Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 2
"Акын болуш өз ишиң, адам болуш милдетиң"
Гүлшан Молдоева аттуу бүт республика тааныган диктор эжебиз бар. "Айдай чырайын иттей кыялы менен бузуп", ай -ааламга чаңырык салып, Үсөн Сыдыковдун ОБОНчуларынын катарын толуктаган айрым диктор эжелерибизден айырмаланып Гүлшан эженин буга чейин анчалык албууттанганын көрбөгөн элек. Бирок, бул жолкусу чектен ашып бараткансыйт. Бишкек шаарындагы №7-балдар-музыкалык мектебинде окуган кызы быйыл мектептин фортепиано классын бүтүп жаткан экен. Гүлшан эженин нааразы болгону кызына кызыл күбөлүктүн күч менен берилиши экен. Чындыгында мектеп кызына кызыл эмес, көк диплом бермек болгон. Тескерисинче, Гүлшан эжекебиз өзү мектептин коллективин, мектеп директорун азан-казан түшүрүп, күч менен кызыл диплом бердиртүүгө жетишкен. Бул үчүн ал мектеп директорун кемсинтүүгө чейин барып, анын түштүктөн экенинен бери чукуп чыгып, "оштуктардын күнү бүттү" дегенге чейин барган.
Көрсө, иштин жагдайы мындай болгон экен. Гүлшан эженин кызы Түлегенова Айдана бул мектепте фортепиано классында окуйт. Ийгиликтери жаман эмес, бир нече конкурстардын лауреаты. Бирок, бизде конкурста жеңген таланттуу кыздарыбыз бир эле Айдана эмес, Кудайга шүгүр, кыргыз элинде таланттуу кыздар көп. Айдананын айырмасы, практика жаатында мыкты болгону менен теория жаатына музыкалык адабият сабагы мугалими Бактыгүл Марипованын айтымында таптакыр катышпайт. Эжейи Айдананын талантын сыйлап гана "4" деген бааны коюп берип жүргөн. Дал ушул "4" деген баа анын кызыл күбөлүк алышына тоскоол болгон экен. Эгер Гүлшан эже мыкты эне болсо, кызына күчтөп кызыл күбөлүк алдыргандын ордуна, "акын болуш өз ишиң, атуул болуш милдетиң" деп В.В.Маяковский жазмакчы таланттуу болгонуң жакшы, бирок, мен таланттуумун деп практикага басым коюп, теорияны таптакыр таштап койгон туура эмес, канчалык таланттуу болсоң, ошончолук жөнөкөй, ошончолук тегиз бол" деп үйрөтсө болмок. Антиштин ордуна теориялык сабактарды "3"кө билбеген кызына өзүнүн аброюн, тааныш-билиштеринин күчүн колдонуп, "5" койдуртуп жатканы акылга сыярлык эмес. Кызыл күбөлүк деген бир тараптуу окуучуга эмес, ар тараптуу, теорияны да, практиканы да мыкты өздөштүргөн окуучуга гана берилиш керек. Эгер Айдана теорияны окугусу келбесе, өз күчүнө ишенсе, кызыл күбөлүк албай деле ийгиликке жетишсе болбойбу. Гүлшан эженин өзү менен байланышканыбызда албууттанып кыйкырып, "мен балам үчүн тикемден тик турам, эгер балам бир нерсе болсо, бардыгы жооп берет, элдин он баласы болсо, менин эки эле кызым бар, мен эки кызымды тебелеттирбейм" деп сөз укусу жок.
Кызык, он бала төрөгөндөр киши катарына кошулбай, эки бала төрөгөн эне укмуш болуп кетеби. Кеп он бала, бир балада эмес, он баланын ар бири ата-эне үчүн жалгыз жана алмашкыс. Кызыл күбөлүк үчүн кызын өзү отко, чокко салып берген Гүлшан эже кызы стресске учураса, баарынан биринчи өзү күнөөлүү болорун ойлойт бекен? Же өзүн бүтүн республикага таанымалмын десе эле карапайым мугалимдерди тебелесе боло береби? Эгер Гүлшан эже таланттуу болсо, таанымал болсо, анын да өз иши, бирок, ал аброюн өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга кандай акысы бар? Кызык жери Гүлшан эже кызына кызыл күбөлүк алуу үчүн буга чейин анчалык деле кызыккан эмес. Акыркы күндөрү эле үнү катуу чыгып, жогору жакта таяна турган адамдары бар экенин кыйытып баштаган... Кыязы өлкөдөгү бийлик алмашууда таянган адамдары чоң бийликке отуруп калса керек. Бирок, азыр менин колумдан баары келет" деп аброюуна, жогор жактагы тиректерине таяна турган учур эмес. Жогору жак эмес, өлкөнүн биринчи адамы президентибиздин тагдыры деле эмне болду. Республикалык телевидениенин күзгүсү болуп жүргөн адам өзүн ошого татыктуу алып жүрбөй, "мен баарынан сулуумун, мен баарынан нурдуумун" деп Пушкиндин жомогундагыдай кесирленчү болсо, күзгүнүн чачырап кетиши бат эле. Гүлшан эже ушунча жыл топтогон аброюн минтип бир кыялы менен жууп кетсе, анда өз талантын сыйлабаганы.
Арыстанбек Дүйшембиев




