Кыргыз гезиттер архиви

Дүйнөлүк медиа Кыргызстандагы окуяларды кантип чагылдырууда?
Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар соңку күндөрү дүйнөдөгү маалымат каражаттарында башкы тема катары чагылдырылууда. Анткен менен айрым учурларда окуяны үстүртөн гана стереотиптүү маанайда чагылдырып жатышат.
Кыргызстандагы окуяны дүйнөдөгү эң негизги маалымат телеканалдары Би-Би-Си менен Си-Эн-Эн өздөрүнүн ал жактагы кабарчылары аркылуу чагылдырышууда. Би-Би-Си бул күндөрү көбүрөөк Өзбекстанга кеткен өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга басым жасоодо.
"Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деди Би-Би-Синин азыр Ошто жүргөн кабарчысы Рейхан Демитри. - Мен турган жердеги качкындар азыр бул үйдө таза суу чыкпай калганын, эми сууну каналдардан алыш керектигин айтышты. Гуманитардык абал Ошто да оор бойдон. Адамдар көчөгө чыгуудан коркушат, чыккан менен дүкөн-базарлар жабык".
Ал арада бүгүн Орусиядагы Russia Today телеканалы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Британияда кармалганы жөнүндө маалыматка кайрылып жатты. Алар "Риа-Новости" маалымат агенттигинин аналитиги Самир Шахбаз менен интервьюну көрсөтүштү. Ал түштүктөгү соңку тополоң үчүн Бакиевдердин үй-бүлөсүн күнөөлөдү.
"Албетте, Кыргызстандагы соңку күндөрдөгү тополоңго бийликтен кулатылган президенттин үй-бүлөсү жооптуу, - деди орусиялык эксперт. - Буга өлкөнүн экономикасынын кыйраганы да шарт болуп берди. Анткени өнүккөн мамлекеттерде бул өңдүү окуялар болушун элестетүү кыйын. Бакиевдин уулу Максим сырттан келген бүт инвестицияны колуна алган эле. АКШдан, Орусиядан түшкөн миллиарддаган долларды башкарып турган жана андан өлкөнүн бюджетине эч нерсе түшкөн эмес.
Франциядагы Эларалык радионун кабарчысы бүгүнкү берүүдө кыргыз аскер күчтөрүн да айыптады. "Өзбек кварталдарында азыр кыямат кайым болгондой абал, - деди ал. - Армия болсо кыргыздарга келгенде жумшагыраак боло калат".
Анткен менен мына ушул өңдүү кабарлардын дүйнөлүк медиада чыгып жатканын Борбор Азияда көп жылдардан бери иштеп келген даниялык журналист Майкл Андерсен айыптады. Анын айтымында, Батыштагы маалымат каражаттары Кыргызстандагы окуяларды үстүртөн гана чагылдырып жатышат.
"Оштогу окуялар "этникалык тазалоо, кагылышуу" эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Бул - чыныгы бандитизм, - деди М.Андерсен "Азаттык" радиосуна. - Мен бир маанилүү нерсеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Менин Оштогу көптөгөн өзбек тааныштарым аларды кыргыз достору үйлөрүндө жашырып, коргоп жатышканын айтышууда. Менимче, бул өзгөчө маанилүү нерсе. Өзбектер менен кыргыздар бири-бирине жардам берип, колдоп жатышат. Бул Ошто чынында "этникалык кагылышуу" болбогонун ачык далилдеп турат".
Бүгүн дүйнөдөгү эң башкы гезиттер да Кыргызстандагы окуяларды кеңири чагылдырганга аракет кылышты.
Financial Times "Алыс көрүнгөн Кыргызстан азыр эларалык коомчулукту тынчсыздантып, оор абалга коюп койду" деп жазды. Макалада "Бир чети, улам кагылышуулар күчөп жатканы ыкчам аракеттерин болушу зарыл экенин көрсөтүүдө. Экинчи жагынан, Кыргызстанга чет өлкөлүк аскер күчтөрүн киргизүүнүн мыйзамдык жагы оор суроолорду жаратууда".
Кыргызстандын түштүгүнө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) тез аракеттенүүчү күчтөрүн киргизүү-киргизбөө талкууланганы да ушул макалада жазылды.
Ал талкуу жөнүндө басылмалардын көбүндө эле айтылат. Мисалы, Washington Post "Жамааттык коопсуздук келишими Кыргызстанга учактардан, аскерий техникалардан жардам берээрин билдирди" деди. Гезит азыр кыргыз жериндеги окуя "Москваны да, Вашингтонду да саясий дилеммага салганын" билдирди. Жаңылыкка "New York Times", "Daily Telegraph" газеталары да кайрылышты.
Гуманитардык оор абал жөнүндө макалалар Орусиядагы "Коммерсант" басылмасында, Би-Би-Си корпорациясынын сайтында жазылат.
Төрөкул ДООРОВ, "Азаттык"




