Кыргыз гезиттер архиви

  Чындыкка жараша...

Министрлер шайлоону көздөй түздөнгүлө!
Акыркы мезгилдерде эле Кыргыз мамлекетинде ар кандай өкмөттөр пайда болду. Чудиновдун чуулуу өкмөтүнөн соң, Токтогуловичтин ур-токмок өкмөтүн апрелде Убактылуу Өкмөт алмаштырса, эми техникалык өкмөт кыска убакыт болсо да өз ишин жүргүзүп жатыр. Техникалык өкмөттүн өмүрү өтө кыска болсо да, министрлерге көз салып кетели.


Кубатбек Байболов:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри
Кубатбек мырза кубаттуу министрлердин бири.Ал тоскоолдукту тоготпой өтүп Акаевдик парламенттик шайлоонун биринчи турунда эле депутаттыкка илинген.Жеңинен тартып жүргөн жеңебизди да Бишкек шаардык Кеңешке депутат, андан соң "спикер" кылып, Жогорку Кеңештен өзү, ал эми Бишкек Кеңешинен жеңебиз экөөлөп Бакиевдик бийликке каршы чыккан. Анын "Ак шумкарга" болгон алгачкы сүйүүсү 2007-жылкы парламенттик шайлоодон кийин сууп, бизнесин сактап калуу максатында Кошмо Штаттарды көздөй жеңебизди жетелеп алып желип кеткен. Байболов ал жакта бай болуунун бай тажырыйбасын үйрөнүп келгендир.Неси болсо да Ички иштер министрин, шайлоого кеткен Болот Шерниязовдун бошоп калган ордун алды. Мелис Турганбаевке салыштырмалуу Кубатбек мырзанын профессионалдуулугу канча экенин билбейм, бирок "Жоону сайса ким сайды, аты калат Манаска" дегендей, Мелис Турганбаевдер мээлеп жүрүп кармап келген Бакиевдин туугандары Байболовдун учурунда болгондуктан , министр катары ага жана жалпы эле милиция кызматкерлерине аброй алып келери бышык.
Шайлоодон кийин: Акчанын күчүнө салса да министрлер калып калышы толук ыктымал.
Осмонбек Артыкбаев:
Кыргыз Республикасынын энергетика министри
Осмонбек мырза да ишкердүүлүктөн парламентке, андан соң бийликке аттангандардан.
Акаевдин акыркы парламенти "капчыктуулугу" менен атагы чыккан. Ага чейин "Неман" фирмасын уюштуруп, бутунан тургузган Артыкбаевдин башка бизнесмендерден артыкчылыгы, элге карамдуулугу болгон.Ошондуктан Токтогулдун толгой тарткан толгон ток мырзаларын күлүгүнүн дүбүртүнө таштап, парламентке келген соң бийлик алмашылып Артыкбаев Бакиевке каршы күрөштө чагылгандай чартылдап, ири алдыда жүрүп калат. Ал 2007-жылкы парламенттик шайлоодо социал-демократтар менен "Ак жолдун" шайын оодарып, парламентке жарк этип чыга келет. Артыкбаев орундуу маселелерди козгоп, көйгөйлүү проблемаларды көтөрө бергендиктен бийликтин кыжырына тийип, анын бизнесине асылуулар көбөйө баштайт. Ошондон соң "Тойдум байдын кызына" деп Бакиевдик алдым-жуттум парламентке кол шилтеп өзүнүн бизнесине кетип калган. Албетте, бир орундуу министр болсо, анда ал дал ушул Артыкбаев, анткени Токтогулда төрөлүп бала кезинен энергетиканын сырын билип калган.Бакиевдер ажыдардай соруп соолуп бараткан Токтогул суу сактагычы да толуп баратат дешет.Быйылкы кышында электр жарыгыбыз өчпөйт деп, кыргыздар кубанганынан калпактарын асманга ыргытышып аткан учур.
Шайлоодон кийин: Анын ишмердүүлүгүнө карашса министрликке калтырышат.
Айгүл Рыскулова
Кыргыз Республикасынын эмгек, жумуштуулук жана миграция министри
"Токбайдын тою" бүтсө да Токбайдын тоюнда тоюп алгандар, азыркы бийликтен үмүтүн үзбөй, "үзөңгүдөн" колдорун үзө алышпай турушат. Айгүл айым Бакиевдин негизги номенклатурасындагы чиновник. Ал жаңы бийликке келгенде парламентке келип акактап турса, кийин "Ак жолчул" парламенттин убагында, кол тийгис "периштеге" айланган. Максим Бакиев учурунда аялзатынан чыккан айдай сулуу чиновниктерди да аяган эмес. Ал БШКнын төрайымы Клара Кабиловага барып интеллигенттүү түрдө сөгүп, анын кызматынан кетүүсүнө мажбур кылган. Кабилова Москвада жашынып жүрүп, кийин тескери көрсөтмө менен бакиевдик бийликке жаккысы келген. Ким билет Максим мырза Айгүл айымды канча ирет кекеткенин, бирок Рыскулова монтоңдоп алып аны тоготмок беле. Рыскулованын ордуна кайтып келиши, азыркы бийликке упай деле алып келбейт, бирок убактылуу экени гана көңүлдү тынчытат.Болбосо өткөн өкмөт үчүн канчалардын жаны жаннатка кеткени али унутула элек.
