п»ї
  Кырдаал

Темир Сариев Бекназаровдун адамы Кубан Кулматов менен
эмнени сүйлөшкөн?
Акыркы мезгилде мамлекетте бийлик алмашканы менен бүгүнкү күнгө чейин эл толкуну басылбай келет. Эл толкунун тынчытууга канчалык деңгээлде Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн дарамети жетет аны убакыт көрсөтөөр, бирок алардын ич ара пикир келишпестиги өлкөдө Хаос жаратпай койбойт деп эл арасында айтылып жаткан кептин дагы кандайдыр бир чындыгы бардай.

Мына жакында эле Интернет сайттарда Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары А.Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн дагы бир мүчөсү А.Бекназаровдун командаларында болгон кызмат талашуусу, ошондой эле учурдагы Каржы министринин милдетин аткаруучу Т.Сариев менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү А.Бекназаровдун акча бөлүштүрүүсүн мисалга алсак болот.
Албетте, А.Атамбаев өз убагында пресс-конференция өткөрүп, коомчулукка телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү чындык экендигин мойнуна алып, А.Бекназаровдун командасынан 400 000 доллар албагандыгын жокко чыгарганы жакшы болду.
Ошол эле мезгилде Темир Аргенбаевич менен А.Бекназаровдун миллиондогон сом эмес доллар тууралуу соодалашканы жөнүндө эмнени айта алабыз.
Жакында эле Максим Бакиевдин акча каткан банктардагы ячейкалары табылганы тууралуу өздөрү коомчулукка жар салышканы жалпыга белгилүү. Андан сырткары, "Манас" эл аралык аэропортунун экс-президенти Бакыт Сыдыковдун ж.б. акчалары табылып жатканы туралуу элдин баары билет. Бүгүнкү күндө Каржы министрлигинде кириштелген сумма жогоруда айтылган ячейкалардан табылган акчанын жарымысы эле экендигин дагы айтып жатышат. Буга мисал катары Т.Сариев менен А.Бекназаровдун соодалашканы коомчулукка факты катары дайын болду десек жаңылышпайбыз.
Эгерде окурмандар Интернет сайтты окубаган болсо, биз аны коомчулукка кыскача сунуш кылабыз дагы учурдагы каржы министринин ишмердигин окурмандардын сыноосуна коёбуз.
Ал сүйлөшүүдө Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин эки орун басары 1 млн. доллардын ордун кантип толтуруунун жолун издешкен:
Т. Сариев: - Жо-ок, ал жакка кагаз керек да. Суммасы канча ал жерде? 19 млн. 600 миң дейт, анда 18 млн 600 миң деген сумма деген кагазды бериш керек да тиги жакка.
А. Бекназаров: - Ооба. Кубан сенде отурабы азыр?
Т. Сариев: - Ии, менде отурат.
А. Бекназаров: - Экөөң кеңешип ушул ишти жасагыла. Биз мындайда жашыруун чечим чыгарып коебуз. Ага биздин укугубуз бар да.
Т. Сариев: - Ошон үчүн эгер бизге өткөрө турган болсо бирин минус деп өткөрүп бериш керек.
А. Бекназаров: - Мейли минус деп өткөргүлө. Ошол минус болгонуна булар токтом чыгарат.
Бул сүйлөшүүлөр жарыяланып кеткен соң Убактылуу өкмөт билдирүү менен чыгып, сөз болуп жаткан акчалар тынч эмес убакта коопсуздукту камсыздоо үчүн түштүк регионуна жумшалгандыгын билдирип жатат. Бирок, анын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин эч ким билбеген, түшүнбөгөн бойдон калууда.
