Кыргыз гезиттер архиви

Бакиевдин аялынын арманы
(Башы 1-бетте)
Өлөйүн десең, жан таттуу, кирейин десең жер катуу болуп жүргөнүн айтып боздоптур. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек мектепте кезинен сулуулугунун айынан торго чалынган чырактай кыргыз кызы дагы канча азап тартарын ким билет.
Ал антип жүргөндө Курманбек Бакиевдин Кыргызстанда калган дагы бир токолу жөнүндө сөз тарады. Буга чейин гезиттер төрт аялын алардан төрөгөн балдарын гана жазуучу эле, көрсө бешинчиси да бар экен. Андан да эркек балалуу болгон экен. Тукумуң куруган бул зөөкүрдөн тукум калар эркек гана балдар төрөлгөнүн кантесиң. Эң өкүнүчтүүсү кыздын атасы республикага белгилүү адам. А түгүл бир топ жыл кызматта иштеп жүрүп, кызматынан алып койгондо күйөө балалыгын ортого салып, чет мамлекетке элчи болууга жетишкен. Кайран дүйнө, чолпондой сулуу кыздарын Бакиевдин койнуна салып берип, кызматтан кызматка кайсыл ата кайсыл бети менен барып жүрдү экен.
_____________________________________
Жараланган жүрөктөрдүн жаалдуу жыйналышы
Суусамырда Табылды Эгембердиевдин Ак Өргөөсүн арендага алып өлкөдөгү кооагалаңда жаралангандардын башкача айтканда 7-апрелде сабалгандар, жаралангандар, өлгөндөрдүн туугандары, достору, Ош, Жалал-Абадда каза болгондордун туугандары, жабырлангандар чогулган чоң чогулуш өтүптүр. "Жараланган жүрөктөр" өргөө ээси Табылды Эгембердиевди да чакырышкан экен, жаралангандардын жаалдуу чогулушунан чоочулаган Табылды Эгембердиев шылтоо айтып барбай коюптур. Жыйналышка катышкан адамдын айтуусунда жараланган жүрөктөрдүн жаалдуу чогулушун угууга мүмкүн эмес дешет. Ал кебетелери менен Убактылуу Өкмөттү көңтөрүп коюуга даяр окшойт. Кандай болгон күндө да жаралган жүрөктөрдү сыйлайбыз. Жаралуу адам аялуу. Бирок, ошол аялуу адамдардын жарасын чукуп, курал катары колдонгусу келген күчтөр да толтура. Бул чогулушту ошол күчтөр уюштурбады бекен? Ош менен Жалал-Абадда да жаралангандар Ош коогалаңынын 40 күндүгүнө карата чоң каршылык акциясына даярданып жатышат дейт.
Динара Акулованын кызы табылды
Ырчы Динара Акулова Ошто өзбек улутундагы жигитке турмушка чыккан кызын күйөө бала, небереси менен кошо жоготуп, аларды моргдордон бери издеп жүргөнүн өткөнкү сандарыбызда жазган элек. Кудай жалгап, кызы табылыптыр. Болгондо да үй-бүлөсү түгөл, небереси, күйөө баласы менен баардыгы аман-эсен экен. Ошондой эле болсун. Бирок, эненин көөнү баллада, баланын көөнү талаада деген чын белем, Динара айым бул жерде 20 күн Оштун милициясы менен Бишкектин милициясын түп көтөр издеп, моргдордон бери кыдырып, канча жылга карып, азап тартып жүрсө, ушул мобилдик заманда тигил жактагы кыз менен күйөө бала телефон чалып койбогону кызык. Кату стрессте жүргөн интернационалдуу үй-бүлө кара башынын амандыгын арачылап ар кай жерде качып жүрүп, эми Өзбекстанга өткөн окшойт





