелеп-тепсеп, чачып жүрөбүз. Коргоо министрлигинде ошол чачылган акчаларды чогултуп, ошонун негизинде үйлөрдү, жатаканаларды, ашканаларды курдуруп, медициналык оборудованиелерди сатып алып жогорку деңгээлге көтөргөнбүз. Ал эми 7-8-апрелден кийин кайтып келген соң, токтолгон иштерди кайра жандандырдык, жылдын аягына чейин салына турган жайларга акча-каражаттарды бөлдүрүп бердик.
Биз бийликке келгенде баарыбыз кетебиз дагы жаңы бийликти мыйзам чегинде алдырып келебиз деп сөз бергенбиз, жигиттик кылып сөзүбүзгө турдук. Анан армиядан башка да кыргыз элине кызмат кылыш керек, канчалаган ата-апаларыбыздын, ини-карындаштарыбыздын пенсиясы өтө аз болуп кыйналып атышат, мугалим, врачтардын эмгек акылары абдан төмөн. Жигит-кыздарыбыз баласын, ата-энесин таштап коюшуп жумушсуздуктун айынан Россияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө чачырап жүрүшөт. Ошолорду чогултуп, жумуш менен камсыз кылып, аларга бакыбаттуу айлык-акысын төлөп берип, өз жеринде өнүгүп өссүн, мамлекетте тартипти мыйзамдуулукту орнотуп, өлкөбүздү өнүктүрөлүк деген ниет менен алдыда боло турган саясий процесске катышууну чечтим.
_____________________________
Атыр, Токтогул району:
- Түрмөдө отурганда апаңыз кайгырып турганда кандай акыбалда болдуңуз эле?
- Албетте, апамдын кайгырып жатканына мен дагы ичимен күйүп турдум, апама оор болуп калды, ишим ак, кудай кааласа чыгам деген ойдо отурдум.
- Түштүк жергесинде коогалаң болуп жаткан учурда башка революциялаш пикирлештериңиз Бишкекте кайым айтышып, саясат менен алпурушуп жатканда сиз түштүктө бел чечпей иштеп жүрдүңүз деп эл мактап жатты эле. Кийин Ош окуясы чыккан соң, Исаков ишин жөндөй албай калды деген тескери пикирлер жаралып жатат. Сиз буга кандай ойдосуз, алдын алып ошол окуяны болтурбай койсо болот беле?
Биринчиден, менин пикирлештерим кайым айтышып эле жаткан эмес. Убактылуу Өкмөттүн ар бир мүчөсү өз милдеттерин аткарып, Бишкекте болушса дагы мага жардам берип, телефон аркылуу тез-тез байланышып, мен сураган маселелерди чечип турушту.
Экинчиден, Исаков ишти, Убактылуу Өкмөт койгон милдетти так аткаргандыгынан бүгүн Кыргызстанда күйгөн от уланбай, күчөнбөй, өчүрүлүп, тынчтыкта жашап жатабыз. Же мындай эмеспи? Албетте, түштөн кийин баа бериш, акыл айтыш, сындаш абдан оңой, ага акылдын кереги жок, ушундай сын пикир жараткандар ошол учурда биздин жаныбызда жүрүп, ар бир аткарган иштерди, уктабаган күндөрдү, колунда бир дагы дубинкасы, резина огу, агрессивдүү топторду таратуучу, көз жашын чыгаруучу газы, атылуучу суусу, калканы, өзүн октон, таштан коргой турган бронежилети жок аскер, милиция кызматкерлеринин аракеттерин, эрдиктерин көргөн эмес. Алардын айтуусундагыдай ишти жөндөш үчүн аскерлердин жана милиция кызматкерлеринин ошол учурда колунда болгон душмандарды жок кыла турган бир гана күжүрмөн октору менен ар тарапка чогулган кыргыз топторду, же снайпери бар деген өзбек махалелердеги өзбектерди кырып, өлтүрүп, баарын атып салыш керек беле?
