Кыргыз гезиттер архиви

Ислам дини - асыл менен билимдин дини!
Адамзат жаралгандан бери 224 миңден ашык пайгамбарлар келип -кетишкен деген маалыматтар бар, бирок, алардын ашык саны жаратканга гана белгилүү, ошол миңдеген пайгамбарлардын ичинде бир дагы аял пайгамбар болбогон) Курандан мурун келген китептерде дагы Мухаммед алейхиассаламдан кийин пайгамбар келбейт деп айтылган.
Мухаммед аллейхиссаламдан мурун келген пайгамбарлар өздөрү жашаган коомго, доорго, социалдык формацияларга жараша, өздөрүнүн Жараткан жүктөгөн вазипаларын аткарышкан.
Адам алейхиссаламдын доорунан адамзаттын бой тартып, толук жетилген дооруна чейин өткөн мезгилде Алла Таалам пенделерин тарбиялаш үчүн убактылуу өкүмдөрүн жиберип турду.
Алардан кийин, кыямат-кайымга чейин кала турган өзгөрбөс Өкүмдү-Ислам Динин азирети Мухаммед пайгамбарга Касиеттүү Кураний Карим аркылуу түшүрдү. Өзгөрбөс Өкүм-Ислам дини бүткүл адамзат ааламы үчүн кыяматка чейинки Алланын акыркы Көрсөтмөсү!
"Албетте, бул эстетмени (б.а. Куранды) Биз өзүбүз түшүрдүк жана жек-күмөнсүз аны өзүбүз сактоочубуз" (Хаж сүрөөсү, 9-аят). Ислам эч качан эскирбейт дагы, жоголобойт дагы, жоготомун дегендер өздөрү жоголуп кетилет, буга 1400 жылдык Исламдын тарыхы күбө!
Кураний Карим Алла Тааламдан келген акыркы китеп, бир мезгилге, бир элге, бир улутка тиешелүү эмес, бүтүн адамзаттын китеби. Жараткан Алла Таалам Курандан мурун келген Тооратты, Забурду, Инжирди пенделери өздөрүнүн турмуш-тиричиликтерине ылайыкташтарып, өзгөртүп, алгандарына байланыштуу, Кураний Каримди эч ким өзгөртө албай турган формада жана касиетте жараткан, Куранды өзгөрткөнгө адам баласынын аң-сезими, акыл-эси жетпейт, ушул убакка чейин бир дагы сөзү, бир дагы үтүрү өзгөрбөстөн жашап келет!
Дүйнөдөгү ыймансыздыктын караңгы түпкүрүнө каршы төңкөрүш Касиеттүү Куран аркылуу жасалды! Адамдар үчүн жараткандын сөзү болгон улуу китеп жарык нурдун , билим менен акыйкаттын жана ыйман, ынсаптын булагы!
"Бул китеп (Куран) такыба адамдар үчүн эң туура жолдун өзү" (Букара сүрөөсү, 2-аят)
Сүйүктүү пайгамбарыбыз Алланын эң жакын ДОСу, Расулу Мухаммед үмөттөрүнө буюрган: "Силердин ичиңерден эң кайрымдуңар Куран үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр болот" (Сахихул - Бухари, 6, 108. Стамбул, 1315).
"Куранды окугула! Анткени Куран кыямат күнү аны окугандарга арка-жөлөк" (муслим, 1,552. Каир, 1955).
Бүткүл дүйнөгө атагы чыккан Имам Газали: "Куран бир жарык нур. Жаңылыштардан жалгыз ал аркылуу кутулууга болот. Жүрөк сыздаткан кайгы-капанын шыпаасы да Куранда" деген.
Англис ойчулу Едмонд: "Куранды изилдеп үйрөнгөн сайын анын артыкчылыгына жана улуулугуна таазим кылбай коё албайсың. Адегенде адамды өзүнө тарткан Куран, андан кийин таң калтырат, аягында өзүнө туткундап алат да, урмат кылууга мажбурлайт. Кимге болбосун терең таасир калтырат." (Догрул. Анкара. 1967.132-бет).
Америка окумуштуусу, философ, теолог Джон Меер дүйнөдөгү улуу үч динди изилдеп үйрөнгөн (индуизм, буддизм, христиан) бирок, исламга -Куранга келгенде жоктоп калган, өз христиан дининдеги адам болгон.
