Кыргыз гезиттер архиви

Белгилүү адамдар эки категорияга бөлүнөт: бирин адамзаты унутууну каалабайт, экинчисин унута албайт
Владислав Гжещик

Улут чындыгынын курмандыгына айлангандар
Бийлик бар жерде ыпластык, көрө албастык, бут тосуу күчүндө. Бул үч нерсе күчкө кирип турган жерде адамдын өлүмү кумурсканын бутун кайрып алганындай эле. Бийликтин анты - кимиңер күчтүү, кимиңер мыкаачы, кимиңердин жүрөгүңөрдө катуулук, акылыңарда айлакерлик, көзүңөрдө кытмырлык көп болсо мен ошого таандыкмын! Бийлик - согуш. Ал эми согушта согуштай болот. Ким озунуп "курокту" басса жеңиш ошол тарапта.
Ооба, баштапкысын айтпайлы, Кыргыз ССРи Кыргызстанга айланган жыйырма жылдан бери, өзгөчө акыркы беш жылдыкта биринин артын бири улаган заказдык өлтүрүүлөр көбөйгөн. Алардын арасында кээ бири өз чындыгынын курмандыгы болушса, айрымдары улут чындыгынын курмандыгына айланышты. Ал эми төмөнкү саптардагы табышмактуу өлүмүнө жооп табууга ыңгайланган инсандар баары бирдейинен улут үчүн күйгөн, өз кызыкчылыгынан улутунун кызыкчылыгын жогору коюп, улутчулдугунун айынан бийликтин кара тизмесине түшүп, "сыйлыкка" өлүм алгандар...

Адамзаттын тарых тажрыйбалары эл алдында жүргөн белгилүү адамдар көбүнесе "тиги дүйнөгө" толук ачылбаган жана түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон кырдаалда узаарына күбөлүккө өтүп келатат. Мындан бир мыйзамченем көрүнүш байкалат: адам өз өмүрүндө канчалык белгилүүлүккө жетише баштаса (өзгөчө көк жал болсо, же колунда көп карта турса) ошончолук анын өлүмү белгисиз себептерге көбүрөөк ыктайт. Андан дагы жөнөкөй өлүмгө караганда атайын жасалган өлүмдө Кудайдын буйругуна шылтаган актануу көбүрөөк кездешет. Капыстан өлүм чындап эле кол салуу аркылуу болгону билинип калса дагы, өлтүргөн же заказ берген адамдын жазадан сырт калып кетиши белгисиздикти ансайын бекемдейт.
Негизи адам өлүмүн жеке мүнөзү, жашоо образы, коомдогу орду аркылуу "издейт" экен. Биздин коом жашоочуларына ушундай бир ой тартуу этти: адамдын бийлик тепкичтерине улам бийик көтөрүлгөнү (эгер ал чындык менен мамилелеш болсо андан бетер) өз өлүмүнө жакындап баратканы. Тарых барактарында калган Всея Руси Иван IV жана АКШнын президенти Жон Кеннединин, Совет бийлигинин көптөгөн жетекчилеринин, биринчи кезекте - Ленин менен Сталиндин, ал эмес биздин өлкөнүн бийлик менен таасирдүүлүктүн тепкичин багындыра баштаган бир далай атуулдарынын тагдыры буга далил.
Тарыхта сыр толтура, аларды энциклопедиянын кургак макаласы катары карабаш керек. Табышмактын жандырмагы бул дүйнөдөн бийликтин, чындыктын курмандыгына айланып өтүп кете беришкен улутчул инсандардын улутунун жүрөгүндө түбөлүк дастан болуп ырдалып калуусун шарттайт. Азыркы учурда улут чындыгы эмес, өз чындыгынын таламын талашып, урунуп - беринип жүргөндөр толтура. Ошолорду бийликке сөз ыргытса эле оппозиция деп атып адашып да алдык. Кана, бүгүнкү күндүн эр жүрөктөрүнүн арасында барбы Ибраимову, барбы Исанову, неге көрүнбөйт Осмонову, кайда жүрөт Эркинбаеви?!.. Ал эмес акыркы Садырбаевибизден ажырап калганыбызга эки жылдын жүзү болду... Революция алар тирүү кезде болуп, же азыр алар тирүү болгондо кимге ишенип, кимиси баштаган жолго басаарын билбей, калпып чыгаар каймак табалбай карайлаган кыргыздын бешенесинен жылдыз жанат беле? Улутка эмес, уулуна күйгөндөр улутка жүрөктөш улутчулдардын түбүнө жетишти да, минтип жалаң өз чындыгын бербеген, өз чындыгы үчүн жашаган инсан болмуштарды калтырышты... Бийликчилерге өз чындыгынын таламын талашкандарга караганда улут чындыгын туу туткандар коркунучтуу. Анткени жеке адамга таандык чындык ал адамдын каалоосуна ылайык өзгөрүшү мүмкүн, ал эми улут чындыгы түбөлүктүү нерсе. Аны эч ким, эч качан өзгөртө албайт!..
... Эмесе, өзү кетсе да элеси эл эсинен кетпей, сөз болгон сайын өмүрүн, жашоосун, үй - бүлөсүн саймедиреп айтып келип, өлүмүнө кезек жеткенде белгисиздик чөктүрүп жиберчүдөй болгон улутчул инсандарыбыздын белгисиз өлүмүнө саресеп салууга аракет кылалы...

