Кыргыз гезиттер архиви

Нурзат Токтосунова:
"Бир короо койду айдай албай ыйлап..."
- Бир кездеги мүнөзүңүздү ачып берген эсте калган окуяларыңыздан айтып берсеңиз?
- Эсте калган окуялар бир топ эле деңизчи... Баарынан эсимде калганы сегиз жашымда бир короо кой менен тоодо жалгыз калгам. Ата-энем жайкысын мал менен жайлоого чыкчу. Жайлоонун сулуулугу айтып түгөткүс эмеспи, бийик өскөн карагай-чер, жайкалып турган жашыл чөп, асман тиреген тоолор. Тоо бетинде жайылып жүргөн койлорду көрүп жүрчүмүн. Бир күнү атам айылга барып сскелем деп мени койду айдап түшчү дегенинен үйдөн түшкү экилерде чыктым. Алыстан байкалбаганы менен аралап бассам менин боюман бийик өскөн шыраалжын, чалкан, коко тикендерден араң басып бараттым. Жука кийингем, бутумда танкетка, эптеп койлорго жеткиче күүгүм кирип кетип жамгыр жаай баштады. Шамал аралашкан добулдан койлор бири-бирине ыктап баспайт экен, колум менен койлордун жүнүн мыжый кармап жулкулдатып айдай албай ыйлап жатам. Ары-бери чуркайм, же бир койлор кыймылдап койсочу. Азыр ойлосом өжөр экемин, болбосо койду таштап коюп кетип калсам деле болмок да. Койлорду ылдый түшүргүчө түнкү саат он эки болуп калыптыр. Атам байкемдерди бар, койду ошолор алып келет деп шашпайт, апам болсо боз үйдөн көрүнбөгөн мени кайдан табам деп ары-бери басып тынчсызданып жүрүптүр. Бир мезгилде апамдын "Нурза-ат" деген кыйкырыгын угуп алып ого бетер күчөп ыйладым. Астыма атам чыгып калып койду экөөлөп айдап келип "апаңа айтпа" дегенинен ошол окуя айтылбай калган. Үйгө бут кийимим айрылып калып жыңайлак, көзүм шишиген, кийимим суу болуп араң келгем. Койлор баспай жатса койлорду бастыра көр деп кудайга жалынып жүрөм, тоодо калып калса карышкыр жеп кетпесин деп коркконум эсимде.
- Ошол өжөр мүнөз азыр да сакталып калды беле?
- Ал өжөрлүк азыр жоопкерчиликке өткөн. Бир ишти аягына чыгаруу үчүн түнгө чейин калсам да бүтүрөм. Бирөө менен жолугуш керек болсо так убактысында барам, же кечиге турган болсом сөзсүз байланышып айтып коём, бул сапатымды көп адамдар айтышат.




Мухтар Атаналиев:
"Жумшак мүнөз душманыңды көбөйтпөйт"
- Адамдын мүнөзү жашоо шартка, чөйрөгө жараша өзгөрүшү мүмкүнбү?
- Мүнөздүн өзү өзгөрбөйт, багыты өзгөрөт. Мүнөзү катуу адам аны жакшы да, жаман да ишке колдонуп коюшу мүмкүн, жумшак адам да ошол эки багытта колдоно алат.
- Сиздин мүнөзүңүз абдан жумшак дешет. " Дарактын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт" деп айтылат эмеспи, сиздин да жумшактыктан жапа чегип калган учуруңуз болду беле?
- Андай учур көп эле болгон. Учурунда зыянын тартып калганың менен аягында ал адам да өзүнүн туура эмес иш жасаганын моюндайт. Бара-бара сага болгон көз карашы өзгөрөт. Жумшак мүнөздүн жакшы жагы- адам көңүлүн оорутпай өзүңө душман издебейсиң.
- Үйдө кандай кожоюнсуз?
- Үйдө катуу эмесмин, жашоодогу мүнөздү үйдө өзгөртө албайсың. Балдарга катуу айтып жасата албаган ишти жумшак мамиле менен жасатсаң деле болот. Эң негизгиси койгон талабың орундуу болушу керек деп эсептейм.




Назира Жетигенова:
"Жигиттер чалса кыз болуп калам"
- Мүнөзүңүзгө мүнөздөмө бере аласызбы?
- Бала кезимен эркек мүнөз экенимди жакшы билем, бирок жигиттер менен сүйлөшкөндө ошол замат өзгөрүп "кыз" боло калат экемин. "Ай мамочка, канда-айсың?" деп дем алсамбы, дем албасамбы деп калаарымды мени менен иштеген Кайрат деген бала айтат.
- Башкаларга жакшы байкалат го?
- Билбейм, айтор " Ой апче, биз телефон чалып сүйлөшсөк каякта жүрөсүң, эмне жоксуң деп кыйкырып бак-бак этесиз, күйөрман жигиттериңиз телефон чалса "Рахма-ат, да ладно" деп өзгөрүп каласыз" дегендеринен башкаларды байкап көрөйүн деп курбуларымды карасам алар деле өзгөрөт экен. Күйөөлөрү, дагы биринин жигиттери чалып калса назик боло калышып аяр сүйлөгөндөрүн көрүп калып жүрөм. Ошондуктан мүнөзүм кандай экенин түшүнбөй калдым.




