Кыргыз гезиттер архиви

  Сандан-санга

Жетимдердин көз жашы
- Ата... - буулуккан Айдар көз жашын тыя албай атасын кучактап, эчкирип ыйлап жатты.
- Балам, болду эркек деген кайраттуу болушу керек. Сен эмне мынча жашык болуп баратасың, же карылыкка баш койдуңбу-деди Касым өзүнүн сөзү орунсуз экенин билип турса дагы өзүн күчкө салып күлүп.
Таң атпай Касым абышка баласы каникул учурунда акча таап алсын деген үмүт менен күрсүйгөн Токонун үйүн көздөй жөнөдү.
- Ой, Касым аке, келиңиз, эмне таң атпай, кандайсыз?
- Келдим, өткөндөгү сен айткан жумуш боюнча.
- Сиз эмне өзүңүз иштейин деп жатасызбы?
- Жок, уулум иштейт.
- Аа...
- Мен, биринчи сени менен эмгек акысын өзүм сүйлөшүп тактап алайын. Кандай жумуш, убактысы, мөөнөтү, акысы дегендей.
- Касым аке дегеле өтө эле таксыз да.
- Токо, бели ката элек баланы өтө оор жумуш кылдырба.
- Ой, ушул базардагы арабадан эле кантип курулуш жумушу оор болуп калсын, жарыктык десе...
- Каникул учурунда 2,5 ай иштесе мен 15 миң берем деп кол алышты. Тамак ашын Касым ата кызы экөө даярдап берээрин айтып, уулума силердин тамагыңардын кереги жок дагы 3 миң кош деп соодалашып жатып, 18 миңге токтолушту.
Касымдын көңүлү көтөрүлүп, үйүнө келсе, кызы тамагын бышырып атасы айтпай кеткенине кыжалат болуп отурган экен.
- Кайда жүрдүңүз, давленияңыз кармап калса эмне болот. Мени кошо алып албайт белеңиз? - деп алаңдаган кызын көрүп, "туубасам да тутунган" балдарым, кагылайындарым деди ичинен элжиреп.
- Кызым, мен аны ойлобой эле тиги Токого барып, Айдарым жок дегенде каникул учурунда тыйын-тыпыр таап алсын деп жумуш сүйлөшүп келдим.
- Ошентсе деле айтып кетсеңиз болмок - деди таарына ары жакта турган Айдар.
Ал эми, Ширин мектепте жакшы окуганы менен башка балдардан айрымаланып, кийген кийими жупуну, мүнөзүнүн токтоолугу айдай болгон чырайлуу жүзүнө жарашып тургандай.
Акыркы мезгилде, анын бир жерди тиктеген бойдон ойлуу отура бергени классташтарын таң калтырат. Мектептин "авторитети" аталган Мирлан Ширинди жакшы көрөөрүн же жек көөрөрүн билбей дайым эле ыйлатып алып, артында кыжалат болуп калат.
Мына бүгүн дагы мектепке келаткан кызга топ кыздардын арасынан көзү түштү. Анын кийген ак кофтасы менен кара юбкасы арыкчырай келбетине жарашып, басканы, сүйлөгөн сөзү деги койчу кызды карап туруп, Мирлан ордунан узакка ойлонуп, жанындагы балдарга билдирбестен кызга кезектеги мазактоосун баштады.
- "Секенд Хенд келатат, жол бергиле"-деп алып өзү кызарып кетти. Муну айткан себеби, ал 5-класста окуп жүргөн учурунда чет элдик экски кийимдерди салмактап тартып берген дүкөн ачылып, атасы экөө барып өзүнө жарашкан кийим кече алышкан. Жаш кыз мактанып мектепке кийип бара коём деп классташтары " Sekend Xend" кийими экендигин билип калып, ушул атка конуп калган.
Көңүл бурбастан басып кеткен кыздын артынан ээрчип алган Мирлан жөөлөп өтүп:
- Эмне уялып жатасыңбы? Аа сен мени сүйөсүң да билбей калган турбаймбы, - деп алдынан чыкты. Бирок, ал кыздан жаакка шапалак жейм деп эч качан ойлогон эмес.
- Сен мени тажаттың! Жогол, алдыман чыкпа уктуңбу?-деп жаактан ары бир чапты дагы басып кетти.
Бул мезгилде же катуу эмне деп жооп айта албаган Мирлан, "сен эмне кыйын болуп калдыңбы" -деп кызга жулунган досторун тыйып басып кетти.
