Кыргыз гезиттер архиви

  Мыйзам

Каякка учасың, Кыргызстан?
1993-жылкы Конституциядан бери , алгач Аскар Акаев жамаачылап, андан соң Курманбек Бакиев тарпын чыгарган, мамлекетибиздин ыйык мыйзамы Конституцияга Убактылуу Өкмөт жан киргизгени туру. Мындай демократиялуу кадамдар, албетте кимдир бирөөлөр үчүн жагымсыздыкты пайда кылгандыктан, алар колунан келген тоскоолдуктарды жасап жатышат.Алгач Түндүк менен Түштүктү кагыштыргысы келишти, андан майнап чыкпаган соң, улуттар ортосуна от жагышып, эзелтен коңшу болуп ынтымакта жашап келаткан эки элди кагыштырууга түрткү болду.

Азизбектен азил кеп
Убактылуу Өкмөттүн финансы министри Темир Сариев менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров телефон аркылуу сүйлөшүп атат:
- Мен сизге акча каражатын алтын монета менен берейинби же кагаз доллар менен берейинби досум?, -деп Сариев сурап калат.
- Алтын монеталарыңды кагаз долларларга ороп бере берсең болот, - деген имиш Бекназаров.


Жаңы Конституцияга кимдер каршы?
"Мурунку келген конок, кийинки конокту сүйбөйт"- деп кыргыз бекеринен айткан эмес. Мурунку бийлик да кийинки бийликти сүймөк беле? Акаев деле дыргаяктап качкан бойдон бакиевдик бийликке болгон ич күйдүлүгүн ичине катып, мамлекетибиздин коопсуздугу, кыргыз элинин келечеги үчүн, интеллегенттүүлүгүнө салып, тынч кете берди. Тарыхтын "тегирмени" айланып отуруп, Акаев түшкөн чуңкурга Бакиев келип түштү. Кемчиликти моюнга алган жакшы, кыргыз эли түп көтөрүлө бийликтен кубалап жатса, өзүнүн "Колума курал алып, бийликти коргойм" деген принцибин бекем тутуп Бакиев куралсыз акыйкат издегендерге ок аттырды. Эми ок аттырганга менин тиешем жок деп четке чыга бергиси келет. Бирок, Бакиевке ким ишенет? Мамлекеттин башчысынын буйругу болбосо да, бир ооз көрсөтмөсү менен "Бөрк ал десе, баш алган" "желдеттер" нечендеген наристелерди жетим, жаш жубайларды жесир калтырды. Элине мылтык сунганы аз келгенсип, мамлекет ичинде чаң тополоң чыгаруу аракеттери болду. Бирок Убактылуу Өкмөт борбор шаарда тартипти тез эле жөнгө салып, элдин келечеги үчүн кам көрүп, жаңы Конституцияны даярдоо иштери менен алпурушуп жатты. Кыргыз элинин келечегин уруп ойнобой өз кызыкчылыктарын көздөгөн эски бийлик, "жатып өлгүчө атып өл" дешип, биздин мамлекетибиздин кайсы жеринде "горячий точка" болсо, ошол жерге, элди талап-тоноп туйтунушкан акча каражатын жумшап, коогалаң түзүп жатты. Бишкекте Нариман Түлеевдин атына жамынып ызы-чуу кылуу операциясы ишке ашпай калды. Андан соң Бакиевдин улуу уулу Марат Бакиев миллиондогон каражат жумшап, "чырдын аксакалы" Үсөн Сыдыковду баш кылып, Түштүк жергесинде коопсуздукту туудурду. Эл деген туура түшүнүп, алардын Түндүк менен Түштүктү кагылыштыруу максаттары ишке ашпай калды. Бакиевчилердин бул аракети эл тарабынан четке кагылып, Убактылуу Өкмөт "маалымат согушунан" упай топтогон. Бирок, үчүнчү күчтөргө таянган "бакиевдин куйруктары" тынч жата алган жок. Өткөн доордо Искендер Зулкарнайдын жортуулуна биргелешип туруштук берген дили бир, дини бир эки калктын ортосуна чагым салышты. Улуттук маселе кылымдардан бери келаткан эң оор маселе. Бөтөнчө кыргыз эли коррупцияланган бийликтен кутулуп, жаңы бийликти легитимдештирүү алдында турганда, мындай эки элди кайраштырууга кыргыз элинин душмандары гана барат. Кыргыз элинин келечегин ойлогон атуулдар "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" мамлекет ичиндеги бардык улуттар менен биримдикте, ынтымакта жашашыбыз керек. Бүгүнкү кооголаңды уюштургандардын аты- жөнү кыргыз элинин тарыхына кандуу тамгалар менен жазылып калаарына шек жок.