Мына ушундан кийин Темир Сариев жөнүндө өзү жоопкерчиликтен качып, банктар аркылуу акчаны бөлүштүрүүгө жанталашып жатат, - деген ойго аргасыздан келесиң. Болбосо, Бажы кызматынын жетекчиси Кубан Кулматов Каржы министрлигинде Бекназаровдон расмий адам катары келип акча бөлүшкөнгө мыйзам жол береби?
Мен ушул макаланы жазып жатып, 2009-жылдагы Президенттик шайлоо эсиме түштү. Ошондо дагы кылтыңдаган Темир Сариев Бакиевге сөз берип, учурдагы убактылуу өкмөттүн курамына каршы иштебеди беле же мен жалган айтамбы?
Коомчулукта Алмаз Атамбаевдин кадыр - баркы жогорубу же Темир Сариевдикиби?-деген суроого мен албетте Алмаз Шаршеновичтики деп жооп берет элем.
Бул менин өзүмдүн көз карашым. Коомчулук деле ушундай пикирде деген ойдомун. Сариев кыргыз эли үчүн эмне кылып койду эле. Анын бир убактагы Жогорку Кеңештеги фракциялаш досторунун айтуусуна караганда, ал парламентте депутат болуп турганда, Токтогул районундагы Чычкан өрөөнүндө жайгашкан Турдакун Усубалиевдин дачасында 8-9 депутаттар биригип алышып, "Ак-Шумкар" фракциясын түптөшкөн экен. Кийинчерээк, фракциялаш достору анын ким экендигин билип, Мелис Эшимканов экөө Акаевдин камчысын тымызын чаап жатканын билип, баары бир мезгилде фракциядан чыгып кетип, Кубатбек Байболов экөө гана калган.
Темир Сариевдин эки фронтто ойноп жатканын, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн К.Байболовду Бакиевдин кланына салып бергенин билгенден кийин, ал бардыгына кол шилтеп туруп, чет мамлекетке үй-бүлөсүнүн коопсуздугун биринчи орунга коюп, кетип калган-деген сөздөр эл арасында айтылып келет. Ак-Шумкар фракциясында соколой башы эле калган Т.Сариев фракциянын атын партия кылып өзгөртүп, ага лидер болуп отурат.
Дагы бир кызыгы, Акаевдин учурунда, Темир Сариевдин жасаган кызматы үчүн Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 3 кабаттуу имаратты белекке алган. Ошол имараттын эң жогорку кабатында (чатыры десек да болот) каралбай желе басып турган чоң бөлмөнү Аликбек Жекшенкулов алып, капиталдык ремонттон өткөрүп, офис кылып иштетип жүргөн эле.
Кийин Бакиевдер куугунтуктап, ак жеринен УККнын түрмөсүнө камаганда, Т.Сариев Жекшенкуловдун кызматкерлерин эшикке чыгарып койгонун көргөн эл жерге түкүргөн.
Эгерде чындыгында эле Сариев Бакиевдер үчүн кызмат кылбаган болсо, башына иш түшүп жаткан Жекшенкуловго ушундай мамиле кылат беле?
Дагы бир факты катары, Бакиевдик режимге каршы БЭК (Бириккен элдик кыймыл) түзгөн азыркы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасына мурда эмнеге Сариев кошулган эмес. Президенттик шайлоодо талапкерлер А.Атамбаев менен Ж.Назаралиевдер "шайлоо мыйзамсыз болуп жатат. Биз шайлоодон баш тартабыз"-деп шайлоодон чыга беришкенде Мотуев, Үмөталиева, Сариев үчөө Бакиев үчүн кызмат кылышты эле го, же мен калп айтамбы?
Мына ошондон кийин Сариевдин убактылуу өкмөттүн курамында, болгондо дагы Каржы министрлигин тейлөөгө укугу барбы?
Мен Сариевдин креслосун ээлеп алуудан алысмын, бирок эки жүздүү адамдар убактылуу бийликти карапайым калкка жаман көргөзүп жатканын эстегенде мен унчукпай жатып алууну каалаган жокмун.
Ошондуктан, биз коррупциядан, эки жүздүүлүктөн арылабыз десек, мына Бекназаров жана Сариевге окшогон атуулдардан азыртадан кутулушубуз керек деп ойлойм.
Жусупбек Шамшиев,
эркин журналист




