Кыргыз гезиттер архиви

  Беш манжада:

Бакиевдик пиарчылар
Нурлан Мотуев
Кино тартууда эротикалык жанрды эзген, Бакиевдик замандын накта "каррикатурасы" Нурлан Мотуев, өткөн президенттик шайлоодо "пиар" жасоо боюнча атагы кыргыздын кыйырына, казактын калың катмарына жеткен. Кабанаак иттей болуп жулунган Нукеңди Бакиевчилер мойнунан байлап алып, өздөрү каалаган каршылаштарына тукуруп турушту. "Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт" дейт эмеспи, бирок Бакиевдер мойнунан байлап алышып да, ууга жаратып жатышты. Бакиевдик Кыргыз Голливуддан тартылган не бир сонун эротикалык касеталарды эл-журтка бекер таратканы менен Нукең кайсы "кошелоктон" кокосуна чейин тоюп жатканы түшүнүктүү болгон. Ошол тойгондорун эмгиче сиңире албай жүрөт окшойт, дымы чыкпай калды. Бакиев акеси бар кезде барбалаңдап ар кимге асылганын токтотчу эмес.Эми Мотуев каякта, Балким алдыда боло турган парламенттик шайлоого заряддалып жаткандыр.
Оксана Малеванная
Оксана айым өтө уникалдуу фигура. Аны Түрк султаны Селим экинчинин Роксанасына салыштырууга болбойт. Роксананы Түрк султаны күйөөсүн өлтүрүп, атасын зынданга салып зордук менен гаремине алган. Роксана акылы менен султандын "сералына" (Акүй) кирип, ал жерде көрүнүктүү роль ойной баштайт.Акыры Роксана күйөөсүнүн жана атасынын өчүн алуу максатында Селимге уу кошулган шарап куюп, жаңылыштык менен өзү ичип алып, көз жумат.
Оксана айымдын тирөөчү белгилүү саясатчы Медет Садыркулов кимдер тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү белгилүү. Оксананын атасы өмүр бою иштеген гезитинен кимдер тарабынан көчөгө кубаланып чыкканы белгилүү. Арийне, Оксана кимдердин колтугуна кирип алып, ким үчүн иштеп жүргөнү да белгилүү. Илгери кыргызда: "сен билесиңби же сельсоветтин секретары билеби" дегн ылакап сөз бар эле,аны Оксана бакиевдин заманында "Сен билесиңби же секретариат билеби?" деген ылакапка айлантып, еврейлердин биримдиктүү союзунун Башкы ""пиарщигине айланган. Мүмкүн анын оюнда деле өч алуу максаты жаткандыр, бирок кыргыз жигиттери жүрөктөрүн тосуп беришип,анын өчүн алып беришти.
Кабай Карабеков
Акаевдердин учурунда жетишкедиктердин жемишин жеген кабай мырза, депутаттарга өчөгүшүп, "парламент шаарчасын" курууга каршы болгон. Кийин өзү депутат болгондо бармагын тиштеди деп уктук.Бакиевдик бийликке каршы башын көтөрүмүш болуп чыккан. Ошонун эсебинен алар Карабековду өзүнө тартышып, жаңы Конституцияы кабыл алууга шарт түздүрүп алышты. Кабай Жабаевич катын - баламды кантип багам, балдарымды кантип окутам деген шылтоого таянып, "Ак жол" элдик партиясына кирип, депутаттык креслого зыңгырап келип отура калды. Албетте, ал "Ак жолго" кирбесе балдары окубай, өздөрү ачкадан аа дүйнөгө кетмек беле? Башкалар деле эптеп күн көрүп келатпайбы. Өзүнүн бетин чиркөө кылып мыкты журналист Бакиевдер менен кошо мүдүрүлдү."Буттан мүдүрүлгөн турат, сөздөн мүдүрүлгөн турбайт" деген чын бейм.
Мелис Эшимканов
Кыргыз демократиясына Эшимкановдун кошкон салымы көп. Бирок кыргызда "кызыл, кызыл кекиртек , кыйла жерге секиртет" деген макал бар эмеспи. Эшимканов гезити менен деле бала-чакасына жетерлик дүнүйө жыйган, ага көз тоймок беле. Гезитине бей-бечараларды, мусапырларды жазып жүргөнү менен, өзү тээ алыстагы миллиондорго кызыгып, кыргыз журналисттеринин көп муунун тарбиялап чыгарса дагы, өзү жүрүш-турушу менен башкаларга үлгү боло алган жок. Байлык менен бийлик колдун кири эмеспи , аз жерден Максимден белекке алган жарым миллион долларлык үйү ширеңке күйгөндөй күйбөй калды дешет. Баягы эле Темир Сариевдин "Аптыракаты" сактап калса керек. Мелис мырза азыр кайсы багытты көздөп чыгаар экен? Балким эмгиче псевдоним менен шуулдатып аткандыр,бирок баары бир баягы Эшимканов жок, эми Мелис Максимыч деген Эшимканов бар.
Өмүрзак Төлөбеков
Курманбек Салиевичтин мемуарчысы Өмүрзак Төлөбеков, Мотуев,Малеваная, Карабеков, Эшимканов төртөөнү кошкондон дак жүзү кара экен.Мунун автобиографиясы менен элди тааныштырбай эле коёлу. "Аферисттиги" жагынан алдына киши салдырбаганы аз келгенсип, "күкүк аталык " жайы бар экен. Мотуев да жакшы эротиканы тартса, бул эротиканы иш жүзүнө ой-да ашырып, "живой, служебный" секс жасоо боюнча, американын киноартисттеринен ашса ашат, бирок эч кем калбайт.Анан жылып барып Бакиевдердин бутун жалаган тили менен, азыр Убактылуу Өкмөттүн алдында куйругун шыйпалаңдатып жүрөт дешет. Жүрсө жүргөндүр мыйзамсыз "Ак жол" гезитинин акча каражаттарын мыйзамсыз сугунуп алганын "ак жолчулар" канкакшап айтып жүрүшөт "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт Өмүкебиздин кыңыр иштерин билиш үчүн дагы кырк жыл күтө туралы.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