Кыргыз гезиттери



Кыргыздын кыйын уулу
Башында Рыспайдын уулу Сатыгулду байдын баласы деп, ага көп ишене бербей кара жумушка салат. Кийин Сагыгул Сыдык акемдин кызы Сагынбүгө үйлөнүп, күйөө бала болсо да колуна күрөк, кетмен алып "Чупра", "БЧК" каналдарын казып жүрдү. Ал өзүнүн жакшы эмгеги менен көрүнүп, адегенде учётчик, анан кой фермага башчы болуп, жакшы иштеп, эмгеги колхозго, элине сиңген жакшы киши болот. Асанбай курдашыбыз ар дайым айта жүрчү сөзүн кайталап "Кеңеш" чыкпаганда, колхоз курула электе Ысак экөөбүз жалданып айдабаган жер, чаппаган чөп калдыбы? Биз анда мал курап байыйлы деппизби, баары кара курсактын айынан!.. Кара курсак үчүн кул болгон гана бир жан элек да.
Мына, Кочкорбай уулу адеп башкарган "Кеңеш" колхозу. Башкарма деген эле аты болбосо анын баягысы-баягы. Жамбашын жерге койбой талаада. Түнкүсүн таң аткыча мени менен сугат сугарат. Канча гектар жерди бир түндө көлкүтүп салчу элек. Экөөбүздүн жармабыз баягындай эле менин чаначымда... Ат үстүндөгң канжыгасынан күрөгү түшчү эмес. Күзүндө болсо орогу... Жумушту көргөндө деле токтоно алчу эмес. Битибизден бир өстүк, өнүктүк, убагында анын уктаганын, үйүнөн тамак ичкенин деле көргөн жан эмесмин. Ал талаанын үстүнөн чогулушка чакырылчу. Чогулуш алыс, Токмокто өтөт. Чогулуштан түн ортосунда чыкса уйкуну унутуп, үйдү, тамакты эстебей кайра талаага, жумушка шаша жетчү. Мен муну айтканым аны мактаганым эмес, курулай мактагандарды, кур макталгандарды көрүп жүрөбүз го, алар айтылган жерде калат. Ысактын кеженей кыялы ошол эле. Жаны тынч кишилерди жалаңкычтай көрчү. Аны менен бирге иштегендер көп убакытка чыдай алышпай күңкүлдөй кетишчү:
"Ой бир оңбогон киши! Коммунизимди өзү кура тургансып!" Ал мындай кепти угуп турса да дулдуюп унчукчу эмес. Кеп талашып айтышкан кишиден жаа бою каччу. Чырды чыккан жеринде басып калаар эле. "Кеңеш" колхозу болгонубузга беш жыл толуп алты жылга караганыбызда дүр эле дей түштүк. Малыбыз төргө, даныбыз кампабызга батпай...
Эмгекке үч-төрт тоннадан буудай алып, баягы жаман кийип, жаман ичкен биз жок, качанкы черибиз жазылды. Мал менен дан түгүл колхоз жаңы уюшкандагы көзгө басар жалгыз арабачы! … Анын ордуна машина! Жүк ташыган машина албадыкпы! Анда машина деген аты бар, өзү жок. "Кеңеш машина алыптыр!" деп дүнк этти. Жүк ташыган машинага биз толтура түшүп алдык.
- Мына эмгектин үзүрү!
- Мына теңчилик!- деп дуулдап жүрдүк, дечү Асанбай.
Кочкорбай уулу Ысак "Кеңешке" башкарма болуп шайланганда үркүндөй эли, уучка толбос малы бар алгачкы колхоз эле. Эки жүз чамалуу кой болду колхоздо. Элден сатып алып 70 торпок топтошту, ортодо бодо мал ошол эле. Жалгыз арабасы болгон. Ал эми пайдаланылуучу жеринин аянты 60 гектар гана болгон.1936- жылдан баштап Ысактын оорусуна байланыштуу Ысык-Ата курортуна бара баштадык. Мен балдарым менен май айынын аягында эле ак боз үйдү курорттун "Камыр" деген дөбөсүнө тигип алып олтурчубуз. Ысак колу бошогондо "күрөң жорго" менен келип турчу. Аны менен кошо Сыдык акем "тору жорго" менен, досу Жумакмат "күрөң ат" деген күлүктү минип келишчү.
Курортто жатып биз көп кишилер менен тааныштык. Ал кезде Ысык-Атага эч ким деле барчу эмес. Биздин боз үйгө тааныган да, тааныбаган да эс алуучулар көп келишчү. Алар кымыз, чай ичебиз деп келе беришчү. Тааныган кишилер болсо олтургузуп эт салып конок кылчумун. Кээде тааныбаган эс алуучулар: "Козу келип калыптыр. Кайда бышырарыбызды билбей жатабыз" деп калышчу. Аларды мен боз үйгө олтургузуп коюп, этин казанга бышырып, кымыздан, чайдан куюп берчүмүн. Алардын ыраазычылыгын көрүп мен ошого сүйүнүп калаар элем.
