Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
"Түштүк талаа командирлеринин өлкөсүнө айланып баратат"
Бул тууралуу "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Бишкекте бир катар партиялар, коомдук уюмдар өткөргөн бийликке алдыдагы жүз күндө жасалуучу негизги иштер тууралуу өткөргөн тегерек үстөл жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын түштүк аймагы көзөмөлдөн чыгып, талаа командирлеринин өлкөсүнө айланып калды.
"Республиканын түштүгү кыйрап, бийлик жок. Ал жерде жарандык коомдун өкүлдөрү укук коргоо органдарынан коркуп турган чакта, саясий төбөлдөр биргелешип жарандык коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун ордуна, партияларына парламенттен орун бөлүштүрүп отурушат",-деди Ч.Жакупова.
Ал өз сөзүндө өлкөдө жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу турганын айтып, жыйынга катышып отургандарды шайлоо, папке талашуу оюндарына берилбөөгө, мамлекетти сактап калууга чакырды.

Жалал-Абад шаарынан жарандар көчүп кетүүдө

Шаардын мэри Максат Жээнбеков кыска убакыт аралыгында Жалал-Абад шаарынан 125 киши Бишкек, Казакстан, Россияга кетүү үчүн паспорт каттамынан чыкканын билдирди. Анын айтымында, эл арасында айтылган ар түрдүү чагым сөздөр аныкталган жок, шаарда кырдаал тынч. Өткөн айлардагы тополоңдордо облус борборунда 192 жеке менчик үй-жай жана мамлекеттик имараттар өрттөлгөн. Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын өкүлдөрү жабыр тарткан үйлөрдүн 15-40-50 пайызга дейре өрттөнгөнүн ырастоодо. Турак-жайы талкаланган жарандардын 15 пайызы жер берилсе, башка жакка көчүүгө макул. Пайдубалы курулган бойдон бүтпөй калган беш үйдүн курулушун улантуу маселеси каралууда. Баш аламандыктар башталганга чейин шаар мэриясына турак-жай курууга жер сурап, 3792 адам катталган. Эс алууга Ысык-Көлгө жана Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасындагы лагерге жөнөтүлгөн балдардын тең жарымынын чыгымын өкмөт менен Жалал-Абад шаар мэриясы каржылады.


Кыргызстандыктар эл аралык олимпиадага катышат

Биология, химия жана физика сабактары боюнча эл аралык олимпиадага Кыргызстандан 13 окуучу катышат. Бул маалыматты "Азаттыкка" Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Албина Дүйшөмбиева кабарлаган. Маалыматка ылайык олимпиада үч өлкөдө, биология сабагы боюнча Түштүк Кореяда, химия - Жапонияда жана физика - Хорватия өлкөлөрүндө өтмөкчү. Ага карап окуучулар үч топко бөлүнүп, мугалимдердин коштоосунда барышмакчы. Олимпиада 11-июлдан 25-июлга чейин болот.


"Республика":
"Элге энергияны арзан берип, ал эми экспортту көтөрөлү..."

Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кудайга шүгүр. Адистердин айтымында, суунун молдугу быйылкы жылы Кыргызстандыктарды электр кубаты менен камсыз кылууда көйгөй жаратпайт экен. Анткен менен, тарифтер, коммерциялык жана техникалык жоготуулар дагы деле орчундуу маселелерден болуп калууда. Өткөн жылдары калктын кыжырын кайнаткан нерсе - дал ушул электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүп кеткендиги экендиги баарынын эсинде... Тариф демекчи, кыргызстандын саясат айдыңында көп кызыгууларды жаратып жаткан, Өмүрбек Бабанов жетектеген "Республика" партиясы, жөнөкөй калк үчүн акыны өздүк нарктын деңгээлине чейин төмөндөтүп, ал эми экспортко кете турган энергияны дүйнөлүк баада сатууну сунуш кылышууда. "Ошонун эсебинен ички жана тышкы рыноктордогу айырмачылыкты жапса болот. Биз сунуштап жаткан механизмдер электр энергиясы жана газ тармагындагы жоготууларды 3 жана 4 эсеге төмөндөтүүгө жардам берет",-дешет "Республикачылар".


