Кыргыз гезиттери



Абдылдаев Гулливердин аянычтуу саякаты
Референдум өтүп, партиялык шайлоо болору айкындалган соң Кыргызстанда мен деген саясатчылардын базары башталды. Кыязы, саясатчыларбызда партиялык идея, көз караш дегенге караганда "кандай базар, кандай партия болсо да баары бир, эптеп парламентке илиниш керек" деген позиция басымдуулук кылат экен, баары эле "кайсы партия идеялык көз карашыма туура келет" дебей эле, "кайсыл партия кандай кызыкчылыгыма туура келет" деген ой менен базарда дарбыз тандагандай эле партия тандай баштады. Айрымдары андай "дарбыздарды" тапатандан эле түзө калып, күздө түшүмүн алууга камданышууда. Албетте, партия деген дарбыз үч айда эле быша кала турган жашылча эмес. Ал айлап-жылдап калыптанат. Аны алиги партиячылдар деле түшүнүп турушат. Бирок, алар "керемет сыйкыр менен 3 айда дарбыз бышырам" деп элди алдаганы менен аныгында ушундай пиар жүргүзүп, атын чыгарып алып, анан калыптанып калган партияларга соодалашып туруп кошулуп кетүүнү көздөп жатышканы ачык эле көрүнүп турат. Ал эми мындай каратып туруп шылуундук жасоого табияты жана курагы жол бербегендер жаңы партия түзгөндөн уялып, кайсыл партияга кирсем деп турушкан кези. Ушундайлардын бири - бизге белгилүү Мыктыбек Абдылдаев. Бул кишинин өзүнө жетерлик аброю бар. Бирок, өтө эле "скромныйлыгынан" жана, ашкере сактыгынан өз аброюн татыктуу колдоно албай келет. Ошол адатына салып Бакиевдин учурунда былк этпей келсе, Бакиев кеткен 7- апрелден кийин деле "мени качан эстешет" дегенсип сактанып жүрө берди. Сагызган сактыгынан өлбөй суктуганан өлсө, биздин учурда сагызгандар суктугунан өлбөй сактыгынан өлөрүн акыры генерал түшүндү окшойт, сактыкка эмес, суктукка көңүл бура баштагандай. Адегенде "Мекен Туудан" үмүт кылып жүргөн дешет. Бирок, Барыктабасов, "ана келет, мына келет" болуп кечиккенинен банкир эмеспи, башкасы жок болсо да, акчасы бардыр дегендей Ш.Садыбакасованын "Элим менен элим үчүн" партиясынын эшигин кагыптыр. "Ак жолдон" өз партиясына өтүү реаблитациясынан кыйналып турган Шарипа эжебиз эшик каккан генералга "үй ээси кайра көчүп келе элек" деп улагадан узаткан окшойт. Анан эле Аликбек Жекшенкуловдун "Акыйкат" партиясынын арааны жүрө баштаганынан биздин саякатчы генерал "дарбызды" "Акыйкат" партиясынан издеп жөнөйт. Эмнегедир ал жактагылар да "сиз жей турган дарбыз бул жакта жок" дегендей. Аликбек агабыз мындай абройлуу генералдан кынтык таппаш керек эле, бирок, тапканына караганда ал кынтыкты Мыктыбек Абдылдаевдин өзүнөн эмес, анын кудасы Азимбек Бекназаровдон көрсө керек. Куда деген да ошентип кууратып коймою да бар. Дарбыз тандайм деп эшик сүзө берип ызаланган генерал анан "мына сага" деп дүңүрөйгөн бир кара эшикти сүзгөн экен, элдин баары "бу сагызгандан сак, кудайы момун генералга жин тийгенби" деп ооздорун ачып туру. Элди таң калтырган ал кара эшик кайсыл дебейсизби? - Ал кечээ эле Үсөн Сыдыков деген картаң чал капкара кылып боёп кеткен "Жаңы Кыргызстан" партиясы.
Ка -а-п, кайран генерал, чекеңиз ойда томуйса керек, аа?




