Кыргыз гезиттер архиви

  Азил

Азизбектен азил кеп
- Хуцпан деген ким болот?-деп еврейлердин молдокеси раввинден сурап калышат.
- Атасын Белорусияга жашынтып, энесин Россияга качырып, агасын Казакстанга, туугандарын туш-тарапка тентитип, өзү болсо каралашаар кишим жок деп Англия королевасынын кайрымдуулугунан пайдаланып, баш паанек сурап барган адамды хуцпан деп атаса болот, - дептир раввин.


(Башы өткөн санда)

2006-жыл
Бакиев бийлеп шеф болду,
Калп айтса дагы эп болду.
Акаев жесе он жылдап,
Бир жылда эле жеп койду.

Акыйкат айтса жектешип,
ЖКга чыгып беттешип.
Адакең жүрдү вицеде
"Кримдер" менен эт жешип.

Тизгинин аттын бурдум деп,
Сөзүмө бекем турдум деп.
Сөөмөйүн кезеп Өмүкең
Спикерди урдум деп.

Мыйзамсыз ишти жолотпой,
Бийликти койчу тоготпой.
Тетири басып ким кетет,
Шерниязов Болоттой?

Министр эле баштагы,
Атамбаев таштады.
Оппозицияга биригип
Кызык оюн баштады.

Бийликке мен да жетем деп,
Меликең жүрдү тепеңдеп.
Аркы өйүз кызмат бербесе,
Берки өйүзгө кетем деп.

Бакиев мыкты бокстан,
Ташиев мыкты бокстан.
Тумшуктан ары бирди жеп,
Меликең тоголонду кокустан.

Жантөрө кетти сатылып,
Рысбек кетти атылып.
Көмүргө король болом деп
Мотуев жүрдү бакырып.

Бийикти эңсеп бийикти,
Колуна мандат тийипби.
ЖК жакка көп келбей,
Керексизов
Кубалап кетти кийикти.

Аскардын уулу Айдары
Көңүлү эми жайдары.
Салыкты "темный" чогултпай,
Максимге берди пайданы.

Алмаз, Болот, Өмүкең,
Ээрчиткен адам көп экен.
Жүрөгү түштү бийликтин
Жүдөтүшүп көөп кеткен.

Бийликтин шиши толуп калды деп,
Бюджет соолуп калды деп.
"Общий дом" болбой Кыргызстан,
Бокең айтты "дурдом" болуп калды деп.

Звонить этип чалгын деп,
Капчыкка акча салгын деп.
Министрге Бакиев депутат менен
Саунага баргын деп.

Бийликке жакын адамдар
Сауналап жүрүштү.
Бийликке каршы адамдар
Билектерин түрүштү.

Мансапты алды дейт деген.
Миллионду буурдап жейт деген.
Баштады күздө кызыкты,
"Матрешка-гейт" менен.
2006-жыл. Ноябрь.
Көлчүк эле ай токтоп толукшуган,
Көгүчкөндөр иччү эле конуп суудан.
"Көнөк баштар" балыкка


кошулушуп,
Көз ирмемде көлчүктө болуп


"чуулган"...
Чыгаандары чогулуп улуулата,
Чыйылдаша беришип куру бата.
Чыгат экен тактыга мен болом деп,
Чындыкты эч айтпаган "Куру бака".

"Кур баканы" урматтап аппак дешип,
Куркурашып бакалар "бак-бак"



дешип.
Куйругунан толгошуп балыктарды,
Курч сүйлөгөн балыкты акмак дешип.

Ыйгарышып бийликти "ме-ме" дешип,
Сыйлашышып байлыктан "же-же"



дешип.
"Ляппай" деген бакалар толуп кетти,
"Лягушка-царевнаны" жеңе дешип.

"Кур баканын" таманын бакалар өөп,
Кутурушту чардашты каталар көп.
Куугунтукка алынып балык жүрөт,
Кудай өзү бир күнү жазалаар деп.

Кошомат көп жасалма ардакташып,
Кошо сунуп колдорун дардакташып.
Койбой эч бир балыкка балырларды,
Кокосуна чейин бүт жалмап, ташып.

Кутурса да бакадан сурары бар,
"Кур-кур" эткен "лягушка"


жубайы бар.
"Балп" эткизип бир күнү кустурбасын,
Балыктын да колдогон Кудайы бар.

Конуп бийлик тууруна той агылган,
Конституция жаралып ноябрдан.
Колдоп элдик митингди ошол кезде,
Кошо жүрүп момундай ой агылган.

Кылкылдашып аянтта кылкылдашып,
Кызыл-тазыл ураандар жылтылдашып.
Кыйналышкан Ак үйдө бир топтору,
Кыя алышпай мансаптарын


кылтыңдашып.

Аянт кенен, эл толуп эшик кенен,
Акүй жакта жүргөндөр жешип кенен.
Ачык барып чыга албай эл-журтуна,
Араң карап турушту тешиктерден.
Жүз миңдеген жүрөктөр согуп турду,
Жүдөтүшүп Акүйдү тооруп турду.
Жүз көрсөтүп чыга албай


эл-журтуна,
Жуда жалгыз бир жүрөк ооруп турду.

Эл-журт толо Акүйдү курчап


таандай,
Элестеттим тарых суусун


ууртагандай.
Байтик баатыр баш болуп кыргыз



эли,
Рахматулло сепилин курчагандай.

Кор кылышып "ит кыргыз"


кандаштарын,
Кол топтошуп көбөйтүп


сарбаздарын.
Корголошуп коргонго кире качкан,
Кокондуктар булгашып


жамбаштарын.

Ойгонушуп кыргыздар мелтиреген,
Ойдон-тоодон желеги желбиреген.
Оноякка баргын деп кууп чыгышкан,
Ордодогу кокондукту эби менен.

Бийлик алып бирөөнүн катта иниси,
Билбейм азыр ал кимдин


"Катаниси".
Бир заматта сатты эле эли-журтун,
Бишкектиктер калышты тарта мизи.

Дүңкүлдөтүп аткылап дүрмөт менен,
Дүүлүктүрүп эл-журтту дүрбөп


келген.
Дүнүйө, ай! Аяп турдум кыргыз элин,
"Дүңк" дегенде намысы сүрөп


келген.

Дүңкүлдөктөн эл тынчыды аздап


кенен,
Дүрбөп жаткан эл журтту баштап


неген?
Булгадыбы өз шымын коркконунан,
Таппай калды Бабановду баштап


келген.

Бакиевди жакташып чыгабыз деп,
Топчубектер антимитинг кылабыз



деп.
Селдей каптап келатса кыргыз эли,
Селейишип турушту кур намыс деп.

Зомбулукту сел сымал жирегендей,
Тилек барбы эл-журттун тилегиндей.
Сунган эле Суталинов жоон билегин,
Көрбөй жүрөм Мураттын


билегиндей.

Элдер мейли жакыр болуп жашасын,
Максим мейли Кыргызстанды


ашасын.
Миллиондорго "тачка"минип


кычырап,
Ишкерлердин мейли алсын мазасын.

Кыргыз элге акча жетпей жатышса,
Кычыраган Максим барып Батышка.
Издеп таап Белокондой досторун,
Инвестиция берип жатты Латышка.

Конституция улам кайта оңдолуп,
Бир көбөйүп, бирде болсо тонолуп.
Тоготпогон бийлик үчүн кыргызда ,
Конституция болуп калды кол


жоолук.
(уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