"Бир тараптуу маалыматка каршыбыз"
Кыргызстандын түштүгүндө 11-12-июнь күндөрү орун алган каргашалуу окуяларды дүйнөлүк бир катар массалык маалымат каражаттары бир жактуу чагылдырып жатат. "Ал жактагы окуянын чыныгы өнүгүшү кандай болгондугун жана кимдин күнөөсү бар экендигин тактабай, тастыктабай туруп, сенсациялуу кабар беребиз деген дем менен журналисттер маалыматты бир тараптуу берип жатат", дейт чет мамлекетте окуп, иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары. Өз өлкөсүндөгү болуп жаткан окуяларды интернет аркылуу көрүп, угуп жаткан жарандарыбыз бир катар массалык маалымат каражаттарына нааразычылыгын билдирип, аларды сатып албоого үндөштү. Мисалга англис тилинде чыгуучу "Todayszaman" гезитине көз карандысыз журналист Бахтияр Шахназаровдун "Кыргызстанда өзбектерге карата тукумкурутчулук болду" деген макаласы жарык көргөн. Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул макала тууралуу "Todayszaman" гезитине нааразычылыгын билдирип, бул газетаны сатып албоого, жазылгандар болсо жазылуудан баш тартууга үндөштү. Макалада 11-12-июнь күндөрү орун алган кандуу окуяда жалаң гана өзбек улутундагы атуулдар өлтүрүлүп, алардын үй-жайы өрттөлгөндүгү жазылган. Бирок, алдын ала маалым болгондой чындыгында эки тараптан тең жабырлануучулардын саны бирдей экендиги айтылып жатат. Интернет колдонуучуларынын "Todayszaman" гезитинин жетекчилигине маалыматты тактабай туруп чыгаргандыгы үчүн кыргыз элинен кечирим сурашы керектигин Facebooк интернет баракчасында ачылган атайын бетке жазышкан. Кыргызстандын чет жакта жүргөн атуулдарынын мына ушундай сындарынан кийин "Todayszaman" гезитинин интернет баракчасынан көз карандысыз журналисттин макаласы алынып салынды.
Дүйнөдөгү маалымат берүүчү гиганттардан болуп саналган Би-Би-Си жана Си-Эн-Эн каналдары дагы Кыргызстандагы окуяларды бир тараптуу кылып, жабырланган тарап өзбектер гана деген маанайдагы маалыматтарды берип келүүдө. Маалыматтарда айтылгандай Өзбекстандын чек арасына чейин качып келген качкындардын абалы оор, аларга гуманитардык жардамдар өз маалында жетпей жатат деген кыязда берилүүдө. Бирок, Убактылуу Өкмөт азыркы тапта түштүк аймакка керектүү жардамдар өз маалында жеткирилип жатканын маалымдашты.
Техниканын өнүгүшү менен маалымат технологиялары дагы өнүгүп жатат. Азыр мурдагыдай атом бомбасы бар мамлекет күчтүү болбостон, маалыматты камсыз кылуучу мекеме, уюмдары өнүккөн мамлекет күчтүүлүк кылып жатканы эч кимге деле жашыруун сыр эмес. ХХI кылым маалымат кылымы деп айтылып келет. Азыр ким маалыматка ээ болсо ал дүйнөнү башкарат деген ураан менен ар бир өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр өз аракеттерин көрүп жатышат. "Маалыматтык согуш" канчалык деңгээлде маанилүү жана керектүү экендигин азыр дүйнө коомчулугу түшүнүп турган маалы. Мисалга мындан бир нече ай мурун Грузиянын телеканалы Россиялык армия өлкөгө басып кирсе кандай болот, деген материалдарды көргөзүп, бир түндүн ичинде Грузия калкын кандай дүрбөлөңгө салды эле. Мына ушундан эле маалымат азыр канчалык күчкө ээ болгону көрүнүп турат.
Анан алыскы европа өлкөлөрүндө берилип жаткан кабарлардан, маалыматтардан ал жакта жашаган калктар кыргыздар тууралуу, Кыргызстан тууралуу кандай ой-пикирде болуп жатканы түшүнүктүү. Чет жакта окуп, иштеп жүргөн атуулдарыбыздын айтышынча Европанын кээ бир мамлекеттеринде кыргыздарга карата терс ой-пикирлер пайда болгонун дагы айтышууда. Мына ушундай бир жактуу маалыматты болтурбоого, жана так, чыныгы маалымат берүүдө өкмөттүн көргөн чаралары дагы маанилүү экендигин унутпайлы. Биринчи улуттук каналдан эки элди кайраштырбаган, бирок ошол эле учурда чыныгы маалыматты берсе Кыргызстандын аброю жана чет жакта жашаган жарандарыбызга карата терс ой-пикирлер жаралбайт эле?!
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да кээ бир чет өлкөлүк маалымат каражаттарында окуя бир тараптуу чагылдырып жатканына тынчсыздануусун билдирип, бир тараптуу маалымат Орто Азия аймагында кылымдардан бери бир жерди жердеп жашап келе жаткан элдердин ортосундагы ажырымды ого бетер күчөтөт, андыктан маалыматты берүүдө журналисттерди этияттык менен мамиле кылууга чакырды.
Расул Үсөналиев





