Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

Байыркы Кыргызстандын алтындары
Тарых музейинде мындан эки жыл мурун дүйнөлүк маданий мурастардын үлгүлөрүнөн ашса ашып асты кем калбай, байыркынын баркын, өткөндүн шаңын шөкөттөгөн зер буюмдарды калайык-калкка тартуулаган теңдешсиз көркөм көргөзмө ачылып, ошондон бери ал көргөзмө, кызыга кирген ар бир адамдын бүйүрүн кызыта кызматын кылып келет. Эстетикалык зор рахат тартуулап, көргөндүн көз курчун кандырып, көрө электин көңүлүн дегдеткен бул казынада, байыркы сактардын (б.з.ч.VIII-IIIкк.) "скифтик айбанаттар стилиндеги", жергебизди жердеген же Улуу көч доорунда (б.з.II-VIкк.) кыйырыбызды кыйгап өткөн элдерден энчиленген "полихромдук стилдеги" зергерчиликтин ченемсиз чеберчиликтерин чагылдырган табериктер тизилген. Чылк алтындан, таза күмүштөн көз тайгылта көркөм жасалып, ага асыл таштар чебердик менен чөгөрүлгөн зер буюмдар кимди да болсо тамшандырып, чабыттуу кыялдарга чөмүлтпөй койбойт.
Б.з.ч. VII-IIIкк. Дунайдан Энесайга жана Чыгыш Түркстанга дейре созулган Евразия жайыгын скифтер же сактар деп аталган уруу бирикмелери мекендешип, "айбанттар стилиндеги" искусстволук чыгармаларды жаратышкан.Изилдөөчүлөр сак искусствосу Алдыңкы Азиянын жана Чжоу, Хань доорундагы Кытайдын искусствосу менен тыгыз байланышта деп белгилешет. Стилдин аталышы жаныбарлардын келбетин өз искусство чыгармаларында кеңири чагылдыруудан улам келип чыккан, анда эмнелерди гана жасашпасын зооморфтук көрүнүштөр басымдуулук кылып, сөзсүз бул стилдин үстөмдүгү жашоо-турмушуна ушунчалык терең сиңгендиги байкалат. Сактардын зергерчилик өнөрлөрү жогорку чекке жетип, усталар алтынды калыптоону жана куюуну билишип ажайып кооздуктар айкалышкан асем жасалгаларды, ат-жабдыктарды, айбанаттардын кейиптерин, тиричилик буюмдарын колодон, алтын-күмүштөн жана асыл таштардан даярдашкан. Сактар жаратылышка жакын келип, табиятка табынышкандыгынан улам, табият коюнундагы күнүмдүк көрүнүштөр, фантастикалык жан-жаныбарлар түрүнө айланганын баамдайбыз. Андай ажайып же сырдуу көрүнүштөрдөн биз, сактардын мифологияларынын, элдик оозеки чыгармаларынын сюжеттерин боолголоп, дүйнө көз караштарын аныктай алабыз.
Алтынга асыл таштар чөгөрүлүп, таруудай майда быдырлар менен шөкөттөлгөн жасалгаларды илимде шарттуу түрдө полихромдук стиль (түркүн түстүү) деп атап коюшат. Алар көлөмдөрү, түркүн түстүүлүгү, төп келишкен турпаттары,сындуу сыпаттары менен айырмаланышып, узанып жатышканда усталар куюу, согуу, калыптоо жана каңдоо сыяктуу түркүн түрдүү ыкмаларга салышып жасалгалардын көркүн ачышкан. Мындай түрлөнгөн кооздуктардын жаралыш-тегине карата илимпоздор ар кандай ойлорун ортого салышып, готтук, грек-сарматтык, сармат-аландык, гунндук чыгармачылыктын үлгүлөрү дешкени менен талаш-тартыштын аягына дале болсо чекит коюла элек. Кыргызстандык окумуштуулар полихром стилин Европадагы Аттиланын гунндук дөөлөтү кыйрагандан кийин (Vк. ортосу), Орто Азияга кайра көчүп келген түрк тилдүү уруулардын мурасы деп болжолдошот. Улуу көчтүн учурунан калган Шамшы, Жалпак-Дөбө көрүстөндөрүнө катылган, көз жоосун алган жасалга-кооздуктарга окшош буюмдар Казахстандан, Кара деңиздин бойлорунан, Молдавиядан, Венгриядан жана Румыниядан табылып, ал эми Кыргызстан мындай кооздуктар жайылган чыгыштагы эң четки очоктордун катарына кирет.
Көргөзмөдөгү асыл казына турушу менен эле жергебиздин узун тарыхын, бай маданиятын, кеңири карым-катышынан ачык-айкын далил берет. Улуу Жибек жолун узарта, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан мекенибиз дүйнөлүк цивилизациянын далай мурастарын, санжыргалуу санаттарын өзүнө тарта сиңирип, эзелтеден эле философиялык ой жоруулардын чордону болуп келгендигин мындагы будда жана индуизм статуэткалары айгинелейт.
Караханийлердин алтын динарлары, күмүш уютмалары (Х-XIк.), Кыргызстанды бийлеген Чагатайлардын күмүш дирхемдери (XIV кк.), орто кылымдардагы Кыргызстандын акча-товар мамилелеринен кабар берсе, кыргыздар XXк. башына чейин акча бирдиги, байлык белгиси катары колдонуп келишкен жамбылардын түрлөрү да бизди кайдыгер калтырбайт.
Муундан муунга мурасталып келген зергерчилик өнөрлөрүбүздүн бай көрөңгөсүн сактап, басып өткөн жолун баалап, учур менен байланыштырып калкыбызга кең-кесири тартуулаш үчүн, албетте дагы да акча-каражаты керек. Арийне, бул тилектер жүзөгө ашып кетсе, музей үчүн гана эмес жалпы Кыргызстандын илимий-маданий чөйрөсү үчүн да опол тоодой иш болор эле.
Адамзаттын рухий талаптарын кандырып, сулуулукка умтулуусун шарттаган чебер жасалгаларды даңазалаган көргөзмөнүн ачылышында, АКШ элчилигиндеги маданий мурастарды сактоо фондуна долбоорун ийгиликтүү өткөргөн музейдин окумуштуу-катчысы А.К. Алымованын жана көргөзмөнү иштеп чыгууга салым кошушкан А.К. Шаршеналиева, Н.А. Притееванын эмгектери зор.


