Кыргыз гезиттери



Маданий
жаңылыктар
"Кыз-Буракты" ким жетектейт?
Отуз жылдан бери таланттуу, сулуу кыздарды тарбиялап тууруна кондуруп, элдин эсинен кеткис ырчыга айланткан Гүлшайыр Садыбакасованын көп жылдардан бери жеңилин жерден, оорун колдон алып келген жардамчысы, ырчы кызы Кенже Дүйшеева үй-бүлөлүк турмуштун босогосун аттап, экинчи апасы болуп калган эжеден бата алып кеткен соң азыр топтун көп иши Гүлшайыр эженин өз колунда калды. Сайкал апасына жардамын берип жатканы менен топтун көп иштерин чечүүгө жаштык кылабы деген энелик сезим менен бирге кызын чыгармачылыктын оор-жеңилин көтөрүп кызмат кылууга тарбиялоодо. Эми топтун майда иштерин ким чечип, Кенженин ордун ким басаар экен деген "Кыз-Бурактын" күйөрмандары кулак түрүп жаңылык күтүшүүдө.
Театр жараткан ийгилик
Казакстанда өткөн Эл аралык театралдык фестивалга Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгызхандын ак булуту" спектакли менен барган Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драматеатрынын артисттери алдыңкы орунга арзып сыймык жана жеңиш менен кайтышты. Аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Шайыр Касымалиева, эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Кыргызбай Осмоновдор сыйланышты. Улуттун маданиятын көтөрүүгө зор салым кошкон театрдын ийгилиги арта берсин!
Чубак 50 жашка толмок
"Арман", "Кара көз", "Жаз жамгыры", "Досума" жана башка элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды жаратып артына таштап кеткен чыныгы талант Чубак Сатаев тирүү болгондо ушул жылы элүү жашка чыкмак. Анын чыгармалары бүгүнкү күндө да ордун жоготпой ырдалып келет. Ырчылардын арасындагы бир айга чукул суроолор боюнча борборубузда концерт берген жалгыз ырчы болгону азыр да айтылып келет. Жаш болсо да артына өлбөс-өчпөс ырларды таштап кеткен талант көзү тирүү болгондо дагы кандай чыгармалар жаралат эле, канчасын өзү менен ала кетти арман күн деп айласыз үшкүрүнөсүң. Бирок атасынын ырларын ырдап, талантын ары көздөй улап бара жаткан уулу Кубаныч бар. Күзүндө атасын эскерүү кечесин өткөрүп, "Атамды көргөн адам өлбөсүн" дегендей анын чыгармачыл досторун чакырсам деген тилекте жүрөт.
Байыш Момунов каякта?
Сахнада ырдап, тойлордо тамадалык кызматты аткарып, Улуттук телевидениенин "Замана" таңкы берүүсүндө алып баруучу болуп иштеп жүргөн Байыш Момунов кийинки учурларда көрүнбөй кайда кетти деген суроолор жаралып калып жаткан. Чыгармачыл адам сахнадан дайыма көрүнүп туруусу шарттуу көрүнүш тура. Мындан ары карай Байыш сахналашы Роза Шакирова менен чыгармачылыгын бирге улап тандем түзүштү. Тандемдин тушоосу түштүк тараптан кесип келип учурда жаңы дуеттерди жаздырышууда. Байыш эми чындап ырчылык өнөрүнө басым жасай баштайт көрүнөт...
Эски ырлар жаңы үн менен
Башкаларга окшобогон өзгөчө үнү бар, жүзүнөн дайыма жылмаюу кетпеген Гүлнара Тойгонбаева мукам обондуу мурунку ырларга жан киргизип аткарып чыгууда. Ырчынын ар бир ырды тандоодо өзгөчө "капризи" болгондуктан эски ырлар жүрөгүнө жакын келип аларды кубулжуган үнү менен элге жеткирүүнү туура көрдү. Гүлнара эжебиздин аткаруусундагы ырларды жакында уга алабыз.
Филармонияга ким келди?
Төкмө акын, атанын уулу Замирбек Үсөнбаев Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жетекчиси болду. Буга чейин ушул эле жерде Алымкул Үсөнбаев атындагы тобун жетектеп, жаш муундарга сабак өтүп келген Замирбек ага мындан ары маданияттын очогун колго алып ал жерде иштеген чыгармачыл адамдарга башчылык кылып маданият тармагынын мындан ары да өсүшүнө салымын кошот. Буга чейин филармонияны Керим Турапов жетектеп келген. Ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында да жетекчилик алмашып Болот Осмоновдун ордуна мурда иштеп кеткен Тимур Саламатов келди.