Кийинки Джон Меер Арабастанга барып, араб тилин жолук үйрөнүп келген, бирок баары бир Курандын маанисин түшүнө албаган, кийин арабдардын бир атактуу, дин изилдеген окумуштуусунан себебин сураганда ал "Куранды түшүнбөй жаткандыгыңдын себеби, жүрөгүңдө ыйман жоктугунан" деп жооп берген. Джон Меер сураган: "Жүрөгүмдө ыйман болуш үчүн эмне кылышым керек?"
"Жүрөгүңдө ыйман болуш үчүн жараткан Алла Таалам буйрук кылган беш парзды аткарышың керек!"
Джон Меер Алла Тааламдын беш парзын аткаргандан кийин гана Курандын маанисин түшүнө баштаган.
Окумуштулуу геолог Джон Меер өмүрүнүн акырында жазат: "Мен Куранды окуп үйрөнө баштаганда 40 жашта элем, ошол убакта мага Касиеттүү Курандан кандайдыр бир сыйкырдуу таасир келди, мен бул таасирди акыл-сезимим менен, жүрөгүм менен түшүнүп кабыл алдым, бирок адамдарга түшүндүрүп бергиле тилим жетпейт…
50 жашымда Куранды окуганда, мурдагыдан башка касиеттүү таасир келди, 60 жашымда кайрадан окуганымда андан да башка таасир келди, 70 жашымда дагы башка…"
Демек, Джон Меер айткандай касиеттүү Кураний Каримдин касиети чексиз, аалам кандай чексиз болсо, Жараткан Алла Тааламдын сөзү болгон, Улуу китептип мааниси дагы ошондой эле чексиз!
Джон Меер Ислам динин кабыл алып, момун мусулман болуп жашап өткөн, өмүрүнүн акырында ал мындай деп жазып калтырган: "Бүт өмүрүмдү Куранды үйрөнүү менен өткөрдүм, бирок бул касиеттүү китептин касиетин толук түшүнбөстөн ааламдан өтүп баратам"
Өмүрү жарык нурга толгон ушул адам 99 жаш курагында ааламдан өткөн.
Касиеттүү Кураний Каримден мурда келген ыйык китептерде жараткан Алла Таалам өзүнүн Өзгөрбөс Өкүмү болгон Ислам Динин Куран аркылуу өзүнүн эң жакын көргөн элчи-пендеси Мухаммед Мустафага тапшыраары кабар берген.
Жараткан Алла Таалам өзүнүн баардык пайгамбарларына жалган дүйнөдө өтө кыйналып жардамга муктаж болгондо , сөз жок аткарган деп, бирден дуба берген, баардык пайгамбарлар тирүүсүндө ошол дубаны өздөрү үчүн пайдаланышкан. Жалгыз гана биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз ошол дубасын "Пенделериңдин күнөөсүн кечире көр!" деп Жараткандан сураймын деп акыретке калтырган…
Жакында Америкада адамзаты жаралгандан бери карай эң гумандуу деп эсептелген 500 адамдын аттары алтын китепке күмүш тамгалар менен жазылганда, сүйүктүү пайгамбарларыбыздын таберик аты биринчи жазылды. Ал китепти христиан дининдеги окумуштуулар жазышкан.
Жараткан Алла Тааламдан кийинки эле эң жогорку урматка ылайык сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис-вассаламды чын жүрөгүбүз, чын көңүлүбүз менен сүйүүбүз керек! Атак-даңкка, жана урмат-сыйга толгон таптаза өмүрү үмөттөрүнүн дүйнөдөгү бактысы үчүн күрөшүү менен өткөн, ааламдан кетип жатып, жан азабын тартып жатканда да: "үмөттөрүм, үмөттөрүм!" деп ыйлап кеткен!
Мекке шаарынын борборунда жайгашкан Каабатулланы Алла Таалам өзүнүн алгачкы пайгамбары Адам алейхиссаламга буюруп курдурган. Бул жөнүндө Алла Таалам Куранда "Инсандар үчүн ибадат кылсын деп тургузулган биринчи үй-Меккедеги Кааба" деп кабар берген.
Нух пайгамбардын доорунда топон суу каптап, бүткүл Аалам суу алдында калды, ошондо Байтулла (Алланын үйү) периштелер аркылуу асманга алынып кеткен.
Кийинчерээк ак үйдүн ордуна Алланын амири менен Ибрагим алейхиссалам азыркы Каабатулланы курган. Бул жөнүндө Алла Таалам өзүнүн Куранында: (Эй, Мухаммед!) Эстегин биз Ибрахимге Байтулланын ордун (ошол үйгө карап ибадат кылуусу үчүн) белгилеп берип, (ага ушундай дедик): Сен мага бир несении игерик кылбаган жана менин Байтулламды жооп кылуучулар, намазда тик туруучулар руху, сажда кылуучулар (тагыраагы ошол жайда намаз окуучулар) үчүн таза, пакиза туткун!" -дейт.
