Кыргыз гезиттер архиви

Б. Акаева: Убактылуу өкмөт мыйзамды одоно бузду
Экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева атасынын кол тийбестигин алган өкмөттүн декретин тааныбай тургандыгын билдирди. Ал учурда кыргыз бийлигин сабатсыз адамдар жетектеп жатканын жана Аскар Акаевдин кол тийбестигин калыбына келтирүү үчүн эл аралык сотко чейин кайрыла тургандыгын айтты.
Убактылуу Өкмөт 13-августта Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан декрет кабыл алып, ага Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева кол койгон. Анда Аскар Акаев бийликте турганда элге каршы ок атууга жол бергени, жер сатканы жана мыйзамдуулуктан аша чаап, үй-бүлөлүк бийлик орноткону кол тийбестиктен ажыратууга себеп болгону айтылган. Башкы прокуратурага Аскар Акаевди Орусиядан Кыргызстанга алып келүү жана жоопко тартуу милдети жүктөлгөн. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев "Азаттыктын " Москвадагы кабарчысына берген маегинде бул декреттин мыйзамсыз, Конституцияга карама-каршы документ экенин, мурдагы президентти айыптаганга бир гана Жогорку Кеңештин укугу бар экенин белгилеген.

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук кыскарды
Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Николай Солдашенко "Бишкек - Ош - Жалал-Абад" телекөпүрө жыйынында кабарлады. Анын айтымында, бул көрсөткүч кылмыштуулуктун алдын алуу аракеттеринин натыйжасында болуп жатат. Мындай иш чараны жаңы окуу жылы башталар алдында да өткөрүү пландалууда. Анда негизинен түштүктөгү мектептерге көңүл бурулат. Маалыматка караганда, 2010-жылы өзгөчө көңүл өспүрүмдөр арасында диний экстремизмге бурулууда. Ушул убакка чейин бир жарым миңге чукул диний мекемелер текшерүүдөн өткөн.


А. Муралиев: Кыргызстанда азык түлүк каатчылыгы болбойт
Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев каатчылыкка каршы өкмөттүн планын ачыктап жатып билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт азык-түлүк коопсуздугун сактоо чаралары менен алектенүүдө. Быйыл Кыргызстан Казакстандан адаттагы көлөмдө жана АКШдан 50 миң тонна ун алат. Күзүндө өлкөдө 800 миң тонна буудай жыйналаары күтүлүүдө.
Өкмөттүн каатчылыкка каршы планы 90 иш чарадан туруп, эки баскычта жүргүзүлөт. Анын ичинен азык түлүк коопсуздугу, өлкө коопсуздугу, энергетика тармагын жакшыртуу, бюджеттеги чыгашаны кыскартуу сыяктуу 54 иш чара жакынкы убакта ишке ашырылат.

Дыйкандардан буудайды өкмөт быйыл 10 сомдон сатып алат
Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Моресбек Алымбеков билдирди. Анын айтымында, өкмөт 40 тонна буудайды килограммын 10 сомдун тегерегинде сатып алууда. Ал эми күзгү буудайды эгүү боюнча тиешелүү орган, жергиликтүү бийликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Ал эми күйүүчү, майлоочу май май-июнь айында кымбаттап кеткен. Учурда бардык жерде май жетиштүү. 3 миң тонна май 27 сомдон дыйкандарга берилип жатат. Ошондой эле Орусиядан келчү 20 миң тонна майдын биринчи партиясы келет деп күтүп жатабыз", - деди М.Алымбеков.
Анткен менен аймактарда дыйкандар май кымбат болуп, жетишпей жатканын белгилешүүдө.

Жарым жылдын ичинде Кыргызстандын калкы 37 миң адамга көбөйдү

2010-жылдын январь-июнь айларында калктын саны табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында 37 миң адамга же 0,7 пайызга өскөн. Натыйжада калктын саны 1-июлга карата 5 миллион 455 миң адамды түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республиканын дээрлик баардык аймактарында калктын саны өскөн. Алсак, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары жана Бишкек шаарында калктын саны 0,8 пайызга, Таласта 0,7, Нарын жана Чүйдө 0,5, Ысык-Көлдө 0,4, ал эми Ош шаарында 0,2 пайызга өскөн.
Ал эми калк санынын табигый өсүшү республика боюнча январь-июнда 12,2 пайызга өскөн. Мында калктын табигый өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Талас, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Нарын облусттарында, эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусунда жана Ош шаарында белгиленген.
Кыргызстандын калкынын өлүмүнүн негизги себептери болуп кан айлануу системасынын оорулары (50%), тышкы себептер, шишик оорулары жана дем алуу органдарынын оорулары (9%), ошондой эле тамак сиңирүү органдарынын оорулары (7%) эсептелди. Ал эми наристелердин өлүмүнүн негизги себептери болуп төрөлгөндөн кийинки мезгилде пайда болгон абалдар (63%), дем алуу органдарынын оорулары (17%) жана өнүгүүнүн тукум куучу оорулары (12%) турат. 2010-жылдын январь-майында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда наристелердин дем алуу органдарынын ооруларынан өлгөндөрдүн саны 1,3 эсе өскөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги маалымдады.