"Той да болоор, тойдун эртеси да болоор"
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан бери, мына жыйырма жылга чукул убакыт президенттик башкарууда күн кечирип келдик. Жыйынтыгы эмне болду? Айкөл президент деп айга күнгө теңей мактап аткан Акаев акыры өз үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын гана камын көрүп, мансапкорлордун өсүп-өнүгүшүнө даңгыр жол салып берди. Карапайым кыргыз эли жакырланып отуруп, кыйын жашоого кептелди. Акаевди бийликтен кетирген кыргыздар жаңы, жакшы заманды күтүшкөн. "Котур ташын койнуна катып" бийликке келген Бакиев элге кызмат кыла турган Конституцияны кабыл алабыз деп, "беш өрдөгүн" туш-тарапка учуруп атып президенттикке шайланып алган соң, чыныгы жүзүн ачып көрсөтө баштады. Жеке бийлик авторитардык-диктатуралык режимге гана алып бара тургандыгын, ушул эки президент далилдеди.
Азыркы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бийликке каршы оппозицияда жүргөн учурда, негизги максаттарынын бири Конституцияны жаңыртуу болгон. Алар президенттик бийлик абсолюттук-монархиялык үй-бүлөлүк бийликке алып бара тургандыгын тарых далилдегендиктен, парламенттик республикага өтүү идеясын колдоп келишти. Бийлик алмашып, мурунку оппозициялык күчтөр бийликке келген соң эң биринчи кадамы системаны өзгөртүүгө багыт алганы болду. Албетте, бизге окшоп капиталисттик стадияны басып өтпөй, феодализмден социализмге секирип кеткен өлкөдө парламенттик республиканы куруунун тоскоолдуктары бар. Ал баягы эле феодализмдин калдыктары. Ар бир өрөөндүн акаевдик, бакиевдик жулунган зулумдары капчыктарын акчага толтуруп алышып, ошол өрөөндүн элине өз таасирин көрсөтүүгө аракет жасап, демократиялуу коомду түзүүгө түздөн-түз жолтоо болушары бышык. Алсак Адахан Мадумаров эмне "Бакырчак төөдөй" бакырып референдум өткөрүүгө каршымын деп жан далбастап атат.Бакиев башка чапса унчукпай "көөлүгүнө" айланган мындай дардаңпоздорду, кыргыздын ыйык жери Каркыраны "ак жолчу" депутаттарды зордук-зомбулукка салып атып, легитимсиз парламенттен казактарга ратификациялап, берип жибергени үчүн, жоопко тартыш керек. Ал референдумду же партияны коюп, Бакиевдин убагында вице-премьер-министр, парламент төрагасы, мамлекеттик катчы жана наамы жок коопсуздук катчысы катары, Бакиевке шыйпалаңдап жүрүп кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларында жагдайды жөнгө сала албай , азыркы мүшкүл окуяга түрткү болгондугу үчүн да ага күнөө тагууга болот.
"Ырыс алды-ынтымак"
Кылымдардан бери еврей менен араб улуттарынын ортосунда жаңжал болуп келатат. Эки жак тең запкы көрүшүп, эки улутту канча жараштырып койсо да, бири-бирин кырганды токтото албай келет. Азербайжан улуту менен армян улуту, күрддөр менен түрктөр кырды бычак болуп келатышат. 90-жылдардагы Ош коогалаңына Үсөн Сыдыков себепкер болсо, азыркы коогалаңды кыргыз бийлигине каршы күчтөр уюштуруп коюшуп, там-туң басып келаткан Убактылуу Өкмөттү дүйнөлүк прессадагы "маалымат согушунда" жеңилүүгө дуушар кылды. Себеби, миллиарддарды кымтып кеткен бакиевчилер, маалымат үчүн каражатын аябай, дүйнөлүк прессада, кыргыздарды геноцид кылып жаткан эл катары сүрөттөп атышат. Арийне, кыргыздар да, өзбектер да бирдей запкы көрүшкөнү белгилүү, аларды тукуруп коюшуп, мыйыгынан күлүп жүргөндөргө наалат айткандан башка эмне аргабыз бар. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" , эртеби, кечпи алар колго түшүп Өз жазаларын алаар. "Ырыс алды-ынтымак"- дейт, "эсибиз барда этегибизди жыйып", кыргыз, өзбек элин ынтымакка чакырып, чуркап жүргөн атуулдарыбызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