Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Учур

Бийлик келген кеткен сайын аны менен толгон - токой жетекчилер, жада калса "рядовой" чиновниктер да алмашылат эмеспи. Балким мунун баары жаңыруу, элге жеңилдик алып келер. А балким кыйын татаал шартка түшүрөөр. Эми азыркы абалды талкуулоо, азырынча оор процесске айланууда. Баарыбызга белгилүү болгондой баарын убакыт көрсөтөт. Учурда Бакиевдин кишилери деп саясий куугунтуктар көп байкалууда. Бирок, баары эле элдин душманы эместиги анык. Андай куугунтук жеп, каралоого туш болгондордун бири экс-вице спикер Кубанычбек Исабеков. Бул жөнүндө "24 kg" маалымат агенттигинде болгон пресс-конференцияда билдирип кетти.


"Жалган жалаа - жакшылыкка алып келбейт"
- Бийлик алмашкандан бери басма сөздө сизге каршы көптөгөн маалыматтар чыгууда, ушул жөнүндө кеп баштасак..
- Апрель айындагы болуп өткөн окуялардан кийин эле, мен жөнүндө туура эмес маалыматтар чыгууда. Ар кайсы гезит беттеринде "шыбап" жазган материалдар күч алды. "Акипресс" маалымат агенттигине да бир жагымсыз маалымат чыкты. (ал маалыматта К. Исабековду критикалап, К. Исабековдой адамдарды бийликке жакындатпаш керек деп айтылган.) "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" демекчи ал беш аял Жети-Өгүздүн эли эмес. Мени кылмышкер деп айтууга эч кандай акылары, негизи да жок. Айтор "Кемеге түшкөндүн жаны бир" деп жатышабы, же башка принципке таянып жатышабы, түшүнүксүз.. Баарын эле критикалап, жалган-жалаа жаап жатышат. Бул менимче туура эмес. "Ак Жолдун 118 миң мүчөсү бар, демек 118 миң үй-бүлө. Булардын бардыгы эле кылмышкерлер, жеген-ичкендер эмес да. Андай болсо Кыргызстандын жарымын куугунтукташ керек. Акаев, Бакиевдин бийлиги менен иштегендердин баарын кетириш керек. Кызуу кандуулук менен чечим чыгарбастан, цивилизациялуу жол менен мыйзамга таяныш керек эле. "Пресс-kg" гезитиндеги 14-майда чыккан санында мени "7-апрелде каза болгон балдардын өлүмүнө К. Исабеков да күнөөлүү" деп Жети-Өгүздүк Эркингүл Иманкожоева билдириптир. Ал эми антип макаланы чыгарардан мурун, ал өзү ким экендигин эмнеге такташпайт? Эмне үчүн ал маалыматтарды тактабай туруп бирөөнү каралайт? Ал аял жөнүндө айтаарым ал убагында "Кумтөрдүн" акчасын жегендиги үчүн жоопко тартылган.
- 9-апрелде сизди камакка алынды деген маалымат тараган эле…
- 9 - апрель күнү үйүмө автоматчан адамдар келип, аялым, баламды, мени ГУВДга алып келишти. Эмненин негизинде алып келгендигин эч кимиси түшүндүргөн жок. Аялымдын кандай тиешеси бар, кое бергиле деп 2 сааттан кийин бошотту. Ал эми мен ал жерде 4 сааттан ашык отурдум. Кана полковнигиңер десем, "ал похоронго кетти" дешти. А мени эмнеге алып келдиңер деп чуу салганда, Б. Шерниязовго телефон аркылуу чыгышты. Ал аларды урушуп, кечирим сурап, бошоткула деп айткандан кийин гана бошотту. Ошентип кечирим сурап кутулушту.
- Сизди Көлгө барып жылкы союптур деген ушактын чындыгы барбы?
