Кыргыз гезиттер архиви

"Коркпогула, кыргыздар, коркпогула!"
Кесиптешим, Улуттук университеттин мугалими Жолдош Кудайбергеновдун жаркын элесине багышталат


Апрелде өрүк гүл ачып,
Асманда күн жарык нур чачып,
аппачык.
Ата-Бейит тарапка
кыргыз барат агылып…
Көкүрөктө эмне бар?..
Түшүнө албайт
тирүү жан...

1
Окторулуп көктөн түшкөн бүркүттөр
Көк мейкинде эркин учуп жүрүшкөн.
Ак калпактуу Алатоосун сүйүшкөн.
Тоо жаңыртып шаңшып, шумдук


күлүшкөн.

Кыргыз жерин бийлеп алган каргалар
Байкап көрсө күндөн күнгө заман тар…
Күн жарыгын тосуп алды жабылып,
Түн түшкөнсүп калды кыргыз басынып.

Карга ханы чакырыптыр курултай
Тилеги зор: бүркүттөрдү муунтмай.
Кыраандарын атып салып четинен
Калгандарын темир торго бекиткен.

Бүркүттөрдүн тарып күндө Мекени
Теңир тоолор жат душманга кетеби?
Эмне болот эртең элдин тагдыры?
Эр намысы, жер намысы тепселди.

Бул кордукка чыдабады бүркүттөр
Каргаларга талап койду үмүткөр…
Бок чокуган,тоюнушкан каргалар
Кыраандарга сес көрсөтөр алы бар.


Апрелдин алтысында чуу чыкты.
Таластагы каргаларды куушту…
Атыш, чабыш, кызыл кыргын өрт болду
Эми кыйын бүркүттөрдү токтотуу.

2
Ата-бейит!..
Бүркүттөрүн жерге берип,
турду кейип…
Үч күнкү ызама чыдай албай
ыйлап алдым
көздөрүмдөн
жашым төгүп…

Жолдош!..
Ошол жигит!..
Салам берип калчу эле
башын ийип…
Универде иштечү…
Анча деле өткүрдөй көрүнчү эмес.
Сылык-сыпаа,
ийменчеек…
Жылуу-жумшак мамилеге
кетчү эле ичим жылып…
Болду…
Мындан бөлөк ашык сөзү жок,
Жылт-жылт этип көздөрүндө жанчу от.
Түшүнө албай сырын бүркүттүн
аң-таң болуп басып кетчүмүн.

Ушунчалык кылдат эр эле
Кирпигинен сезчү адамды.
Башкалардай мылжыңдап
ашык суроо берчү эмес…
Улуугабы,
кичүүгөбү
асылчу эмес жөнү жок.

Анык билбейм
кайсыл жердин кулуну.
Менде деле,
анда деле
жок эле андай кызыгуу.
Жаш муундарды окутуп,
билим жолу,
илим жолу,
тартип жолу
жарык максат көздөгөн
келечектүү,
алыс эле жолбуз…

Башкалардай пиво деле ичпедик.
Мас болгонун, таз болгонун билбедим.
Сөгүнгөнүн,
дөөрүгөнүн көрбөдүм.
Учурашып калчу эле
күлмүңдөтүп көздөрүн…

Ата-бейит!...
Жабалактап эл турат.
Улуу тоолор!..
Комуз муңдуу күү курап.
Апаппакай гүлүн ачкан өрүктөр…
Кызыл тууну жамынып
үнсүз-тилсиз
мелтиреп
жатат
кыраан жигиттер!
"Кайран, Жолдош!.."
"Болду! Кейибе эми!.."
Тыйды мени сүйгөнүм.
Үч күн болду
эки- жакка чыга албай
небере карап үйдөмүн.

Каргаша салды каргалар
Иш болбой калды таңгалар.

3
Арга таппайм!..
Көрдүм далай жигитти
Окко учкан,
Ак үй жактан!..
Ак үй жактан!..
Ак үй жактан!..
Байкелеп
ыйлап жатты бир балакай…
Асфальтта мээни көрдүм
чачыраган,
чачыраган
чачыраган.
Коркпо!..
Качпа!...
Балдар жүрөт таш ыргыткан.
Каскачан,
куралчан
Бакиевди коргоп жаткан
өзүндөй эле теңтушуна
ажал ,
кайгы,
ок
аткан
жапжаш эле
кыргыз балдар,
маңкурттар…
Бийлик буйрук
таккан...
Каргыш урган, каргалар!
Бүркүттөрдү кайраган...

4
Кыргыздар кийик аткан.
Ач-жылаңач күндөрү
жанын баккан…
Убал-сообу болот деп
кайберендин
кара курсак камы үчүн
ченеп аткан…
Кайберендин каргышы узатпастыр
көрдүңөрбү энени
ыйлап жаткан,
сыздап жаткан.
Жайрап калды,жигиттер
Жаныш аткан…
Жаныш аткан…
Жаныш аткан...