Бир мисал, тик учак менен барганда үстүнөн карасак, шаардын ар тарабында топ-топ болушуп, блок посттордун жанында турушкан. Ал эми Фуркат тарапта төрт миңдей киши топтошкон экен. Биз ал жерге конуп, топтошкон жерге Азимбек Бекназаров менен барып түшүп, токтоткула, шаарга кирбегиле деп аракет кылсак кыйкырышып, курал бериңиз, аларды атып, өлтүрүп жоготобуз дешти, чындыгында биз эл менен сүйлөшүп турганда үч жолу октон жарадар болгон балдарды Мады тарапка алып өтүп жатканын бизге көргөзүшүп, Өзбектер снайперлер менен атып атат деген сөздөрдү айтышты. Албетте, мен бийликтин өкүлү катары жана аскер адамы катары аларга кантип курал бере алам? Биздин милдет жөнөкөй адамдарды атып аткандарды кармап, аларды жазага тартуу болгондуктан мен аларга: "Силерге курал бере албайбыз, силер бизге аларды кармаганга тоскоолдук кылбай, жолду тоспой тарагыла, бийлик ким күнөөлүү болсо аларды таап жазалайт" десем макул болушпай, кайрадан бизге таш ыргытышып, тик учактын айнектерин талкалашты. Ошол күжүрмөн октор менен "өзбектер бизди талкалап атат, биз да барып аларды өлтүрөбүз же кыргыздар бизди талкалап атат, биз да аларды талкалайбыз" деген адамдарды атканга болобу? Болбойт. Мыйзамга да туура келбейт эле. Командирлер, коменданттар буйрук берсе да бир солдат да атпайт болчу. Мына ушундай кырдаалда биздин алдыбызда кыргыздарды да атып, өзбектер келе жатат, өзбектерди да атып кыргыздар келе жатат дешип Джип машиналар менен жүргөн чагымчыларды ар жерде жашынган снайперлерди биринчи кезекте жок кылуу, кармоо эле, ошону менен бирге аялдарды, балдарды улгайган жарандарды коркунучтуу эмес жерлерге, жаалдуу топтордуу күжүрмөн октор менен башынан өйдө атып топторду качырып, токтоттуруп тигилерди алып чыгуу болгон. Ошондуктан 75 миңге жакын өзбек жарандарыбызды Өзбекстанга өткөрттүрүп, коркунучтуу эмес жактарга чыгарттырып, кайрадан он күнгө жетпей жашаган жерлерине алып келүүгө жетиштик. Бул ишти алып бара албагандык бекен? Мен ойлоймун жана терең ишенемин, бул мамлекеттүүлүктүн биримдигин сактап калуу үчүн сабырдуулук иштердин бири деп.
Үчүнчү, окуяны болтурбай коюу жөнүндө. Албетте, коопсуздук кызматы, бийлик атуулдары алдын ала айта алган жок, чараларды көрө алган жок, эгерде өз убагында чара көрсөк, болтурбай коюуга мүмкүн эле,- деп өзүбүздү сооротсок болот, бирок, 20 жылдан берки саясат, акыркы президенттин аракеттери, ар түрдүү Кыргызстандагы жайгашкан күчтөрдүн иштери жана чоң-чоң өлкөлөрдүн өз кызыкчылыктары үчүн болгон аракеттеринин негизинде пайда болгон өлкөбүздөгү чо-оң шишик эртедир-кечтир жарылмак болчу. Мына жарылды. Дагы жакшы өрттү уланттырбай өчүрүп калдык. Бул дагы Убактылуу Өкмөттүн, анын түштүктөгү өкүлү Исаковдун, жергиликтүү, областык бийликтеги жетекчилердин аскер, милиция кызматкерлеринин, акылдуу аксакалдарыбыздын, түшүнүктүү патриотторубуздун эмгеги экендигин тарых өз ордуна коёруна терең ишенемин.
Мамат, Токмок
- Оштон Исаков качып кетти, ал эми Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдер элге курал берип сактап калды деп айтып жатышат. Алардын авторитети курал таратуудан улам көтөрүлүп калганын айтышат, негизи ошол учурда курал таратуунун зарылчылыгы бар беле?
