Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

  Коом

Алыскы Греция мамлекети Кыргызстанга суктанат
Клара Күрүчбекова:
Дүйнөгө Кыргызстанды Чынгыз таанытса, Кыргыздар дүйнөгө элинин эгемендүүлүгүн, толеранттуулугун, акыйкатуулугун таанытты

Кечээ, Акыйкат Республикалык партиясынын аялдар канатынын жыйыны болду. Анда, техникалык өкмөттүн курамына көз караштарын айтышып, андан соң жакында эле болуп өткөн Түштүктөгү кандуу окуяларга токтолушту.
Жогоруда аты аталган партиянын аялдар канатынын лидерлери, бүгүнкү техникалык өкмөттүн курамында баягы эле Акаев, Бакиевдин учурунда иштеп, элдин нааразычылыгын жараткан атуулдар кызматка келгенин жана жаңы жетекчилерди көрө албаганын айтышты.
Акыйкат Республикалык партиясынын аялдар уюмунун төрайымы Чолпон Абдуллаева: - "Жаны техникалык" өкмөттүн курамына тажырайбасы бар такшалган жетекчилердин келгени мени кубандырат. Бирок, Роза Исаковнанын командасына кыргыздын билим, илимге сугарылган, 35-45 жаштагы жаш жетекчилер келет деген үмүтүм бар эле. Жетекчини элге жаман көргөзгөн да, жакшы көргөзгөн анын командасы. Бардыгыбыздын максатыбыз өлкөдөгү стабилдүүлүк орноп, Кыргыз мамлекетин өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуу.
Менин оюмча жаш кадрларды көбүрөөк тартсак, алардын жаңы көз караш, жаңы идеяларын ишке ашыруу менен биз мамлекетти өнүктүрүүгө жаңы жол ачат элек", - деген пикирин айтты.
Ал эми, партиянын Түштүк аймагы боюнча координатору Акчач Жолдошеванын айтуусуна караганда, азыр биздин мамлекетте кыйын менеджерликке, жетекчиликке абдан шыгы бар даяр кесипкөй жаштарыбыз бар. Эмнеге Роза Исаковна кайра эле баягыларды кызматка алып келип жатканын түшүнбөй турам. Болбосо, азыркы көрүнүштү карап, жыйынтыгында 2005-жылы Акаевден Бакиев бийликти тартып алса, азыр Муралиевди өкмөт башына алуу менен Бакиевден Акаев бийликти тартып алганбы деген ой келе баштады. Анда, эмнеге карапайым калктын, кыргыздын 90дон ашык уулдарынын каны төгүлдү?- деген суроо пайда болот"-дейт.
Ал эми, калган лидерлердин талкуусунда, азыркы бийлик дагы кадр саясатында жаңылыштык кетирип жатканын, алардын кызматка келгени эч кандай мамлекетке жаңылык алып келбесин айтышты. Ошол эле мезгилде мамлекет башына келген Роза Отунбаеваны Кыргызстандыктар туура тандашканын баса белгилешти.
Биз, партиянын ардагер лидеринин бири Клара Күрүчбекова менен болгон маекти окурмандарга сунуш кылабыз.


Жок, биз Кыргызстандан келдик - десек, бирөөсү: "Оо, кандай кубанычтуумун силер кыргыздар турбайсыңарбы. Кыргызстандыктар эки Президентиңерди кубалап, акыры аял Президент Роза Отунбаеваны койдуңар. Ал тышкы саясатты жакшы билген дипломат, билими, тажырыйбасы мол жетекчи катары биз аны баалайбыз"- деди.