Азаттык сайтына жазылган комментарийлерден кыскартылып, алардын кээ бирлеринин грамматикалык каталары оңдолуп берилди
кимден: Накта кыргыз каяктан: Бишкек
16.06.2010 23:48
"Кыргыз айкөл", "кыргыз сабырдуу" дешет. ЖЕТИШЕТ!!! Намысыбызды коргойлу. Же биз дүйнөлүк коомчулукка үнүбүздү жеткирүү жолун билбеген түркөйбүзбү. Бийликте намыссыздар, түркөйлөр, кайдыгерлер отурат. Жеке кызыкчылыгын Улуттун тагдырына, келечегине алмаштырып жатат. 50 жылдан кийин ал адам жөнүндө тарых эмне деп жазарын, анын тукуму жер карап каларын ойлобойт. Ар бир адам өзүнүн астындагылардан жооптуу. Ата аял балдарынан, чабан койлорунан, Мамлекет башчы ар бир жарандан. Кайдыгер болбойлу. Бизде сабаттуу, намыстуу жаштар өтө көп. Чыккыла. Дүйнөгө үнүңөрдү жеткиргиле. Чындыкты жеткиргиле.

кимден: ПАТРИОТ каяктан: Москвадан
16.06.2010 18:34
Москвада болсо орус туугандар баарын кыргыздар силер баштапсыңар өзбектерден көп адамдар өлүптүр деп кыжырыбызга тийип жатышат! Ушул берип жаткан телеканалдар эмне үчүн реально көрсөтпөй жатканына кейийсиң?!

