Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 2
  Күзгү

"Кош көңүл боло албайм!"
Көкүрөккө толгон сырды айтардан мурун көпкө ойлондум. "Сууну сиңген жерге куй, сөздү уккан жерге айт" демекчи, бүгүн сөз айта турган мезгил келди. Балким, менин айткандарым айрым адамдарга катуу тийиши ыктымал, бирок, канчалык ачуу болсо да, чындыкты айтууга ар бир адамдын акысы бар.

Ынтымагыбыз жөнүндө...
Баарынан да жүрөгүмдү сыздатканы - бул улуттук аң-сезимибиздин бүгүнкү абалы. Эмне болуп жатабыз? XXI кылымда жашап жатканыбызга карабай, дагы деле урууларга, аймактарга бөлүнгөнүбүз-бөлүнгөн. Бул көрүнүш кымындай баладан тартып, саясий жетекчилерибизге чейин каныбызга сиңип калган илдет болуп калды. Ооба, балдарыбыздын жети атасын билгени абдан жакшы, бирок бул жашообуздун башкы жобосу болуп кетпедиби. Эл бул ата-тегин билүү салтын жеке эле ата-бабаларынын арбагын сыйлоо үчүн колдонбостон, жашоонун жалгыз мыйзамы катары колдонууда, т.а. "Баары - өзүбүзгө, өзгө өзү билсин" деген принцип менен гана жашап калдык. Кызматка орношууда, балдарыбыз окууга өтүп жатканда, бийлик-байлыктарды бөлүштүрүүдө ушул мыйзамга жетеленип келебиз. Менимче, так ушул идеология бизди жок кылууда, артка тартууда. Бул идеология саясатчыларды, кызматчыларды, жумушчуларды, мугалимдерди, окуучуларды, окумуштууларды, жазуучуларды, ар бир үй-бүлөнү, жалпы коомубузду башынан аягына чейин бүтүндөй каптап кеткен. "Манас" эпосундагы "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу" деген осуят бүгүн куру сөз болуп, тилекке каршы ал лозунг катары гана колдонулуп калды.
Бүгүн элибизде ынтымак ыдыраган кези. Сыягы, Л. Н. Гумилевдун "Калктын жердеген тарыхый-географиялык аймагы жашоо тиричилиги менен бирге этностун психологиясына белгилүү деңгээлде таасир тийгизип, аны калыптандырат" деген теориясы туура болуп чыкты окшойт. Балким, кыргыздар көчмөн калк болгондуктан, тоолордо бири-биринен алыс жерлерде уруу-уруу болуп жашап, сырткы душмандардан коргонууда ар кимиси өзүнө гана ишенип, өз кезегинде бул "өзүнчөлүк" ишеними калктын көөдөнүнө терең сиңип калган бейм… Эгер эзелтен ачык аймактарда бири-бирине жакын жашаса, душмандарга туруштук берүү үчүн уруулардын биригиши өнөкөткө айланып, бүгүнкү күндө элибиздин аң-сезими башкача болуп, бөлүнүп-жарылбай ынтымакта жашайт белек…
Бүгүнкү күндө көпчүлүк ынтымакты үй-бүлө ынтымагы, тууган арасындагы ынтымак, уруу ынтымагы катары түшүнөт. Бирок, жалпы элдин ынтымагына келгенде, ынтымак абстрактуу бир категория сыяктуу болуп, айтылар менен кумдан салынган үйдөй заматта кыйрап калууда.
Эмне үчүн биздин көпчүлүк жарандарыбызда Ата-Мекеним, киндик каным тамган жер деген сезим жок? Эмне үчүн алар туулган жерин таштап, башка жерди жердеп, биротоло ошол жерге жашап калышууда? Булардын баарына экономикалык кыйынчылык себеп деп айтылышы мүмкүн. Эгер сөз бир-эки миң адам жөнүндө болсо, балким ушундай деп айтууга болмок. Бирок, эли-жерин мындай массалык түрдө таштап кетүүгө жалгыз эле экономикалык абал себеп болуп жатканына мен ишенбейм.