Ал дайым жакшы мамиле кылам деп тескери кылат дагы 2-3 күнгө чейин кыйналып жүрөт.
Бул жолку тамашасы өтө катуу болуп калганын өзү дагы сезип, кыздан көргөн ызасын унутуп эле "Эми эмне болот, таарынтып алдым окшойт. Анан сабактан чыккандан кийин кечирим сурап койсомбу" - деген ойлор баланы бушайман кылды.
Ызасынан көзүнүн жашын тыя албаган Ширин класска кирип, жаңы эле ачкан күндөлүгү менен китеп-дептерин жыйнады дагы чыгып кетти.
Шириндин ыйлап келгенине атасынын жаны чыгып кетти.
- Кагылайын кызым, сени ким таарынтты. Айтчы деги эмне болуп кетти? - деген суроолор биринин артынан бири жаай баштады. Кызынын көз жашын көрүп үйгө отура албаган Касым абышка түз эле мектепти көздөй жөнөдү. Алдынан биринчи эле чыккан мугалимге:
- Мектептин директору кайда?
- Эмне болду ата, балким мен жооп берермин, эмне суроолор менен келдиңиз эле?
- Жок мага директор керек!
- Жүрүңүз анда, бул жакта, - деп ээрчитип жөнөдү.
Мектептин директоруна киргенде эле ачууга уугуп, калчылдаган абышканын үрөйүн көргөн директор коркуп кетти.
- Аксакал, деги тынчылыкпы?
- Кайдагы тынчтыкты сурайсың. Силердин мектебиңер эмне деген мектеп. Мынабу 8-класста окуган кызымды бирөөлөр ыйлатып коюптур, жанагы атасынын акчасына көпкөн акмактарыңарды токтотпойсуңарбы?
- Сидин кызыңыздын фамилиясы ким?
- Касымова Ширин.
- Аа, ал эң жакшы окуйт.
- Билем эң жакшы окуурун. Мен силерден окуучуларыңарды тыйбайсыңарбы деп жатам.




Г а р е м к а н а
(Сериал)
(Башталышы өткөн санда)
Эсинен танган Катя кандайдыр бир оор салмактуу нерсе үстүнө келип басканды туйду.Бирок козголо албай, ал эмес кыйкырууга да чамасы келген жок.Турганбек болсо өлүк сымал сулк жаткан кыздын денесинен ырахат таап, ордунан турду да , кыздын эсине келишин күтүп отурду. Бир топ убакыт өткөн соң кыз эсине келди, ал өзүнүн жылаңач денесин жууркан менен кымтылап бир топко чейин ден дароо болуп, эмне болуп кеткенин түшүнө албай жалдырап жатты да, анан буркурап ыйлап жиберди. Ыйлап жаткан кызды сооротууга жакындап келген Турганбектин делебеси кайрадан козголуп, аны кучактап өбүүгө далалаттанып жатканда, кайрадан кыздын алаканы жаагына чуу дей түштү. Бул жолу Турганбек сабыр тутту, баары бир болоор иш болду да деп кызга акедей асыла баштады. Катя болсо:
- Болду, жетишет дядя Иосиф келсе, сенин акеңди таанытам, - деп жигитти оолак түртүп жатты.
- Катя, - деди Турганбек столдун үстүндө турган аш бычакты көздөй сөөмөйү менен көрсөтүп.-Басмачы дегенди уктуң беле, эгерде кимдир-бирөөгө айта турган болсоң, койдой мууздап салам.
Кыздын денеси диртилдей түштү, ансыз деле зордук-зомбулук менен запкы жеген кыз , бул азиат тукумундагы жигиттин, койдой мууздап салаарына ишенди.
- Катя,Катюша, кымбаттуум, - деп Турганбек жалынып, Катянын жылаңач денесин аймалап өпкүлөп жатты. Бул жигитти жан-дүйнөсү менен канчалык жек көрүп жатса дагы, кыз анын асылганына туруштук бере албады. Ал коркуп турса дагы аны түрткөндөн чоочулап катарлаш жатууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.Тукең таң аткыча жаш кыздын жанын тынчыткан жок.
Эртең менен Турганбек кызуу уйкуда жатканда кыз ордунан турду да, түн ичинде көрсөтүп жаткан аш бычакты колуна алды.Бирок, ал жигитти канчалык жек көрүп өлтүргүсү келсе да колу даап жакындай алган жок. Колдору калтырап, түндөгү көргөн кордуктарын эстеп ичтен сызып ыйлап жатты. Аңгыча Турганбек да ойгонуп, башын көтөрдү. Кыз колундагы бычагын ката коюп билмексен болуп, көз жашын сүрттү.
