Кыргыз гезиттер архиви

  Насаат

Ата-бабаларыбыз салтты бекем тутуп, бизге көөнөргүс мурастарды калтырып кеткен. Бирок барган сайын арабызга башка элдердин аралашып кеткени тээ илгертеден муундан-муунга уланып келген салттар унутта калып жаңыча көз караштар аралашып кетти. Өнүгүү үчүн башка элдерден керектүү, зарыл болгон нерселерди алганыбыз менен каныбызга сиңип келген ата-бабабыздын салтын чанбай, ар убак эстеп, керектүү жерден колдонуп кийинки муунга калтырсак деген ой келет. Кыргыз деген атты алып жүргөн байыркы эл болгон соң өзүбүздүн салт-санаабызды кеңири билгенибиз оң эмеспи. Ошондуктан жаштарга, салт билбеген кыргыз атуулдарына аздыр-көптүр кыргыз элинин салтынын айрым түрлөрү менен тааныштыралы дедик.


Бабалардан калган салт

Кешик түп ичүү
Кешик-улуу адамдардан калган тамак. Илгери кадыр-барктуу, көп жашаган адамдардын кешигин ичебиз деп атайын талашып турушчу экен. Балдар чоң ата, чоң энелеринин кешик түптөрүн ичишкен. Тамак ичилип бүтө жаздап калганда карылар келин-кесектерге, балдарга атайын кешигин "Мендей кары бол, менин жашыма жет, ырыс-кешигим сенде калсын" деп алкоо менен сунушкан. Аттуу-баштуу адамдардын кешигин ичүү жаштар үчүн сыймык болуп "Баланчанын кешигин ичкем, ал мага кешигин берген, ошондон ушинтип калдым" дешкен. Дөөлөттүү, атактуу адамдардын кешигин атайын күтүп отуруп ичүү ал адамды урматтоо, ызаттоо болуп саналат.
Жүгүнүү-ызаттоонун белгиси
Жүгүнүү- жаш келиндердин улууларга жасаган ызааты, кайын атасына, кайнагаларына, улуу байбичелерге саламдашуусу. Кашкайып салам айтып, кол алышып саламдашканга караганда ийилип, улуулардан ийменип турганы анын сылыктыгын, назиктигин билгизет. Жүгүнүү-ачкарын бата алуу болуп да саналат. Улуулар жүгүнгөн келинге "Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын. Алганың менен тең кары. Ак этек бол!" деген керемет баталарды беришкен.
Жентек
Жентек- жентек той. Наристе төрөлөөрү менен кошуна-колоңдорго жетине албай, зор кубаныч менен даам сыздыруу. Илгери атайын сары май бузуп алдын наристеге оозантып, үйдүн карысына ооз тийгизүү нарктуулукту билгизчү. Жентек үчүн атайын мурунтан козу карын, кой карын, торпок карын сары май куюлуп сакталган.
Баланы бешикке салуу
Наристе төрөлгөн соң кыркы чыккандан кийин же ага чейин деле баланы бешикке салып бешик той берилет. Колдо бар мал союлат, илгери бешик тойго ак кочкор союшкан. Бешик тойго чакырылгандар көрүндүк, ороо-чулгоо, мал алып барышат. Адатта наристенин тайлары бешик алып келишет. Бешикке салууда алгач бешик менен шимекти майлап, арча менен аластап алып, нарктуу байбичелер кенен жайылган дасторкондо отуруп, оң-сол чүкөлөрдү бешиктин баш жагынан көтөрүп эңкейтип "Оң бол, оң бол" дегенде чүкөлөр күлтүккө түшөт. Ага колун тийгизишип байбиченин жанында отургандар "Бешик эне бек карма, Умай эне уйку бер" деп баланы салып таңат, жуурканы, жаздыгы, кабы, баштыгы, куржуну болуп жети нерсени бешикке жаап энесине карматат. Ал бешикти ичиндеги баласы менен көтөрүп төрдөн эшикке, эшиктен төрдү карай жүгүнөт. Байбичелер алкап баталарын берет. Андан соң бешик термелет.