5
Оо, жүзүкара!
Акүйдүн башындагы.
Октон коркпос
Кыргыздын бүркүттөрүн
Тырс!
Тырс!
Тырс!этип
Акырын терип жатты.
Эркиндикти көксөгөн
эр жигиттер,
жылт-жылт этип
жылдыздай
өчүп жатты,
өчүп жатты,
өчүп жатты.

6
Жүрөк канап
күйүп турам…
Сөзге көнбөс
акмактардын айынан
дал ушундай чыр чыгарын сезгемин…
Ким мененсиң?..
Суроо салган безгектер.
Ишенем кетти бийиликтен,
Эки жүздүү эл дегем…
Кемпириме ишенем,
Саткан жок мени бир мертем.
Жообума балдар күлүшкөн,
Алаамат жайын билбегем.
Курултайдын алдында
Кедейкандай мен дагы
Так сурасам үч күнгө
берет беле, Бакиев!
Оппозиция эмесмин!
Карапайым пендемин.
Эл башында жакшылар
Силерди да билемин.
Ынтымак эле тилегим.

7
Кандай гана шерменде!
Элди аткан.
Кандай гана шерменде!
Элден качкан.
Байлыктан да,
бийликтен
жан таттуубу?.
Жашындыңар
түн катып
жалаптардай
өзүн саткан.

8
Каным менен
жазылды ушул саптар…
Кош, бүркүттөр
Майдандан кайтпай калган.
Мен силерге жакшы сөз айтпай калгам.
Мен силерге жакшы сөз айтпай калгам.
Окко учкандар
Эми тынч жата берет
Эртеңки күн
саа керек,
маа керек.

9
Сагызгандар шакылдап сүйлөп жатат
Элди-журтту тынчтыкка үндөп жатат.

10
Кан кечишти
врачтар ак халатчан,
сакташ керек
бүркүттү жарат алган…
Качып кетти,Бакиев,
элин аткан.
Качып кетти,Үсөнов
жерин саткан.

11
Чындык өлбөйт
чындыкты көтөрүш оор.
Чындык өлбөйт
чындыкты көмүү болбойт...
Тосмо артында томсоруп
калды энелер,
көздөрүндө өкүт бар
кыз -келиндер…
Атакелеп чыркырайт
бир эселек.
Ак сакалдан куюлтуп ысык жашын
сексендеги карыя
оңбосун дейт.
Кырчынында кыйылган неберелер…

Сагынаев Турсунбек!..
Теңтуш элек.
Октон кайра тартпаган бүркүт экен.
Эл-журт үчүн өмүрүн
берди уулу…
"Бийлик,
байлык
мас кылган дөөпүрөстөр!
Силер менен баары бир
мен күрөшөм!.."

12
Бакиевден бузук сөз уктум..
Бандит деди өз элин, бандит деди.
Карыялар тунжурап угуп турду,
Куйкалары курушуп тынып турду.

13
Тирүүлүктүн кичине шооласы бар
Аман болсун артагы уул-кыздар…

14
Каргаша салган, Бакиев
Калсаңчы өзүң атылып…
Митингди эмне кыласың
Ойлобой элдин убалын.
Канын төгүп жаштардын
Кайгырбай басып турасың.
Катындарды айдактап,
Кайра айныган убагың.
Ойнобоңуз от менен
Оюнчук эмес Ош деген.
Оозуңузуду толтуруп,
Өзүң эле бок жесең…

15
Акаевдин арыгын чапкан бийлик,
Бакиевдин уурусун жапкан бийлик.
Ишенимин уурдадың өз элиңдин
Конгантиев сыяктуу күйсүн бетиң…

16
Максүтов Эдил -жердешим.
Окко учуп кеттиң эреним…
Билчү элем Акмат байкени
Момун киши элдеги…
Иш эле болгон эрмеги.

17
Жаны күйгөн балдарды
жанкечти бийлик жайлады.
Бир үйдөн экөө окко учту
атасы менен баласы…

18
Айтматовдой атасы атылгандар
Арман менен түбөлүк жашайсыңар..

19
Аталаган ,ананай, ымыркайым
Сени көрүп ичимден чырылдадым.

20
Көрөгөч бүркүтүмдү көзгө аттың
Каркылдап, түн жамынып, каргам,


качтың…
Чолпонкул жүрөгүңдү окко тосуп
Кыргыздын ар-намысын сактап калдың.

21
Баатырлардын артында баатырлар бар.
Багытынан адашты жан алгычтар.
"Качпагыла, кыргыздар качпагыла!..
Элдин, жердин намысын сактагыла!
"Коркпогула,кыргыздар, коркпогула!
Шукшурулаган бүркүткө окшогула!"
Аманатын Жолдоштун аткаралы
Адилеттүү эл-журтту башкаралы.
Мындан ары кыргызда заман оңол!
Кара ниетүү каргаша, жогол,жогол!.
Айбек Түмөнбаев
7-19.04.10. Бишкек.