- Бул маалыматты"Айят-пресс" гезитине мени Көлгө барып жылкы союп, элди Убактылуу Өкмөткө каршы акция жүргүзүп жатат деп жазышыптыр. Кечинде үйдөн бухгалтериме "Эртең менен кетип жатам", деп чалдым. Эртең менен жолго чыккандан баштап артымдан B 0605N номери менен BMW маркасындагы унаа жашыруун камера менен жолду катар тартып барды. Мен жылкы эмес тоок да сойгон жокмун. Мен ал жакка бир тууганымдын кызы каза болуп, ошого баргам. Жадакалса ошону да саясатташтырып, бурмалап минтип чыгарып салышыптыр.
- Апрелде болгон окуяларга сизди да күнөөлөп жатышат, аларга кандай жооп айтасыз?
- Мен өзүмдү күнөөкөр деп эсептебейм. Себеби, мен эч кимге эч кандай "приказ" берген эмесмин. Кимге кандай приказ бергендигимди ким тастыктап бере алат экен? Эгерде кимдир бирөө "Мына мындай буйрук берген" деп бетиме койсо бир жөн. Анан жөндөн -жөн эле "соттой" берген туура эмес деп ойлойм. Мен ар дайым эл үчүн иштегем. "Киши кишини аксатат" дегендей, мунун баары атымды каралап, аксатайын дегендердин айласы. Мен муну айрым саясий күчтөр кээ бирөөлөрдү пайдаланып, мага каршы чыгып жаткандыгынын белгиси катары түшүнөм.
- К. Исаев сизге чалып И. Масалиевди колдоп бериңиз деген экен…
- Мен депутаттарга чалып И. Масалиев өткөрүп жаткан мыйзамсыз сессияга катышпагыла деп өтүнгөм. Бирок депутаттарга кезексиз сессияны ЖК төрагасы З. Курманов өткөрүп жатат деп алдап чакырышкан. Ошондуктан депутаттардын көпчүлүгү алданып калды десем да болот. Ал учурда З. Курманов Санкт-Петербургда жүргөн болчу. Ошондо мага Кыдык Исаев чалып И. Масалиевди колдоп берүүмдү суранган. Бирок мен андай болбойт, бул мыйзамсыз болуп калат деп түшүндүргөм. Мен мыйзамды бузган жокмун жана аны бузганга дагы акым жок. Мен "Ак Жол" партиясына элдик партия болгондугу үчүн келгем. Мен кылмыш кылуу үчүн бул партиянын мүчөсү болгон эмесмин. Бакиевдердин "махинацияларына" эч кандай тиешем жок. Орусия берген $300 миллионду "бөлүштүргөндүгү" жөнүндө да эч маалыматым жок болчу. Мен таза иштедим, ал эми айтылып, жазылып жаткандардын баары тең провокация.
- Каркыранын сатылышына сиздин тиешеңиз барбы же...
- Биринчиден Каркыра маселесине депутат кол койбойт. Бул Президенттин түздөн-түз милдети. Каркыранын маселеси каралып жатканда, мен Америкада командировкада жүргөм. Муну каалагандар тастыктап алышса да болот. Менин буга эч кандай тиешем жок, ал жыйынга катышкан дагы эмесмин. Түшүнүп-түшүнбөй туруп эле бирөөнүн жетегине түшүп, жалаа жаба берүү эч кимге жакшылык алып келбейт.
- Эмне үчүн мындай жалаа жабылып, кысым болуп жатат деп ойлойсуз?
- Балким бул менин саясий позициямды ачык билдирип жаткандыгыма байланыштуу. Балким кимдир бирөөлөргө жолтоо болуп жаткандырмын. Кыскасы бул шылтоолор, жалаа жабуулардын баары тең мени саясий аренадан сүрүп чыгуунун айласы. Жалгыз мен үчүн гана эмес, бардыгыбыз үчүн бүгүнкү күндө саясий туруктуулукту сактоо зарыл болуп турат. Мындай иш - чаралар туруктуулукту бузуу максатында жүрүүдө. Жадакалса ИИМде иштеген, пенсияга үч жыл калган агамды да "фамилияң Исабеков экен" деп жумушунан алып коюшту. Муну кантип түшүнүүгө болот? Бул моралдык басмырлоо дебегенде дагы кандай деп айтууга болот? Мунун баары тең саясий "заказ" деп толугу менен айта алам. Кимдир бирөөлөр үчүн мен конкурент болуп жатат окшойм. А менин эч кимге конкурент болоюн деген оюм жок.