"Куру бешикти терметпе" деген ырым бар. Бешик - ыйык буюм. Анда жарык дүйнөгө келген наристе жатат. Баланын тазалыгы, организминин ойдогудай өсүшү үчүн бабалардан калган таберик. Ал көчүп-конууга да шартташкан.
Тартуу
Уздардын, усталардын асем ,аруу, нускалуу буюм-тайымдарын, мыкты ат, жорго же көпчүлүктүн көз кырында турганды кадырмандарына алып баруу, атайын кастарлап берүү. Мындай асылзааданы ошол адам урунууга шарттуу экенин билдирүү. Андан бирдеме алуу керектигин айтпай туюндуруу болуп эсептелет. Ыроолоп баруунун негизи кабыл алган адам ага ыраазы экенин билгизүү. Тартуу алып келген адамга байлыгын, бардардыгын, жоомарттыгын, жол билгилигин көрсөтүү. Мисалы сынпоос ээр-токум, жигит камчысы, эр кемери, чачпак, желбирөөч өңдүүлөр - атка, тайга, торпокко, ирикке, кунан койго өтүүчү. Чоң байлар тартуу алганда короосуна кой салып, өрүшүнө мал айдап беришкен. Мындай салтта адамдар биринин сырын бири билүүгө, ич ара жок нерсесине жардам алууга, ар нерсени пайдалануунун ылайыгы бардыгын туюуга көмөк көрсөтөт.
Түлөө берүү
Бул салт азыр да колдонулуп келүүдө. Бул-ар кандай кырсыктардан аман калганы, алыс жактан аман келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп этин бышырып элге таратып бата алуу. Түлөө берген адам ал эттен ооз тийбейт. Боло турган кырсыктын алдын ала кан чыгарып түлөө өткөрүп жиберип тосуп калат деген ишеним да болгон. Көбүнчө түлөөгө эчки, улак союшкан.
Жолдугун жасоо
Бир иштин бүткөнү үчүн бирөөлөрдү ыраазы кылуу жолу. Мында керектүү бир ишке жараган, жоголгон малын тапкан, же катуу коркунучтардан алып калган, алтын башка күйүттүү иш түшсө андан куткарган, керегине жараган адамга жасаган жакшылыгы үчүн ыраазычылыгын билгизип кийит кийгизип, акча берет, рахматын айтат. Бул салт элибиздин сыйын, ар бир жасаган иштин түшүнө билүүсүн мүнөздөйт. "Жолдугу болот, жолдугун ал, жолдугу бар" деген сөздөр айтылат. Жолдук-ыраазычылык алуу.
Сөөк жаңыртуу
(бата жаңыртуу)
Кудалардын кайра куда болуу жөрөлгөсү. Сыр билги куда-сөөктөрдүн аксакалдары жолдугун жасап, болочок колуктуга батасын берүүсү. Жаңыртып бата кылууда "мурун мындай элек, эскилердин көзү өтүүдө, араларыбыз ачылбасын, жөрөлгө кийинкилерге сакталсын, кайрадан кудалашалы" деген сыяктуу максаттарды аркалайт. Ушундун улам жээн-таекелер, карын бөлөлөр бири-бирине салт-санааны бек сактап бири-бирине кыз беришип, кыз алышып ынтымактарын өөрчүтүшкөн. Улуу туугандарынын көзү өткөн соң ортолору алыстап кетпеш үчүн сөөк жаңыртуу салтын колдонушат.
Айзада КӨЧКӨНБАЕВА