- Бери, келчи, сүйкүмдүүм, - деди Турганбек. Кыз жыла басып керебеттин жанына отурду. Жигит кыздын колунан кармап: - Катя дагы бир эскертип коёюн, кокустан кимдир-бирөөгө ушул болгон окуяны айтсаң, сени өлтүрүп кете берем. Менин Кыргызстанымда мага эч ким тийише албайт. Ал жерде менин атамдын кадыр-баркы абдан чоң, ошондуктан, камырдан кыл сууругандай эле , мени сот жазасынан сууруп алат. Түшүндүңбү?-деди.
Катя : "Түшүндүм"-деп баш ийкеди .
- Кел анда жүзүңдөн бир өөп коёюн, - деп, Турганбек кучактап, бетинен сүйдү да, эч нерсе болбогондой, ордунан лып секире туруп, кийине баштады.
* * *
Убакыт өтүп жатты. Турганбек баягыдай эле Алевтина кемпирдин үйүндө, өз үйүндө жаткансып тайраңдап жашап жатты. Алевтина Моисеевна Катя келгенден кийин, кичине оокатыбызга тыгын-таяк болсун деп, үч күндө бир заводдун жатканасына күнү-түнү вахтерша болуп иштей баштаган. Ал вахтага кеткен түнү Турганбекке кудай берди болуп, өзүнүн нике кыйган менчик аялынан бетер, Катянын төшөгүнө келип жатканды адат болуп калды. Бул түн Турганбек үчүн бейиштин түнү болсо, Турганбектин зордук-зомбулугунан коркуп калган Катя үчүн тозоктун түнү болчу. Ал эптеп мектепти аяктап ушул адамдан алыс жакка кеткиси келчү. Бирок, тагдырдын тамашасыбы, кыз кош бойлуу болуп калганын кеч түшүнүп калды. Ал гинекологдорго кайрылганда , боюнан алдырууга кеч болуп калганын билди. Ошондой Алевтина Моисеевна түнкүсүн вахтага кеткен түндөрдүн биринде койнунда кучактап жаткан Турганбекке болгон сырын ачты. Турганбек ордунан секирип туруп, кыйкыра баштады:
- Келесоо десе, боюңдан алдыр. Мен мусулман болсом, сен капыр болсоң экөөбүз кантип үй-бүлө курмак элек, анын үстүндө Кыргызстанда менин кудалашып койгон кызым бар.
- Боюмдан алдырууга кеч болуп калыптыр. Аа кудалашкан дегенди кандай түшүнсө болот?-деди Катя.
- Биздин үйлөнүү тагдырыбызды ата-энебиз кичине кезибизде эле чечип коёт. Өздөрүнө жаккан кыздарга бойго жеткенде баш кошосуңар деп кудалап коёт. Биз ата-энебиздин тилинен эч чыга албайбыз. Анын үстүндө ата-энебиз кадыры өткөн адамдар менен гана кудалашат. Кокустан мен сага үйлөнүп, менин айылыма барсак, элдин баары капырды алып келиптир деп шылдыңдашпайбы. Жок, кеч боло электе боюңдан алдыр, - деди ачууланган Турганбек.
Катя бышактап ыйлап жатты, анын Турганбекке болгон жек көрүүсү чексиз эле.
Бирок, баары бир курсагында жаткан наристенин атасы катары сыйлашып жашап кетерине ишенип турган. Турганбектин бул айткандары ага күтүүсүз сокку болгондуктан, ички бугун кимден чыгарарын билбей шолоктоп ыйлап жатты.
Эртең менен Турганбек болгон мүлкүн бир чемоданга батырды да, бул үйдөн биротло чыгып кетти. Катя анын таштап кеткенин билген соң болгон сырын таенеси Алевтина Моисеевнага айтты.
- Момурайган эле жигит экен деп жүрсөм, "Кылгылыкты кылып , кыл жип менен бууп" коюп, митайымданып жүргөн турбайбы, -деп ачууланган, жакынкы шаарларда жашаган уулу Иосифке телефон чалып, болгон ишти түшүндүрдү. Каны кызуу спорт менен машыгып жүргөн Иосиф:
- Кабатыр болбоңуз, аны жердин түбүнө кирип кетсе да сууруп чыгам, - деди.



(Уландысы кийинки санда)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