- Чогулган балдардын талабы жогоруда айтылгандай "курал бергиле" деген болду. Өзбек-кыргыздар эки жүз, үч жүздөн туруп алып атышып эки тарап болгон жок да, эмне үчүн 18-19-майдагы окуяларды тез токтоттук? Ал күндөрү эки тарап болуп калганда биз ортого кирип барып, эки тарапты ажыратып, токтоттуруп койгонбуз. Анда шарт башка,тигил жерде кырдаал башка болду.
Качып кетти деген туура эмес, чогулган элдин арасында жүрүүгө мага мүмкүн эмес эле, менин милдетим аларды кайрадан өз үйлөрүнө жөнөтүп, таркатуу болгон. Жогоруда айткандай "биз курал бербейбиз, тарагыла" десек таш менен урушту. Учак көтөрүлгөндөн кийин карасам Акматбек жок, каякта десем эл менен чогулгандардын арасында калып калды дешти. Ал өкмөттүн мүчөсү эмес, калса өз иши, мен коргоо министри, Азимбек вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу болуп туруп, ошол жерде калсак өзбектер эмне дешмек? Биздин максат, эки жактын тең бейпилдигин сактап калышта эле. Анан биз ошол Фурхаддын жолунан Оштун үстүн дагы бир жолу карап, штабка кайра келгенбиз. Ошону качкан десе алардын иши, менин милдетим бардык жердеки акыбалдар менен таанышып, өз көзүм менен көрүп, реалдуу акыбалды билүү болгон.
- Келдибековдун ордунда болсоңуз, өзүңүз айткандай өкмөт мүчөсү болбосоңуз элге курал таратат белеңиз?
- Жок, таратмак эмесмин, дагы кайталап айтып өтөйүн, себеби дегенде кыргыз-өзбек эки топ болуп атышкан эмес, эки тарап тең өзүбүздүн жарандар. Жөнөкөй адам болсо да бир тарапты атып өлтүр дегенге болбойт, ал биздин атуулдук милдетибизге каршы иш болуп калбайбы. Укук коргоо органдары, УКК, аскерлерибиз бар, башаламандыкты токтотуу алардын милдети, бир киши курал таратып бергени окуяны ого бетер татаалдаштырып, адам өлүмүнүн көбөйүшүнө гана алып келмек болуучу. Ошол учурда мен бир курал берсем чоң кылмышкер болуп эсептелмекмин дагы өзбек эли геноцид болду деп далилдеп беришмек. Мен курал бербегендиктен түштүктөгү коогалаңды геноцид деп айтууга эч кандай негиз жок. Күч менен тартып алгандары башка.
_____________________________
Руслан, Бишкек шаары
- Сиз коргоо министри болуп турганда кыргыз тилине басым жасап буйруктун баарын кыргыз тилинде берилишине негиз салдыңыз эле. Мен дагы аскердик антымды өзүбүздүн тилибизде бергем. Кыргыз тили мамлекеттин деңгээлин көтөрүп кете алчу деңгээлиндеби, сиздин бул боюнча оюңуз кандай?
- Кыргыз эли болгон соң биздин баардык жарандарыбыз кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, башка өлкөлөрдөн келген делегаттарды да ушул тилде кабыл алып тилибизди өнүктүрүшүбүз керек.Буга шек жок. Бирок, дүйнөлүк коомго чыгышыбыз үчүн орус тилин, англис тилин билүү бүгүнкү коомдо абдан зарыл.
- БТРлерди атайын алайлык жердештерине тарттырып жиберип, кайра тартып алып өзүнө авторитет жыйнады деген кептер жүрүп жатат, буга сиз кандай дейт элеңиз?