Биз Суусамыр жайлоосуна барган сайын Куйручук жана атагы чыккан Кожомкул балбан менен тойдо бирге болчубуз. Өзгөчө Куйручук менен Кожомкул Ысактын агасы Сыдык жана менин энем Турду менен жакшы катышкан достор болушчу. Мени энем Турдуну Куйручук "олуя" дечи. Кийин ал "олуя-кемпир" деген элдин оозунда аты калган. Куйручук Жумгалдан Пишпекке барган сайын биздин кеңештеги үйгө кайрылып турчу. Ал келгенде үйгө эл толчу, бешбармак жешип, кымыз ичишип жоруктарын айтып элди күлдүрчү. Үйдүн жанындагы дөбөгө Ысак колхоздун активдерине кечки нарядды берип жатканын көрүп, Куйручук ал жерди "Чыр-Дөбө" деп кеткен. Кийин ал жер "Чыр Дөбө" аталып, колхозчулар чырдашып, талашып, табышып, сүйлөшүп турчу жер болду.
Ошол кездерде болсо керек, биздин үйгө белгилүү жазуучу Мидин Алыбаев көп келчү. Ысак аны жакшы көрчү. Жаңы өтүгүн берип, чапан жаап, тамак- аш менен сыйлап турчу. Бир күнү Мидин биздикинде конокто олтуруп мындай деп айткан: "Кеңеш" колхозу жаман эмес, эртең менен чай, түштө күлчөтай, кечинде бешбармак жана беш бөтөлкө арак" деп.
Күндөрдүн биринде, Ысак курорттун суусуна түшүп үйгө келе жатып Иса Коноевич Ахунбаевке жолугат. Иса мурда сыртынан атагы чыккан Кочкорбаевди көп укчу, бирок көрө элек болчу. Ал Ысакка колун сунуп - Кочкорбаев деген сенсеңби дейт. Менмин деп Ысак колун сунуп калат. Мен хирург Иса Коноевич Ахунбаев дейт. Сизди көп эле гезиттен окуйм, сиз менен таанышайын деп жүрдүм эле, жакшы болбоду. Эми жүрүңүз меникине деп Ахунбаев болбой Ысакты колтуктап алып жаткан үйүнө алып келип жубайы Бүбүкан менен тааныштырып, кымызын, чайын, коньягын берип сыйлайт.
Андан кийин туугандары алып келген бакта байланып турган өрүктөй болгон кара козуну жетелеп алып жубайы Бүбүкан экөө биздин боз үйгө келишет. Иса боз үйгө киргенде эле Кочкорбаевдин жубайы сиз болосузбу деп мени менен таанышты. Анан ал Бүбүканга кайрылып, - "жеңем менен таанышып ал" ал деп бизди тааныштырган. Бүбүкан сумкасындагы коньяк, шампан, конфеттерин тасмалдын үстүнө койду. Иса болбой койду өзү союп, ичеги-карынын Бүбүканга тазалатып этин казанга салышып, мени Ысактын жанына олтургузуп коюп, бизди конок кылып сыйлашты. Кийин Иса Коноевич биздин үй-бүлө менен жакшы катышып дос болуп кеттик. Биз майрам сайын Исаны үй-бүлөсү менен чакырчубуз. Биз шаарга барган сайын аларга каттап турчу элек. Иса да Ысык-Көлгө бара жатканда, же келе жатканда, дайыма кайрылып конок болуп олтурганда мен: "иним Абдрасул машинени жакшы айдайт шаарга жеткирип коёт" десем, Иса сүйүнүп эки колун кагып "жеңем ушундай билги жан да" деп шопурун да кошо эс алдырчу.
Ошол жылдары биздин айылда Байдылда деген билимдүү мугалимибиз бар эле. Ал киши мектепте завуч. Кыйын агитатор болчу. Өзгөчө социализмдин жолун, партиянын жолун көп айтчу. "Мен качан партбилетимен айрылсам ошондо өлөм" -деп калчу. 1937-жылы аны билимдүү деп райисполкомго кызматка чоңойтуп алып кетишет. Андан көп узабай эле Лоцмандын репрессиясына туш келип партбилетин алдырып айылга кайта келет. Ал айылдагы аксакалдардын баары үйүнө чакырып, коюн союп, аларды сыйлап, анан өзү сарайына кирип асылып өлөт.
Бул жылдары көп кишилер камакка алынышты. Анын ичинде Бугу уулу Бейшегул, Албекен уулу Садырбай, Чолпонду уулу Келдибек, Кочкорбай уулу Сыдык, Токбай уулу Жумалы, Байтимбет уулу Жуман дегендер болгон. Ысак балдардын баарын ишин кууп бирин да түрмөгө каматпай куткарып алып калды. Ошол жылы Ысактын да үстүнөн арыз түшүп, текшеришип бир кг. жүн жетпей кийин акталып чыккан. Согуш мезгилинде "Кеңеш" колхозго 200 түтүн болчу. Фронтко 152 киши колдоруна курап алып кетишти. Алардын ордуна көбүнчө аялдар, карыялар жана жаш өспөрүмдөр калды.