Ч. Бейшенов




  Каяша

Оору кадырын соо билбейт
"Айат пресс" гезитинде 8- июль 2010- жылы № 69-санында " Же хамелеондой кубулган Жылдыз Жолдошева" деген макала жарык көрүптүр.
Өкүнүчтүүсү бул ушак материал, себеби мен Арунова Лидия Муканмединовна "Кыргызстан аксакалдар кеңешинин" төрагасынын орун басарымын. Бүгүнкү күндө аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп туруп, калыс жана чындык сөзүмдү айтпасам, мага анда аксакалдар кеңешинде олтуруунун өзү туура эмес болуп калат. Ошол үчүн мен Жолдошевага жана Доулдаевага тартпастан, ошол күнү Курманжан Датка фондусунун офисинде болгон окуяга өз калыс маалыматымды коомчулукка жеткирүүнү туура көрдүм. Ошол күнү Алима Доулдаева мага да келген, Жылдыз Жолдошевага баралы, калыс сөзүңүздү айтып, референдум өз убагында өтсө деген сөзүңүздү айтсаңыз деп. Мен да алар менен Жолдошевага чогуу киргем, "токтогула, биринчи угалы, Жолдошева маданияттуу, билими жогору, эл башкарган, республикабызда төбөсү көрүнгөн аялдардын бири" деп. Тилекке каршы Алима жазган сөздөрдүн баары жалган. Жылдыз эч кимге катуу сүйлөгөн жок, чынында абдан көңүлү чөгүнкү экен, аны туура түшүнсө болот Оштогу кандуу окуяда көптөгөн тууган уруктарын жоготуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн балдардын, чынында эле курттап кеткен балдардын өлүктөрүн көрүп келген адамдын маанайы кандай болмок эле (мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдардын сүрөттөрүн өз көзүм менен көрдүм). Биз бул жакта Бишкекте отуруп алып, андай кылалы, мындай кылалы дейбиз. Жылдыз өзү Ошто кан күйгөн жерден келип, жанагы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өлүктөрдү биздей сүрөттөн көрбөй өз көзү менен көрүп келди. Биз сүрөтүн көрүп ошончо шок болдук, Жылдыз өзү көргөндө кандай абалда болду, ошону ойлойсуңбу, Алима? Оору кадырын соо билбейт болуп, көзү көрүп, жүрөгү ооруган адамдын абалын түшүнүштүн ордуна өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, Жылдызды өчүң бардай жамандапсың да. Сен өзүң ошентип Жылдыздын ордуна ок атылып турган жерге коркпой бара аласыңбы? Жылдыз ошол өлгөн балдардын ата энелеринин сөзүн айтты, референдумга эч ким каршы эмес, бир гана кыркы өткөндөн кийин болсо жакшы болмок, мындайча айтканда мөөнөтүн жылдыруу боюнча гана сөз болгон. Ошондо мен "Жылдыз референдум өз убагында өтсө жакшы болмок" деген сөзүмдү айттым. Тескерисинче Алима аңкылдап, ажылдап оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты, оозунан абдан жаман сөздөр чыкканына биз күбөбүз жана сен үчүн биз уялдык. Бул сөзүмдү кайсы жерде болбосун мен күбө катары айтам.
