Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 2
"Ак кемеге" түшкөндөрдүн жаны бирге эмеспи?
Жакында эле Үсөн Сыдыковдун телефон сүйлөшүүлөрү аркылуу ашкере болгон "Ак кеме" мейманканасына чогулган "Ак жол" фракциясы менен Коммунисттер фракциясынын депутаттарын суракка алуу процессинде көптөгөн былыктар сыртка калкып чыгууда. "Ак кеме" мейманканасындагы бул экс-депутаттардын "кезексиз отурумуна" 49 депутат катышкан. Көпчүлүгү "Ак Жолчу" депутаттар болгону менен Коммунисттер бул чогулушка активдүү катышып, демилгечилеринен да болушкан. А түгүл өзүн спикер жарыялап жиберген Исхак Масалиев кабинетине "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери И.А.Масалиев" деп жазып жиберүүгө да үлгүргөн экен. Өзү шайлана элек жатып кабинетке табличка илдиргенге үлгүргөн Исхак Масалиевдин койдон жоош болуп актанып жатканы түшүнүксүз. Айрым депутаттардын актанганына караганда "Ак кеме" мейманканасына алар алдоо жолу менен чакырылган. Аларды "спикер Зайнидин Курманов кезексиз отурумга чакырып жатат" - деп алдашкан. А чындыгында бул учурда Зайнидин Курманов Кыргызстанда эмес, Санкт-Петербург шаарында жүргөн. Кыязы койдон жоош Исхак Масалиев кой терисин жамынган карышкырга окшоп калды. Бир кезде президенттикке эне тил экзаменинен өтпөй калган бул экс-ханзааданын түшүнөн дагы эле хандык кетпей жүрсө керек. Өлүмүш болуп өгүз өлтүргөн казиночу кокус "Ак кемедеги" "кезексиз отуруму" атайын кызматтарга кармалып калса, "мен бул жерде жөн эле казиного кумар ойногону келгенмин" деп өлүмүш болмок окшойт. Андай болсо, кворум толтурганы келген 49 казиночуну "ойнобой омурткаңар сынгырлар" деп тилдегенден башка аргабыз калбай калмак беле, ким билет? Бирок, "Ак кемеге" түшкөндөр жаны бирге эмеспиз деп жатканына караганда бири "казиного келдик", экинчиси "саунага келдик", үчүнчүсү "ашканага келдик" болуп анда деле баштары бирикмек эмес.


Марат Бакиев кайнагасы экөө балыкчыларды байытканда…
7-апрелдеги революциядан кийин түштүктү - Жалалабатты көздөй качкан Саалынын балдарын ээрчибей түндүктү - Казакстанды карай качкан Курманбектин баласы Марат Бакиев кайнагасы менен жапжаңы эки "Джип" машинасын айдап Казакстанга өтүп кетишкен. Чек ара посту эмес жашыруун суу аркылуу өтүп кеткиси келген кайнага менен күйөө бала суунун тең ортосуна келгенде "Джиптердин" мотору өчүп калып, алар балыкчылардын ар бирине миң доллардан акча берип чектен өтүп кетишкен. Балыкчылар жашыл акчаларды санап жайлангыча суунун ортосунда калып калган "Джип" машиналары Убактылуу Өкмөткө өткөрүлүп берилген. Отургучтарындагы целофандары дагы алынбаган бул жапжаңы "Джиптерди" азыр Убактылуу Өкмөттүн "босстору" минип жүрөт деп Азимбек Бекназаров чыйпылыктап калды. Бул жерде Бекназаров чыр кыла турган эч нерсе деле жок. Өкмөт мүчөлөрү ал "Джиптерди" минип жүргөн болсо, кызматтык машина катары минип жүрөт. Элге кызмат кылгандар элден качкандардын машинасын минсе эмне, жарашпайбы. Өкмөт эмес, балыкчылар заматта байып калгандарына жетине албай дердеңдешүүдө. Бирок, албетте, ошол балыкчылар байыбай, качкындарды кармап берсе, өкмөттөр машинасын мингенге кубанбай, машинанын ээсин тутуп келсе андан да жакшы болбойт беле…