Биз эгемендүү мамлекет болгон күндөн тартып эле байыркы түп-тегибизге кайрылып, канчалык улуу эл экенибизди, 2-3 миң жылдык тарыхыбызды, руханий, маданий баалуулуктарыбызды ааламга даңазалап келе жатабыз. Тарыхый каарманды издеп жатып, адабий персонажды реалдуу адамга айланттык. "Манас" эпосунан алынган жети осуятты улуттук идеологиябызга негиз кылып алдык. Буга менин эч каршылыгым жок, бирок, биздин баатырдык өтмүшүбүздү, улуу тарыхыбызды даңазалап, көкөлөтүп жаткан адамдарды угуп, же көрүп жатканда жан дүйнөмдү кыжалат кылган суроолор жаралат: "Андай эле кыйын болсок, эмне үчүн бүгүн биз сызга отуруп калдык? Эмне үчүн эл катары жашай албайбыз? Качан биримдикке келебиз?...". Биздин жаман жашообузга жеке эле президент күнөөлүү эмес да. Бул боюнча мен "Ар бир калктын өзүнүн пейилине жараша ажосу да болот" деген ойго кошулам.
Моралдык кейпибиз жөнүндө
Экинчи бир кейиштүү көрүнүш - бул коомубуздун жалпы катмарына жайылган саткынчылык. Баалар, аттестаттар, дипломдор, илимий даражалар, өкмөттүк сыйлыктар, кызматтар кадыресе эле сатылып жатат. Ар бир кызмат, ар бир сот чечиминин өз баасы бар. Шайлоолордо бир баштык күрүч, бир килограмм эт, бир бөтөлкө арак үчүн добушубузду сатып, муну менен биз өзүбүздүн жашообузду, балдарыбыздын келечегин сатып жатканыбыз менен ишибиз жок. "Эптеп бүгүнкү жашообуз өтсө болду" деген ой менен жашап калдык. Эл өкүлдөрүбүз деп, элди алдап-соолап депутат болуп, анан жылуу-жумшак жерге барып алганда кечээ эле элге берген убадаларын унутуп, мыйзамды оюнчук кылып, каалаган мыйзам менен чечимдерди акчага сатып, бир добуштан өткөргөн депутаттардын жоругу элге маалым.
Эгемендүү Республикабыздагы билим сапаты да кыйла төмөндөгөнү эч кимге жашыруун эмес. Учурда билимге кызыгуу жоголгонуна баарыбыз күбө болуудабыз. Ачык айтканда, бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн билим деңгээли талап кылынган стандартка жооп бербейт. Ошого карабастан, айрымдардын дипломго ээ болору менен дароо сот, салык инспекциясы, бажы системасы, министрлик ж.б. мамлекеттик мекемелерде дароо сыйкырдуу түрдө баш айланткан бийик карьера жасап, асманга көкөлөгөнүнө күбө болуудабыз. Мындай карьера билимдин аркасы менен жасалабы? Жок, эч кандай билимдин кереги жок. Бүгүн баарыбызга маалым болгондой, бардык маселе тааныш жана акча аркылуу гана чечилет. Дарыгер адамдын ден соолугу менен соода кылып, мугалим студенттердин чөнтөгүн аңдыса, ал эми сот адамдын тагдыры менен ойнойт. Мындай көрүнүш баарыбыз үчүн көнүмүш адатка айланып калды. Мунун баары бүгүнкү коомубузда билим аброюнун төмөндөп кетишинин кесепетинен келип чыгууда. Ал эми ошол эле учурда чет өлкөдөн заманбап, терең билим алып келген жаштарыбыз жергиликтүү "эрке балдардын" атаандашы боло албай, чет өлкөлөргө кайтып, алган билимин ошол өлкөлөр үчүн жумшоого мажбур болушууда.
Билимдин, билимдүүлүктүн наркынын кеткени биздин улуттук аң-сезимибизге сөзсүз терс таасирин тийгизет. Дал ушул маселе - биздин орчундуу көйгөйүбүз. 