Корбашы колго түшсө, басмачы кайда качмак
Мындан эки ай мурун Бектур Асанов Үсөн Сыдыков менен телефон сүйлөшүүсүндө "500 автоматчаным бар, Акмат келсе, баччагын чыгарам" деди эле. Бул сөзгө убагында маани бербегенибиз менен мындай сөз кулакка өөн учураган. "Бектур Асанов 500 автоматчан менен жүргүдөй боевик болуп кеткенби" деп таң калганбыз. Көрсө, бул жаңылык эмес экен. Бакиевдер курал-жаракты атайын даярдалган көзгө атарларга эле эмес, Тейит айылынын темтеңдеп баскан кемпир-чалына чейин таратканы түштүк Кыргызстан өзүнчө эле куралчандар тобунун аймагына айланып кеткен дешет. Азыр Түштүк Кыргызстанда байларынан баштап, бийлерине чейин өз-өзүнчө куралчан адамдары бар талаа командирлеринен туруп калыптыр. Дал ошол үчүн Убактылуу өкмөт Мелис Мырзакматовго окшогон кечээ эле Бакиевдерди айга күнгө теңеген чиновниктерди кызматтан ала албай жүрүшөт окшойт. Бакиевдерге тиешеси жок Бектур Асановдо эле беш жүз автоматчан киши болсо, Мелис Мырзакматовго окшогон "талаа командиринде" беш миң автоматчан болсо керек. Андай болсо, Кадыржан Батыровдо он миң автоматчан, Иномжан Абрасуловдо 5 миң автоматчан болушу толук мүмкүн. Демек, булар урушка чейин эле талаа командирлеринен турган топторго айланып калган экен да. Анан автоматчан боевиктер жүргөн жерде согуш болбой койчу беле? Андыктан Убактылуу Өкмөт талаада дыйкандардан курал-жарак издегенден мурун талаа командирлеринин өзүн кармаш керек го. Корбашы колго түшсө, басмачы кайда качып кутулмак эле?




Максимдин корейлери менен Убактылуу Өкмөт келишип алышып...
Максим Бакиев Кыргызстанды чеңгелдеп турган учурда мамлекеттин болгон байлыгын еврейлерге башкартып, корейлерге каттырып койгону көп өтпөй ачыкка чыкты. Мындай ачыктыкты көтөрө албаган "Вечерний Бишкектин" Кими баштаган качпай калгандар "Кыргызстанда еврейлер менен корейлерге каршы чабуул башталды" деп өпкөлөп калышты. Акчаны башкарган Гуревич, Надель, Елисеев баштаган еврейлери Максим менен кошо качып кетишти. Аларды улай эле акчаны каттырган корейлер да качып кетишип, алардын банктагы ячейкаларындагы акчаларга Убактылуу Өкмөт ээ болуп калды. Акча каткыч корейлер убакыт өтүп, Убактылуу Өкмөттүн алсыздыгын билген соң, кайрадан акчаларын кайтарып алуу үчүн каркырадай кайтып келүүгө камданып жатышат дейт. Азырынча өздөрү келгенден коркуп, Кыргызстандагы туугандарын "шпиондукка" коюп, алар аркылуу маалымат алып турушат экен. Ошондой корейлердин бири ячейкасында бир топ миллион катылган Максимдин кошелёгу Ульяна Пактын эжеси учурда Кыргызстанда калып, соттук ишмердигин жүргүзүүдө дейт. Мындай "шпиондукка" ыңгайлуу адамдарды сот түгүл көчө шыпыргыч кылып иштетүү да опурталдуу экенин Убактылуу Өкмөт түшүнө элекпи? Же Пактын эжесин кызматка коюу менен Пакка да, Убактылуу Өкмөткө да өз ара пайдалуу жең ичинен соодалашууга барышканбы?