Мадумаровдун 16 бети барбы?
Редакцияга ар түркүн адамдар келет. Кээ бирине ачууң келсе, кээ бирине күлкүң келет. Бир жолу кадимкидей эле кычыраган костюм шым кийген, интеллигент көрүнгөн бирөө келиптир. Орусча сүйлөйт экен, орусча ыр да жазам дейт. "Любовь" деген бир поэма жаздым эле, гезитиңердин 16 бетине чыгарып бербейсиңерби" деп күйдүрөт. Ой, байке гезит өзү 16 беттен турса, анын 16 бетин сиз жалгыз ээлеп алсаңыз, биз калган макала, жаңылыктарыбызды каякка батырабыз, жок дегенде гезиттин атын, анонсун жазганга биринчи бетти да ыраа көрбөйсүз да, жарыктык,- десек, "силер капа болбогула, мен ал чыккан гезиттен түшкөн пайданын 75% өзүм алсам, калган пайданы өзүңөр көрөсүңөр" - дейт. Байке сиз туура эмес адреске келип алыптырсыз, сиз бара турган адрес тиги жакта деп Чым-Коргон жакты көргөзсөк түшүнгүдөй эмес.
Ал го ал, ал бечара Чым-Коргонго барар, анан кадимкидей эле акыл-эстүү көрүнгөн Адахан Мадумаровдуку кызык болуп турат. Кечээ жакында эле чыккан "Жаңы Ордо" гезитинин 16 бетин бүт жалгыз ээлеп алыптыр. Биринчи бетинен баштап 16-бетине чейин бир жылчык койбоптур. Кичине эле бурчка "Жаңы Ордо" деген шапкени коюуга орун калтырыптыр. Анча болду ал жерди деле "Адахан Ордо" деп жаздыртып алса болмок. Буга чейин гезиттер адамды канчалык пиар кылбасын жок дегенде бир бетин кабарларга калтырып койчу эле. Мындай өзүн пиар кылуу кыргыз тарыхында бирөө эле болгон. Нурлан Мотуев деген эргул президенттик жарышка түшүп, "Нурлан Мотуев" деген гезит чыгарып, бүт бетине өзүн жаздырткан. Азыр президенттик жарыш деле баштала элек. Андыктан Адахандын кылганы Мотуевдин жоругунан да ашып кетти. Бирде улутчул, бирде интернационал, бирде нигилист, бирде эл, жер деген, бирде, Каркыра баш кылып жерин саткан Адахан Мадумаровдун канча бети бар деп баш оорутчу элек. "Жаңы Ордонун" 16 бетин ээлегенине караганда 16 бети белгилүү болду.


Урмат бийлик, мансап көздөп жаткан жок
Урмат Барыктабасов тезинен келиши керек эле, эмнеликтен кармалып атат, нечен миңдеген эл күтүп атат. Чынында эле, баары келишти, а Урматтын келүүсү созулуп баратат. Буга эмне себеп болууда?
24-май күнү саат 14тө менчик учак менен аэропортко келмек. Макулдашылган, уруксат берилген. Бирок, убактылуу бийлик тараптан кимдир бирөөсү, жок, руксат бербегиле деп аэропорт жетекчилигине көрсөтмө берип, маселени татаалдаштырып жиберди.
Урмат бийлик, мансап көздөп аткан жок. Менин максатым элиме кызмат кылуу, кур барбайм куржунума сала барам деп айтып жүрөт. Китептеринде да ошентип айтылган.
Бир топ мезгилден бери Америка, Араб, Индия компаниялары менен биргеликте иш жүргүзүүдө. Азыр Индияда. Интернетке байланыштуу иштери аякталууда. Ал аркылуу алына турган киреше каражат жылына 15 миллиард доллардан кем болбойт, дебатат. Ушул жана башка иштеринин бүткөрүлүшүнө аз калыптыр. "Кыянатчылык кылбай, өткөндө руксат берип коюшканда барып калат элем. Мынча болду эми, биротоло бүткөрөйүн, кайра келип жүрбөй, ушуну элге айтып койгула. Мен бийлик деп эмес, эл деп жүрүп атам, нечен жылдан бери" -деди.
Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө сапаттуу мыйзамдар өтө зарыл. Ушул жагынан да, келгенде сунуш кылайын деп иш жүргүзүп атыптыр, чоң адистерди катыштырып. Кыскасы Урмат уулуңар беш жылдан бери чет өлкөдө жөн эле жүргөн жок. Кыргыз Элинин, Кыргызстандын келечегине кам көрүүдө. Албетте келет.
Кенжалы Сарымсаков