Муратаалы Күрөңкеевдин
150 жылдыгына, Атай Огомбаевдин 110 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык "Тогуз кайрык" телесынагынын
ЖОБОСУ

Бардык элдик өнөрдүн башаты болгон үч кыл комуз кыргыз менен кошо кылым карыта жашап, анын рухий дүйнөсүнүн, улуттук жүзүнүн көрсөткүчү катары көркөм дөөлөттөрүнүн уюткусун түзүп келди. Ошо жөпжөнөкөй үч кылына симфонияга тете чыгармаларды сыйдырган керемет комуз кыргыздын кылымдаган тарыхын урпактарга жеткирип отурат.
Береги эле Токтогул, Карамолдо, Ыбрай, Атай, Шекербектей залкар комузчуларды берген элдин, кудай насиптеген ыйык комузун даңазалоо максатында комузчулардын республикалык "Тогуз кайрык" телесынагы кайра жанданды.
Аны өркүндөтүү, адисттик деңгээлге жеткирүү максатында маданият министрлиги, Бишкек мэриясы менен бирдикте телевидение 2010-жылдын июль - август айларында комузчулардын республикалык "Тогуз кайрык" телесынагын өткөрөт.
Сурап билүү телефондору: 0555-0019-15; 0778-63-22-00; 0777-02-53-53 (УТРК),
(0312) 66-11-28, 62-34-97 (маданият министрлиги).
Спонсорлор үчүн (0312) 35 91 70, (0772) 66 16 15.
Телесынактын максаты
1. Эл-жерибизди, мекенибизди сүйүүгө, улуттук дөөлөттөрүбүздү урматтоого, жашоонун жакшы көркөм кенчин үйрөнүүгө, ошолордун негизинде жаштарды атуулдук рухта тарбиялоого чыгармачылык күлазык болуп келген комузчулардын, күүчүлөрдүн сапатын жогорулатуу, чыгаан комузчуларды тандоо, тарбиялоо менен алардын талантын радио, телевидение, басма сөз аркылуу кеңири насыяттоо, элге жайылтуу.
2. Республикадагы жалпы маданий-массалык иш чараларды жандандыруу жана элдин эстетикалык табитин калыптандыруу менен маданияттуу эс алуусун уюштуруу.
3. Жаратуучулук өнөрдү өркүндөтүү, аткаруучулук чеберчиликти адистик бийик деңгээлге көтөрүү, алардын көркөм мазмунун жогорулатуу максатында авторлорго, аткаруучуларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү.
4. Айрыкча соңку кездердеги кеңири кулач жайган жеңил-желпи музыканы ооздуктоо менен, жаштардын табитин нукура элдик салттуу музыканын кооз үлгүлөрү менен тарбиялоо.
5. Катышуучунун сырткы келбети гана эмес, жандүйнөсү менен да сулуу экенин, байыртан келаткан улуттук аспабыбыздын заман талабына жараша өркүндөп жатканын айгинелөө.
Телесынактын тогуз сынамы:
1 - чыгарманын мазмунун, тарыхын билүү,
2 - аткаруучулук чеберчилиги, артисттүүлүгү,
3 - күүнүн аткарылышынын тактыгы, уккулуктуулугу,
4 - сахна маданияты, кийимдердин салттулугу жана саркечтүүлүгү,
5 - кыймыл-аракеттин ийкемдүүлүгү,
6 - жогорку чеберчилик (техникалык) табылгалар,
7 - усталык чеберчилик (комуз, кыл, буроо, тепкек жасоо, кыл тагуу, койдун ичигисинен жасагандарга артычылык берилет),
8 - салттуу күүлөрдү аткаруу (моюн күү, бел күү, аяк күү),
9 - калыстар тобунун тандоосу боюнча чыгарма аткаруу.
Телесынактын тогуз тапшырмасы
1 - Комуздун коштоосунда саламдашуу (убактысы үчтөн беш минутага чейин),
2 - Тепке жасоо (буроо, тепке, кыл жасай турган материалдарды өздөрү алып келет, убактысы үчтөн беш минутага чейин),
3 - Комуздун коштоосунда бирден ыр (убактысы үч минутадан),
4 - Күүнүн баянын айтып чертүү (моюн, бел, аяк күүлөрдүү билет боюнча айтып чертүү, убактысы үчтөн беш минутага чейин),
5 - Обон күү,
6 - Кара күү,
7 - Күү чертишүү,
8 - Комузчулар ансамблинин аткаруусунда бирден күү чертүү (убактысы үчтөн беш минутага чейин),
9 - Жаңы күүнүн бетачары.
Бул тапшырма мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарылат. Эгер жаңы күү жок болсо, сегизинчи тапшырма менен чектелет. Бирок Муратаалы менен Атайдын ыр-күүлөрүнө билет менен катышып, алардын наамындагы биринчи байгеге ат салыша алат. Эгер жаңы күү тартууласа, упай ыйгарууда артыкчылыкка ээ болот.
Эскертүү:
Тогуз тапшырманын кээ бирин аткара албагандар башка түрү боюнча ат салышат. Маселен, күү черткенде, Муратаалынын шакирттери: Карамолдо, Чалагыз, Ыбрайдын күүлөрүн, Атайдын шакирттери: Шекербек, Асылбек Эшмамбетов, Жумаалы Сейдалиевдин күүлөрүн чертсе болот.
Сынакка жеке аткаруучулар жана ансамблдер катыша алышат.
Ансамблдин мүчөлөрү жөндөмүнө жараша ар башка номинацияга катыша берет.
Эгер Муратаалы менен Атайдын ыр-күүлөрүн, мындан тышкары тогуз тапшырманы билет менен бүт аткарууга белсенген талапкер баш байгеге ат салышат.
Телесынактын жүрүү тартиби
Тандоо туру ар бир областтын өзүндө өткөрүлөт. Ага чейин райондун комузчулары областка тандалып келинет. Областтарда биринчи тандоо туру төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт.
1. 21-22-июль. Баткен областы, тел: ( 036 22) 2-22-96.
2. 24-25-июль. Ош областы жана Ош шаары, тел: (032 22) 2-29-96, 2-29-07.
3. 27-28-июль. Жалалабад областы, тел: (037 22) 5-65-85.
4. 31-июль-1-август. Нарын областы.тел.: (035 22) 2-10-07.
5. 7-8-август. Ысык-Көл областы, тел: (039 22) 5-15-71.
6. 14-15-август. Талас областы, тел: (034 22) 5-31-80.
7. 18-19-август. Чүй областы, тел: (0312) 21-43-55.
8. 21-22-август. Бишкек шаары. тел: ( 0312) 62-04-82.