Чөнтөгү калыңдын айтканы алтынбы?
Министрликтердин ичинен эң эле кирешелүүсү, пайдалуусу болгон Комуникация жана транспорт министри Нурлан Сулайманов "эл дарбыса эшек кошо дарбыйт" болуп, Бакиевдер туш - тушка чилдей тарап баштаса эле, ал дагы колуна урунганын көтөрө чуркап өлкөдөн чыгып кеткен эле. Бирок, бир нерсени байкабай калды окшойт, Сулаймановдун алкымын болушунча ачып, министрликке караштуу начальниктерге ай сайын салыгын салып, саунадан саунага башка министр достору менен барып атып да топтогон байлыгы Бакиевдердин байлыгынын алдында караандабай кала турганын. Акаевдин заманынын бүтүшү менен да Акаевге кошулуп, арты булгангандар өлкөдөн чыга качууга жан талашып, бирок тез эле башка жерде Акаевдей түмөн байлыктын ээлери гана кенен жашап кете аларына "акылдары" жетип, убай - чубай артка кайта башташкан. Сулайманов да башын "иштетип" министр болуп жүрүп, кылмышка барып (көрүнөө - көмүскө мамлекеттин байлыгына кол салган кылмыш болбой эмне) топтогон байлыгын эми ошол кылмыштын артын жакшылап бекитүүгө сарптайын деп чечкен го. Чөнтөгү калыңдын көкүрөгүнөн эзели эч ким түрткөн эмес. Убактылуу Өкмөт абалтан келаткан "салтты" улап Нурлан Сулаймановго "кеткен жагынан өзү кайтып келген эрдиги" үчүн үй камагына чыгарышты. Колу билегине чейин булганган адам үчүн бул жаза чекеден сылап гана койгонго тете.


Боор убагында оорубаса, убагы өтсө кургайт
Учурда Тажикстанда качып жүргөн Акмат Бакиев боордун кургап кетүүсүнөн жабыркап, абалы оор экен деп уктук. Уктук да жымырып - жымсалдап уурдаган акчаларына корстон боло, бизди каматчу, бизге тең келчү күч жок деген Бакиевдин жазайын чекесинен Кудай өзү табаарына ишендик. Адамдар бере албаган жазаны кан ичерлерге акча - байлыкка карабаган бизден жогору турган улуу күч өзү берүүгө киришти окшойт. Баарынан да башка эмес, так боордун оорусу менен ооруганы көп нерсени айтып турбайбы. Кыргызда "көп ыйлаба бооруң эзилет", же "боорум ачып" деп сүйлөйбүз. Бизде адамдагы боор органы аялуу сезимди, аяр мамилени түшүндүрөт эмеспи. Көрсө, Акмат Бакиевде деле боор бар экен. Болгону аны таптакыр "ачытпай", канчалаган адамдардын "боорун эзилте" ыйлаганына себеп боло бергени үчүн боору кургап баштады. Мындан бир канча жыл илгери да боору ооруп, Германияга барып дарылаткан экен. Ошондон кийин эсине келип, жарды - жалчыларга боорун жакшылап оорутуп баштаганда, чыныгы боор оорусун алдын алганы болоор беле. Ушунун өзү Бакиевдер тирүүлөрдүн сотунан качканы менен Жараткандын сотунан эч убакта кача албасын белгилейт.


Түштүктөгү окуядан жабыркаган медициналык кызматкерлерге жардам берилди
6-июлда Саламаттык Сактоо Министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева Оштогу облус аралык балдар ооруканасында өткөн жыйында түштүктөгү коогалаңда жабыркаган медициналык кызматкерлерге 290 миң сом көлөмүндө материалдык жардам берди. Бул акчаны Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн түндүк облустарындагы медициналык кызматкерлер чогултуп берген. Мындан сырткары Дамира Ниязалиева маркум хирург Касым Жусупакматовдун үй-бүлөсүнө да барып, кесиптештеринин атынан 100 миң сом, өзүнүн атынан 20 миң сом берди. Ош облус аралык балдар ооруканасынын хирургу Касым Жусупакматов 16-июнда белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, кийин өлтүрүлгөн. Саламаттык Сактоо Министрлигинин алдында атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен түштүктөгү коогалаң маалында үй-жайынан же жакындарынан ажыраган медициналык кызматкерлерге да 10 миңден 30 миң сомго чейин материалдык жардам көрсөтүлдү.


