Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 2
  Эл үнү

Эл көйгөйүн чечкен жан
Адам баласы төрөлгөндө эле маңдайына "Сен бактылуу болосуң, же сен бактысыз болосуң" деп жазып койсо керек. Дегеним, айылда өсүп, он жылдык мектепти бүтүрүп ошол эле туулуп өскөн айылынан өз бактысын тапкан Ак-Сай айыл округунун Көк -Таш айылынын тургуну Орозова Разия жөнүндө сөз кылмакчымын. Разия 1952-жылы Баткен областынын Баткен районунун Көк-Таш айылында туулган. 1970-жылы Ортобоз айылындагы Ю. Гагарин атындагы орто мектебин "жакшы" жана "эң жакшы" деген баалар менен бүтүргөн. Мектепти жакшы баалар менен бүтүрсө да жаш кезинен айыл эмгегин сүйгөнүнөнбү, айтор В. И. Лениндин жүз жылдыгы атындагы совхозго жумушчу болуп кирип, ар кайсы талаа жумуштарына аралашып иштей баштаган. Жаш кыздын эмгекчилдигин, ар кандай иште жөндөмдүүлүгүн байкашкан совхоздун жетекчилери 1974-жылы ошол эле совхозго бригадир кылып дайындаган.
1980-жылы жаңыдан уюшулган Ак -Сай совхозунун №1- бөлүмүнө бригадир кылып которушкан. Разия кайсы гана жерде иштебесин анын иштери жогору бааланып, 1981-жылы аны КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алышкан. 1982-жылдары "Ардак белгиси" орденин алган. Партиянын Ош бөлүмүнүн мүчөсү болгон. Орозова Разияны мезгилинде партия менен өкмөттүн көрсөткөн тапшырмаларын так аткаргандыгы үчүн 1983-жылы ВДНХнын күмүш медалы менен сыйласа, 1984-жылы ЗАЗ-968 маркасындагы жеңил автомашина менен сыйлаган. Разиянын улуулар менен да жаш өспүрүмдөр менен да тил таап иштеп кетээрине ишенишкен жетекчилер 1989-жылы аны Көк-Таш айылынын балдар бакчасына башчы кылып дайындашкан. Союздун талкаланышы "сен кыргыз, а мен..." дегендей ахвалга алып келип, Вооруктук же Чаркөөлүк тажиктер менен тил табышуу кийинки учурларда кыйындай баштаган. Разияга окшогон тил билээр ишмер, учуру келсе маселени жайында чече турган Ак - Сай айыл округундун Көкташ айылына керек болуп калды... Тийиштүү жетекчилер ары ойлонуп, бери ойлонуп, ийри отуруп түз кеңешип он эркектен жогору турган Орозова Разияны Көк-Таш айылына 2005-жылы айыл башчысы кылышып эл менен бир добушта шайлашты.
- Разия накта өзүбүздүн айылда төрөлүп, айылыбыздын экономикасын өстүргөнгө, айылыбыздын маданиятын көтөргөнгө, жаш наристелерибиздин балдар бакчасынан жакшы тарбия алышына да зор салымын кошкон эли жери үчүн күндү-күн, түндү-түн дебей эмгектенген кызыбыз,-дешет көк-сайлык Самат, Каллак, Айдар, Төрөбай аттуу аксакалдар сыймыктана.