Шайлоодон кийин: Бакиевдин куйругу катары шайлоодон кийин министрликте калышы көп жолтоо болот.
Садык Шер-Нияз
Кыргыз Республикасынын маалымат жана маданият министри
Маалымат жана маданият министрлигин биздин кесиптештер "менчиктектештирип" алышкан.Журналист Султан Раевден соң биртике шоумен Ибрагим Жунусов министр болсо, революциядан соң "жёлтый" прессанын жолборсу, кесиптешибиз Рыскелди Момбеков келип аз убакыттын ичинде агентчиликти министрликке айлантууга жетишти. Ошентип "маалыматтуу" министрлерден "маданияттуу" министрлерге орун артпай жүргөн убакта, кармаган жеринен "кан чыгарган" Садык Шер-Нияз бул орунга келди. Кармаган жерден "кан чыгарган" дегеним оң маанисинде, Садык Шер-Нияздын кайсы жерде иштесе дагы, ишти майын чыгара иштегени көпчүлүккө белгилүү. Кыргыздардын өчүп бараткан төкмө айтышын бутунан тургузмак түгүл, чоң даражага жеткизди. Болбосо, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаевден соң кыргыздар айтышты архивге өткөзөлү деп даярданып турганбыз.Эми болсо тиш каккан, жулунган төкмөчүлөрүбүз эле ондоп саналат.Бул кыргыз элинин көөнөрбөс мурасын сактап калганыбызга Садык мырзанын эмгеги зор. Ал Акыйкатчынын орун басарынан өз каалоосу менен кеткени, анын жигиттигин баса белгилегени. Канчалаган адам мансаптан тепкилесе да кетпей турат. Садык Шер-Нияздын "Аяны" аялуу сыйлыктардын ээси болгондо, кыргыздын Никита Михалкову жаралып келаткандай сезилген. Садык Шер-Нияз кыргыз дегенде кырынан тура калган атуулдардан, Кытай Эл Республикасы биздин "Манасты" "приватташтыргысы" келип жатканда, кыргыздардан эң биринчи Садык мырза ойгонуп, жар салып чыкты. Салдык Шер-Нияз өз ордун тапты десек жаңылышпайбыз, кыргыз маданияты көп жылдардан бери ушундай министрге муктаж болуп келаткан.
Шайлоодон кийин: Кыргыз үчүн күйгөн парламент келсе, минстр болуп калганы оң.
Кайрат Жумалиев:
Жаратылыш ресурстары министри
Демократиялуу мамлекеттерде,алсак Америка Кошмо Штаттарында Президент шайланган соң, анын командасына министрлер жана ошонун деңгээлиндеги жогорку кызматкерлер гана алмашып, министрликтеги чечүүчү ролду ойногон кызматкерлер профессионалдуулугун жогорулатып, өз кызматтарында кала беришет.Ал эми бизде бийлик алмашкан соң даараткананын башчысына чейин алмаштырып жиберишет. Эми демократиялуу мамлекетке карай бара жатканда, биз демократиялуукту үйрөнүшүбүз керек.
Кайрат Жумалиев Жаратылыш Ресурстары министрлигин жандандырган, "мотору" болуп жүргөн жигиттерден.Анын интеллигенттүүлүгү, заманына ылайык орустардын арасында өсүп, орус мүнөздүү тарбияланып калганы, түз позицияны кармап, өзүнүн энергиясын бир гана алдына койгон максатын ишке ашырууга багыттагандыгында. Бул министрликтин мурунку министри алдым-жуттумдугун жашырып, "Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт" дегендей , Бакиевдер дүрбөп качышса, ал да алды-артын карабай безип кетиптир. Ишке болгон мамилесин, профессионалдуулугун эске алышып, Кайрат Жумалиевди министрге дайындашты.
Шайлоодон соң: Убакыт көрсөтөт.
(Уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