Т. Исмаилова өмүрүнө коркунуч туулгандыгы үчүн өлкөдөн чыгууга аргасыз болду
"Жарандык коом коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч болгон үчүн өлкөдөн сыртка убактылуу чыгып кеткенин "Азаттыкка" өзү ырастаган. Укук коргоочуну коркунуч тооруп турганын ал жетектеген укук коргоо борборунун кызматкерлерине Феликс Кулов эскертип, сак болууга кеңеш берген экен.
"Кулов мырза айтыптыр, бизде ушундай маалымат бар. Коркунуч бар, байкабаса, криминал жок кылганга маалымат алган,"-деп билдирди укук коргоочу.
Майдын аягында, июндун башында дагы Т. Исмаилованын үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туулган экен. Тааныш эмес аялдар келип, укук коргоочунун жашаган үйү жана балдары жөнүндө коңшу-колоңдордон сураштырып маалымат жыйнашкан.
Т. Исмаилова Бишкектеги 7-апрелдеги жана Оштогу тополоң окуяларга себепкер болгон саясатчылар, алар менен кылмыштуу чөйрөлөрдүн байланышын күбөлөгөн, жабык жайларда орун алган көптөгөн мыйзамсыз иштерди жана күч органдары айыл-кыштактарда өткөргөн атайын операцияларды иликтеген көп материалдар колунда бар экенин билдирди. Анын ичинде бийликте турган адамдардын кылмыш чөйрөсү менен байланышын күбөлөгөн да маалыматтар бар. "Криминал сөзсүз түрдө өкмөттө отурган көптөгөн адамдардын жалдаган адамдары болуп уюшуп калган",-деп баса белгиледи укук коргоочу.
Т. Исмаилова башка өлкөдөн баш калка сурабай турганын, Кыргызстандагы "туман таркары" менен кайрылып келе турганын билдирди.

"Рухпресс"




"Жетигендин" кийинки ээси ким болот?
Ысык-Көл районунун Бостери айылында орун алган "Жетиген" эс алуу жайы Акаев режиминин учурунда мыйзамсыз менчиктештирилген. Азыркы учурда "Жетиген" эс алуу жайы казактардын колунда.
Буга байланыштуу 30.12.1999-жылы Мамлекеттик Мүлк Фондунун директору Ташкул Керексизов, Айдар Акаев жана Адиль Тойгонбаевдин көрсөтмөсү боюнча мыйзамсыз чыгарган №250 буйругу менен "Жетиген" эс алуу жайынын эмгек коллективин менчиктештирүүдө укуктарын тебелеген, "Аэродромдорстрой" ААКсына мыйзамсыз сатып, Адиль Тойгонбаевдин иниси Мараттын досу, "Айрек" рекламалык агентствонун директору Өмүралиев Айбектин менчиги ОсОО "Өгүзгө" өз ыктыяры менен Майоров Сергей Михайлович өткөрүп берген. 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратура тарабынан №151-03-65 сандуу кылмыш иши козголуп, белгисиз себептер менен токтотулган. Азыр бул иш кайрадан өндүрүшү жаңыдан улануунун астында турат.
Азыр "Жетиген" эс алуу жайын колдон колго өтүп, жаман акыбалга алып келди. №1,2,3,4 корпустар талкаланды, бак-дарактар куурады, башка мүлктөрү мыйзам бузууга жардам берген атка минерлерге белекке берилген.
25.05.2010-жылы Ысык-Көл райондук прокуратурасынын кызматкери жана элдик кошуун тарабынан "Жетиген" эс алуу жайы камакка алуу (опечатывать) маалында "Жетиген" эс алуу жайынын директорунун орун басары Мирлан Сыдыков бильярд ойноочу мекеменин ичинен мурунку Башкы Прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин агасы Садыр Сатыбалдиевдин өздүк буюмдары табылган башкача айтканда муздаткычтар, көл жээгине жайгашчу кафенин буюм тайымдары, көлдө сүзүүчү моторлу кайыктын, яхтанын бөлүктөрү табылган.
Бирок тилекке каршы буга чейин Акаев жана Бакиевчилердин кысымы менен мамлекеттик органдар адилетсиздик кылып "акчалуулардын" пайдасына чечип келген.
7.04.2010-жылы Бакиевдин режими кулагандан кийин бийликке келген Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Баш Прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраевдин көзөмөлүнүн алдында элдин көптөн-көп күткөн мүдөөсү аткарылып "Жетиген" эс алуу жайы азыр "улутташтыруу" алдында турат. Мындан башка Кыргызстан боюнча 380ден ашуун мүлк "улутташтырылды".
Афган согушунун интерноционалчы
жоокерлеринин "INTER"
Коомдук фондунун жетекчиси
Байсбек Исмаилов