Кыргыз гезиттер архиви

  Өкүт

Өзгөлөр тепсеп төрүңдү,
Ылайлап жууруп жериңди
Болуп өткөн окуянын тарыхын бурмалабай кийинки муундарга, элге, ак менен караны айырмалап, күнүмдүк жыргалчылыкка манчыркаган кээ бир "Манкурт" адамдарга сабак болоор кептин төркүнүн айтып берсек.


Сен кимсиң? Мен киммин?
Мындай суроолор учурда талапка ылайыкталып, түндүк менен түштүккө, уруу-урууга, улутчулдукка, бири-бирине болгон көралбастыктарды мээлерине чылаган, чагымчыл, жанкечти адамдар көбөйүп турганда, алар үчүн коогалаң, манкурттук сабактарынын кереги деле жок болсо керек.
Улуулук куплеттерден үзүмдөр
Кыргызбыз деп, намысыбызды туу тутуп, өз эл -жери үчүн кылымдардан бери уругун улап, , жерин, элин сактап келген Кыргыз эли -Улуу эл экендигибизди билип көкүрөгүбүздү каккылаганыбыз менен өз учурунда каршылаштардын мизин кайтарбай, тез эле таарынычыбызды унуткарып, ыймандуулукта достошууга аракет жасаганыбыз -Улуулук!
Кылымдардан ата-бабабыз жердеп келген жерлерди коңшулаш өлкөлөрүбүз көз артып, канчалаган жерлерди ээлеп алышса да (мамлекет башчылары сатып жибергенден башкалар) унчукпастан жашап келгендигибиз - бул дагы улуулуктур!
Жаратылыш кен байлыктарыбызды чет элге чөмүчтөп алдырып, кашыктап сурап алалбагандыгыбыз дагы улуулук болуп жүрбөсүн?
Өзүнчө мамлекет болуп, эгемендикти колго алганыбыздан бери өз тилибизге ээ боло албай, кыргыз тилибизди кор тутканыбыз- кандай улуулук болду экен?
Шайлоонун шайын кетирип,
Кылымдын айын кечирип.
Бийликте баркты табалбай,
Байлыгын талап эсирип, -бул
Улуулук болуп жүрбөсүн?

Жериңди сактай билбесең,
Элиңди таптай билбесең.
Дүйнөгө кетип атагың,
Улутуң тактай билбесең, -бул
Улуулук беле билгенге?

Өзгөлөр тепсеп төрүңдү.
Ылайлап жууруп жериңди.
Тебелеп жүрсө душманың,
Билээрсиң кыргыз тегиңди?-
Улуулук сакта эске түй.