- Негизи кепти ар кай жакка чоюп айта бермейибиз бар. Ал БТРлер Ошко Майлысуудан аскер күчтөрдү күчөтүш үчүн келе жаткан. Фурхад кесилишинде төрт миңдей киши чогулган жерге жеткенде чогулган жаалдуу топтор кээ бир солдаттардан күч менен автоматтарын жана эки БТРди кошо алып алган. Ал чындык. Солдаттар кыргыздарды көргөндө автомат, БТРлерди тарттырып жиберебиз деген ою эч болбогон, анын үстүнө, алардын саны жүзгө дагы жеткен эмес, ойлоп көрсөңөр төрт миңге жакын жаалдуу топ жана жүзгө жетпеген солдаттар. Ал элдин арасында алайлыктар да, Бишкектен баргандар да, кара-кулжалыктар, өзгөндүктөр ж.б. болушкан. Бул жерден эч кандай авторитетти жыйнайын деген же бир жакка жан тартайын деген ой болгон эмес. Дагы эске сала турган нерсе ошол солдаттарды, милиция кызматкерлерин жана укук коргоо кызматкерлерин түздөн-түз башкара турган алардын командирлери жана Ош шаарынын комендантынын милдетин аткаруучу Курсан Асанов, Ош областы боюнча комендант генерал Бакыт Алымбеков жана Коргоо министринин аскерлерин башкарган Коргоо министринин орун басары Таалай Өмүралиев болгон. Мен алардын жетекчиси болгонмун ушунун негизинде баардыгын Исаков тарапка жүктөп коюш түшүнүгү жок адамдардын ою, мени жамандоо аракети. Исаков ошол учурда бир эле Ош шаары боюнча эмес, үч област боюнча атайын өкүл болгон. Ушул учурда Жалал-Абадда да, биздеги Сох анклавындагы кырдаал да курч эле. Мен баардык тарапты жөнгө салуу үчүн чапкылап, күнү-түнү аракеттенип жүргөнмүн, ошонун негизинде авторитет жыйнайын деген ойдун өзү, орусча айтканда "маразм".
_____________________________
Нурлан, Бишкек шаары
- Шайлоо алдында партияларды баардык региондо бирдей кабыл алып жатышат деп айтуу кыйын, ортодо жарака кетти. Эми мындан ары аны бириктирүүгө болобу, же регион боюнча шайлоо болуп калабы?
- Коркунучтуусу бүгүн ушундай кырдаал болуп жатат. Тунгуч президент Акаев менен экинчи президент Бакиевдин саясаты ушуга алып келди, бүгүнкүлөргө түртүп койгонубуз туура болбой калат. Акаев учурундагы, андан кийин Бакиев учурундагы саясатты, андан соң революциядан кийинки окуяларды байкасаңар өзүңөр сурооңорго жооп табасыңар. Кээ бир саясатчылар элдин бүгүнкү абалынан пайдаланып авторитетин көтөрүүгө аракет жасашууда. Мен ишенем эртең эл баары бир чындыкты өз ордуна коёт. Ошондуктан бир ай мурун башкача ойдо болгон элибиз азыр Исаков туура кылган экен, курал берип койсо эмне болуп кетет эле, бири-бирибизди атып салмак турбайбызбы деп түшүнө башташыптыр. Айтарым кыргыз эли акылдуу, сабырдуу эл, жеңил жасалган иштерге жол бербейт. Мен элди бөлгөн саясатты колдонбойм. Ушундай акыбалдан пайдаланып, өздөрүнө упай топтоо туура эмес, аны саясатты терең түшүнбөгөн өз кызыкчылыктарын элдикинен өйдө койгондор гана жасайт. Андай саясат элди бириктирүүгө, ынтымакта жашоосуна алып келбейт.
Жибек, (Бишкек):
- Сизди интернационалдык үй-бүлө деп угабыз, жубайыңыз жана күйөө балаңыз башка улуттан экен, ушул чынбы?
- Жубайым кыргыз, уулумдун келинчеги орус улутунан, күйөө балам болсо казак улутунан болот, ошондуктан сиздин интернационал үй-бүлө деп айтып жатканыңыз туура.
- Стресстен кандай жол менен арыласыз?
- Негизинен стресске кабылбаганга аракет жасайм. Эгер ошондой шарт болуп калса, учурунда ачууга алдырышым мүмкүн, бирок көбүнчө спорт менен машыгып стресстен арылам.
- Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
- Жүгүрүү, жаш кезде штанга, күрөш, гира көтөрүү, дегеле спорттун көп түрү менен машыккам, азыр да дене көнүгүүлөрү жүгүрүүнү таштай элекмин. Анан да шахмат ойногонду жактырам.
- Салмагыңыз канча?
- Салмагым боюма жараша, азыр 68кг
- Үйдө тамак жасай аласызбы?