Султан Ибраимов - 1980 - жылдын 4- декабрында Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов Ысык - Көлдөгү мамлекеттик резиденцияда жүргөн жеринен снайпердик түз мээленген ок менен жарыкчылыкты артка таштаган. Ок атуу болгондо да төраганын жубайы Рева Телтаева менен кичинекей небереси Айбектин көз алдында болуп өткөн. Ибраимов ошол кезде улутуна жаны ачыган, көкүрөгүндөгү оюн тайманбай сыртка чыгарган адам катары СССРдин жетекчилерине коркунуч туудура баштаган. Ал кезге улутчулдар таптакыр керек эмес эле... Бул өлүмдү ал кездеги СССРди бийлеп тургандар "шизофрениядан" запкы тарткан "адашкан маньяктын" кылганы деп түшүндүрүшкөн. Акыл - эси кем "маньяктын" чымындын дыңылдаганынан бери теске алып, тартипти муштумга бурдап кармап турган СССР аттуу державанын мамлекеттик резиденциясында жашап аткан төрагасына кандайча кептелгенин түшүндүрүүгө эч ким аракеттенген да эмес. Акыл - эси кем адам бир мээлөө менен адамды мүрт кетире алабы, аны да эч ким эске алган жок.
Насирдин Исанов - Ибраимовдон айырмаланып, Кыргыз ССРинин Кыргызстан мамлекети болгонун көрүп, өз улутташынын, ал турмак нечен жыл бир дасторкондон даам татып, киришип - чыгышкан кошуна жашаган адамынын колунан өлүм алды. Адамдын көзүн тик караган, көкүрөгүндөгү чындыгы курч кыргыз жигити кыргыздын байлыгын коргойм деп атып өзүн коргоого алалган жок. Маркумдун жубайы Бузунай Исанованын бир кезде "Агым" гезитине берген маегинде мындайча айтылган: "Көп адамдар мага "эч кандай машиналардын сүзүшүүсү болгон эмес, Насирдинди муунтуп өлтүрүшкөн соң калганын даярдалган сценарийдин негизинде жасашты", деп айтышты. Бул версияны жокко чыгара албайм. Анткени мен билген нерселер айтылган сөздөргө дал келет.
... Жерге берип аткан учурда Насирдиндин моюнуна кулагына чейин кеткен кара так түшүп калганын байкадым. "Эмне кылгансыңар?!" деп кыйкырдым эле дароо аялдар мени ары алып кетишти. Качан денесин сыртка алып чыга башташканда баягы так жоголуп калыптыр. Дагы эмне дей алат элем?.." Ал кезде бир гана маркумдун жесири эмес, жалпы эл, калың калайык дагы эмне дээрин билбей калышкан...
Бекмамат Осмонов - 1996 - жылы бу кишинин күтүүсүз каза тапканын укканда ыйлабаган аялзаты, кейибеген кыргыз калбай, калың эл бир солк этип алгандай болгон. Кыргыз оппозициясынын көчүн баштап, Акаевдин бийлигине катуу сынды биринчилерден болуп айтуудан жалтанбаган инсандын жүрөгүнө жасалган операция ийгиликтүү аяктабай калды... Операцияны республикага жеңил колу менен таанымал болгон хирург жасаган. Эл арасында бул өлүмгө Акаевдин эмес, Майрам Акаеванын тиешеси бар деген каңшаар жүрөт. Оор басырыктуу, ким менен болбосун сылык учурашкан кичи пейил, жөнөкөй мүнөздүү жетекчи бийликтегилер менен да башкаларчылап "сылык" мамиледе болуп, кезеги келгенде көздү жуумп, кезеги кеткенде кайра ачып, Аскар Акаевдин эмес, Майрам Акаеванын колтугуна кирип жүрө бергенде балким операциядан аман - эсен чыга келет беле... Бул жерде да кандайдыр бир көлөкө түшүп турган жокпу?...
