Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/0528_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/0528_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/0528_7.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Азил

ШМКчылар
ШМК-Шымын булгап Мекенден Качкандар же болбосо Шымын булгабай Мекенден качкандар. Тигиндейинен да, мындайынан да бары бир ШМК болот.Кыргыздарда илгертеден мекенин таштай качкан адамдарды көп деле жакшы көрчү эмес. Бөтөнчө жоо келатканда далай адамдар мекенин таштай качышып, жоо кеткен соң жетип келишчү.Бирок сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп калышчу. Ал эми азыркы замандын ШМКчылары жоо чаап келишкенсип дардалаңдап келишчү болду. Сүйлөшсө асманды сүйлөшүп, чамгаракташат.Эмесе ШМКчылар менен тааныштыра кетели.

АЗИЗБЕКТЕН
А з и л Кеп

Токтайым Үмөталиева Үсөн Сыдыковго жолугуп албуутанып атат :
- Эгерде сиз менин абышкам болгондо, сиздин чайыңызга уу кошуп бермекмин, - деп алкынып.
- Эгерде сиз менин кемпирим болгондо, күнүгө баш оорутпай, ошол ууну ичип жибермекмин, - деген имиш Үсөн акең.

Жол башчысы
Аскар Акаев
Аскар Акаевич качпоого аргасыз болду. Балким Бакиевдей болуп бийликти кыя албай кыйналса деле болмок. Бирок ал кишинин интеллигенттүүлүгү ага жол берген жок.Ошондуктан 2005-жылдын 24-мартынан кийин ал вертолётко түшкөнү бара жатканда да, траптан бир жылмайып кол булгалап коштошуп жатканда узатып бара жаткандардын арасында көзүнөн жаш алгандары да болгон. Кийин Өмүрбек Текебаев баш болгон делегация анын президенттен баш тартуусун кабыл алганы барышкан убакта да, Бишкекте калган китепканасын калтырып берүүсүн суранган. Биз Акаевди актабайбыз, анын эң негизги кемчилиги жумшактыгы болгон. "Жыгач жумшагын курт жейт, киши жумшагын киши жейт"- дегендей, анын жумшактыгын айлана-чөйрөсүндөгү керней алкымдуу ач көздөр жакшы пайдаланышты. Ошолор эле көкөлөтүп мактап атышып, жубайы Майрам Акаеваны канайымга айлантышты. Канайым болсо көмүскө "эки тизгин, бир чылбырды" колго алып, кыргыздын "суперотдел кадрына" айланды. Президенттин балдары катары жагымпооздордун мактоосу менен өскөн уул-кыздары бийлик аларга түбөлүккө берилгендей сезишти. Бирок, бийлик деле колдун кири экен. Башкаларга салыштырмалуу кыргыздарда. Ошондуктан, интеллигент Акаев интеллигент үйбүлөсү менен Мекенинен качууга туура келди.
Аскер башчысы
Топоев-"Сопоевдер"
Акаевдин убагында генерал деген наам сыйлык сыяктуу эле болуп калган. Көңүлүнө жаккан адамга ал капитанбы, мичманбы мурунку наамына карабай эле генерал деген наамды бере койчу. Ошондуктан, Кыргызстанда катардагы жоокерлерге караганда генералдар көбүрөөк болуп, бул жагынан Гиннестин китебине кирсе болчудай кырдаал түзүлүп калган. Топоевдер топоюп алышып, Коргоо министрлигинде короздонуп жүрүшкөнү менен Баткенден он чакты боевик көрүнө калса, кирерге тешик таппай калчу. Шамкеевдей болуп шамырайып керебеттин алдына кире качышкан жеринен боевиктер "генералдык чести" жок экен дешип барымтага алып коюшту да. Анан аны чыгарып келүүгө эч кимдин жүрөгү даабай, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу элдик элчилер талибандарга чейин жүдөтүп барышып, акчага соодалашып чыгарып келишсе, 50 миң доллар беришип, 200 миң доллар сурап атышат деп, 150 миң долларды чөнтөктөрүнө кымтара коюшканга генералдар жарачу.Ыраматылык Садыркулов да 500миң долларды Акаевке тапшыргам деп кан-какшап жүрүп өттү. Баткенде гүлгүн жаш жигиттер шейит кетип атса, генералдар ал уруштан бизнес жасашып капчыктарын топойтушуп, топойгон бойдон Мекенин таштай качкандар бар.
Жарчысы
Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков жээни Айдар Акаевке таянып жаш кезинен эле жээлигип чыгат. Жээликкенде да жөн жээликпей миллиондор кызарган жерге көзүн кызартып, маммүлктү майкандап, талкандуу жерлерди талкалап жүрүп отурат.Анын бул жүрүшү кимге жакпай калганы белгисиз 2005-жылкы парламенттик шайлоо алдында Майрам Акаеванын көрсөтмөсү менен ошол мезгилде ээлик кылып отурган жылуу "креслосунан" майтарыла турган болгондо, Таласка шаңшып учуп барып депутаттыкка талапкердигин коёт. Дал ошол округдан "отко күйбөгөн, сууга чөкпөгөн" Акаевдин "балдыздар" командасы талапкерликке ат салышып, кечээки чиновник, Ак үйдүн акырынан жем жеп жүргөн Равшан бийлик душманына айланат.