- Чынын айтканда тамак жасабайм, аскер адамы болгондуктан жаш кезде жумушка эртең менен алтыда кетип, түн ичинде солдаттарды уктатып коюп саат ондон кийин келчү элем, ошондуктан үйдөгү тамак-ашты, жумуштарды жубайым өзү жасайт. Зарыл болуп калса дайыма, баардык учурда ал кишиге үй ишинде жардам берүүгө даярмын.
_____________________________
Адилет, Бишкек шаары
- Руслан деген уулуңуз бар эмеспи, ал азыр кандай кызматты аткарууда, партияга кирдиби?
- Уулум аскер кызматчысы болгондуктан партияга киргенге укугу жок, кирбейт дагы. Өзүнүн аскердик кызматын аркалап жатат.
- Апаңызга барып жолугуп турасызбы, эне үчүн баласы канча жашка барбасын бала бойдон кала берет, сиз апаңызга эркелей аласызбы?
- Албетте,апама жолугуп турам,азыр Бишкекте, жаш кезибизде апаларыбызга эркелегенбиз. Чоңойгондо эркелеген эмесмин, себеби дегенде эркелегенге мүмкүнчүлүк болгон эмес. Мен дайыма сыртта жүргөм.
- Балалыгыңызда апаңыздын тарбиясын көп көргөнсүзбү, же атаңыздынбы, турмушка багыт берүүдө бирөөсүнүн тарбиясы күчтүүрөөк кылат эмеспи?
- Ар бир үйдө эненин тарбиясы балага көбүрөөк тиешелүү болот, мектепти аяктагыча урушкан да, сабактарыбызды текшерген да апам болгон. Аскерге кеткенден кийин бир жылда бир келип, апама, туугандарыма белек алып келчүмүн. Атамдын 1986-жылы көзү өтүп кеткен, кечээ бир гезитке атасынын көзү бар дегендей маалымат кетиптир. Атам согуштун ардагери, 2-группадагы майып адам болгон, ошондуктан бизге эненин таасири, тарбиясы басымдуулук кылган.
- Атаңыз кайда иштеген?
- Колхоздо башкарма болгон, оорусуна байланыштуу пенсияга чыккандан кийин мектепте директордун чарба иштери боюнча орун басары болуп иштеп жүрдү.

Айтматова Карамат, Аксы району:
- Министр болуп иштеп жатканыңызда жакында эле кызматыңыздан кетирип жиберишкендерине эмне түрткү болгонун билейин дедим эле?
- Мени кызматтан эч ким кетирген жок. Апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөттө турганда элге референдумдан кийин өзүбүз жумуштан кетебиз деп сөз берген элек, ошол сөзүбүзгө туруп, элге берген убаданы аткардык.
- Азыркы бийликтегилер менен мамилеңиз кандай?
- Баары менен мамилем жакшы. Анткени ушул бийликтегилердин айрымдары башыма кара туман конуп кыйналып турганымда колдошуп, жардамын берип жүрүштү. Мурунку режим менен биргелешип чогуу күрөшүп жүргөнбүз.
- Шайлоого аттанууда сизге карата тоскоолдуктар болбойбу?
- Аны айта албайм, шайлоо болуп жатканда көрөбүз да. Болушу да, болбой калышы да мүмкүн, аны айтуу кыйын.
_____________________________
Жазгүл
- Сиз жөнүндө окуганым бар, айылдаштарыңыздын бири айтыптыр. Өзүң министр болсоң, атаңдын үйүн оңдоп койсоң боло десе, алгач армияны оңдоп алайын деп айткан экенсиз, ушул чын беле?
- Ооба, аны айткан мени мектепте тарых сабагынан окуткан эжейим болот, мени колдоп жүргөндөрүнө рахмат. Эжейим өзү түз жүргөн, бетке айткан адам. Айтканым чын. Өзүңөр байкап көрсөңөр, министр болобу, же мамлекеттик кызматкерби айлык акысына заңгыратып үй сала алабы, албетте сала албайт. Уурдаш үчүн бирөөгө тапшырма бериш керек, тапшырма берген адамы айтылгандын теңин берип өзүнө да калтырат, ошондуктан мен эч качан мамлекеттик казанга колумду салган эмесмин, ишиңди бүтүрүп берем деп бирөөдөн акча алган эмесмин. Анан офицерлердин үйү жок, солдаттардын жатаканалары, ашканалары, жуунучу жерлери абдан начар акыбалда турса, мекенчил жетекчи биринчи кезекте өзүнөн биринчи кол алдындагылардын шартын оңдоого аракет кылмак. Менин жашоо принцибим ушундай. Ошол принципте дайыма так жүргөнгө аракеттенемин. Ушунун негизинде эжекейиме жогорудагыдай жооп бергенмин.