Даниленко "Дастан" айта алабы?
Кыргыз жеринде кыргыздардын сыймыктанган уникалдуу заводу "Дастан" акционердик коомуна көз арткандар толтура. А түгүл бул кыргыз заводунун маселеси мамлекет аралык маселеге чейин көтөрүлүп Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведевдин "Гансини кетириңиз, 2млрд доллар беребиз" аттуу айтылуу жашыруун соодалашуусунда ушул "Дастан" заводу да жашыруун соодалашууга кирип калганы жашыруун эмес. Улуттук маанидеги уникалдуу заводго улуу державалар канчалык көзүн артпасын бул кыргыз заводу, "Дастан" деген кыпкыргызча аты бар завод. Бул заводдун түптөлүшүнө эмгек сиңирген адамдар заводдун атын бекеринен "Дастан" деп кыргыздын улуу мурасынын атынан койгон эмес. "Дастан" заводу кыргызга элдик даңазалуу дастандардай кызмат өтөсүн деген. Эми ошол заводго дастан деген сөздүн өзүн түшүнбөгөн Даниленконун аткаруучу директор болуп келгени даңазалуу "Дастан" заводубуз дагы деле болсо кыргыздын кызыкчылыгына эмес, башкалардын талашына түшө турганын алдын ала көрсөткөнсүп калды.


Иш үстүндөгү Исаков
Убактылуу Өкмөт ар кандай көз караштагы экс-оппозиционерлерден түзүлгөнүнө байланыштуу ортолорунда ар кандай тирешүүлөр болуп келүүдө. Өзгөчө телефон-гейттин айынан кайым айтышуулар кадыресе көрүнүшкө айланууда. Бир чети мунусу да жакшы. Эмил Каптагаев айтмакчы, булардын бири-бири менен айтышуусу демократиянын белгиси, баары сүйлөшүп алып, тымызын мамлекетти жеп курутуп баштаса, ошондон коркуу керек. Албетте, бири-биринин айыптарын ачып турганы жакшы, бирок, ошол эле учурда бул ишти аксатууга эмес, андан ары таза иштөөгө, ишти эки эсе күч менен илгерилетүүгө жумшалса жакшы. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет демекчи, алар таза болсо, эч нерсеге карабай иштерин уланта берет, таза эмес болсо, сот жообуна тартылышы керек. Бул жаатында азырынча Исмаил Исаковдун кадамдары кубаттарлык көрүнүш болууда. Чек арага баланча туугандарын алып келди, түкүнчөгө түкүнчө туугандарын алып келди деген сөздөр чыкканына карабай, Исаков азыр бычак мизинде, ат үстүндө иштеп келатат. Республиканын эң эле кооптуу аймагы болгон түштүк регионундагы абалды жөнгө салууда Исаковдун эмгеги зор. Ошту басып алса да, Исаков барат, Жалалабатта улуттук чатактын да оор жүгүн өз мойнуна алып, коменданттык саатты алып салууга чейин жетишти, Баткендеги Сох анклавындагы чатактын да башын чечип өзбек куралдуу күчтөрүн чек арадан чыгарып кетүүгө жетишти. Мунун баары айтканга оңой болгон менен бычак мизиндеги опурталдуу да, олуттуу да, көп күчтү, көп эркти, адистик чеберчиликти, кыраакылыкты талап кылган оор жумуш. Азыр Исаковдун өзү жөнүндөгү ушактарды укканга да, саясаттын сасык оюндарына убакыт коротконго да мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ал Бакиевдин мезгилинде деле саясаттан тыш Кыргыз Армиясын көтөрүү менен гана алектенип келген. Бул жолу да түштүктөгү оор абалдан чыгууга эбейгейсиз салым кошту. Эгер Исаков болбогондо түштүккө батынып барууга азыркы Убактылуу Өкмөттөн эч кимиси даай алмак эмесин эске алсак, дагы кыргыздын багы бар экен, ушундай "400 миң доллар, миллион доллар" деген аш үстүндө эмес, иш үстүндө чыныгы уулдары бар.








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2010-ж.:
1-бет
2млн.$ менен эркиндигимди алсам, этегиңизге намаз окуйм, "батька"
2-бет
1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүү сунушталды
3-бет
"Ак кемеге" түшкөндөрдүн жаны бирге эмеспи?
4-бет
"Жалган жалаа - жакшылыкка алып келбейт"
5-бет
Кыргыздын душманы - калыстыктан тайган СОТТОР!
6-бет
Атуул
7-бет
"Кош көңүл боло албайм!"
8-бет
Тагдыр
9-бет
Амир
Аскаров
"Актан Исабаевдин жолун жолдогум келет"

10-бет
"Акын болуш өз ишиң, адам болуш милдетиң"
11-бет
Насаат
12-13-бет
МАМЛЕКЕТТИК АРТЫК ЧЫЛЫКТЫ КЕПИЛДЕЙБИ?!!
14-бет
Адабият
15-бет
Эл көйгөйүн чечкен жан
16-бет
Маданий
жаңылыктар




Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 52

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 52


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 52

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 52


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 52

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_3.htm on line 52