Күлүйпа Керимбаева:
"көзүн алакачып сүрдөп"
- Эже, сизди ачык мүнөздөгүлөрдүн катарына кошобузбу, же түнтсүзбү?
- Түнттүк менин мүнөзүмө шайкеш келбейт. Ачык-айрыммын, бирок адамды бир көргөндө эле анын кандай экенин сезип ошого жараша мамиле жасайм. Баарына бирдей мамиле жасай албайм, себеби кимдир бирөө өзүн жогору сезип бой көтөрөт, ага өзүнө жараша мамиле керек. Дагы бирөөлөр сүрдөп сүйлөй албай калат, аны сөзгө тартып баарыбыз бирдей адам экенибизди сездирүү зарыл. Айрым адамдарга эч нерсе билбеген дөөпөрөс сыяктуу көрүнүп коюуга туура келет, кыскасы адамдын мүнөзү бирдей эмес. Тагдырдын бурулушуна кез келип жолдошум менен ажырашкандан кийин бир жерге конокко барып калсам жакшынакай бир жигит отурат. Аны карап койсом эле көзүн алакачып сүрдөп жатканын сезип, эмнеге сүрдөйсүң деп сурасам "Сен мени эмес Акаевди да сүрдөтөсүң го" дегени азыр да эсимде сакталып турат. Андай учурда сөзгө тартып сүрдөө сезиминен чыгарып кеткенге күчүм жетет.
- Кээде эркек мүнөз сыяктуу сезилесиз, кайраттуусуз, "үйдө аял, сыртта эркек" деген сөз ушул аялзатына таандык деген кептерди эшиткем. Учурунда жолдошуңуз Рысбек Керимбаев менен жашап турганда ал адам мамлекеттик жогорку кызматтарда иштегенине карабай сиз ага билгизбей арак сатчу экенсиз, ушул чынбы?
- Башында жашоо-шартка байланыштуу өзүм дене тарбия институтунда сырттан окууга которулуп, жолдошумдун окуусуна жол бошотуп бердим. Убактылуу батирде жашайбыз, баламды коляскага салып алып көчө кыдырып ар кимге бир-эки сом, үч сом төлөп бактырып, өзүм үч смен иштейм. Ал окуусун бүтүп ОБХСте иштеп, андан кийин эле Канттын МАИсине башчы болуп кетти. Арак сатайын деген деле оюм болгон эмес, бирок баары байкоосуздан болду.
- Кандайча?
- Теңтуштарыбыз шерине ойноп бир бөтөлкөдөн арак көтөрүп барчубуз. Үйдө ичилбей арактар калып калгандыктан тегерегибиздеги калчылдап жүргөн орус абышка-кемпирлерге куюп берип коюп жүрсөм Соня деген кемпир "Сен бизге жөн эле бере бербей сатпайсыңбы, азыр куюп тур, акча болгондо биз сага беребиз. Тиги Галя сатат" деп калды. Канчадан экенин сурасам жети сомдук аракты он сомдон сатат экен. Акчага азгырылбаган адам жок да, акырындап беш бөтөлкө, он бөтөлкө деп атып жашиктеп сатууга өттүм. Андан кийин бир автоловканы бүтүн түшүрүп калып саткан күндөрүм да болду.
- Жолдошуңуз байкаган жокпу?
- Эки жыл саттым, билгизбедим. Сулуу, жаш, башка бирөөгө көзү түшүп кетип калса мен балдарымды багышым, окутушум керек деп акчамды сактык кассага салып койдум. Жолдошум күн-түн үйгө келгенге убактысы жок иштейт, мен түшкө чейин №68-мектепте балдарга сабак берип, түштөн кийинтен таң аткыча арак сатам. Эгер дем алыш күндөрү дарбазаны такылдатып абышка-кемпирлер келип калышса чеснок, пияз сурап келиптир, же арагың жок беле деп калчылдап келиптир деп койчумун. Эки жылда отуз миң рубль чогулттум, ал учурда беш миң рубльга бир үй келчү. Андан тышкары бриллиант шакектерди, хрусталлдарды көп сатып алаар элем.
- Анан кантип сатуучулугуңузду ачыкка чыгардыңыз эле?
- Жолдошум кызматынан түшүп калып жумуштан үйгө чейин троллейбус менен каттап калды. Жаман экен, келгиче уктап кетип жатам дегенинен бир машина канча турат десем үч миңге орто "Жигули" алса болот деди. Беш миңгечи десем ошончо акчаң барбы дейт, барып кассадагы акчамдын 5000 рублинин квитанциясын көрсөтүп арак сатып жүргөнүмдү ачык айттым. Болбосо бул каяктагы акча демек да. Ошентип Чалдоварга барып жаңы машина сатып алганбыз. Калган акчага үч бөлмөлүү үй алып, ичин эмерекке толтурдук. Кийин аны сатып подвал сатып алып ал жерде азыр тигүүчү цех иштейт.
- Демек кимдир бирөөгө көз каранды болбой алдыга койгон максатыңызга жетүүчү мүнөзүңүз басымдуулук кылат тура.
- Ошондой болушу да мүмкүн, эч убакта тагдыр мага ушуну буйруптур деп мөгдөп калбай тескерисинче жакшылык үчүн күрөшүп келем. Кудай жардам берет.