Кыргыз гезиттер архиви

Кубат Байболов:
"Дүйнөлүк басма сөздө идеологиялык диверсия жүрүп жатат"
Дүйнөлүк басма сөздө Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды этникалык топтордун кагылышуусу жана этникалык тазалоо катары мүнөздөгөн туура эмес бир жактуу маалыматтар чыгып жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абаддын коменданты Кубат Байболов билдирди. К.Байболовдун айтымында, шаардын ар кайсыл жеринен айнеги күңүрттөлгөн машиналар пайда боло калып эки этностун өкүлдөрүн тең бирдей атып кетип жатышат. "Булар Тажикстандан жашоосу өтпөй калган адамдардан атайын даярдалып келинген топ. Биздин колубузда кармалган адамдардын айткан эч бир төгүндөлгүс далилдери бар", дейт.
Дүйнөлүк ири басма сөз каражаттарынын бир жактуу гана маалымат берип жатканын Борбор Азиянын ар кайсыл мамлекеттеринде он жылдан бери иштеп келе жаткан даниялык журналист Майкл Андерсон дагы "Азаттык" радиосуна берген маегинде тастыктаган. Ал дүйнөдөгү белгилүү маалымат каражаттары Кыргызстандын түштүгүндө болгон атышууларды "кыргыздар менен өзбектер ортосундагы этникалык согуш" деп аташканына нааразы экенин билдирди.
"Тилекке каршы, дүйнөдөгү эң абройлуу маалымат каражаттары Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды "этникалык кагылышуу, этникалык тазалоо" деп, аларга туура эмес баа берип жатышат. Мен буга таптакыр кошулбайм. Бул канчалык опурталдуу экенин түшүнүү керек. Бул кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы уруш эмес, кичинекей кылмыш топторунун, бандиттердин конфлигинен тутанган окуя. Батыштагы медиа ушуну алигече түшүнбөй жатканы мени аябай кыжаалатка салат. Башка өлкөнүн адамы катары мен, маселен, "Эртең согуш болуп кетиши мүмкүн" деп такыр ойлогон эмесмин. Анткени кыргыздар өзбектер менен, өзбектер кыргыздар менен дос күтүп, кыз алып, кыз бергендер бар. Адамдар бирге иштешет, бирге мектепке барышат дегендей. Азыр Батыштын бир өлкөсүндө же Москвада жылуу кабинетте отуруп алып, Ошту өмүрүндө көрбөй, бул жактагы чыныгы абалды билбей туруп, "ал жакта этникалык тазалоо болуп жатат" деп жазган журналисттер көп болуп жатат. Биз эми андай стереотиптүү деңгээлден көтөрүлүшүбүз керек. Анткени ал чындыкты көрсөтпөйт, дейт даниялык журналист Майкл Андерсон.





Каза болгондордун саны 191ге жетти
Республиканын түштүк аймагында орун алган кандуу окуядан курман болгондордун саны 191ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Жалпы жаракат алгандардын саны 2000ден ашык. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Аймакта 60 адамдын аты-жөнү такталбай жатканын, оор жаракат алгандарды Бишкекке учак менен алып келүү иштери дагы да болсо уланууда. Дарыгерлердин шаар ичинде жүрүүсү да кооптонуу жаратып жатат. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Дамира Ниязалиеванын айтымында ак халатчандар бара жаткан тез жардам машинасына да ок атылган. Бактыга жараша докторлор арасында жараат алгандар жок. Октон жараат алгандар көп болгондугуна байланыштуу түштүк аймакка кошумча докторлорду жиберүү дагы да болсо уланып жатат. Муну менен катар Ош, Жалал-Абад областарына республиканын башка аймактарынан тамак-аш продуктулары жиберилүүдө. Укук коргоо кызматкерлеринин маалыматына караганда алынып келинген жардамдарды жеткирүүдө дагы кыйынчылыктар болууда. Тамак-аш салынган унаалар белгисиз бет капчан адамдар тарабынан аткыланып, жардамды маалында жеткирүүгө тоскоол болууда. Азыр жалпысынан аймакта абал бир топ турукташып калды. Бирок калк арасында кооптонуу дагы деле болсо сакталууда.


Максим кармалды, бирок…
Чагымчыл топтордун башында туруп, Кыргызстандын түштүгүндө орун алган окуяларды уюштурган деп шектелип жаткан Максим Бакиев Англиядан кармалгандыгы тууралуу маалыматты биринчилерден болуп The Sun гезити тараткан. Гезиттин маалымдоосунда Интерполдун жаңдоосу менен Англиянын чек ара агенттиги тарабынан Гемпширдеги Фарнборо абамайданында кармалганы жазылган. Бул маалыматты Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынан да тастыкташкан. Бул маалымат чыккандан кийин Максим Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү тууралуу документтерди Англиянын коопсуздук кызматтырына жөнөтүлгөнүн Азимбек Бекназаров билдирген. Бирок, Максим Бакиев Англияга саясий башпаанек издеп кайрылганын ВВС теле каналы маалымдады. Бул маалыматтан кийин Англия тарап Максимди саясий качкын катары анын маселесин биринчи орунга коюп, Кыргызстанга аны массалык баш аламандыкты уюштурду деген айыбы боюнча аны кайтарып берүү маселесин экинчи орунга калтырган ВВС каналы маалымдады. Ошол эле маалда Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаевдин ырасташынча Максимди Кыргызстанга кайтарып алуу иштери создуктурулушу мүмкүн экендигин "Азаттык" радиосуна билдирди.