- Мобуреки пияладагы чайды караңыз -деп сөзүн улады маектешүүдө Разия. Ушул турган чай- тажиктер, тегерегиндегилери бизбиз. Алар чыгышып, биз огородурубузга коюп жаткан сууну буруп, алар да кошулушу керек. Малдарын тил табыша билсе тоолорубузга айдап жайышы керек... Алардын жери тарып, көбөйүшүп баратат. Чаркөөнүн өзүндө элүү миңден ашык тажик болсо, Воорукта да ошондой. Кыргыздардын сатуучу чөбү 4-5 эсе жогорку баада болсо да алышат. Булардын баары өзүнөн-өзү эле эки элдин ортосунда мезгили келгенде терең ойлоп, анан чече турган маселелер. Алардын өзүнө жараша иш жасабасаң, алар басынтышат, кордошот. Маселе тоолорубузга чыккан тажиктер тоолорубуздан арча, четин, ыргай сыяктуу токойлорубузду кыйышып жол боюнан эшектерине артып өтүшөт. Жөн өтүшпөй биздин жарандарыбызды мыскылдап кетишет. Мен Көк-Таш айылына айыл башчы болгон күндөн тартып, алардын бардык жасаган иштерине мыйзамдын негизинде өздөрүнө жараша иштерди жасап келатам. Маселен биздин 60 гектардан ашык жери бар Кара участкабызды тажиктер ээлеп алуу максатында түндөсү бир нече мертебе ар түрдүү көчөттөрүн тигишкен. Мен Көк-Таш айылынын 2600 ашкан элин көтөрүп чыгып, аларды жулдуртуп салып, кээ бир күндөрү алар менен жакалашам. Бирок, 2007-жылдан баштап Көк-Таш айылында эркин башчы болгондой болуп жүрөм. Анткени ошол жылы полковник Эратов Саитжан деген жигит биздин Баткенге чекара отрядынын башчысы болуп келди. Мен тажиктер менен болуп жаткан маселени ал жигитке түшүндүрдүм. Эратов күнү-түнү чекара отрядынын солдаттарын кезектештирип, чек ара коопуздугун сактоо максатында он-ондон кылып Төрткүлдөн Көк-Таш айылына дейре ар бир тийиштүү учаскаларды айландыртып коргото баштады. Натыйжада тажиктердин мыйзамсыз жасаган аракеттери тыйылды. Эратовко окшогон эр азаматтар мекен чегинде жүрсө көңүлүң жай болуп эл катары эс алат экенсиң...
Мен Разиянын чыныгы энелик жүрөгүнөн чыккан сөздү угуп жатып, төмөнкү сунушка көз чаптырдым.
2009-жылы "Карегимде мекен чеги " юбилейлик медалы, ушул эле жылы "Кыргыз милициясына 80 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланган. Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын ардак громматасына татыктуу болсо, ушул эле 2009-жылы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин ардак громмотасы менен сыйланган. Көп кырдуу эмгекчил жаштардын насаатчысы Осорова 7 баланы төрөп өсүтүрүп тарбиялагандыгы үчүн "Бааты Эне" орденине сунуштулган. Ак Сай айыл округунун жетекчилиги Орозова Разиянын татыктуу эмгегин эске алып персоналдык пенсияга сунуш кылган.
Баракелде!.. Кантип көз кырымды сунуш кагазына чаптырган болсом, так ошол айылымда анын бешесиндеги толтура сызылган сызык жолдордон көзүмдү албастан дагы бир мертебе: "Баркелде Разия! Сенин элиң үчүн жасаган эмгектериңдин ар бир жылы бешенеңде тигил сунуш кагазына жазылгандай жазылып турат. Ылайым элиң баалап, персоналдык сунушталган пенсияга жетип, элиңе канчалык кызмат кылган болсоң, ошончолук анын үзүрүн көр" дедим.
Каналдин Мурасартов