Кудайдан болуп, Кочкор козголуп, анын артынан Жалал-Абад козголуп, жээндерине таарынган Жээнбеков Таластан Жалал-Абадка башпаанек издеп барат. Ал жердин аталыгы Үсөн Сыдыков көп жактыра бербегени менен, аркадан таяныч издеп жүргөн Бакиев батасын берет.Ошентип артында он чакты кишиси бар Жээнбеков Таласты көтөрүп чыккан атка конуп, бийлик алмашкан соң чоң устукан үмтөтүп жүрдү. Бакиевдик бийлик аны алыскы мамлекетке элчиликке айдап жиберди. Оппозиция козголгон соң бир аз эмне болуп кетээр экен деп күтүп жүргөн Равшан мырза, акыры келип "Ата-Мекенге" келип жабышат. Бирок, куйругуна калбыр байланган, арты булганган Жээнбековду бакиевдик бийлик компроматтар менен жүрөгүн түшүрүп салат. "Элек алып келем деп, эрге тийип кетиптир" дегендей, АКШдан окуп келем деген Равшан Жээнбеков ошол бойдон куйругун түйүп Америкада жатты.
Ишке атасы Бабырбек Жээнбеков жарады. "Агасын көрүп ини өсөт" дейт эмеспи, баласын көрүп деле ата өсөт экен. Маселени кабыргасынан койгон Бабырбек мырза бакиевдик бийликке ач кенедей жабышты да калды. Ал алып чыккан "Алибини" миллион сом менен жаап салды, анан "Ачык саясатты" чуркап чыкты. Анысын "ала койду бөлө кылып" орунбасары Момбеков бөлүп кетти. Андан кийин "Назарын" чыгарды. Кайра чогултуп баарын чыгарды. Баатыр атасына таянган коркок жана опкок уулу алыста жатып алып көрсөтмө бергенден башкага жараган жок . Эми болсо пайда болду. Анткени достору анын артын чукубасын билет.
Дарчысы
Эдил Байсалов.
Эдикең оппозициянын дарында, дарчы сымал басып жүрдү. Эдил Байсалов бала болуп башына жүн чыккандан баштап эле, саясаттын сасык оюндарына аралаша баштады. Курчтугу бар Рысбек Акматбаевке чейин сөз ыргыткан. "Мурчтугунан" Эстекең шымга чалынса, Эдикең бюллетенге чалынып, шымын чала-була булгаган бойдон чет жерде куйругун түйүп жүрдү. Бирок, чет өлкөдө качып жүрүп, анча-мынчаны аңдап калган окшойт. Бир аз салмактуу тартып калыптыр.Эдил Байсаловко ишенсе болот, ал түз, бетке айтат. Култуңдап телефондон Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевчилеп миллиондорду "ашап" жибербестир. Аттиң ай, кечээ эле Бакиевдердин айыбын чукуп атышкандар эми минтип элдин энчисин бөлө тартып атышса, уялбагандан өзүң уял дегендей, биз уялып атабыз. Демократиялуу мамлекеттерде мындай "ЧП" үчүн өздөрү эле отставкага кете беришет. А бизде кандай болот ия, Эдил мырза?
Жайлоочусу
Жеңишбек Эдигеев
Аткан октой окторулуп бара жаткан Жеңишбек Эдигеевди "Де-Факто" менен кошуп бутунан чалып жыкты. Жеңишбек кесиптеш кесибин улантып жүрө берсе деле болмок. Бирок аймончоктой келинчеги мурдунан жетелеген бойдон эксбашкарманын уулун чет мамлекетке ала кетти. Анан келинчегинин артынан барбаса да болбойт да.
Атасы кетип бирөөнүн
Айлына кайра келген жок,
деген илгери популярдуу ыр бар эле. Ошол сыяктуу Жеңишбек мырза да чет мамлекетке кеткен бойдон келген жок!
Айдоочусу
Качкын Булатов
Качыкебиз төрөлгөндө эле азан чакырып атын Качкын койгон экен. Ошол Качкын деген атын акташ үчүн Качыкебиз канчадан бери аракет кылып жүрөт. Ал эмес шоопурлук ардактуу кесибин таштап, "Эр айдоочу" деген маанилүү укук коргоочу уюм түзүп, качуунун жолун пландаштыра баштайт. Акаевдин убагында качууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок. Турсунбек Акунга окшоп жашынмак ойногонго да шарт болбоду. Айласы кеткен Качыкебиз Бакиевдин заманында качуунун планын иштей баштады эле, таппасаң сыйпалап кал, "Де-Факто" гезити бийлик менен соттошо кетип, укук коргоп жүргөн Качкын мырза качууга мүмкүнчүлүк тапты. Эл-журт быякта мүңкүрөп жаткан учурда, "Эр айдоочу" Европада "бал турмушту" башынан өткөзүп жатты. Унчуга көрбөгүлө Европасын сагынса "качкын" Качкын мырза качып кетпесин.


Р.S. К. Байболов, Ө. Абдырахманов, К. Кабилова жана башка ШМКчылар тууралуу кийин сөз болот.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
28-май, 2010-ж.:
1-бет
Максимге жан тарткан Нариман
2-бет
С.Урманаев менен У.Барыктабасовдун мамилеси
3-бет
Түлеевдин котур ташы?
4-бет
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."
5-бет
Күнсобол
6-бет
Темир Сариев Бекназаровдун адамы Кубан Кулматов менен эмнени сүйлөшкөн?
7-бет
Азил
8-бет
Учур жана жаштар
9-бет
Жанета Бобкова:
"Атамды эки жыл көндүрө албай койгонбуз"

10-бет
Хозяин "Мегакома" -
кто такой Андрей Силич?

11-бет
Политика
12-бет
Башыңда кара булут айланат; эсиңе келип, эртеңкиңди ойло, элим!..
13-бет
"Аны адам баласынын көзүнө көрсөтпөсүн"...
14-бет
Адабият
15-бет
Кыргызстанды кантип көтөрөбүз?





а ­е¦Є.НҐй«