Төгүлгөн кандан акча жасалабы?
Саякатчы генерал антип жапа чегип жүрсө, ага зыяны тийген кудасы Азимбек Бекназаров дипломат көтөрүп алып, "Ош-Бишкек жолунда, айдаганым Мерседес" болуп ары-бери саякаттап жүрөт дешет. Дипломат деген таттуу оокат экенин Азикебиз бүгүн эле эмес, тээ мындан 5 жыл мурун эле түшүнгөн. Жайсаңбаев, Пак деген миллионерлер сыйкырдуу дипломаттарды көрсөткөн экен, өмүрүндө андай акчаны көрбөгөн Азикебиз дипломатты ачып туруп: " оо, шумдук, мындай акчаны кинодон эле көрөм десем, турмушта да болот турбайбы" деп тамшанып жиберип, эси ооп калган экен. Эсине келсе, Жайсаңбаеви качан эле жайына кетип калыптыр. Ошондон кийин дипломат көрсө, артынан издечү болуптур. Мунусу Бакиевдерге жакпай калып, "дипломат жалаң гана Бакиевдер үчүн" деп Азикебизди кууп жиберген дешет. Ошол бойдон кайран дипломаттар түшүнө кирип жүрүп, жакында эле, ал дипломаттар кайрадан пайда боло баштаптыр. Барынан жаманы бул дипломаттар аяй турган эч нерсеси жок Жайсаңбаевге окшогон арамдардан чогулган арам акча эмес, мамлекеттин коопсуздугу үчүн деп бөлүнгөн элдин ырыскысы дешет. Мындай дипломаттар мамлекеттин коопсуздугун мойнуна алган "Азике жана компанияга" мындайча келет имиш.
"Азике жана компания": "Алайда эл көтөрүлүп атат, Ош, Жалал-Абад коогалаңы Алайга көчкөн атат" деп Роза эжебизди коркутушат. Алайда чын эле биртике эл чогулат, анан коркуп кеткен Роза эжебиз "кокуй, мынабу дипломатты алгыла да, тынчыткыла" деп бере салат. "А жана компания" ал акчаны бөлүп алат да, алиги алайлыктарды таратышат. Эртеси "Сузакта аялдар жол тосуп атат" дешет алигилер. Сузак дегенде муздак суу куюп жибергендей болгон Роза эже дагы: "кокуй, бул дипломатты алгыла да, тынчыткыла" - дейт жүрөгү оозуна кептелип. Тигилер дипломатты бөлүп алышат да, аялдарды таратышат. Анан Кара-Сууда эл чогулат: "балабызды УКК камап салды, бошотушсун" деп митинг кылышып, анан Базар-Коргондо… Ошентип эл чогула берет, тарай берет, "А и компанияга" дипломаттар келе берет. Мындай кабарды бизге жеткиргендерди Азикебиз "калп, чагым, жомок, миф" деп актанышы мүмкүн. Бирок, бул жомок негедир логикалуу жана чындыкка өтө эле жакын болууда. Эмнеси болсо да Роза Исаковна "ме" деп эле дипломат бере бербей, Азикебиздин "дипломат оорусу" бар экенин текшертип, мамлекттик кызмат өтө жооптуу экенин түшүнүп, ар кандай оорулары барларды дарылатып, айыкпаса: "айыкпайсың, сен раксың" деп бетине эле түз айтса. Эркелеше турган убак өттү. Кан төгүлүп адамдар бейкүнөө тигил дүйнөгө кетип жатканда, кандан акча жасагандар тигил дүйнөдө эмес, бул дүйнөдө жазаланыш керек.


Адилет ӨМҮРКУЛОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
16-июль, 2010-ж.:
1-бет
Түштүктөгү абал Баямандын сүрү менен эле сакталып турганбы?
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
Абдылдаев Гулливердин аянычтуу саякаты
4-бет
ДВАДЦАТЬ ЛЕТ СПУСТЯ!
5-бет
Улут чындыгынын курмандыгына айлангандар
6-бет
Карыялык каада нарк калыбына келеби?
7-бет
Кайрымдуулук
8-бет
Атуул
9-бет
Коом
10-бет
Бардыгы эркектер жөнүндө...
Башында жүрөк сүйүнтүп, анан күйүнткөн эркелетүү... керекпи?..

11-бет
Илимпоздун байсалдуу жолу
12-бет
Байыркы Кыргызстандын алтындары
13-бет
Кыргыздын кыйын уулу
14-бет
Байыркы спорт
16-бет
Маанай





Яндекс.Метрика