_____________________________
Жийде, Кант шаары
- Сиз аскерде кызмат өтөгөн учурда эле дедовщина деген көрүнүш бар беле?
- Кээ бирөө муну туура эмес түшүнөт. Дедовщинасыз армия болбойт, дедовщинанын эки түрү бар. Биринчиси, мурунку келгендердин тажрыйбасы көбүрөөк болгондуктан жаңы келген солдаттарга өзүнүн инисиндей мамиле жасап, билбегенин үйрөтүү, кыйынчылыкта жардам берүү, албетте, муну колдошубуз керек. Ал эми экинчиси, акыл насаат айткандын ордуна уруп-сабап, өзүнүн ордуна иштетип, жаш солдаттарды кордошсо, мындай нерселерди жок кылуу ар бир командирдин милдети. Тилекке каршы ушундай көрүнүштөр кээ бир аскер бөлүктөрүндө болгонун эч ким танбайт. Ошондой терс көрүнүштөрдү жоготуу боюнча аскер кызматын бир жылга кыскартып, аскер бөлүктөрүн бирдей чакыруу менен түздүк. Жатаканаларын, ашканаларын, жууна турган жайларын жана башка обьектилерин жакшы сапатта салдык, күжүрмөн даярдыктарды күчөттүк, командирлеринин деңгээлдерине, билимине, тажрыйбасына карата тандап койдук. Менин оюмча бул да оң таасирин берет. Терс маанидеги Дедовщинаны толук жоюш үчүн балдар бакчасынан, мектептен баштап коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюш керек.
_____________________________
Аида:
- Сиз элдин көз алдында жүргөн адамсыз, биз сырттан карап баа берип келебиз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып суроо узатайын дегеним, жашоодо өйдө-ылдый көп болот, сиздин карьераңызда эң оор учур качан болгон, абакта отурганыңыздабы, же түштүк жергесиндеги кагылышуубу?
- Мен үчүн оор учур түштүктөгү 11-12-13-июндагы окуялар болду. Ал жерде бир топ адамдардын өлүмү, дайынсыз жоголуулар болуп кетти, чынын айтканда ушул окуя менин карьерамдагы оор учур деп эсептейм. Абакта жатканда ал жерден өзүңө гана жооп бересиң, тамак ичесиң, жатасың. Чынын айтканда түштүктөгү окуя бир эле мен эмес жалпы элибиз үчүн абдан оор окуя болсо керек.
- Убактылуу Өкмөттүн түштүк тараптагы өкүлү болбодуңуз беле, ал жакта бийликтегилерди күнөөлүү сыяктуу көз карашта болуп калышкан. Сиз өзүңүздү кандайдыр бир деңгээлде ал жактагы окуяларга күнөөм бар деп эсептейсизби?
- Албетте, жетекчи болгондон кийин өлүм, жоготуулар, күйгөн, талкаланган үйлөр болгондон кийин өзүңдү күнөөлүү сезесиң. Биздин максатыбыз бир да кишини жабыр тарттырбай сактап калуу эле, милицияда адамдарды өлтүрбөй, агрессивдүүлүктөн убактылуу токтотуучу куралдар болбой калды, жана өлүмдөр, жоготуулар болду ошого бир эле мен эмес, баарыбыз күнөөлүүбүз.
- Ошол окуялар сизге кандай сабак берди?
- Элибиздин коопсуздугун, жарандарыбыздын укугун сактоо үчүн күчтүү армия, адилеттүү элге кызмат кылган баардык жабдуулар менен камсыз кылынган милиция кызматкерлери, ошону менен бирге мамлекетке тартиптин керектиги, мыйзамдуулуктун үстөмдүгү, өз ишин билген адис кадрлар керек экендиги бир эле мага эмес, баарыбыз үчүн чоң сабак болду деп эсептейм.