Акыйкат партиясы балдар менен
Акыйкат партиясы Панфилов районунун жетим балдар мектеп интернатына жардам берди. 1-июнь бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата Акыйкат республикалык партиясы Панфилов районуна караштуу Казыбек Тилебалиев атындагы жетим балдар үйүнө жардам беришти.
Партиянын төрагасы Аликбек Жекшенкулов балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарды 1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү менен куттуктап, 50 миң сомдон ашык суммага алып барган гуманитардык жардамын мектеп интернаттын директору Раимбек Усупбаевке тапшырды. Директордун айтымында: 1960-жылы малчылардын балдары окуп-билим ала турган мектеп-интернат болуп курулган эле.
1988-жылы кароосуз калган жетим балдардын жатагына айланат. Ал эми, 1994-жылы мамлекет тараптан эч кандай жардам берилбей мектеп жабыла турган абалга жеткенде Панфилов районунда кеңири жыйын болуп, башка мектептин директорлук кызматында иштеп жаткан Усупбаев Раимбек Усупбаевичти мектеп-интернатынын директорлук кызматына ишеним көрсөтүп алып келишет. Ал мектептин директорлук кызматы менен эле чектелип калбастан, СССРдин грек-рим күрөш спорту боюнча мастери, ушул эле спорттун түрү боюнча ЖОЖдор арасында спорттун бир нече жолку чемпиону.
Директордун айтымына караганда, биринчи келген учурда, мышык ыйлаган абалга жеткен бул интернатты качан, кандай жол менен өз деңгээлине чыгара алам деп башым ооруду - дейт. "Мен эң биринчи жолу мектеп- интернат атын алып жүргөн Казыбек Тилебалиевдин балдары Акынбек, Адыл Тилебалиевдерди чакырып, жакындан жардам берүүсүн сурандым. Акынбек Казыбекович ал мезгилде жогорку соттун төрагасы болгондуктан, ал кездеги Кыргыз Республикасынын Конституция сотунун төрайымы Чолпон Баекованы баш кылып, сотторду бул жерге чакырды. Алар мектеп интернатка эмнелер жетишпейт, кандай окуу куралдар керек деп баарын жазып алып, жакындан жардам беришти. Мен бүгүнкү күнгө чейин алардын жардамына ыраазы болуп келем. Андан кийин уучубуз кур эмес экен, демөөрчүлөр жыл сайын көбөйүп отуруп, учурда жетим балдар деген эле аты болбосо, алар ата-энелүүлөрдөн жакшы жагдайда жашашат. Учурда, биздин мектеп-интернатка жергиликтүү демөөрчүлөрдөн сырткары, чет элдик коомдор дагы жакындан жардам берип турушат.
Бүгүн Акыйкат республикалык партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов өзү балдарды куттуктаганы келгени, бул инсандын саясатта эле эмес, жаш өспүрүмдөргө көңүл буруп, алардын келечегине кайдыгер эместигин көрүп кубанып турам"-деди.
К.Тилебалиев атындагы мектеп - интернатынын демөөрчүлөрү биригип, "Аалам келечеги" аттуу коом түзүп алышыптыр. Жалпы демөөрчүлөрдүн, мектеп -интернаттын директорунун суранычы боюнча Аликбек Жекшенкулов дагы жогоруда аты аталган коомдун мүчөлүгүнө кирди.
Ал эми, майрамдык кечеге келген демөөрчүлөрдөн сырткары, ата-энелер жана мугалимдердин айтымына караганда, директор Раимбек Усупбаев мектеп-интернаттын бүтүрүүчүлөрүн өзү чуркап жүрүп, ар бир окуучунун билим деңгээлине жараша жакшы окуугандарды бюджетке, калгандарын окуу жайларга өткөрүп, турмуштан ордун таап кеткиче алардын жеке жашоолоруна чейин көзөмөлдөп тураарын мугалимдер сыймыктануу менен айтышты.
Нурзада Акмат




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2010-ж.:
1-бет
2млн.$ менен эркиндигимди алсам, этегиңизге намаз окуйм, "батька"
2-бет
1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүү сунушталды
3-бет
"Ак кемеге" түшкөндөрдүн жаны бирге эмеспи?
4-бет
"Жалган жалаа - жакшылыкка алып келбейт"
5-бет
Кыргыздын душманы - калыстыктан тайган СОТТОР!
6-бет
Атуул
7-бет
"Кош көңүл боло албайм!"
8-бет
Тагдыр
9-бет
Амир
Аскаров
"Актан Исабаевдин жолун жолдогум келет"

10-бет
"Акын болуш өз ишиң, адам болуш милдетиң"
11-бет
Насаат
12-13-бет
МАМЛЕКЕТТИК АРТЫК ЧЫЛЫКТЫ КЕПИЛДЕЙБИ?!!
14-бет
Адабият
15-бет
Эл көйгөйүн чечкен жан
16-бет
Маданий
жаңылыктар






Яндекс.Метрика