кимден: Эне каяктан: Бишкек
16.06.2010 15:04
Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган- кыргыз!
Меймандос десе алданып, төрүнө душман чыгарган - кыргыз!
Өз уул-кызын жамандап башканы сүйлөп адашкан -кыргыз!
Акыры бары тебелеп ызадан көз жаш жуулган кыргыз!.
Убалыбыз уктатпасын, кыргызга каршы сүйлөп, каралап жамандагандарды! Бул күндөр өтүп качып, сатып, тоноп, тонналап ташып уча качып кеткендер бир көрүүгө зар болгон күндөр келет. Уул кызың намыстанып, бир ташыңды башкага ыраа көрбөй, бейиштей жериңди башкалар сыйына турган мекеге айлантар күн келет! Буга ар бирибиз ишенишибиз керек. Тиги кетсин, бул кетсин дегендин ордуна Ош тараптагы жашоону ушул күнгө чейин чыдап жашап келгенде, башкаларды төбөбүзгө көтөрүп, өйдө карап сүйлөй албай, четинен жерибиз кетип, минага канчалар жарылып өлүп жатканда Курманбек деген желмогуз угуп койду беле?. Дүйнөлүк ММК журналисттик этика, ар бир сөздүн артында жооп бере турган азап болорун билбей калгандыр. Акыры кыргыз эли билдик го биз эч кимге керегибиз жок, экенин, эч ким коргоп, колдой турган абалдан четте калганыбызды сездик го. Эми эмне кылабыз дегенде бири-бирибизди күнөөлөп акылдуу болбой ар бирибиз өз ишибизди тың аткарып, кайрат кылып, мурдагыдан да баатырдыкты көрсөтүп, өзүбүздү өзүбүз колдоп, коргоп, кайрадан жаралуунун туура жолун таап биригели.

кимден: Бакир каяктан: Баткен
16.06.2010 12:19
Кыргыздар дайыма сабырдуу, адилеттүү, кечиримдүү эл болгон. Бир жактуу маалыматтар абдан өкүндүрөт,өзбектер этникалык азчылык болгондуктан, бизди СМИлер каралап жатат, чынында андай эмес. Биз качан эле бирөөгө душмандык кылдык, эч качан. Фергана.ру сайты өзбектерден тургандыктан алар каралап жатат. Кыргыздардан эч ким жабыр тарткан жокпу, толтура, аны биз кыргыздар көргөзбей жатабыз, көргөзүш керек, акты ак, караны кара деп, минтпесек дүйнөлүк коомчулук кыргыздарды басмачыларга теңеп алышат. Дүйнө жүзүндө жүргөн кыргыздарга терс мамиле түзүлөт, келгиле андан көрө сайттарга биз да кыргыздарга кылган кара ниет сүрөттөрүн чыгарайлы, антпесек бизди дүйнө эли жаман көрүп калат.

кимден: PATRIOT каяктан: TURKIYA
16.06.2010 12:00
Кечээ күнү Турцияга Оштон көчүрүлүп келгендер Медиага ал жерде тукумкурутчулдук болуп жатат, ал жер тозок деп пикирлерин бөлүшүштү. Медиа болсо окуяларды аябай апыртып берип жатат.

кимден: Кыргыз жигит каяктан: Бишкек
16.06.2010 10:30
Урматтуу Кыргыз элим!
Мына ушул өлкөбүздөгү кырдаал аркылуу айланабыздагы кошуна улуттардын жана башка чет өлкөлөрдүн кыргыз элге болгон нак жүрөктөрүн көрдүк деп ойлойм. Эми кыргыз элим мындан ары ар бир кыргыз жигиттери бул жашоодо тың бололу, намыстуу, кара кылды как жарган адилеттүү, ынтымактуу бололу. Анткени биздин таянаарга эч кимибиз жок азыр бир гана Жараткан Кудайыбыз бар, АЛ элибизди, жерибизди коргосун, колдосун туугандар.