20 жылдын ичинде биз мурунку баалуулуктарды жээрип, бизге жат келген, өөн учураган нерселерден арылдык, ал эми жаңы баалуулук жарата алган жокпуз. Баарыбыздын башыбызды бириктирип турган эч кандай руханий устун, баалуулук системасы, идеологиябыз жок. Бүгүнкү күндө өлкөбүздү жакасына жабышкан жакырчылыктан куткарып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу жолун билген бир да адамдын карааны көрүнбөйт. Мекендештерибиздин басымдуу көпчүлүгү кандай болсо да, бийлик тармагынан бир кызмат эңсейт. Керек болсо, дал ошол билим берүү деңгээлинин төмөндөп кетишинин кесепетинен улам, чала сабат жаштарыбыз бүгүнкү күндө "Ак үйдүн" же министрликтердин эшигин сагалап жүргөнү-жүргөн. Мунун себеби эмнеде? Балким, алардын арасында каруусу казык, канын азык кылып, өлкөбүздүн келечеги үчүн кызмат кылууга даяр, жөндөмдүү, акылы тетик жаштарыбыз деле жок эмес чыгар. Бирок, бийликке жулунгандардын көпчүлүгү - мансаптын сыйкырдуу атмосферасына чөмүлгүсү келгендер. Мунун да жөнү бар. Себеби бийликтеги кызмат - бул "жалган дүйнөнүн бейиши". Ушул "бейиштеги" жыргал турмуш, керемет жашоо артыкчылыктары, чектелбеген укуктар калкты кызыктырбай койбойт. Дал ушул жерде үй-бүлөлүк абалыңды жакшыртууга жетишесиң, өзүндүн же жакындарыңдын күнүмдүк тиричилик маселелерин телефон аркылуу эле дароо чечип коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуң. Бийлик адамдары "Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген мыйзам менен жашап калышты.
Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө "Бийлик - элдин кулу" деген принцип жашайт. Мындай өлкөлөрдө бийликте тургандардын укуктарына караганда, милдеттери көбүрөөк. Аларга артыкчылык берүүчү шарттар түзүлүп берилбейт. Алар сөз түрүндө гана эмес, иш жүзүндө да элине көз каранды.
Саясат жана адамдык сапат
Ал эми биздин саясатчыларыбыз элдин кыжырын кайнатат. Саясаттын ыплас иш экени баарыбызга маалым. Бирок, өлкөбүздө болуп жаткан көрүнүштөр акылга сыйбас, жерге-сууга батпас. Себеби саясат билимдүү, маданияттуу инсандарды да атасы таанылгыс кылып өзгөртүп, адамдык сапаттарынан алыстатып, улам чоң кызматка кызыктырып, адамдык нарк-насилинен ажыратып коюп жатат. Натыйжада жер менен баспай, көк менен учуп, көздөрүн май басып, карапайым калкты теңине албаган, катардагы кишилерди "мал сыяктуу айдаган", элдин арыз-муңуна, азабы менен ыйына кайдыгер караган, аларды көрмөк турсун, уккусу да келбеген "адам-саясатчы" чыга келет. Анан алар карапайым калк түшүнбөгөн "мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иштер" менен алек болуп, калктын "көрүнбөгөн көйгөйлөрүн чечип" жүрө беришет. Муну да эл билбейт дейсизби?
Мындай адамдардан алыс болоюн дегениме карабай, кээде алар менен бетме-бет келүүгө туура келет. Алардын айрымдары кокусунан бийликтин ээринен жылмышып түшүп, биз сыяктуулардын катарына кошулуп калса, баягы теңирин тааныбаган текебер саясатчы кадимкидей өзгөрүп, дароо эле адамкерчиликтүү, кичи пейил адам болот да калат. Бул "кубулуш" көргөн адамды табияттын сырдуу табышмагындай эле таң калтырат.
Саясатчылардын баары элге кеңири таанымал кишилер. Ар бир саясатчынын, чоң кызматтагы ар бир аткаминердин жүрүш-турушу элдин көз алдында. Элдин сынынан эч кимиси кутула албайт. Эл алардын ар бир сөзүн, ар бир пикирин таразалап, өзүнүн баасын берип турат. Мына ушундай бардыгы айдан ачык көрүнүп турса да, айрым саясатчылардын кылык-жоруктарын көрүп, "уялбагандан өзүң уял" деп жакаңды карманасың. Кечээ эле президенттин жан жөөкөрлөрү болуп жүргөндөрдүн көпчүлүгү бүгүн кечээки "ээлерин" сатып, жаңы бийликке өздөрүнүн "таза" ниетин, "адал" кызматын арнайбыз деп жанталашып