Эл башчы кылаң болсо - эл ичи ылаң болот…

Ар адам, коом, бүтүндөй эл, мамлекет, өлкө бир Денеге айланат!!! Баш-баштай, колдор-колдордой, курсак-тойгондой, өпкө-дем үрөгөндөй, боор-боорукердиктей, жүрөк-кубат үрөгүндөй, буттар-жүк көтөрүмдүүлүгү арткан дулдулдай, көз-келечек шамындай жаркып чыгат. Мээнетке жуурулушуп кетет!!! Мээнет - Дөөлөттүн түбөлүктүү туусу, шыгы, деми, өчпөс шамы!!! Бир дене уютуму - ынтымак -ырашкерликтин нукура чулулугу!
Кытай ойчулу Лао Цзы: "Улуу акылмандар бийлик жүргүзгөн жерде - кол алдындагылар анын бар экенин сезбей да калышат" -дегениндеги маани, балким, мындан да зор, терең, бийик улук!..
... "анчейин акылмандар бийлик жүргүзгөн жерде, -дейт Лао Цзы, -аны эли курулай мактап, (демек кемчилин жашырыш, жымсалдаш үчүн, элге сездирбөө далбасында…) оозунан түшүрүшпөйт; андан төмөнүрөөк акылман бийлик жүргүзгөн жерде - эл андан коркот; бийликтеги адам (бийлик башындагы адам) кокус андан да төмөн болуп калганда - эл аны жек көрө ызырынат". Мындай учурду кыргыз, сыпайы гана жымсалдап: "Бий болбогон бий болсо - өзүнүн кул (теги кул) экенин билгизет; күн көрбөгөн - күн көрсө, "Бакыт кушу башына консо" күндүзү да чырак күйгүзөт" -деп тим болот. Дегени: "ыйыктын бүтүндөй баркын кетирет, эсирет!.. Ушунчалык ката кетире көрбөгүлө, о-о, пенделер?!!" -деген осуяты, керээз-мурастары.
- Охо-о, таксыр! Болор нерсени жеткире айттыңыз. Ырахмат. Бирок, ажат ачар дагы күмөн жактар туру. Бир акылман минтиптир: "Чындыгына жетиш үчүн болгон талаш-тартыш зили токтолбой койбойт. Эмне дегенде, акыры жүрүп чындык жеңет."
Чатактын узакка созула ырбоосу, күчөшү, алоолонуусу эмнеден?
Талашкан тараптар чындыкты, адилетти эңсебей, жеңишти гана көксөшөт. "Жеңилүүнү каалашпайт" -деген тура.
Жогоруда: "Ар кимдин көкүрөгү - өз-өзүнчө падыша!" -дедиңиз. Андай болгондо - так талашуу чатагы алдыда турганда, канткенде чын чыгаан багын ачабыз?.. Ушуну айтсаңыз?
- Жеке-жеке инсандардын, чыгаандардын эмес, калкка, өлкөгө алынып келинер зыяндардын-зыянкечтердин багы ачылып, ашмалтайыбыз чыкпас үчүн эмне жасообуз керек? -деңизчи байболгур…
- Кечиргейсиз…
- Алгач: "Ак жеринен айдалган, … адал жерден "арамдалып" кармалган", дүйнө коюнуна чилдей таралган кыргыздын белдүү азаматтарын өз Мекенине алпечтеп апкелүүбүз зарыл "эринен айрылган - көмгөнчө ыйлайт, элинен айрылган - өлгөнчө ыйлайт" кылбай… "Эл камы үчүн жаралгандык - түбөлүк өрнөк таралгандык?!" Ак, жеринен күйүп, эл-жерге салбоо үчүн бүлүк… күйүп… күйүк кеткендер кыйла бар ошолордун ичинде ,… бирөө - Бирегей! "
А) Ак! Мекенчил! Улутман! Киндиги туташкан эл, жер менен! Тубаса! Нукура жаратым!!! Ошого (ошондой Инсанга) алдын ала өлкөсүнө кайрыбоо үчүн "шылтоо" табуу "фактысы" бар бүгүн. Бул эмнени билдирет?
Б) 1. Эмитеден тымызын пара үмтөтүүнү…
2. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөстүктү…"
3. Элди: "Күн тийген жердин күкүктөрү" башкарып калууларын эңсегендик аракет камылгалары…
- Түшүндүм!