- Аскер адамы болгондуктан ачууңуз келгенде сөгүнөсүзбү?
- СССР учурунда аскердик кызматта көп жүргөндө биздин командирлерибиз бакырып, сөгүнүп урушчу эле, алардан биз да таалим алып калганбыз. Кээ бир учурда кол алдыбызда иштегендерге ачууланганда катуу айткан учурлар болгон.
- Кайсы тилде сөгүнөсүз?
- Аралаш, армия тили да аралашып кетет.
_____________________________
Акыл:
- Бир учурда солдаттарды алып чыгып талаада, курулушта иштетип калышты эле, азыр андай көрүнүш жокко эселенип калдыбы?
- Андай учур мурун болгон, эмнеге болгонун түшүндүрүп берейин. Аскерге негизинен жыйырма беш жашка чейинки азаматтар кабыл алынышат, алар жаш болгондон кийин түртүшөт, күрөшүп ойношот, капыстан тийип кетсе айнек сынып кетиши, эшик талкаланып калышы мүмкүн. Аны командирлер кантип оңдошот? Аларга бюджеттен дайыма акча бөлүнбөйт. Ошондуктан кээ бир жетекчилер солдаттарды акыга иштеткен көрүнүштөр болгон. Албетте, ал жерде өздөрүнүн да кызыкчылыгы болгон. Мен министр болуп келгенде солдаттарды иштетип каражат табууну, же райондун, областын жетекчисинен кайырчыдай сураганды токтоткула, эгер мындай фактылар байкалса, иштен кетесиңер деген саясатты жүргүзүү менен акча каражаттарын кенен бөлүп берип, баардык керектүү шарттарды түзүп берүү менен андай көрүнүштү токтотууга жетиштик.
- Аскердик кызматтын кандай түрлөрү бар? Ошого түшүнүк берип койсоңуз?
- Түрлөрү көп. Биринчиси, атайын чакырылып бир жылга кызмат өтөө, экинчиси он эки миң төлөп, бир айга чакырылып, аскердик даярдыктан өтүү. Акыркы жыйында 2011-жылдан тартып мындай кызмат өтөө токтосун деген өзгөртүүнү киргиздик, жакында президент кол коюш керек. Үчүнчүсү, альтернативдик кызмат. Альтернативдик кызмат мурда үч жыл болчу, мен депутат болгондо эки жылга кыскарткам, ал адам иштеген ишиндеги эмгек акысынын 20%ын өкмөткө төлөп берүүчү. Мен кеткенден кийин кайра үч жыл кылып, он эки миңдик эсепке тууралап коюшту. Бул туура эмес, ал жумушунда кандай айлык алат, ошонун эсебинен бериш керек. Кээ бири беш миң алса, дагы бири миң сом алат, ашыкча акчаны жанынан төлөп калат.
Төртүнчүсү контрактык кызмат. Ал кызматка мурун аскер кызматын өтөгөндөр барууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар азыр жакшы айлык алышат.
_____________________________
Талант:
- Исмаил, өлкөдө оор кырдаал болуп турганда сиздин Коргоо министри болуп кала бергениңиз туура беле деген ойдо болуп жатам, сиз буга кандай дейт элеңиз?
- Ишеним артып жатканыңар үчүн абдан ыраазымын. Албетте, Коргоо министри болуп турган жакшы, бирок жалпы Кыргызстандын элинин турмушун, бүгүнкү акыбалды, бүгүнкү зордук-зомбулукту жоюп тартипти алып келүү да чоң иш. Ошого аракет кылып, башка граждандык тармактарга дагы армияда кандай кызмат кылсак ошондой кызмат кылалы, экономиканы, айлык-акыны, пенсия, пособиени көтөрөлү деген максатта шайлоого бел байлап отурам. Эгерде Коргоо министрлигине керек болсом мен эл үчүн кызмат кылуудан баш тартпайм.
Даярдаган,
Айзада КӨЧКӨНБАЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 117

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 117

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 117


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 117

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 117

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 117


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 117

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 117

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0820_4_5.htm on line 117