А.Бекназаров, уулу Р.Бекназаров жана "Ата Журт" партиясы биригип Ганси авиабазасына каршы чыкмакчы
Кечээ Азимбек Бекназаров атайын пресс-конференция берди. Анын айтымында Ошто 33 кишиге, Жалал-Абадда 12 кишиге кылмыш иши козголду, Кадыржан Батыровдун 2 кишиси Базар-Коргондон кармалды. Жапа чеккен 1000 балдар Ысык-Көлдө бекер эс алышат. Ош, Жалал-Абад коогалаңында Исаковдун иши жогору бааланды. Бекназаров алигиче казак-кыргыз чек арасында 54 жүк машинасы коё берилбей жатканы үчүн казак президенти Н.Назарбаевге нааразычылыгын билдирди.
"Түз атарлардын чөнтөгүндө 10миң, 100 миңдеген долларлар жүрөт, кармалганда кутулуп кетиш үчүн. Бакиевдерге тиешелүү 4 обьект - ЯК-40 самолету, Марат Бакиевдин (баласы) граждандык аялына катталган ОсОО "Каприз", "Аалам сервис", ОсОО "Континент" мамлекеттин карамагына алынды. Ошто, Жалал-Абадда Бакиевдин туугандары Санжар Бакиев, таекеси Кадыр Нуриев элге акча таратып жүрүшкөнүн жергиликтүү эл айтууда. Эгер Англия Максимди экстрадиция кылбаса, Англия Гансиден аскерлерин алып кетсин деп маселе көтөрөм,- деди Бекназаров.
Кийинки кездери Азимбек Бекназаров Камчыбек Ташиев башында жүргөн "Атажурт" партиясы менен өтө жакындашып баратат. Шайлоого да ушул партиянын атынан чыкчудай. Бул күчкө жаштар канатынан Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров жетектеген "Биримдик" жаштар кыймылы да кошулмакчы. Ал жаштар кыймылынын катарында Максат Кунакуновго окшогон кечээки эле "ярый" бакиевчи жана акжолчу депутаттар жүрөт. Максим менен Жаныштын телефондук сүйлөшүүсүндө Камчы менен Акматты алып чыгыш керек деп жатышты эле. Камчыны өзүнчө чыкса болбосун түшүнүп, ага кой терисин жамынтып, элди коргогон киши кылдырып, ага да ишенишпейт деп жанына Убактылуу Өкмөттөн ата-бала Бекназаровдорду кошо чык дешти окшойт.
Мындай болсо, Максим менен Жаныштын сценарийи боюнча Камчы эл баатыры аталып, премьер-министр болот, алдыга Азимбекти чыгарып президент бол дейт.Азимбектин уулу баштаган "Биримдик" жаштар кыймылы "Ганси кетсин!" деп авиабазанын алдында отурушат, орустар колдосун деп.



Референдум үзгүлтүккө учурабайт
27-июнга белгиленген референдум үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева маалымдады. Түштүк региондо орун алган бул окуялар референдумду өткөрүүгө тоскоолдук кылуу үчүн атайылап жасалганын, бирок, алардын референдумду болтурбоого болгон аракетинен эч майнап чыкпайт, деди Отунбаева. Бул адам өмүрүн алган окуялардын артында качып кеткен экинчи президент К.Бакиевдин жактоочулары тураарын жана алар адам өмүрүн алган бул окуялар үчүн өз деңгээлинде жазасын алат деди.
Түштүктөгү жергиликтүү тургундардын ырасташынча аймакка номери жок, терезеси күңүрттөлгөн автоунаалар келип эки улуттун өкүлдөрүнө бирдей ок атып, кыргыз өзбек урушун провокациялаган. Бул тууралуу Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү дагы бир ооздон айтышты.

Бишкекте 111 чагымчы кармалды

Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин билдиришинче, айрым адамдар элге акча таратып, митинге чыгууга, баш аламандык уюштурууга аракет жасап жүргөн 111 адам кармалган. Учурда чагым салууга аракет кылган бул адамдар тийиштүү органдар тарабынан суракка алынып, Бишкектин кармап бөлүштүрүүчү жайында иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ош менен Жалал-Абаддагы окуядан кийин республиканын ири шаарларында катуу көзөмөлдөө иши жүрүп жатат. Бул иш-аракет чагымчыларды жана жаман ниетти көздөгөн адамдардын топторун кармоо жана шаар тургундарынын коппсуздугун камсыз кылуу үчүн болуп жатат.
З.Рысалиев белгилегендей коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Бишкектин 4 районунда элдик кошуундун 250 мүчөсү тартип коргоо кызматкерлери менен аймактарды көзөмөлгө алышууда.

"Рухпресс"