Республикалык 2-турга ар бир аймактан 9дан катышуучу тандалып алынат.
2-тур 26-августта, 3-тур 27-августта Улуттук телерадиокорпорациянын концерттик студиясында өтөт.
Гала-концерт жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 28-августта Кыргыз улуттук Т. Сатылганов атындагы филармониянын чоң концерттик залында саат 19.00да башталат.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
4-июнь, 2010-ж.:
1-бет
2млн.$ менен эркиндигимди алсам, этегиңизге намаз окуйм, "батька"
2-бет
1993-жылдагы Конституцияны калыбына келтирүү сунушталды
3-бет
"Ак кемеге" түшкөндөрдүн жаны бирге эмеспи?
4-бет
"Жалган жалаа - жакшылыкка алып келбейт"
5-бет
Кыргыздын душманы - калыстыктан тайган СОТТОР!
6-бет
Атуул
7-бет
"Кош көңүл боло албайм!"
8-бет
Тагдыр
9-бет
Амир
Аскаров
"Актан Исабаевдин жолун жолдогум келет"

10-бет
"Акын болуш өз ишиң, адам болуш милдетиң"
11-бет
Насаат
12-13-бет
МАМЛЕКЕТТИК АРТЫК ЧЫЛЫКТЫ КЕПИЛДЕЙБИ?!!
14-бет
Адабият
15-бет
Эл көйгөйүн чечкен жан
16-бет
Маданий
жаңылыктар




Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 85

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 85

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 85


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 85

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 85

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 85


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 85

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 85

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0604_10.htm on line 85