Кыргыз гезиттер архиви

  Атуул

МЕКЕН - ТУУ!
Мекенди Туу туткандар!
Жаш-кары, уул-кыздар!
Иш издеп, арып-азып,
Турмуштан уу жуткандар!
Өз жери өгөй болуп
Өңгөнү пир туткандар!


Чогулгула!
Мекендин туусу астында.
Мекен-Туу!
Ыйык тирек!
Биримдик - биз сыйынаар!
Мекенди Туу туткандар!
Жаш-кары, уул-кыздар!
Үй-жайдан тентип-бозуп,
Кордукка ууккандар!
Сагынып эли-жерин
Ыза-ыйга бууккандар!


Чогулгула!
Мекендин туусу астында.
Мекен-Туу!
Ыйык тирек!
Биримдик - биз сыйынаар!
Мекенди Туу туткандар!
Жаш-кары, уул-кыздар!
Жашоону өзгөртөлү!
Өзгөрсүн бүт кыргыздар!
Өзгөрсүн өлкөбүз да!
Өчпөгөн улуу Рух бар!


БИРИККИЛЕ!
Манастын урпактары.
Мекен-Туу!
Ыйык тирек!
Биримдик - биз сыйынаар!
Алтынай ТЕМИРОВА




  Апрель Баатырларына таазим

Жумаев Мырзабек Үсөнович
Тилекке каршы, Жумаев Мырзабек боюнча менин колумда жетиштүү маалымат болбогондуктан, болгону "7 апрель каармандары" китебиндеги өтө кыскача, үстүртөн эле жазылган өмүр-баяндагы маалыматтан анчалык ыр саптар жаралбасы белгилүү да. Жумаев Мырзабек жөнүндө бир багыттуу анын мугалим математик болгону тууралуу эле жазылыптыр. Анын ата-энесинин ысмы, качан үйлөнгөн, жубайы ким, балдары ким, ага-тууган, жолдош-жоролору ким, мугалимдик кесиптен башка эмнеге кызыгып, бош учурунда эмне менен алектенген сыяктуу эч маалымат жок болгондуктан, Мырзабек мырзага арнап жазган ыр саптарым да, албетте, жупунураак болуп, анчейин купулга толоорлук болбоду. "Өзөктөн чыккан өрт ырлар" китебин түзүп, жазып жатабыз деп шейит кеткен улуттук Баатырлардын арбагына таазим этилип, андыктан жакындарына бирнече жолу кайрылып, эскерттик. Айрымдары, өзгөчө Таластык баатырлардын туугандары учурунда келишип, курман болгон эр-азаматтар боюнча кененирээк көп тармактуу маалыматтарды алып келип беришти. Аларга чоң ырахмат. Жакын туугандары көрсөткөн сый-урматтарына. Канчалык Баатырлар боюнча көп маалымат болсо, ошого жараша аларга арнап чыгарылган ыр саптар да жаралды. Өзгөчө, айрым шейит болгон Баатырларга, балдыздары, жеңелери, достору, тааныштары, кошуналары убакыт таап, алардын арбактарын эскерип, атайын ыр арнап жазгандары кубандырат.
Ал эми сүрөтүнөн караганда, мырзапейил Мырзабек жөнүндө, тилекке каршы, математик мугалимдиги жөнүндө эле жазылыптыр. Андай бир багыттуу эле мүнөздөмөнү ким жазганын билбейм, болгону өйдөтө келтирилген китептеги маалыматка таянсак. Андыктан улуу инсандын чыныгы бейнеси анчейин ачылбай калды. А чынында, болочокто, ар бир Кыргызстандын келечеги үчүн курман болгондор ар кимиси жөнүндө китеп жазып койууга татыктуу. Ал китептер болочоктогу муундарга, артында калган замандаштары бизге аба-суудай керек.
Мырзабек атыңа окшошуп,
Мырзадай дайым созулуп,
Мырзапейил, айкөл, акниет,
Мырза аксөөк элең компоюп.

Мырзабек Тоң жеринде төрөлүп,
Мээнеткеч үй-бүлөөдө ал өсүп.
Мектепти жакшы аяктап,
Мырзабек окуймун деп көгөрүп.

Математика факультетине тапшырып,
Математик болууну ал тандап,
Математика илимине кызыгып,
Математик болуп чыкты макталып.

Мыкты математик ал аталып,
Мырзабек дипломун колго алып,
Мугалим болуп ал кайтты,
Мырзабек Кызыл Тууга кайрылып.

Милдетин аскердик ал аткарып,
Мыкты командир болду башкарып.
Мырзабек кайтып өз айлына,
Мугалимдик кесибин улантып.

Мырзабек окутуп, макталып,
Мугалимдик кесипте такшалып.
Мырзабек келди жер которуп,
Мугалимдигин Бишкектен улантып.

Мырзабек акыркы жылдары Бишкекте,
Математика боюнча ага окутуучу катары,
Мыкты мугалим математик деп аталып,
Мырзабек улуттук университетте иштеди.

Математика, кибернетика, информатикадан,
Мырзабек окуду жогорку окуу жайлардан.
Маңкурттардын аткан огу болбосо,
Москвага барып диссертация жактамак.

Мырзабектин айылдык жердештери,
Мыкты жердешин алар урматтап,
Мугалимдер Кызыл Туу мектептин,
Мырзабектин ысмын колдоп, аташты.





Аракеев Алымбек Токтобекович
Алымбек деп сага ат коюп,
Ата-энең тилек кылышкан.
Ата Журтка тийсин деп пайдаң,
Алымбек атка ыйгарган.

Атактуу Алайкуу аймакта,
Атаң Токтобек директор Коо Чатта.
Абийирлүү болушуп айылда,
Апаң Бурмабүбү да мугалим.

Ак карлуу алыс аймактан,
Апрель айынын бешинде,
Атасы атайын аттанып,
Алымбегине келген Бишкеке.

Алымбеги ашкере активдүү,
Ата Мекен партиясынын мүчөсү.
Атасынын жүрөгү сездиби,
Айтор уулуна катуу эскертти.

Ар кандай акцияларга катышып,
Айланайын балам сен барба,
Арамы көп болот уулум саясатта,
Анчейин сабактан калып, чуркаба.

Атасынын сөзүн ал угуп,
А бирок, өзүнчө чечим чыгарды.
"Ата Журт кыйын абалда,
А мен эмнеге жатам коңулда".

Атасынын тилин ал албай,
Ал митинге жөнөдү калбай.
Атасы кооптонуп издеди,
Артынан барып табалбай.
Алайкуудан келген атасы,
Айланчыктап таппай жүгүрдү.
Аттиң ай арман, карачы,
Алымбекке ок тийип үзүлдү.

Ата-энеси зыркырап,
Азапка моюн сунушту.
Аргасыз, сыздап узатып,
Ата Бейитке сөөгүн коюшту.

Алымбектин ыр куржунунан көптөгөн ырларын берсек болмок. А бир ак, ал өзү эле учурунда талдап, китебинин атын тандап, даярдап коюптур. Аны ата-энеси чыгарууга аракет көргөндүктөн, болгону, Алымбектин ырларынан бир азын эле бердим.
Алайкуу
Улуусуң сен кымбат жерим Алайкуу,
Бийик тоодон агып түшөт далай суу.
Бадал, арча, токоюңа көз салып,
Баратамын ат үстүндө канаттуу.

Калемимди колго алдым аргасыз,
Ыр жазамын Алайкуу деп айласыз.
А мен эгер ыр жазбасам жериме,
Ыр дүйнөмдүн үйү калат каалгасыз.




Даярдаган
Мелис Арып-Бек