- Клара эже, сиз 43 жыл эмгектенген, финансы кызматкери катары мамлекет башына аял Президенттин келиши менен Кыргызстан экономикалык кризистен чыгып, саясий туруктуулук болот деп ойлойсузбу?
- Борбордук Азияны мындай кой, КМШ өлкөлөрү арасында биринчи жолу аял Президент Кыргызстандан болушу, бул кыргыз мамлекетинде демократиянын жана толлеранттуулуктун бар экендигин айгинелейт.
Мен жакында эле Греция мамлекетине неберемди алып бардым эле. Ошондо, сынакты көргөнү келген адамдар бизге келип, "Сиздер Казахстандан келдиңерби"-деп сурап жатпайбы.
Жок, биз Кыргызстандан келдик - десек, бирөөсү: "Оо, кандай кубанычтуумун силер кыргыздар турбайсыңарбы. Кыргызстандыктар эки Президентиңерди кубалап, акыры аял Президент Роза Отунбаеваны койдуңар. Ал тышкы саясатты жакшы билген дипломат, билими, тажырыйбасы мол жетекчи катары биз аны баалайбыз"- деди.
Бул мен үчүн абдан кубанычтуу жаңылык болду десем жаңылышпайм. Анан мен дагы: "Ооба, Кыргыздар кылымдар бою эгемендүү, акыйкаттуу жана толлеранттуу эл болушкан. Эгерде, мамлекет башына келген Президент паракорчулукка, тууганчылыкка жол берип, бийлик жүргүзсө, кыргыз эли аны кечирбейт жана бийлик башына жолотпойт. Себеби, Кыргыз улутунан чыккан Манас баатырдын духу кыргыз элин колдойт. Ал эми, Роза Исаковнанын мамлекет башына келгендигине мен эне катарында эмес, Кыргызстандын жараны катары сыймыктанам. Себеби, ал "мамлекеттин бүтүндүгүн, элинин ынтымагын эне баласын коргогондой, мамлекетти көздүн карегиндей сактайт". Азыркы мамлекет башчыбызга кыргыз элинин ишеними чоң. Ал өлкө ичиндеги саясатты кандай билсе, тышкы саясатта дагы ошондой эле тажырыйбасы мол адам дедим.
- Клара эже, сиз мамлекеттик кызматта 43 жыл эмгектенген экенсиз. Сиздин эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааланды беле?
- Мен, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын ардак громматасы менен сыйлангам. Андан кийин Бакиевдин бийлиги өкүм сүрүп, коррупцияга белчесинен баткан карөзгөй бийлик ээлерине мендей болгон карапайым кызматкерлердин тажырыйбасы эмес, чөнтөгү калыңдардын кызыл, жашыл акчалары керек болуп калган. Мен керектүү документтеримди бир нече жолу пенсияга чыгуунун алдында андан кийин дагы өткөргөм. Бирок, натыйжа чыккан жок. 2007-жылы 1-майда мен 60 жылдык юбилейимди белгилеп, 2- майда жумушума келсем эле сен эми пенсияга чыктың, сенин ордуңду кыскартууга туура келди деген куру шылтоо менен мени кызматтан кетирип, ал мезгилде финансы министринин кызматын аркалаган Акылбек Жапаровдун бир тууган жеңеси Г.Асаналиеваны алып келип, менин ордума отургузушкан. Көрсө, эч кандай кыскартуу болгон эмес экен. Менин ордум керек болсо, "Сиздин ордуңуз керек болуп жатты эле"десе мен жакшынакай эле кызматымды бошотуп бермекмин. Мени менен Бекбаева Роза деген дагы бир аял кызматтан кеткен. Ал сот аркылуу кайра кызмат ордуна барып алды. Соттошо келгенде биздин колубузга карматкан Финансы министрлигинин баягы документтери менен кайра оңдолгон буйруктардын айрымасы болуп калган. Себеби, бизди кызматтан кетирүү максатында даярдалган Приказды биз кеткенден кийин мыйзамдаштыруу максатында оңдоо киргизген экен.