Куранда: "Эми Ибрахим, адамдардын арасында келип ибадат кылуунун зарылдыгын айтып жар салгын. Ошондо бул Байтуллага жөө-жалаңдап узак-узак жолдордон арык төөлөргө минген абалында ар тараптан каабанын зыяратына адамдар келишет" -дейт Алла Таалам.
Ислам дини - акыркы дин! Ислам дини-ыйман менен ынсаптын, сабырканагааттын дини! Ислам дини - адеп-ахлактын, тынчтыктын жана тартиптин дини! Боорукердиктин, кайрымдуулуктун дини!






ЖУМУРТКАДАН КЫР ИЗДЕП...
(Башы өткөн санда)
Орфографиялык сөздүктө түзүм, тутум, тизим деген сөздөрдүн туура жазылышын эле бергенбиз. Көрсө, Четин жер-жерлерде, ар тармактарда, басмада орусча аталышында структура, система деп 50-60-жылдардагы боюнча калбай, түзүмү, тизими болуп которулуп колдонуп жүргөнүнө ичи күйүп, куйкасы курушуп, күйгүлтүккө түшүп жатыптыр.
Талашка илинген орусчадан кыргызчаланган сөздөр орусчасынан таптакыр оолак калып, эквивалент болбой турганы деле жок. Ага карабастан "жаман көргөндүн бөркү казанбактай" көрүнүп, Четиндин итиркейи келип, итатайы тутулуп турат окшобойбу. Болбосо пайыз, жаран, жамаат деген сөздөргө да каршылыгын көрсөтөт беле? Бул сөздөр бардык жерде пайыз-процент, жамаат-коллектив, жаран-гражданин маанилеринде активдүү колдонууда эле го? Кабыл алынган сөздөр кайсы тилден алынбасын, мейли араб, иран, мейли орус, башка эл аралык сөздөр болобу, жаңы кабыл алынганында эле колдонулуп кетиши бирдей болбошу мүмкүн. Барып-барып кеңири массанын түшүнүгүнө айланып, өмүр сүрүүсүн улантат же колдонулбай унутулат. Кабыл алынган сөздөргө алакчылап мамиле кылбашыбыз керек. Орустун сөзү болсо, "өзүбүздүн Бокиндей көрүп" жылуу карап, калган араб, иран, казак, өзбек ж. б. калктын сөздөрү деп, өгөй санап өөн таап караганыбыз болобу? "Жаңы басылган сөздүктө "жамаат, жамагат, жамият (эл журт) деп Карасаевдикиндей беребиз да, аны коллектив деген терминдин ордуна колдонууга жол беребиз. Жамаат эч убакта коллективди алмаштыра албайт. Булар араб тилинен келген сөздөр, кыргыздыкы эмес. Мааниси коом (общество, сообщество) дегенди билдирет" - деп күйүнөт. Элге коллектив-жамаат, жамият деп алынып сиңип кетсе эмне кылалы? Айыбы барбы? Эл "жамаатты" Четин айткандай коом (общество, сообщество) маанисинде түшүнбөйт, коллектив деген мааниде түшүнөт.
Жаран ирандын сөзү өзбектердин колдонуусунан алынса да, гражданин маанисинде элге сиңип кетти. Эч бир кыргыз азыр жаранды Четин чечмелегендей сүйгөн жар, курбулар, теңтуштар деп түшүнбөйт да колдонбойт. Жаран-гражданин деген саясий түшүнүк катарында гана колдонулат. "Манасыбызда": "Жабыратып айтабыз, жарандардын көөнү үчүн" деп башталганын кайда катабыз? Четинде дагы бир өзгөчө көз караш - казак, өзбекте колдонулган сөздү биз алсак, бизге келип калса эле, аларды туураган болуп калат экенбиз. Алардан алгандын эмнеси жаман? Аларга колдонгонубуз үчүн патент төлөп жатпасак. Бул элдер менен тектеш, дилдеш, тагдырлаш элбиз. "Акыл оошот" дейт, сөздөрүбүз оошуп, сөз байлыгыбыз көбөйсө жаманбы? Өзбек, казак тилдеринде кыргыздын канча, кайсы сөздөрү колдонулуп, сиңип кеткендигинен Ч. Жумагуловдун кабары бар бекен?
