Кыргыз гезиттер архиви

  Эсен жүрүп, эстей жүр

Өмүр менен өлүм, күлкү менен кайгы, сүйүү менен жек көрүү жанаша жүрөт экен, бул жалган дүйнөдө. Тарыхтын оомалуу-төкмөлүү кезеңдеринде байыркы кыргыз элинде калкына калканыч боло турган не деген азаматтар өтпөгөн.Башын канжыгага байлап,батыл акылды элдин башы адашканда таба турган даанышмандар; тагдырын элинин келечеги үчүн байлап; кыска өмүр сүрсө да кылымдарга аты кала берген. Ошондой кыргызга туу болуп бере турган жигиттерибиздин бири Эркинбек Матыев да ойлогон ой, асыл мүдөөсүнө жетпей, гүлгүн курагында оопат болгону кимдин жүрөгүн сыздатпайт. Азыркыдай алкеш-чалкеш заманда эли үчүн күйгөн, эли үчүн тикесинен-тик турган, ынтымак үчүн данакер боло турган Эркинбектей жигиттерибиз жетишпей тургансыйт. Аттиң бири кем дүнүйө, кыргыз үчүн жаралган, бул кайталангыс инсандын, бул дүйнө менен коштошконуна он жыл болсо дагы, ал жөнүндө жакшы сөздөрдүн аягы үзүлбөйт.
Август айында анын көзү тирүү болсо эр ортону элүүдөн өтүп, элүү бирге толмок. Арийне,ал кыркка толбогон кыска өмүрүндө кыргыз үчүн кылымдарга даңктай турган иш бүтүрүп кетти...