Социалдык коргоо бөлүмүнө келемиштер доору келеби?

- Саламатсызбы?
- Саламатчылык.
- Социалдык коргоо бөлүмү башка жакка жылганбы?
- Ишиңиз бар беле?
- Ооба балдарымдын документтерин өткөрөйүн дедим эле.
- Машинаңыз барбы?
- Бар көптөн бери бузулуп жатат.
- А муздаткыч, түстүү телевизоруңуз барбы?
- Бар эмне болуптур. Сиз эмне бул жерде сотсузбу?
Телевизорсуз, же кир жуугуч - машина автоматсыз азыркы учурда жашоо жашообу.
Бирин-серин топтолушу келатышкан жаш келиндер тигил кишини ортого алышып, Союз мезгилинде колхоз, совхоз болбосо жаздык, күздүк кылып талааларга эгиндерди эгишип жолдошторубуз талааларда иштешпесе үй күчүк болуп үйдө жатса же өзүбүз иштебесек… Эмне биздин балдарыбыз машинабыздын балондорун жешип жашашабы?
Бул окуя кайсы гана күнү кайсы гана убакта өтпөйүн Лейлек айыл өкмөтүнүн имаратынын жанынан өтүп баратканымда кайталана бергендиктенби? Же алардын бири-бири менен туура сөздөрдө кайталап кайым айтышып жаткандарына боорум ооруп, уктай албай жаттым…
Дүпүр, дүпүр, дүпүр, дүпүр тогуз жыгачтык фанерленген үйүмүн үстүнөн дүпүрөшүп түшүшкөн келемиштер: Мына сага… мына сага… тигил социалдык коргоо фондунун жанындагы келиндердин балдары келемиш болуп келишип бурчта турган муздаткычтын зымдарының тыштарын, тигил түстүү телевизордун да… анан чуудулушуп барышып, сыртта турган уулумдун машинасынын балондорунун сырттарын бөлүктөргө бөлүшүп талашышып жеп жатышты… Тообо! Жакама колумду алдым. Булар ачарчылыктан өлүп калышышпаптыр. Машинадагы төрт диска өздөрүнүн кырдуу миздери менен төрт жерге жабышып калды. Анан алар чуурулушуп бопбоз болуп, огородуман сайды көздөй жөнөштү. Чагы алар убадалышышканбы. Чарбаксайдан, Доңдон, Кышлактан түшүшкөн келемиштер. Менин үйүм менен Акматтын үйүнүн аралыгындагы сел алып кеткен сайдын аралыгы бопбоз келемиштерге толду. Козубаглан дарыясынын жээктерине жеткендерине чыйк-чыйк деген команда болгондо дарыяны сүзүшүп өтүшүп бараткандары күндүн күнүн нурунда боз ала болушушуп күлтүрүшүшүп, Лейлек айыл өкмөтүнөн социлдык коргоо бөлүмүнө карай… Көп, өтө эле бирөөсү кичине окшойт. Агып баратабы? Карагыла!... Карагыла… ооба… ооба…эмне булар…карагыла… карагыла…
- Ай эмне болду сага. Жолдошум булкулап ойготту. Ооба, алар машиналарынын… же.. жетишишмек беле? Ичимен сүйлөнүп ордуман турдум. Кечке ойлонуп отурдум. Өзүм да, тигил балдарына пособие тууралаганы келишкендир да… түшүнбөгөн мыйзамды балким Жаңы Өкмөт түшүндүрүп берээр деген ойдо Лейлек айыл өкмөтүндөгү социалдык коргоо бөлүмүндөгү жарыяны кандай жазылган болсо ошол боюнча окуучуга жарыялоону туура көрдүм.

ЖАРЫЯ!
Пособие алуучу атуулдардын эсине:
- Эгерде үй-бүлөнүн сандык курамы 10 адамдан аз (1-9) болсо, 3 жана андан көп ую жана 25 же андан көп кой-эчкиси болсо, анда үй-бүлөнүн жөлөк пул алууга укугу жок;
- Эгерде үй-бүлөнүн сандык курамы 10 адамдан көп болсо, 4 жана андан көп ую жана 35же андан көп кой-эчкиси болсо, анда үй-бүлөнүн жөлөк пул алууга укугу жок;
1. Үй-бүлөдө узакка пайдаланылуучу 3 жана андан көп товарлар бар болсо, анда үй-бүлө балдары аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул алууга укугу жок.
2. Узакка пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет:
- жеңил автомобиль;
- айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
- ат араба;
- жүк ташуучу автомашина;
- түстүү телевизор;
- кир жуугуч машина-автомат;
- муздаткыч.
Балким бул жарыя бүтүндөй республика боюнчадыр, балким Баткен областы боюнчадыр. Же Лейлек айыл өкмөтүндөгү эле… Кандайы болсо да, пособие алуучу жарандардын балдары өздөрү айтышкандай… Же менин түшүмө киришишкен келимиштерге окшошушуп…
Эски карыялардан калган мындай кеп бар. "Келемиштер эч нерсе таппай калганда… алуусу алсызын жейт" экен. Сактоочу Кудай…
Каналдин Мурасатов,
Лейлек району




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2010-ж.:
1-бет
2млн.$ менен эркиндигимди алсам, этегиңизге намаз окуйм, "батька"
2-бет
1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүү сунушталды
3-бет
"Ак кемеге" түшкөндөрдүн жаны бирге эмеспи?
4-бет
"Жалган жалаа - жакшылыкка алып келбейт"
5-бет
Кыргыздын душманы - калыстыктан тайган СОТТОР!
6-бет
Атуул
7-бет
"Кош көңүл боло албайм!"
8-бет
Тагдыр
9-бет
Амир
Аскаров
"Актан Исабаевдин жолун жолдогум келет"

10-бет
"Акын болуш өз ишиң, адам болуш милдетиң"
11-бет
Насаат
12-13-бет
МАМЛЕКЕТТИК АРТЫК ЧЫЛЫКТЫ КЕПИЛДЕЙБИ?!!
14-бет
Адабият
15-бет
Эл көйгөйүн чечкен жан
16-бет
Маданий
жаңылыктар




Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 66

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 66


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 66

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 66


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 66

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_15.htm on line 66