Эс алуу баасы арзандады

Ысык-Көл райондук салык башчысы Нурмат Шамбетов учурда пансионаттарга 12% гана эс алуучу келгенин маалымдап, мындай тенденция салыктын да 3 эсеге аз чогулушун шарттайт дейт. Жеке секторду кошпогондо жайдын башталышы менен 6 миңдей эс алуучу катталды. 6 эс алуу жайы быйылкы сезонго иштөөдөн баш тартты. Жеке секторлор 5% да толо элек. Эс алуучулардын дээрлиги ишемби, жекшемби күндөрү гана Кыргызстандын аймагынан келип атат. Ошондуктан айрым пансионаттар төлөм акыларын 50% арзандатты.Тамчы аймагында пансионаттар 20 долларга, жеке сектор 500 сомго , Чолпон-Атада 8-10долларга, Корумду жак 25 долларга арзандады. Бирок Бишкек - Чолпон-Ата жол акысы 500-600сомго чыкты.
Туристтерди көлгө тартуу үчүн 16-июль күнү Чолпон-Атада "Кадыр түн" эл аралык фестивалы башталат.

М.Конгантиев Кыргызстанга кайтып келди

Кыргызстандын мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бир апта мурда Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын адвокаты Рыспек Нагаев билдирет. Буга чейин М.Конгантиев Россиянын Москва шаарында дарыланып жаткан. Эске салсак, ал ушул жылдын 6-апрелинде Талас шаарында болгон массалык толоңдо башынан оор жаракат алган деп жазат "zpress" маалымат агенттиги.


Өкмөттүн жаңы курамы дайындалды

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн башчысы Роза Отунбаева УӨнүн жыйынында "техникалык өкмөттүн" жаңы мүчөлөрүн тааныштырды. Анын курамына мурда да бийликтин башкаруу курамында иштеген бир катар адамдардын келиши менен коомчулукта бир топ талкуу, бүдөмүк ойлорду жаратты. Бирок, өзү айтып тургандай "техникалык өкмөттүн" курамына мурда бул кызматтар менен тааныштыгы бар адамдарды алып келүү учурдун талабы экенин президенттик администрациянын жетекчиси Эмил Каптагаев баса белгиледи.
Жаңы Өкмөттүн курамына булар кирди:
КРнын биринчи вице-премьер-министри -
Амангелди Муралиев ;
КРнын вице-премьер-министри - Жантөрө Сатыбалдиев ;
КРнын вице-премьер-министри - Александр Костюк ;
КР социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри -
Өктөмхан Абдуллаева ;
КРнын Тышкы иштер министри - Руслан Казакбаев ;
КРнын Адилет министри - Аида Салянова ;
КРнын Ички иштер министри - Кубатбек Байболов ;
КРнын өзгөчө кырдаалдар министри - Дүйшөнкул Чотонов ;
Мамлекеттик мүлк министри - Шералы Абдылдаев ;
Энергетика министри - Осмон Артыкбаев ;
Айыл чарба министри - Маматшарип Турдукулов ;
Жаратылыш ресурстары министри - Кайрат Жумалиев ;
Саламаттыкты сактоо министри - Сабиржан Абдикаримов ;
Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри -
Айгүл Рыскулова ;
Каржы министри - Чоробек Имашев ;
Маалымат жана маданият министри - Садык Шер-Нияз ;
Жаштар иши боюнча министри - Алиясбек Алымкулов ;
КРнын транспорт жана коммуникация министри -
Эркин Исаков ;
Экономикалык жөнгө салуу министри - Эмил Уметалиев ;
Билим берүү жана илим министри - Канат Садыков ;
Суу чарбасы жана мелиорация мамлекеттик комитетинин башчысы Баратали Кошматов .
Р.Отунбаева Коргоо министрин дайындоо И.Исаковдун кыска мөөнөттүү эс алуудан кайтып келиши менен ишке ашаарын белгиледи. Бул тууралуу КРнын Убактылуу өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Рухпресс"