Акаев кетти жеринен,
Бакиев безди элинен.
Кезеги кимде дейбизби?
Кайсы уруу? Кимдин тегинен?
Улуулук тапчы деги сен…
Коогалаң жөнүндө ода
1990-жылдагы кыргыз-өзбек коогалаңынын кесепети унуткарылып калган кезде, кандайдыр бир чагымчыл күчтөр эки элдин ортосуна от тутантып, түштүк жергесине согуш отун жалындатып жибергени элибизге оор сыноо болду.
Ансыз деле апрелдеги окуяларда кырчындай жигиттерибизден ажырап турганыбызда бул араздашуу тынч жашап жаткан эки улуттун адамдарына көп кайгыны кошумчалады.
Буга кимдер күнөөлүү?
Бул суроого ар ким өзүнчө ойлор менен алек.
Бири-Бакиев күнөөлүү десе, а бири Убактылуу Өкмөт дешет. Кээлери үчүнчү күч же дагы башка күчтөр дегендер бар. Албетте бул суроого жооп берүү али эртелик кылаар. Бирок, көзүң менен көргөнчө ынанбай коё албайсың.
Апрель окуясынан кийин Жала-Абад шаарында бийлик талашуу оюндары күчөп кетти. Сен Бакиевсиң! Сен Текебаевсиң! -дешип, тараптар өз жакындарын губернатордук орунга (алтын такка) күч менен алмак-салмак отургузуп жатышты. Акырында эки тараптык ок атышуулардын негизинде Бектур Асанов өз ордун ээлеген. Батыров атындагы эл достугу университетинин короосунда бир айга жакын убакытта өзбектердин топтолушуп, ич-ара сүйлөшүүлөр болуп жаткандай көрүнүштө кандайдыр бир кооптонууларды алып келгенсиди. Ошондогу эки тараптуу кагылуушуларда К. Батыровдун куралчан адамдары кийлигишип жүргөнү баардыгына маалым.
Ал окуядан кийин көп өтпөй эле Ошто. Кыргыз-өзбек коогалаңы башталды.
Кыргыз Республикасынын Гимнде ырдалгандай "Досторуна даяр дилин берүүгө" - деген сабына таянып алышып, "булар дилин беришкен". Ушул өткөөл мезгилден пайдаланып дилин да, тилин да өткөзүп албайлыбы деген ойдо, 90-жылдан бери аткара алышпай калган 16 бөлүктөгү ойлорун, эки улуттун ортосуна от жагуу менен чечип алууга аракет жасагандардын бири. Кадыржан Батыров экендигине талаш жок. Гимнде "Бейкуттук" деп ырдалышы элибизге чын эле тынчтык бербеген бейкут мезгил болуп жаткандай.
Азан айтылган түн
10унан 11-июнга караган түнү асмандагы булуттар да түнөрүп, кандайдыр бир каргашалуу окуянын сырын туюткандай буулугуп турду. Түнү саат бирлерден өтүп калган учурда Ош шаарынын ортосундагы Сулайман тоосунан, Шейит дөбө шаарчасынан, Амир Темир, Черемушка, 10 адыр шаарчаларынан, Нариман айылынан асманды карай чачыраган "салют" атылып, андан көп өтпөстөн мечиттерден азан чакыра, Аллоу Акбар дешип көчөгө чыга коогалаңды өзбектер баштап жиберишти.
Колдорунда жакшы куралданган өзбектер шаардын баардык райондорунан бир убакта чыгышып, астынан кезиккен кыргыздарга ок атып жатышты.
- Өзбектер согуш башташыптыр!
- 90-жылдагы коогалаңдын 20 жылдыгы дешет.
- Аларга эмне керек экен?
- Аны өкмөт менен чечишет да.
- Кайдагы өкмөт? Алсыз мезгилинен пайдаланып жатышпайбы.
- Коогалаңды баштагандар, уюштургандар кимдер болушту экен?
- Кадыржан, Инамжан, Алишер, Давран өңдүү генерал депутаттар да, -деген түгөнбөс саптардын сөздөрү агып жатты. Шаар ичи башаламан болуп, кимди ким коргоп, кимдин эмнеси жоголуп, өрттөнүп жаткандарына көз салаар, мамлекеттин бүтүндүгүн, өз элинин тынчтыгын сактаар күч органдарынын алдары жетпей жатышты. Эки эле күндө көз тийгендей, Ошту октун үндөрү каптап, согушта өрттөнгөн үйлөрдөн чыккан түтүндөр аралап, шаардын көркүн кетирип койду.
Ооба, үйлөр өрттөндү (мүмкүн булар бирөөлөргө керектир). 90-жылы Өзгөн шаарында үйлөр өрттөнгөндө, жарымынан көбү эскилиги жетип калган жараксыз үйлөр экендиги белгилүү болгон эле. Мүмкүн ошол ой кайрадан кайталанбады бекен?
Ал эми түштүк-чыгыш тараптагы Хамза орто мектебинин өрттөнүп кетишине суроо койбой койсо да болот. Себеби, такыр эскилиги жетип калган мектептин өрттөнүп кетүүсү бирөөлөргө керек болгон десек болот.
Оштун Кырарык деген жеринде, Кыргыз-өзүбек университетинин чатырчасынан, Ош районунан, Нариман айылынан, Шайит дөбө шаарчасынан, Жалал-Абаддагы Сузактын тушунан, Турпак бел ашуусунан жана башка жерлерде аткычтар жашырынышып, элдер каттап турушкан жолдон курал менен атышып көп адамдардын өлүмүнө себепкер болшкан мыкаачылар кимдер? Албетте кыргызды каралбас улут бузарлар.
Кантсе да, эки тараптын тең боорукер адамдары, ортодон чыгалбай калышкан адамдарды бекитишип жатып, коогалаңдын ачуусу сээлдегенде өз тарабына чыгарып берип жатышты. Бирок, дайынсыз жоголду дегендердин саны көбөйүп, жалгыздатып уурдап, ала качып өлтүрүп кетүүлөр дагы эле тынбай жатканы элди кооптондорууда.
Коогалаңдын кызуу мезгилинде талап-тоноолор да учуру менен болуп жатты. Айрыкча борбордук базарды талап-тоногондор үй-жайы жок адамдар менен башка улуттун адамдары болушту.
Бул коогалаңда өрттөнгөн кафе-ресторандардан, үйлөрдөн чыккан ыштардын жыттары азыркы күндө дагы кетпей турат. Көп адамдардын өлүмүнө кимдер жооп берет? Ортого чагым салып коюшуп, ансыз деле өрттөнөйүн деп турган тутандырыкка күкүрт жагышкан баш кесээр, жан кечтилерге, шейит кетишкен ага-инилерибиздин, эне-карындаштарыбыздын арбактарына койдук дегенден башка айла жок.
Түн уйкудан кечип, элдердин тынчтыгын коргошкон Ош шаарынын мэри, баатыр инибиз Мелис Жоошбаевичке, Ош облустук администрация башчысы губернатор Сооронбай Шариповичке, элдердин ынтымагын, биримдигин сактоого чоң салымын кошкон баатыр уул дар, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болушкан Камчыбек Ташиев, Исмаил Исаковдорго чоң ыраазычылык билдиребиз.
Кыргыз эли кечиримдүү эл. "Атаңды өлтүргөнгө, энеңди бер" дейт кыргыз макалында. "Сол колуңдун ачуусун оң колуң менен карма" дегендей өткөн коогалаңдын ачуусун акыл менен жутуп, мусулмандык парзыбызды аткара, куда-сөөк, тууган экендигибизди жашырбай биргелешип жашап кетели.
Улуубуз кыргыз! Улуулук бизден