Өкмөт каатчылыктын алдын алууда

Өлкөдөгү экономикалык туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү, азыркы кыйын абалдан чыгуу максатында каатчылыкка каршы план бекитилди. Ага президент Роза Отунбаева кол койду. Ага ылайык атайын иш-чараларды өткөрүү, бардык тиешелүү органдарды өздөрүнүн каатчылыкка каршы планын иштеп чыгуу жана аны бекитүү, ар бир айдын 10-күнүнөн кечиктирбей отчет берип туруу тапшырылды. Ал эми каатчылыкка каршы пландын ишке ашуусу боюнча жалпы маалымат алуу Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлдү.


Түштүк аймакта жабыркаган турак жайлардын так саны аныкталды

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекциясынын акыркы маалыматтарына караганда, июнь окуялары учурунда эки облуста биригип 1859 турак үй жабыркаган. Талкаланган административдик, социалдык жана коммерциялык обьекттердин саны боюнча дирекция так маалыматтарды кечирээк берерин билдирүүдө. Буга чейин донорлор Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө бир миллиард доллардан ашык каражат менен жардам берери кабарланган. Ал каражат Кыргызстанга алдыдагы 30 айдын ичинде берилет. Анын 600 миллион доллары өлкөгө жыл аягына чейин келет.


Жаштар олимпиадасындагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы

Сингапурда өтүп жаткан Жаштардын I олимпиадасында Кыргызстандын эсебине бир алтын жана бир коло медалы кошулду. Маселен, Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык Шадыбек Сулайманов кубалык атаандашын утуп, үчүнчү орунду ээледи. Урмат Аматов украиналык балбан Александр Литвиновду жеңип чыгып чемпион болду. Бул кыргызстандык спортчулардын Сингапур олимпиадасындагы алгачкы ийгиликтери.
14-августта башталган олимпиадага Кыргызстандын атынан сегиз жаш спортчу катышып жатат. Спорттун 29 түрү боюнча олимпиадалык таймашуулар 26-августка чейин созулат. Олимпиадада эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3,5 миңден ашуун спортчулар катышууда.

Ч. Касымов: Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш аймагында 60 талаш жер участогу бар

Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш аймагында 60 талаш жер участогу бар. Бул туурасында "КАБАР" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары Чынарбек Касымов билдирди.
Анын айтуусунда, Өзбекстан менен чектеш аймакта 1300 чакырым талаш жер маселеси он жылдан бери чечилбей келген. Бүгүнкү күндө жерди демаркациялоонун натыйжасында алдын ала макулдашуулар боюнча 1000 чакырым жердин маселеси чечилди.
Мындан тышкары Кыргызстандын башка коңшу өлкөлөр менен да чектеш аймактарында да чечилбеген жер бар. Алсак, Тажикстан менен чектеш аймактагы Чоң-Алай тоо кыркаларында 971 чакырым талаш жерлер болгон. Алардын 500 чакырымы эки өлкөнүн жерди бөлүштүрүү аракетинин натыйжасында чечилген.

Түштүктөгү июнь коогалаңында каза тапкандардын саны 393 болду

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, түштүктөгү июнь коогалаңында каза болгондордун саны 393 адамга жетти. Ал эми коогалаңдын кесепетинен ооруканага кайрылгандардын саны 2327 адамга жетти. Алардын ичинен 1086 адам ооруканага жаткырылып, ушул тапта 903 ооруканадан чыгарылды. Жалпы 1242 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгондордун 91,4 пайызы эркектер, 7,5 пайызы аялдар жана бир пайызы балдар. Коогалаңда каза болгондордун 52 пайызы ок жеген болсо, 16 пайыздан ашууну кескиленип-бычакталгандар. Дагы 18 пайызы башынан катуу жаракат алышкан болсо, алты пайызынын денеси өрттөлгөн. Соңку маалыматтар боюнча июндагы коогалаңда каза болгондордун 54 дале таанылбай атат. Алардын бешөө көмүлө элек. Бардык таанылбаган сөөктөрдөн жана белгисиз жоголгон адамдардан 201 даана биологиялык материалдар алынган.

Кыргызстанда цементтин тартыштыгы байкалууда

Кыргызстанда цементтин тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу КРнын Экономикалык тескөө министрлиги маалымдады.
Таңкыстык "Кант цемент заводунун" цементти чыгарууну азайткандыгына байланыштуу келип чыккан.
Ведомоствонун маалыматына таянсак, 18-августка карата бир тонна цементке болгон баа 6500 сомду түздү. Ал эми монополияга каршы көзөмөл агенттиги цементтин тоннасына 4200 сомду бекиткен.

"Рухпресс"