Тазалануу

2005-жылы Акаевдин, 2010-жылы апрелде Бакиевдин заманы бүттү деп элибиз зор үмүт кылды эле.
Ошол эки качкын президенттерибиз менен кошо алар бизге алып келген жамандыктардын баары айкөл кыргыз элинен куттуу жерибизден кошо качты го дедик эле.
Андай болбоду. Байыркы элибиздин басып өткөн тарыхына, каада-салтына, маданиятына көз жүгүртсөк, жаманчылыктан, кырсыктан сырткары болуп жолу ачык болуш үчүн элибиз ар түркүн иш чараларды (түлөө берүү, арча күйгүзүп үйдү тазалоо, мал союп элдин батасын алуу) өткөзүшүп жаманчылыктан арылууга умтулушуп келишкен. Андай каада-салттар күнүмдүк жашоодо баарыбыз үчүн көнүмүш адатка эле айланып калган. Бирок ал кадимки тиричиликтеги жакшылык үчүн болгон аракеттер, биздин коомчулуктагы жат көрүнүштөргө анча таасирин тийгизбей келет. Бүгүнкү күндүн эң орчундуу маселеси убагында И.Раззаков айткандай "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот" -деген учкай сөзүнүн терең маанисинде окшойт. Ооба 20-жыл ичинде Кыргызстанда 3-жолу бийлик алмашты. Масалиевдин кетиши менен кошо коммунистик бийлик менен кош айтыштык. Акаевдин качышы менен Кыргызстан элдик кыймылынын (КЭК), элдин аркасы менен К. Бакиев бийликке келди эле.
Ал эми Бакиевдин бийлиги жүзгө жакын эр-азаматтарыбыздын башын жутуп миңдеген атуулдарыбызды жарадар кылып, өлкөдөн качып кетишти.
А бирок биз ошол өткөн окуялардан туура тыянак чыгара алдыкпы? Туура саясий баа берип, экинчи ошол окуя кайталанбагандай чара көрдүкпү?
Менин жеке көз карашымда, биз саясий баа берген күндө да, ошол коомубузду жакырчылыкка алып келген, мамлекетти саясий, экономикалык, социалдык кризиске такаган себептерин жок кылууга эч кандай чара көрбөй эле келе жатканыбыз өтө өкүнүчтүү. Ошондуктан көп сыноону башынан өткөрүп келе жаткан элибиздин тилеген тилеги, "коомубуз таза болсо экен, дагы эле карапайым, айкөл, көтөрүмдүү элибиздин канын соргон митедей болгон шылуундардан кутулсак экен" -деп эртеңки күндү кооптонуу менен күтүшүүдө.
Бирок "алма быш, оозума түш" -деп отура бергенде эч нерсе өзгөрбөйт экендигин жакшы эле көрдүк го. 7-апрелде шейит кеткен азаматтарыбыздын каны жана андан кийинки түштүктөгү кандуу окуянын курмандарынын арбагы бизге эртеңки күндүн келечегине кайдыгер кароого жол бербейт. Өз өлкөбүздө өзүбүз кор болуп өз жерибизде өзүбүз кул болуп жүрө беришти кааласак, анда бүгүнкү "жаңы" бийликке дагы, жакында өтө турган шайлоо аркылуу болочок парламентке дагы биздин башыбыздан өткөн кайгылуу жашообуздун каармандары кайрадан бийликке келип, бизди артка тартып, өлкөбүздүн, элибиздин кашыктап чогулткан ырыскысын чөмүчтөп чачышын күтүп отура берели.
Менимче, акыл эси ордунда болгон бир дагы мекендешибиз андай кордукту көргүсү келбесе керек.
Демек саясий шылуундардын колундагы оюнчукка же куралына айланбаш үчүн, мекенчил атуулдарыбыз "Тазалануу" коомун колдоп элине чыккынчылык кылган, мамлекеттин кызыкчылыгына оңбогондой зыян келтирген жана мындан ары да зыян алып келүүгө жөндөмдүү "эргулдарды" ооздуктап, аттарын атап, элибиздин көзүн ачалы. Тагдырыбызды алардын эксперимент кылуусуна бөгөт коёлук деген атуулдарыбызды өз катарыбызга чакырабыз. Биз бул өтө маанилүү иш аракетибизди бүгүн баштасак эртең кеч болуп калат. Ар бирибиз үчүн тазалануу мезгили келди.
Ишибизди кандай жобонун негизинде, кандай шартта алып баруу керек экендиги жөнүндө дагы кеңири кеңешебиз деген ишенимдемин.
Жыпар Жекшеев