(Уландысы кийинки санда)
Ширин КОЧКОРБАЕВА




Жетимдердин көз жашы
- Мирлан тур, сабактан кечигесиң деген апасынын сөзүн уккусу келбей:
- Энеке, айтып койчу апама мени ооруп жатат деп -деген бойдон көнүп калган энесинин жуурканына кире качты.
- Ай Салкын, таң атпай эмне баланын жанын койбой кыйкырып жатасың ыя, бүгүн Мики сабакка барбайт. Түндө эч нерсени байкабай, жоону жеңип келгенсип уктайсыңар. Баланын температурасы көтөрүлүп, жаныма алып жаттым. Ысык өтүп кетсе керек, - деп урушуп кирди.
Кайын энеси менен уулунун жоругун эң жакшы билген Салкын: "булардын баягы оорусу кармаган экен" деп кобуранып алып кызматына кетти.
- Энеке, Ширин келатат, - деди апасы кеткенден кийин үй жыйнап, улам-улам күзгүгө каранып - таранып жаткан бала апкаарыган түр менен.
- Келсин, сага эмне болду?
- Ай, жөн эле.
- Ширин менен мандемиң бар го?
- Ой жок, эч кандай...
Шириндин кыймыл - аракетин көз жаздымынан кетирбей байкап турган кемпир, кыздын дили таза, өтө сылык экендигин көрүп, ичи жылыды. Ширинге акыл-насаатын айтып жатты.
Эне мээримин көрбөгөн Ширинге кемпир абдан жакты. Өзгөчө, тигүүнүн ыкмаларын үйрөнгөнүнө сүйүнгөн кыз:
- Эне, мен сизге көйнөк тигип берейинби?
- Кана, кана алтыным, тикчи, - деп сандыгында катып жүргөн матасын алып чыкты. Ширин үйрөнгөн боюнча, тез эле метр менен ченеп туруп бычты дагы шакылдатып тиге баштады. Алар кечтин кантип кирип кеткенин байкабай дагы калышты.
- Эне, мен келдим деген Мирландан улуу небереси Мараттын үнүн уккан кыз селт этип, ыңгайсыз абалда башын ийип салам берип, ордунан тура калды.
- Саа-саламатсызбы?
Кыз уяңкырай дагы башын ийди.
Шириндин кетем деген оюна көнбөй жатып, кечки тамакты ичишти.
- Ширин кызым, эртең дагы кел. Менин көйнөгүмдү бүткөрүп бер. Анан мен сага дагы бир мата берем, сен аны өзүңө кийим тигип аласың, болуптурбу, - деди кетип жаткан кызга.
- Атаң менен агаңа кичине тамак-аш салып койдум. Сен мени менен болуп кечки тамакты жасай албай койдуң көрүнөт, - деп калп эле курулай күлүп, бир баштык эт-аш салып берди.
- Жөн эле коюуңуз, мен барып тамак жасайм, -деди кыз уялыңкы.
- Андай экңөөбүздүн ортобузда сөз болбошу керек, уктуңбу. Мен сага эмес атаң менен байкеңе берип жатам, -деп кемпир кыздын колуна карматты.

(Уландысы кийинки санда)
Нурзада Акмат





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
16-июль, 2010-ж.:
1-бет
Түштүктөгү абал Баямандын сүрү менен эле сакталып турганбы?
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
Абдылдаев Гулливердин аянычтуу саякаты
4-бет
ДВАДЦАТЬ ЛЕТ СПУСТЯ!
5-бет
Улут чындыгынын курмандыгына айлангандар
6-бет
Карыялык каада нарк калыбына келеби?
7-бет
Кайрымдуулук
8-бет
Атуул
9-бет
Коом
10-бет
Бардыгы эркектер жөнүндө...
Башында жүрөк сүйүнтүп, анан күйүнткөн эркелетүү... керекпи?..

11-бет
Илимпоздун байсалдуу жолу
12-бет
Байыркы Кыргызстандын алтындары
13-бет
Кыргыздын кыйын уулу
14-бет
Байыркы спорт
16-бет
Маанай





Яндекс.Метрика