Сиз
билесизби?
Эмне үчүн Ак үй деп аталып калган?
Ак үй дайыма ак болгон эмес, ошондой эле дайыма Ак үй деп аталган эмес. Бирок дайыма АКШнын президентинин официалдуу резиденциясы болгон. Алгачкы пайдубалы 1792-жылы 13-октябрда түптөлгөн. Ал архитекторлордун конкурсунда жеңишке ээ болгон ирландиялык архитектор Жеймс Хобан тарабынан курулган. Анын проекти президенттин үйү үчүн тандалып алынган. Ак үй алгач президенттин үйү, президенттин особнягы ,ал тургай президенттин сарайы деп да аталып жүргөн. Анда качантан баштап Ак үй деп аталып калды эле деген суроо туулуп жаткан чыгаар? Алгач ал үй боз таштардан курулган. 1812-жылдардагы согуш учурунда британиялык аскерлер Вашингтонду басып алышып, Ак үйдү 1814-жылы 24-августта өрттөп жиберишкен дагы дубалдары эле калган. Кайра эле Хобандын башчылыгы менен 1817-жылы кайра баштан-аяк оңдолуп бүткөн. Өрттөн калган такты билгизбеш үчүн боз таш сыртынан толугу менен акталган. Ошондуктан ал Ак үй деп аталып калган. 1902-жылы Теодор Рузвельт бул аталышты мыйзамдаштырган. Кызыгы Ак үйдө бөлмөлөр түсүнө карата айырмаланат. Көгүш түстөгү бөлмө президенттин жана анын жубайынын кабыл алуучу бөлмөсү, кызыл бөлмөдө империя мезгилиндеги эмеректер коюлган. Жашыл бөлмөдө болсо президенттер Жонс Адамс жана Томас Жефферсондун учурундагы буюмдар турат. Үстү жактагы күлгүн түстөгү бөлмөдө президент жана анын жубайы жашайт.


Кимдин мээси канча салмакта?
Адамдын мээси 1020 дан 1970 гарммга чейинки салмакты басып термелип турат. Эркектердин мээси аялдардыкына салыштырмалуу 100-150- граммга ашык салмакта болот. Расалардын арасында мээнин салмагы боюнча анчалык деле айырмачылык жок. Африкалык негрлердин мээсинин орточо салмагы -1316, европалыктардыкы -1361, анын ичинен немецтердики -1229, щвецариялыктардыкы- 1327, орустардыкы- 1377, япондордуку -1316, буряттардыкы -1508 граммды түзөт. Ал эми жаныбарлардан эң чоң мээ китке таандык. Анын мээси 6800 граммды түзүп адамдыкынан беш эсе чоң. Индия пилиники 5000 граммга жакын салмакта болот.


Эмне үчүн 13 саны бактысыз деп саналат?

Көп адамдар 13 санына басым жасап, ишенчээк адамдар аны бактысыз сан деп эсептешет. Жаратылышта, буюмдарда, гүлдө жана башка көп нерселерди да бул санга байланыштырып жашоо-турмушунда колдонушат. Бирок арабызда ушул санды ыйык тутуп , жакшылыктарга 13түн негизинде жеткендер да жок эмес. Дүйнөнүн көптөгөн мейманканаларында 12-кабаттан кийин 14-кабат жайгашып, 13 саны колдонулбайт. Ошондой эле көпчүлүк мейманканаларда 13-номердеги бөлмө жок. Айрым адамдар эч убакта 13 адамды конокко чакырбайт. Кээ бир адистер адам баласы санаганды өздөштүргөн мезгилден тартып эле 13 саны бактысыз катары каралып келген дешет. Диний көз караштагы адамдар болсо Христос он эки апостолун чогултуп өзү менен 13 болуп жашыруун кеч өткөргөн дешсе, скандинавиялык мифтин негизинде Вахалладагы түштөнүүгө он эки кудай чакырылып, чыр-чатактын кудайы Локи 13-болгон деп айтылат. Жыйынтыгында сүйүктүү кудайлардын бири Бальдер өлгөн. 13-саны байыркы Египетте жана Кытайда ийгиликтүү сан болуп эсептелет.


Алтын той качан белгиленет?
Никеге туруу, үйлөнүү той ар бир адамдын түбөлүк эсинде кала турган окуя эмеспи. Жылдар өтүп жаш жубайлар чоң ата-чоң энеге айланып жарым кылым чогуу жашаган өмүрүндө алтын тоюн белгилешип, бул саамалык үй-бүлөлүк майрам болуп калат. Бул күнү жубайлар бири-бирине белек беришип, балдары, неберелери куттукташат. Жубайлардын бирге жашаган даталуу жылдары баалуу металлдардын атын алып жүрөт, бирге жашаган жыйырма беш жыл болгондо күмүш той деп аталса, элүү жылдык алтын той болот. Алтымыш жылдан аркысы бриллиант той деп саналат.


Самын эмнеден жасалат?
Колго жугуп калган майды самындын жардамы менен кетиребиз, бирок ошол эле самын майдан жасалаарын баарыбыз эле биле бербейбиз. Самын өсүмдүк жана малдын майына каустик кошуп кайнатылып жасалат. Ал эми биздин чоң апаларыбыз кадимки эле алабата чөбү бышкан мезгилде малдын майынан кошуп шакар кайнатып самын жасап колдонуп келишкен.








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2010-ж.:
1-бет
2млн.$ менен эркиндигимди алсам, этегиңизге намаз окуйм, "батька"
2-бет
1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүү сунушталды
3-бет
"Ак кемеге" түшкөндөрдүн жаны бирге эмеспи?
4-бет
"Жалган жалаа - жакшылыкка алып келбейт"
5-бет
Кыргыздын душманы - калыстыктан тайган СОТТОР!
6-бет
Атуул
7-бет
"Кош көңүл боло албайм!"
8-бет
Тагдыр
9-бет
Амир
Аскаров
"Актан Исабаевдин жолун жолдогум келет"

10-бет
"Акын болуш өз ишиң, адам болуш милдетиң"
11-бет
Насаат
12-13-бет
МАМЛЕКЕТТИК АРТЫК ЧЫЛЫКТЫ КЕПИЛДЕЙБИ?!!
14-бет
Адабият
15-бет
Эл көйгөйүн чечкен жан
16-бет
Маданий
жаңылыктар