чуркап жүргөнү-жүргөн. Миңдеген элди каратып туруп, көз-карашын хамелеон сыяктуу бир заматта өзгөртүп жатканына бардыгыбыз күбө болуудабыз. Бул "кыргыздын кыраан жигиттеринин" көпчүлүгү - Акаев, Бакиев учурунда иштеп, экөөнө тең чын дили менен кызмат кылып, улам кийинки "ээсине" мурунку "ээсин" сатып, 20 жылдан бери бийликтин ар кайсы бутактарына "учуп-конуп" келе жатышат. Булардын кылыгын көрүп жандан түңүлөсүң. Мансап деген адамды ушунчалык бузабы? Мактанган "Манасыбызда" даңазаланган ЭР ЖИГИТТИК НАМЫС кайда?
Баарынан кейиштүүсү, мындай нерселер сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес. Бул биздин интеллигенциябыздын айыкпас дартына айланып бара жатабы деп корком.
Келечекке болгон үмүт
Бүгүнкү күндө коомубуз өтө эле саясатташтырылган. Учурда өлкөбүздөгү кырдаалды талкуулабаган адам жок. "Бийликке ким келет?" деген суроо элдин тынчын алып, беймаза кылып келет. Убактылуу Өкмөттүн курамына киргендер кулатылган бийлик менен күрөшүп келгендер экени талашсыз. Ар биринин жасаган салымы ачык-даана көрүнүп турат.
Азыркы кырдаалда элибиздин бийликке болгон ишеничи кетип, кыйналып, жанчылып турган кезде Убактылуу Өкмөттүн мойнуна өтө оор жүк, өтө оор жоопкерчилик артылып турганы анык. Анткени мурунку бийликтин желеси өлкөбүздүн булуң-бурчун каптап, чырмап алган, ал эми көп жылдан бери күрөшүп келген бүгүнкү УӨ мүчөлөрүнүн ындыны өчүп, чарчап калгандай көрүнөт. Менимче, турмушубузду түп-тамырынан бери оңдош үчүн, калкыбызды "чырмаган желеден" тазалаш үчүн жаңы лидер керек. Ушундай коогалаңдуу тарыхый учурда элибиз улуттук аң-сезими курч, заманбап билимдин ээси болгон, кыраакы, Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы бийлиги менен эч кандай жакшы-жаман байланышы болбогон инсанга зар болуп турган кези. Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү учурда алдына койгон эң оор тарыхый миссиясын татыктуу аткарып, элге өздөрү үлгү болуп, өз ара ынтымагын көрсөтүп, жаңы лидерге жардам берет деген ойдомун.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2010-ж.:
1-бет
2млн.$ менен эркиндигимди алсам, этегиңизге намаз окуйм, "батька"
2-бет
1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүү сунушталды
3-бет
"Ак кемеге" түшкөндөрдүн жаны бирге эмеспи?
4-бет
"Жалган жалаа - жакшылыкка алып келбейт"
5-бет
Кыргыздын душманы - калыстыктан тайган СОТТОР!
6-бет
Атуул
7-бет
"Кош көңүл боло албайм!"
8-бет
Тагдыр
9-бет
Амир
Аскаров
"Актан Исабаевдин жолун жолдогум келет"

10-бет
"Акын болуш өз ишиң, адам болуш милдетиң"
11-бет
Насаат
12-13-бет
МАМЛЕКЕТТИК АРТЫК ЧЫЛЫКТЫ КЕПИЛДЕЙБИ?!!
14-бет
Адабият
15-бет
Эл көйгөйүн чечкен жан
16-бет
Маданий
жаңылыктар




Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 45

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 45

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 45


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 45

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 45

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 45


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 45

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 45

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_7.htm on line 45