Эми орус тилинен, орус тили аркылуу кирген эл аралык терминдердин, ал түгүл жөн-жай фартук, пробка, завферма, зона, зонтик, тракторист, трагедия, тренер, туалет ж. б. Карасаевден мисал келтирсек, ар бир тамгадагы сөздөрдө кыргызчалатууга боло турган мындай сөздөр толуп жатат. Ушул сыяктуу сөздөрдү Х. Карасаев которуп берүүгө акылы жеткен эмес, билим кудурети болгон эмес деп айтууга болобу? Жок. Билим дарамети сопсонун жеткен, заманасы жол берген эмес. 70 жыл акимчилик, тоталитардык борбордук башкаруу режиминин чектөөлөрүнө кыңк дебей көнүп, эки дебей ээрчип келдик го. Учурда, көз карандысыз эгемендүүлүк мезгилибизде, кыргызчаланган сөздөргө кыйкым тапчу чыгып жатканын дагы эмне дейбиз? Бул сыяктуу сөздөрдүн кыргызча эквиваленти-котормосу турса дагы аларды жерий бериш керекпи.
Биз 2009-жылкы орфографиялык сөздүктү толуктап, кошумчалагандар баш сөздө Х. Карасаевдин 1983-жылкы сөздүгүн негиз кылып алдык, бирок 50-60-жылкы деңгээл, кырдаал менен калгыбыз келген жок деп эскерип, Карасеавдеги өздөштүрүлгөн сөздөрүн мүмкүнчүлүктүн болушунча орусчаларын альтернативасыз кыргызчалатып берсек болмок экен. Биз ошондо Х. Карасаев абабыздын өз учурунда тартынып, чочулап, ыйбаа кылган, бирок ар жагында көңүлүндө болгон дитин иш жүзүнө ашырган болор элек, арбагы да ыраазы болмок. Чынында эле, Карасаевдин сөздүгүндөгү башка тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөрдүн көбүнүн котормолору эл арасында, коомубузда ансыз деле кеңири колдонулуп кыргызча жашап кетти. Биз ошолордон анча-мынчасын сөздүккө альтернатива катарында кошумчалаганыбызды Четиндин чектен чыккандай айып көрүшүн түшүнүп болбойсуң, таңданасың... Таң калгандан да Четин өзүн кыргыз атуулдугун коёлу, кыргыз кулунунан экенинен да күмөн санатат экен.
Ч. Жумагулов а түгүл Салижан Жигитовдун: (тиги дүйнөгө кеткен кишинин бул чатагына аралаштырбай койсо болмок) "өзүнүн тилин сыйлабаган бир наадандын табылгасы" деп, "жаран" дегенди "гражданин" дегенге эквивалент катары колдонушу жөнүндө жазгандыгын күбө тартыптыр. Мунун канчалык чын-жалганын айталбайбыз. Бирок Салижан аке төрагалык кылган 2002-жылы чыккан терминкомдун "Терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүндө" граждан-жаран", "гражданство-жарандык" деп берилиптир. Биздин түзүүчүлөр ушу терминкомдун сөздүгүнөн орфографиялык сөздүккө алып кошумчалаганы көрүнүп турат. Салижан аке өзү төрагалык кылган сөздүгүндөгү сөзгө, "жаранга", жогоркудай каршы пикир айтканын (Четин мисал келтирген) кандай түшүнсөк болот?..
Баса, Ч. Жумагулов орфографиялык сөздүктөн кынтык тапкан мисалга алган сөздөрдүн көбү ушу 2002-жылкы терминкомдун сөздүгүндө орусчадан которулуп берилгенин эскерте кетсек артык болбостур. Ошончо кишинин элегине салынган, термин сөздүгүнө кошулушуна жактырылган ар бир сөздүн сөзсүз жөлөк өбөлгөсү, ишеним аныктамасы болгон үчүн алынган болуш керек. Кантип эле эч илинчеги жок сөз ошончо кишинин көз жаздымынан өтүп кетсин, акыл аңдоосуна илинбей калсын? Анда ошончо киши акылсыз аңгөдөк, Четин чексиз чилтен экен да?! Башкасын койдук, эки ортодо биздин, орфографиялык сөздүктүн түзүүчүлөрүнүн коомчулукта кеңири колдонулган эле сөздөрдү, андан да терминкомдо тастыкталган сөздүгүндөгү сөздөрдү алып, орфографиялык сөздүккө туура жазылышында берүү менен тартар айыбыбыз эмнеде?? Же "Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын кырылат" болуп жатабызбы?
(Уландысы кийинки санда)
Н. Абдесов,
Кыргыз Республикасынын
Эмгек сиңирген мугалими
С. Ибрагимов филология илимдеринин
доктору, профессор