Карыялык көз караш
Мамлекетибиз экономика, саясий жактан эмес, көп тармактар боюнча оор абалда турушу айрыкча улгайган адамдарды терең ойлонтуп капа кылат экен. Экономикасы өспөй, саясатың туруктуу болбой, жаштарың Кыргызстанда таппай чет мамлекеттерде тентип жүрсө кантип капа болбойсуң. "Азаттык" радиосунун бир кабарчы кызы Азамат Алтайга кайрылып, -Алтай ата, Кыргызстан эгемендүү болду, эми бизге келбейсизби, десе ал киши:- Кыргызстан эгемендүү болду дегенди угуп аябай сүйүнгөн элем, бирок сүйүнүчүм көпкө созулган жок. Силер мурда да, азыр да сасык ботконун ичинде кайнап жатасыңар, баралбайм кызым, -деп жооп бериптир. Бул жердеги биз эмес, жер шарынын аркы бетиндеги бир кыргыз карыясынын капа болуп айткан сөзүн карачы. Ушул сөздү укканда аргасыздан И.Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деген сөзү эске келет экен.
Коомду, мамлекетибизди таза кармап, өлкөнүн ичиндеги бардык тармактарды, айрыкча экономиканы өнүктүрөт, өстүрөт деп ишенген адамдарыбыз, өз кызыкчылыктарын - элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарынан өйдө койгондуктарынан Кыргызстан ушундай абалга келип калды.
Азамат Алтай айткандай, азыр деле өлкөбүз сасык ботконун ичинде кайнап жатат. Россиянын бир көрүнүктүү саясатчы, шовинист адамы Жириновский: "Кыргызстан, Тажикстан өздөрүнчө мамлекет боло алышпайт, буларды Россиянын составына кошуп бир округ кылып коюш керек" деп жатса, ал эми кошуна, бир тууган деген мамлекеттер чек араларын жаап, эмне болсоңор ошо болгула деп турган чагы. Азыр оор, кыйын абалда турат. Ушундай учурдан пайдаланып ар кандай жолдор менен бийликти алсак деген адамдар болсо өтө жаңылышат. Кудай өзү сактасын, азыркы бийлик үчүн дагы бир тополоң болуп кетсе өлкөдө эмне болуп кетерин элестетүү кыйын. Азыркы абалда элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, мамлекетибиздин бекемдүүлүгү үчүн, Кыргызстандын бүт эли акыл-эсти бир жерге топтоп, дүйнө жүзүн таң калтыргандай болуп туруп, алдыдагы боло турган шайлоону демократиялык жол менен өткөрүү негизги милдети болуп турат. Мен карыя катары, эски партиялык кызматкер катары ар түрдүү саясий кыймылдарга, партияларга, алардын жетекчилерине айтар элем-Кыргызстанды гүлдөгөн, өнүккөн таза өлкөгө айландырууга багытталган кыска жана узун мөөнөттөгү программаларды бүткүл элге жеткиргиле, түшүндүргүлө, ынандыргыла. Ошондо эл өзү эле тандап алат, кайсы партияга добуш берерин.
Убактылуу Өкмөттүн "декретинин" негизинде өлкөнүн Президентин шайлоо бир жарым жылдан кийин өтө турган болду. Буга да акча менен эмес акыл менен, алдыдагы программалардын терең маанилүүлүгү менен аракетиңерди кыла бергиле. Ушундай ак жол менен бийликке келишиңерди каалайт элем.
Мен карыя катары силерден өтө суранат элем, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн баштап мамлекеттик шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө чейин "кара кылды как жарган" калыстык менен иштеп бергилечи, күнүмдүк турмушту ойлоп, тыйын-тыпырга сатылбагылачы, бир адамдын добушун болсо да бурмалабагылачы. Өлкөнүн азыркыдай оор абалда калышына шайлоолордун туура эмес, бузулуп өткөнү себеп болду. Элди ойло, өзүңдү ойло, эртеңки келечекти ойлоп алдыдагы шайлоолорду так өткөрүп бергилечи!
Кыргызстандын ар бир шайлоочусуна айтаар элем, эл үчүн, мамлекет үчүн ак кызмат кыла турган адамдарга добушуңарды бергилечи, күнүмдүк оокат үчүн алданбай өзүңдүн, балдарыңдын жана мамлекеттин эртеңки күнү үчүн добушуңду бер! Бүгүн саткан добушуң-балдарыңдын, өзүңдүн жана элдин шору. Сатылган добуштардын натыйжасын көрдүңөр го.
Конституциянын долбооруна өзүмдүн пикиримди айта кетейин. Мен тең салмактуу "Президенттик-Парламенттик" же "Парламенттик-Президенттик" башкаруу сунуштарына кошулар элем. Бийликти бир кишинин эле колуна салып берип койбостон тең салмакта кармоо өтө зарыл. Менин сунушум-1993-жылы кабыл алынган Конституциянын мамлекетти башкаруу жөнүндөгү статьясын киргизип кетсек жакшы болмок. Ошол статьяга А.Акаев өтө каршы болгон, Президентке бийлик аз болуп калды деп. Парламенттик башкаруу биздин азыркы шартка туура келбейт деп ойлойм. Бир маселени туура, туура эместигине карабай партиялардын, депутаттардын өз кызыкчылыктары үчүн көп убакыт кетирип, талаш-тартышка учурап, чечилбей калуу коркунучу бар жана өкмөткө, өкмөт мүчөлөрүнүн толук кандуу иштешине көп тоскоолдуктар болушу көрүнүп турат.
Корчубек Акназаров,
Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, Республикага өзгөчө эмгек сиңирген ардагер




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
28-май, 2010-ж.:
1-бет
Максимге жан тарткан Нариман
2-бет
С.Урманаев менен У.Барыктабасовдун мамилеси
3-бет
Түлеевдин котур ташы?
4-бет
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."
5-бет
Күнсобол
6-бет
Темир Сариев Бекназаровдун адамы Кубан Кулматов менен эмнени сүйлөшкөн?
7-бет
Азил
8-бет
Учур жана жаштар
9-бет
Жанета Бобкова:
"Атамды эки жыл көндүрө албай койгонбуз"

10-бет
Хозяин "Мегакома" -
кто такой Андрей Силич?

11-бет
Политика
12-бет
Башыңда кара булут айланат; эсиңе келип, эртеңкиңди ойло, элим!..
13-бет
"Аны адам баласынын көзүнө көрсөтпөсүн"...
14-бет
Адабият
15-бет
Кыргызстанды кантип көтөрөбүз?










??.??