- Эл-кен. Мансапка, бийликке умтулбас табияттуу,... Коймаарек тартып жашаган: "Бар качаган кутулбас, жок качаган - тутулбас" -деген ураан карманган, бардын баарын "чүкөдөй өкчөп, сакадай калчап" ичинде түгөлдөп алган, аттиң арман - кыйлалар көрмөксөнгө салган кыйла Адам-аалам-инсандар бар, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз (акыл) тапкан". Эл-жерине барктуу, нарктуу. Зарылдык туулганда гана сыр ачкан. Болбосо, ыңгайды дароо баалап, дароо четтеп, тим жаткан. Рух дөөлөтү өзүнчө мунар-баалагандар тирүүлүктө Бейиш курар!.. Андайлардын даанышмандар гана дайынын туяр! Ошондойлор бул жашоого берер убай-ыйык тумар!!! "Жалгыз тал, жалгыз буудайдай - Абийирге бүткөн ыймандай! Өз наркын билип зыңгырап, солк этпей сынап тургандай" инсандар бар эл ичинде сейрек болсо да карпенделикке "күлбөс-сүйбөс…" болуп калган ич дүйнөсү тоңуп калган… Таберик… "
Ошолорду көрө, көпчүлүктүн ажырата бөлө, пайдаланып "ээритип", адамзат ажатын ачар күрдөөлгө өрө билүү - бүгүндүн жана келечектин бактысы, ачкычы!!!
- Охо-о! Мунуңуз табышмак, туңгуюк сыр болуп кетти, го!
- Адам - Кудайдын табылгасы! Анын барк-наркына жетүүчү илим жокко эсе. Болсо да үстүрт. Ал тургай дүйнөлүк акылман-даанышмандардын адам дүйнө -алааматына, табият -нукуралыгына арналган мүнөздөмөлөрүнө, философиялык айтымдарына, кунарына элдикке айланган макал-лакаптарына, бийик, терең, учкул ойлоруна, нарк-насилдерине жете түшүнгөн да, иликтеген-түшүндүргөн, чечмелей билген асылзада кайнар булактар да жетишсиз. (Бул жагы өзүнчө чалкып жаткан мухит. Чарк жетишсе, бул жак - баалуулук, ажат ачар, коомду, доорду бейпилдикке бөлөр накыл кенч…)
"Көл тыянычы - жер, көсөм таянычы - эл", "Түндүк-уукка таянат, ууктар-керегеге, кереге -жерге", "чеге (мык) - таканы сактайт, така- тулпарды сактайт, тулпар - эрди сактайт, эр -элди сактайт ", "Атасы жакшы - айттырбайт, теги жакшы - дедирбейт, сөөгү жакшы - сөктүрбөйт".
Кыргыз тукуму - тактыкты сүйгөн (так сандарды ыйык туткан) эл. Мисалы, бир - Бирегей! "Жекеден өскөн жеке адам - бир башы миңге тете АДАМ. Адам-аалам Мисалы - МАНАС!"
Үч-күч! Үч кыл комуз, үч бут тулга (чай тулга да үч буттуу). Боз үй: кереге, уук, түндүк - үчтүн биригип- журулушу Бирегейге айланышы!..
Беш-нарк: жаралган ар жандын (анын ичинде адамдын) тирүүсүндө күткөн денинде бүткөн сапаттарынын алган баасы: санда жоктугу, тирүү - өлүктүгү, жамандыгы, эл катарылыгы, түбөлүк жашап калар артыкчылыгы!
Жети - бийликтеги жашыл секи: аңыз-болмушка айланган сейрек учурар өмүрлөр баяндары, "жалган дүйнөдөгү" чындыктар!
Тогуз-тоом (тек асылзаадалыгы): баатырдык, асылдык табылгалар таратар жактан тандалып, таңданып, тамберип, бүтүндөй адамзат тукуму бир бүтүмгө келип; падышанын-падышасына, акылмандын-акылманына, баатырдын-баатырына - сейрек жаралган табиректикке: "Кыргыз!" -деген наамдын биригиш деңгээли!.. Ал фактынын дүйнөлүк тарых-жазылмаларда сакталуу сыймыгы!

Жакып Медетов,
Жазуучу, 72 жаштагы карыя