Баяман Эркинбаев - Ооба, бул адам криминалдын чордонунда жүргөн. Криминалистпи, криминалист эмеспи, бизге башкысы адамдын улут үчүн күйгөн, улутчулдукка сугарылган жүрөгү керек. Улутчул улутуна жагат, а бирок улуттун бийлик ээлерине жакпайт экен. Анткени, улутчул адам улутуна каршы турган ар кандай махинацияга жол бербейт. Жол бербөө үчүн кимдир бирөөнүн жолун кесип өтүшү керек. Ал эми жол кесип өтүү дегендик өзүнө өлүм чакырганы. Баяман Эркинбаев каза тапкан жылдары түштүктүк кыргыздар калкалаган тоосу урагандай, эки тараптан урган катуу бороонго кабылгандай бир буюгушту эле. Тажикстан менен чектешкен райондор Баямандын сүрү менен гана бир калыпта кармалып турганы өлүмүнөн кийинки эле ай тастыктап койгон. Эркинбаевдин өлүмү тууралуу эл арасында миңдеген версиялар бар. Алардын баарын аралаштырып, калпып, элеп, чындыкка жакындатууга кийинки сандан аракет кылабыз.
Дооронбек Садырбаев - ийгиликтүү тартылган бир канча кыргыз фильмдеринин режиссеру, бир нече макалалардын автору болгон чыгармачыл адамдын саясатка кандайча өткөнүн өзү тургай эл деле баамдабай калышты окшойт. Кара сөз чыгармага жан киргизип экрандаштырган режиссер саясаттагы бир катар былык иштерди да ачык айтып чыгып, элдин акылын экрандаштырууга бир катар салымын кошкону калп эмес.
... 2008 - жылдын 28 - майында Чүй областтык ооруканасында Жогорку Кеңештин депутаты болуп жүргөн кезинде каза тапты... Акыркы убактарда Садырбаевдин ден соолугу начарлап, боордун кургоосу жана жүрөк оорусу менен жабыркап жүргөн дешти. Врачтар болсо "түнү бою колубуздан келген жардамдын баарын көрсөттүк, бирок сактап кала албадык", дешип колду жайышты...
"Кыргызстанды эки акционердик коомго эле айлантып коелу: Акаев АК жана Бакиев АК ", деп айткан кинорежиссер депутаттын сессияда өзүн унута, алдыга жүткүнүп, жүрөктөн чыккан сөздөрүн күйүп - бышып айткан элеси гана сакталып калды... Бирок, өлүмдү канчалык Кудай жиберген ажалдай көрсөтүүгө аракеттенишкени менен "шибегени капка катып болобу"? Чындыкты айткан адамдар капыстан эле автокырсыкка, жүрөк оорусуна кабыла бериши кандайдыр бир кара иштен кабар берип турган жокпу?


Сөз ушуну менен бүткөн жок, бул инсандардын ар биринин өзүнчө жашоосуна, мүнөзүнө, иш - аракетине, кимдин жолун кесип өткөнүнө, кайсы кылыгы өзүнө "өлүм" өкүмүн чыгарганына жана табышмакка айланган өлүмүнүн жандырмагын тапканга аракеттенген кеңири макалаларды сандан санга берип турабыз.
Эгерде маркумдарды жакындан билген, же кайсы бир жерде кайчы өтүшүп, алардын адамдык деңгээлине, бийиктигине, чындык үчүн чыркыраган сапатына күбө болуп калгандар, же бул инсандын өлүмүнө менин да мындай версиям бар дегендер болсо биз менен байланышыңыздар. Чогулуп, белгисиздиктен белгилүүлөрдүн тагдырын изилдеп көрөлү.

Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА