Кыргыз гезиттер архиви

  Турмуш

Миллиарддер...

Жаңырган жылдын башталышы менен дүйнөдө 1,011 миллиардер бар экендигин "Forbes" журналы 2010-жылга карата жарыялаган атайын чыгарылышында баяндайт. Бул "акча мыкчыгандар" дүйнөлүк экономиканы толугу менен контролдоп турушат. Алар өз ишмердиктерин энергетика, оор өндүрүш, нефтиден баштап мода, телекоммуникация, парфюмерия тармактарына чейин жайылтышкан. Дүйнөдөгү экономикага келип тийген орду толгус жоготуулар, баалардын олку-солку болушу бул гиганттарга да өз таасирлерин тийгизип, кээси бир канча миллион байлыгынан бир күндүн ичинде айрылып калышты. Бирок, көп жылдардан бери топтогон тажрыйбасы аларды бул каатчылыктан чыгуусуна бир топ жардам берди. Бирок мындай каатчылыкка карабай, өз бизнесинин жемишин көрүп, байлыктарын жоготпостон кайра алардын үстүнө акча кошкон дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесин карап, алар кайсыл жаатта ишмердигин жүргүзөт, карап көрөлү.


№1
Карлос Слим Элу
Дүйнөнү өзүнүн сазына батырган кризиске карабай бул жылы дүйнөдөгү эң бай адам деп мексикалык Карлос Слим Элу аталды. Анын байлыгы 53,5 миллиард доллар. Карлос Слим Элу өзүнүн байлыгын телекоммуникация тармагынан түшкөн кирешеден тапкан. Ал Мексикадагы улуттук телефон компаниясын 1990-жылдары менчиктештирип, бүгүнкү күнү бул мамлекеттин телекоммуникация тармагынын дээрлик жарымынан көбүнө ээлик кылат. Ал өткөн жылы дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен 3-орунду ээлеген, быйыл биринчи орунга чейин көтөрүлдү. Анын кирешеси өткөн жылы 18,5 миллиард долларга өскөн. Карлос Слимге дүйнөлүк каатчылык зыян алып келбестен бизнесинин өнүгүшүнө шарт түзгөн. Азыр ага "Telefones de Mexico", "Altria Group" (мурдагы "Philip Morris"), "Telcel" жана "America Movil" компаниялары таандык.
№2
Билл Гейтс
Күн сайын эмес, саат сайын өсүп, өнүгүп жаткан техника тармагы бүгүнкү күнү эң кирешелүү тармак экендигин жана анын дүйнөнүн өзгөрүшүнө тийгизген таасири эң зор экендигин бүгүнкү күн тастыктап жатат. Биз азыркы тапта компьютерсиз өз жашообузду элесетете албайбыз дагы. Анткени компьютер күнүмдүк жашоо шартта эң керектүү буюм катары кабылданып калды. Мына ушул күнүмдүк жашоонун ажырагыс бир бөлүгү болуп калган компьютердик программаларды иштеп чыгуучу "Microsoft" фирмасынын негиздөөчүсү Билл Гейтс өзүнүн миллиарддарын мына ушул программаны сатуу аркылуу тапкан. Анын жалпы байлыгы 53 миллиард доллар. Билл өткөн жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен биринчи орунду ээлеген. Анын кирешеси өткөн жылы 13 миллиард долларды түзгөн. Ал 13 миллиард доллар кирешесин мейманкана тармагына инвестиция жумшоо менен да камсыз кылган. Атап айтсак ал "Four Seasons" мейманкана тармактарына жумшаган инвестиция аркылуу, муну менен катар "Televisa", "Auto Nation" тармактарына да жумшаган инвестициядан жалпы байлыгынын 60 пайызын тапкан. Билл Гейтс жалаң гана байлык топтоо үчүн иштебей 2008-жылы бир катар кайрымдуулук иш аракеттерин да уюштурган.
№3
Уоррен Баффет
Америкалык инвестор Уоррен Баффет өткөн жылы "Berkshire Hathaway" компаниясынын акцияларынан 10 миллиард доллар киреше тапкан. Анын айтуусу боюнча АКШ экономикалык "Перл Харборду" башынан өткөрдү. Бирок, экономиканын калыбына келүү процесси анчейин алыс эмес. Ал 2008-жылы дүйнөлүк базар туруксуз болуп, баалар бирде өйдө секирип, бирде төмөн түшүп турган кооптуу маалда алысты көрө билген жетекчи катары "Golden Sachs" компаниясына 5 миллиард доллар, "General Electric" компаниясына 3 миллиард доллар инвестиция жумшаган. Ал эми жакында эле ал "Burlington Northern Santa Fe" темир жол гигантын 26 миллиард долларга сатып алды. Уоррен Баффеттин жалпы байлыгы 47 миллиард долларды түзөт.
№4
Мукеш Амбани
Энергиянын эң башкы булагы катары саналып, "кара алтын" деген атка конгон нефть байлыгы бүгүнкү күнү дүйнөнүн бардыгын күйүүчү майлар менен камсыз кылып жатат. Бул тармакта өзүнүн ишмердигин жүргүзүп жаткан бир нече компаниялар өздөрүнүн биринчи миллиондорун дал ушул тармактан тапкан. Индиялык миллиардер Мукеш Амбани өзүнүн алгачкы көлөмдүү кирешелерин ушул нефть байлыгынан тапкан. Анын байлыгы 29 миллиард доллардын тегерегинде. Мукеш Амбанинин "Reliance Industries" компаниясы Индиядагы эң кымбат бизнес болуп саналат. Ал өткөн жылдын эң бай адамдардын тизмесинен 7 орунду ээлеген. Мукеш Амбанинин үч баласы бар.
№5
Лакшми Миттал
Индияда төрөлүп, бирок азыркы учурда Лондондо жашаган Лакшми Англиянын эң бай тургуну. Ал дүйнөдөгү эң чоң болот чыгаруучу "ArcelorMittal" компаниясын жетектейт. Болот темири чоң-чоң өндүрүш жана бийик имараттарды курууда колдонулат. Лакшминин кирешеси 2009-жылы 75%га чейин түшүп кеткен. Анын планында металлургия заводдорун өзү туулуп өскөн Индиянын аймагына жайылтып "Jharkhad" жана "Orissa" аттуу заводдорду куруу. Анын бул пландары Индия өкмөтү тарабынан азырынча кабыл алынып, уруксат бериле элек. Өткөн жылдын декабрь айында Лакшми Миттал Казакстанда жайгашкан нефтини кайра иштетүүчү заводдун үлүшүн сатып, 1,1 миллиард доллар пайда көргөн. 2009-жылы жалпы кирешеси 75%га чейин төмөндөп кеткендигине карабастан ал бул жылы эң бай адамдардын ондугуна кире алды. Анын жалпы байлыгы 28,7 миллиард доллар.
№6
Лоуренс Эллисон
"Oracle" компаниясынын негиздөөчүсү Лоуренс Эллисон университетти толук аяктаган эмес. Ал Чикаго штатындагы университетте окуучу. "Oracle" компаниясын 1977-жылы негиздеп өзүнүн ишмердигин баштаган. "Oracle" компаниясы компьютердик программаларды иштеп чыгат. "Microsoft" компаниясынын атаандашы катары саналган "Oracle" компаниясынын кирешеси маалымат технологиялары канчалык өнүккөн сайын анын кирешеси да ошончо өсүүдө. Анын акциялары акыркы 12 ай ичинде эле 70 пайызга чейин өскөн. Акыркы беш жылдын ичинде кичине 57 компанияны өзүнүн катарына кошуп, өткөн жылдын январь айында 7,4 миллиард долларга "SunMicrosystem" компаниясын толугу менен сатып алган. Лоуренс Эллисондун байлыгы 28 миллиард доллар.
№7
Бернард Арно
Франция моданын мекени деп бекеринен айтылбаса керек. Дал ушул мамлекет дүйнөлүк мода тенденциясына таасир берип, аны көзөмөлдөп турат десек да болот. Убагында француз атыры, француз туфлиси деп коомчулук тарабынан бийик деңгээлде кабыл алынчу. Ал өзүнүн актуалдуулугун бүгүнкү күнгө чейин сактап келе жатат. Жарашыктуу кийим менен азем буюмдарын тагынуу азыркы учурдун негизги модасынын талабы. Дал ушул азем буюмдары адамдын көңүлүн көтөрүп турат. Франциялык ишкер Бернард Арно азем буюмдарын сатуу менен өзүнүн азыркы байлыгын топтогон. Анын "Moet Hennessy Louis Vuitton" азем буюмдарын чыгаруучу өндүрүшүнүн акциялары быйыл 57 пайызга өсүп, анын байлыгынын 27,5 миллиард болушуна шарт түзгөн.
№8
Эйк Батиста
Тоо кендерин өндүрүү дагы кирешелүү тармак болуп саналат. Анын кирешелүү тармак экенин Бразилиялык Эйк Батиста да түшүнсө керек. Муну менен катар ал Бразилияда нефть иштетүүчү заводдун дагы ээси. Эйк убагында жарды жашаган адамдардын баласы болчу. Ал өзүнө-өзү "Мен дүйнөдөгү эң бай адам болом",- деп сөз берген. Ал өзү максат кылып койгон жолдо түз бара жаткандай. Кризистин болушуна карабай ал өткөн жылы өзүнүн байлыгын 19,5 миллиард долларга чейин көбөйтүп, жалпы байлыгы 27 миллиард долларды түздү.
№9
Амансио Ортега
Сулуулук дүйнөнү башкарат деп айтылып келет. Бирок, жарашыктуу кийинүү дагы адамдын көркүн андан да чыгарат. "Чүпүрөк адамдын көркү" деп да бекеринен айтылбаса керек. Испаниялык ишкер Амансио Ортега кийим тигүүчү "Inditex" компаниясын жетектейт. Бул компаниянын курамына белгилүү кийим брэнддери "Zara", "Massimo Dutti" жана "Stradivarius" кирет. Бул компаниянын 73 мамлекетте 4,500 жогорку сапаттагы жана модалуу кийим дүкөндөрү бар. Амансио Ортеганын байлыгы 25 миллиард доллар.
№10
Карл Альбрехт
Германиялык бизнесмен Карл Альбрехт өзүнүн ишкерлигин иниси Тэо менен экинчи дүйнөлүк согуш аяктары менен баштаган. Алар "Aldi" фирмасын негиздешип, товарларды алып сата башташкан. Бүгүнкү күнү бул фирма "Aldi Sud" деген аталыш менен Европанын бардык өлкөлөрүндө миңдеген дүкөндөрдү иштетет. Ал эми Американын 29 штатында 1,000 дүкөнү иштейт. Бул дүкөндөрдө бир жумада 37 миллиард долларга чейин соода болору айтылат. Карл Альбрехтин байлыгы 23,5 миллиард долларды түзөт.