- Сиз финансы министрлигинде жалгыз ардагер белеңиз? Министр сизди кетир деген буйрук бербесе керек. Себеби, "бөрк ал десе, баш алган" биздин кээ бир кызматкерлер бар эмеспи, ошолордун колунан келген иш эмеспи?
- Балким, министр жакында эле пенсияга чыккан мени кетир деп айтпаса керек. Сен айткандай ал жерде кайсы министр келсе, жанынан чыкпай, анын оозунан сөз чыга электе "ляппай" деп, айтканын ашыгы менен аткарган Б.О.Шинтасовага окшогон кээ бир кызматкерлердин колунан келип калды көрүнөт. Министрликте бир топ жылдан бери пенсияга чыгып алып эле иштеп жүргөн, бүгүнкү күндө ошол эле Шинтасова баш болгон 35ке жакын кызматкерлер бар. Алар мени мыйзам бузуулар менен кетиргенин билип турсам дагы сотко кайрылууга абийирим жол бербеди. Себеби, балдарым жөн эле коюңузчу деп болбой коюшту. Сен сурабасаң мен деле бул өтүп кеткен ишти эч кимге айтмак эмесмин. Сөздүн кезеги келгенде айтып койдум.
- Сиз, кызматтан кетип жатканда эмгегиңизди баалап министрлик жок дегенде сыйлап дагы койгон жокпу?
- Мен жогоруда айтып кетпедимби, 60-жылдык юбилейимди өткөрүп, эртеси келсем, сыйламакты мындай кой, жылуу сөз айтпай министрдин буйругун менин колума карматып жатышпайбы. Союз мезгилинде, тууганчылык деген болгон эмес. Сенин эмгегиңди баалап, мөөнөтү келгенде сыйлыкка документтерди даярдап мекемедеги жооптуу кызматкерлер өздөрү чуркап тапшырчу эле. Бакиевдин мезгилинде кайдагы сыйлоону айтасың, бүт мамлекеттик кызматкерлер бир үй-бүлөнүн чөнтөгү үчүн иштеп жаткан маалда. Азыр акчаң жок болсо сени эч ким адам катары эсептебей калган заманга келип калганбыз.
- Документтериңизди эми деле берсеңиз болбойбу?
- Ошол сыйлыкка деп берилген документтерим Ак үйдө эле. 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин таппай деле калдым го.
- Биздин мамлекетте акыркы мезгилде кырсыктар көп болуп кетти. Эне катары Кыргызстандын элине каалооңуз?
Мен элимдин бүтүндүгүн, ынтымактуулугун каалайт элем. Анан, түндүк - түштүк деген ат жок, Кыргызстан деген мамлекет бар экендигин, анда негизги калкты кыргыз улуту түзөөрүн - ар бир кыргызстандык жүрөгүнө түйүп жүрсө, эч кандай күч бизди бөлө албайт дээр элем.
- Клара эже, өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?
- Мен Сокулук районунун кызымын. Эки дипломум бар. Финансы министрлигинде 43 жыл иштедим. Бир уул, бир кызым, эки неберем бар.
- Маегиңизге рахмат.

Нурзада Акмат









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
16-июль, 2010-ж.:
1-бет
Түштүктөгү абал Баямандын сүрү менен эле сакталып турганбы?
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
Абдылдаев Гулливердин аянычтуу саякаты
4-бет
ДВАДЦАТЬ ЛЕТ СПУСТЯ!
5-бет
Улут чындыгынын курмандыгына айлангандар
6-бет
Карыялык каада нарк калыбына келеби?
7-бет
Кайрымдуулук
8-бет
Атуул
9-бет
Коом
10-бет
Бардыгы эркектер жөнүндө...
Башында жүрөк сүйүнтүп, анан күйүнткөн эркелетүү... керекпи?..

11-бет
Илимпоздун байсалдуу жолу
12-бет
Байыркы Кыргызстандын алтындары
13-бет
Кыргыздын кыйын уулу
14-бет
Байыркы спорт
16-бет
Маанай





Яндекс.Метрика