кетпеген,
Урунган жоолор өзү сыртка


четтеген.
Убара болбо алам деп айкын сынымды,
Өчүрө албай далайлар сүрдөп четтеген.

Улуубуз кыргыз! Сыймыгым Манас,


Чынгыз бар,
Жаңырат элим, өчпөстөн жайнайт


жылдыздар.
Эл менен бирге, бөлүшпөйт башка


улут деп,
Ала-Тоо жерден, ууз-кымыз ичкен


кыргыздар.

Байлыгың менен бийликти улуу деш



кыйын.
Тынчтыгың болбой булардын баары


бир тыйын.
Көз ачкын элим маскара болбой дүйнөгө,
Улуу эл болуп башкалар билсин


көп сыйың.

Ыймандуу бол!
Ыймандуу бол карылар, жашыңар да,
Ырыскылар төгүлсүн башыңарга.
Жаратканым колдосун, өмүр берсин,
Жогорулап куласын ташыңар да.

Ыймандуу бол! Ыймандуу бол!
Ырыс алды ынтымак.
Ынтымактын нурун чачып,
Ала-Тоомдон күн чыгат.

Бирге болуп ыйманың алыс жолдоп,
Үй-бүлөңдүн тынчтыгын намыс коргоп.
Кайда жүрсөк бейиштин жолу ачылсын,
Уул, кызыңдын сыйын ал калыс колдоп.

Ыйман барда-ырыскы кошо келет,
Кут төгүлүп өмүрдү кошо берет.
Кармап калгын уучуңдан такыр төкпөй,
Кут даарыган белгиси ошол делет.
Мадың,
Ош шаары