Жылдыз Жолдошева бизди таң калтырганы, аны сыйлоого, урматтоого түрткү бергени аял болсо дагы коркпостон, бронижилетсиз, жан сакчылары жок, транспорту жок, ок атылып жаткан жерге барганы бул Курманжан Датканын атын бекер алып жүрбөгөнүнүн далили. Мындай кадамды кээ бир эркектер да жасай алышпады. Жакын туугандарын көмүп олтурса дагы, ызасын жутуп, эки элди ынтымакка чакырып Оштогу алоологон отту өчүрүүдө салымы чоң болду десек жаңылышпайбыз. Чынында эле республикабыздагы эң күчтүү аялдардын бири десек туура эле. Эч кандай "аркалыктар, 7 апрелде балдар 60 тыйын үчүн курман болушкан, уйгур, кытай, Бекназаров, Текебаев, Суваналиев, "Ата Журт" партиясы ж.б. сөздөр" эч бир айтылган эмес. Алима ушул сөздөрүң баары жалган, сен Жылдыз кан жутуп турганда көңүл айткандын ордуна аябай уят сөздөр менен сөгүп, көчөдөгү жүргөн аялдардай мүнөзүңү көрсөтүп чыгып кеттиң. Өзүңүн мүнөзүңү Жылдызга гезиттер аркылуу оодарып коюпсуң, мунуң Алима абдан уят. Сен аялдарга шек келтирип тим болбостон, азыр эмне партиялардын лидерлерин ортосун бузайын деп турасыңбы? Ал жерде мен гана Текебаев жөнүндө бир гана сөз айткам "Бакиевтин убагында, Бакиевке эр азаматтык сөзүн Текебаев айткан муунуп өл" деп. Ал эми Бакиевке Жолдошева жан күйгүзгүдөй , Жылдыз бийликте иштеди беле. Экинчиден БШК дан Жолдошева 2008-жылы Жогорку Кеңештеги шайлоодогу оюндарды көрүп өз арызы менен, жалгыз Жолдошева жумуштан кеткен аны коомчулук билет. Бир сөз менен айтканда "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү силерге аксакалдык кеңешимди айтаар элем, эгерде Текебаевти сыйласаңар анын атынан бир туруп Жолдошевага, бир туруп "Асман кg" гезитине жана башка инсандарга гезит аркылуу жалган маалымат таратканыңарды токтоткула. Азыркы өткөөл, оор кырдаалда аял болсо дагы мамлекеттин, элдин тагдырын мойнуна көтөрүп, Ош окуясынын оту өчө электе келгиле айымдар ынтымактуу болуп, президентибиз Роза Отунбаеваны колдоп алалы. Колдо бар алтындын баркын билели. Ал эми Алима сен сөккөн сөздөрүң үчүн, жалган жалаа жапканың үчүн Жылдыз эжеңен кечирим сурап кой, сурап койбосоң Курманжан Датканын арбагы сени кечирбейт. Бүт массалык маалыматтардан суранам, эне катары, ушундай оор кырдаалда ушак, жалган жалааларды, бирин бирине кайраштырып коё турган материалдарды жазгандарыңарды токтотуп, алакандай кыргыз элинин ынтымагын бузбагыла. Шайлоону таза, ачык, айкын балдарыбыздын Кыргызстандын келечеги үчүн өткөрөлү деп, элибизге бейкутчулук, ынтымак, жерибизге тынчтык каалайь.

Лидия Арунова,
Кыргызстандын аксакалдар кеңешинин төрагасынын
орун басары




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
16-июль, 2010-ж.:
1-бет
Түштүктөгү абал Баямандын сүрү менен эле сакталып турганбы?
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
Абдылдаев Гулливердин аянычтуу саякаты
4-бет
ДВАДЦАТЬ ЛЕТ СПУСТЯ!
5-бет
Улут чындыгынын курмандыгына айлангандар
6-бет
Карыялык каада нарк калыбына келеби?
7-бет
Кайрымдуулук
8-бет
Атуул
9-бет
Коом
10-бет
Бардыгы эркектер жөнүндө...
Башында жүрөк сүйүнтүп, анан күйүнткөн эркелетүү... керекпи?..

11-бет
Илимпоздун байсалдуу жолу
12-бет
Байыркы Кыргызстандын алтындары
13-бет
Кыргыздын кыйын уулу
14-бет
Байыркы спорт
16-бет
Маанай





Яндекс.Метрика