Элеси эстен кетпеген Эркинбек

ЭРКИНБЕКТИН МЕКЕНИ!
Кыргыз жеринде кыргыз элинде төрөлүү өзү эле керемет! Эркинбектин жердеши Мидин ырга салгандай:
Кереметтүү сен атасың-энесиң,
Салыштырып сага ким жер теңелсин.
"Аккан арыктан,суу агат" дегендей Эркинбектин ата-бабасы тээ байыртан кыргыз элине кадыр-барктуу, касиеттүү адамдардан болушкан. Кан күйгөн улуу алааматтан атасы Сагыналыны кандайдыр бир керемет сактап аман-эсен кайтып келген. Канчалаган адамдар согуш тааласында кала беришти.
"Жетинин бири-Кыдыр"-дейт, Сагыналы ата жетөө тең Кыдыр даарыган чүрпөлүү болду:Роза, Роман, Арстан, Мирон, Галина, Нурланбек жана Көкүрөк күчүгү Эркинбек. Кереметтүү кыргыз жеринде, ак таңдай Калыкты, Мидинди, Куйручукту, Ак мөөр, Таттыбүбүнү берген Жумгал элинде Эркинбектин кереметтүү балалыгы өттү.
ЭРКИНБЕКТИН ДИЛГИРЛИГИ!
Эркинбек чоң турмушка топ ичинен сурулуп чыккан күлүктөй, шыр эле аттанды. Мектепти алтын медаль менен аяктаган соң, Алматы шаарынын медициналык жогорку окуу жайына кирет. Ал окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүп, Москва шаарындагы И. М. Сеченов атындагы медициналык окуу жайында аспирантурадан окуйт.
Кереметтүү жан, кер мурут жигит Эркинбек Матыев 1984-жылы 25 жаш курагында фармацевтика илиминин кандидаты деген илимий даражага ээ болот.
Эркинбек ошону менен токтолуп калбай Москвадагы Патрис Лумумба атындагы эл достугу университетинде докторантураны ийгиликтүү аяктайт. Биология илиминин доктору, профессор наамын алат. Анда болгону 31 жашта гана болчу. Албетте 31 жашында илимдин доктору жана профессор атыккан, көч башындагы биринчи кыргыз экендиги, не деген керемет!
ЭРКИНБЕКТИН ДААНЫШМАНДЫГЫ!
Кыргыз Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын академиги Эркинбек Матыев кыргыз, англис, орус тилдеринде эркин сүйлөгөн. Эки жүздөн ашуун илимий эмгектердин монографиясынын автору. Хронобиология боюнча Европа жана эл аралык илимий коомдун анык мүчөсү болгон. Академик Матыев Япония, Англия, Франция мамлекеттеринде өткөн эл аралык симпозиумдарга бир нече жолу катышып, кереметтүү кыргыз элинин атагын Америка, Азия жана Европанын көптөгөн мамлекеттерине тааныткан.
Атаганат, жыйырманчы кылымга чейин сабатсыз болуп кыргыз эли кутун чыгара албай келди. Не деген мыктылар, генийлер чыгат эле. Жыйырманчы кылымды кыргыз үчүн кереметтүү кылым деп койсок эч жаңылбайбыз. Ал кылым Ч. Айтматовту берди, И. Ахунбаевди, М. Бегалиевди, кереметтүү кыргыз кинолорун берди. Жыйырманчы кылым акыл-дарамети менен кереметтерди жараткан Эркинбек Матыевдин илимий жана ишкердик кадыр-баркы чет өлкөлөрдүн медицина чөйрөсүндө жогору болгон. Эл аралык байланыштарды колдогон академик Матыев жогоруда айтып кеткен илимий коомдордон тышкары Россия фармацевтика ассоциациясынын төрагасынын орунбасары, мүчөсү, Кыргыз Республикасынын фармацевтика ассоциациясынын төрагасы болгон. Анын демилгеси менен "Медицина жана фармация" деген илимий-практикалык журналы чыгарыла баштаган.
ЭРКИНБЕКТИН АЙКӨЛДҮГҮ
Эркинбек аябай аракетчил, тырышчаак инсан болуп убактысын бекерге өткөргөн эмес. Ал дайыма пайдалуу иштер менен гана алек болгон. Кыргыз фармациясы Эркинбектин жан үрөгөн тынымсыз аракетинин астында дүркүрөп өскөн. Анын ата-бабалардан бери келаткан уюткулуу айкөлдүгү өз зыйнатын бергендиги маалым. Анын чет өлкөдөгү кадыр-баркы Кыргыз фармациясынын өзүшүнө зор таасир тийгизген. Адамгерчиликтүү айкөл "фармация" коомунун президенти Эркинбек Матыев иш жүргүзүүнү каалаган миң деген фирмалар бар. АКШ, Бельгия, Франция, Германия, Швейцария, Чехия, Польша, Словакия, Венгрия, Румыния, Австралия, Түркия, Пакистан, Кытай, Индия жана башка өлкөлөр менен алака жүргүзгөн. Мамлекеттик казынага жүз миллиондогон сом киреше түшүргөн бул фармацевтик коом, ушул учурда да жылына 24-25 миллион сом салыкты казынага түшүрүп турат.
Дары-дармек даярдап, кыргыз элинин саламат жашоосу үчүн талбай күрөшкөн Эркинбек Пакистан өкмөтүнөн кредит алып, Бишкек шаарында 42 дарынын түрүн чыгарууга шартталган "Айдан-фарма" заводун курду. Айкөл жетекчи Эркинбек Матыев материалдык жактан жардам сурап кайрылгандарга эч качан кайдыгер караган эмес. Чүйдүн Нижне-Серафим айылындагы карылар үйүнө 1 миллион 300 миң сом берген. Эми миң сом, жүз миң сомдоп бергени эле узак тизмени ээлейт. Эркинбектей айкөл керемет ажалга моюн сунуп кете бергенде, анын жардамын алган далай адамдардын ичи сыздаган.
ЭРКИНБЕКТИН ТУНУК КӨЗ КАРАШЫ
Саясат айдыңында ыпластыктан адамдар тажап деле бүтүштү. Султан Ибрагимов, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, Эркинбек Матыевке окшогон тунук көз-караштыгы инсандардын өмүрлөрү кызка болот окшобойбу. Эркинбек Матыев саясий чөйрөгө Жогорку Кеңештин депутаты катары аралышып жүргөндө да, өзүн таза кармаган. Ошондуктан № 1 Университет шайлоо округунан экинчи ирет мыйзам чыгаруу бийлигине шайланып келет. Өмүрүнүн кыскалыгы анын далай калкынын саламаттыгы үчүн кам көрө турган мыкты ой-пикирлерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербеди. Азыр бийлик үчүн жутунган саясатчыларга көз жүгүртүп "Аттиң!" дейсиң, кыргыз элине Путиндей зор иштерди жазай турган инсаныбыздан айрылган экенбиз да. Тунук көз-карашы менен Эркинбек тирүү болгондо эмне, өлбө Эркинбек, өлбө!
ЭРКИНБЕКТИН КААРМАНДЫГЫ
Ар бир замандын өзүнүн каарманы бар. Бир учурда атасын кулакка тарттырган Павлик Морозовду деле баатыр-пионер дечү элек. Согуш учурунда көкүрөгүн окко тоскондор баатыр болуп элдин эсинде калды. Жарыла турган вертолёттун ичинен жанталышып жанын сууруй качпай, жолдошторунун жанын сактап, аларды вертолёттун эшигинен ыргытып жатып Эркинбек эмнени ойлоду болду экен? Эгерде ажалды ойлоп, ажалдан корксо анда өзү биринчи секирип кетмек. Жок, Эркинектин өмүрүнүн эң акыркы секунддаларында да жолдошторумду кантип сактап калсам деген ою, аны ажалга тике баргандан кайра тарттырган жок болсо керек. Жарылып бара жатып, жаны чыркырап учуп бара жатып, өткөн өмүрүнө фильмдеги кадрдай бир көз жүгүртүп алууга үлгүрүп калды болду бекен? Акыркы ирет анын көз алдына ким тартылды болду экен. Каармандыкты Эркинбек жазагысы келген жок. Ал жолдошторуна гана жардам бергиси келди, бирок каармандыкты жасап кетти. Керемет күчтөр Эркинбектин жолдошторун сактап калды. Эркинбектин өлүмү каармандыктын өрнөгү болуп кылымдарга кала бермекчи.
ЭРКИНБЕКТИН ЭКИНЧИ ӨМҮРҮ
Эркинбек жөнүндө эстегенде ачуу нерсени жутуп алгансып көңүлүң караңгылай түшөт. Эркинбек же менин карачечекей бир тууганым эмес, же ысык жолдошум эмес. Эркинбек улутубуз үчүн, жеке кыргыздар үчүн эмес, Кыргызстан үчүн бир жаралган жигит эле. Эрикпей Эркинбектин өмүр таржымалын барактаган адам анын жети керемети бар экен деген жыйынтыкка келет.
Эркинбектин жубайы Айчүрөк, учурунда Кыргызстандын компартиясын жетектеп,мамлекетибиздин башында турган Апсамат Масалиевдин кызы. Эркинбек Канышай, Айдана, Надина деген кыздардын атасы. Эркинбекке экинчи өмүр тартуулай тургундар ушулар.
Эркинбектин өмүрү кыска болсо дагы, эли үчүн опол тоодой эмгек жасап кетти. Эркинбекке берген чоң сыноону татыктуу аткарып жогорку чекке жеткизди. Ал кыргыз үчүн тарых болуп калды, жазыла элек ырлардай Эркинбек жөнүндө жазыла турган барактар актай турат.
Эркинбек жөнүндө журт башындагы мамлекет башчылары, кийинки, мурунку жетекчилер Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Өмүрбек Текебаев адамдык мыкты сапатына баа берип өз ойлорун айтышкан. Жаш болсо да дөө-шаалардын сынына толгон Эркинбек бийик уча турган канаты кайрылып, келбес жакка кете берди. Анын түбөлүк жашоочу өлбөстүктүн экинчи өмүрү, анын көзү өткөн соң башталган. Алтын тамгалар менен жазыла турган, Аалыкем айткандай: "өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин"-демекчи, Эркинбектин экинчи өмүрү уланууда.

P.S. 15 -август Эркинбектин туулган күнү. Быйыл ал күн орозого дал келип туру.Орозодо окулган куран дал тиет дешет. Аны бир гана Жумгал эли эмес, аны билген баардык кыргыздар эскерип, бата кылып атышкандыр. Эркинбектин көзү тирүү болгондо 51 жашка толуп, саясаттын так чордонунда калыстыгынан тайбай жүрмөктүр. Кудай берген өмүрү кыска болуп калыптыр.Жаткан жери жайлуу болсун!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