п»ї
  Укук

"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."
- Анан Бакиевдик бийликке деген колдооңуз, сүйүнүчүңүз канча убакытка созулду?
- Бакиев бийликке келди, 7-апрель күнү Байтерековдор мени тигинтип машинага салып кетип атышат, анан ооруканага жаттым. Чыгаарым менен Байтерековдун аким болгонун уктум. Ошентип сүйүнүчүмдүн өмүрү өтө кыска болду. Акаевдин заманындагы бөрүлөрдүн биринин кайра эле кызматка эч нерсе болбогондой отуруп калышы менин жаңы бийликке деген ишеничимди кыркып койду.
- Акаевдин бийлиги менен тигинтип касташыптырсыз, а Бакиевдин бийлиги менен кантип кармашууну баштадыңыз?
- 2007 - жылы Куловдун "Фронту" башталды. Мени Кочкорго жөнөтүштү. Адамдын санына чек коюлган жок, бардыгынын жол киреси, тамак - ашы камсыздалмак болду. Үгүттөө иштерин жүргүзүп аттым. Ошондо Кочкордун акими келди жалгыз уулуңду өлтүрөбүз деп. Бул сөздү Байтереков үч жолу айткан. Андан көп өтпөй эле баламды бир тууган иним үйгө чакырат, анан ошол жерде өлүп калып атпайбы. Жүрөгүнө бычак сайышыптыр, 18 см кириптир. Инимдин колу - буту токтобогон шалкылдаган баласына жалаа жаап коюшту. Бул ишти тергешкен да жок, инимдин баласына "акыл - эси ордунда эмес" деген справка берип коюшту. Өзү майып бала болсо, колу жарытылуу кыймылга келбей шалкылдап атса, анан кантип 18 см тереңдикке бычак сая алат? Баланы коркутуп коюшса керек, моюнуңа албасаң момундай болосуң дешип. Айтор, бул иштин жандырмагы табылбаган табышмагы көп. Мен эми өткөндү козгоп кайрадан сотко бердим, буйруса кимдин канчалык деңгээлде күнөөсү бары билинет.
- Балаңыз канча жашта эле?
- Арак ичпеген, жаман жолго баспаган, эки баланын атасы болуп калган 30 жаштагы жакшынакай баламдан ажырадым.
- Алдын ала эскерткен экен уулуңузду өлтүрөбүз дешип, ошондо да артка кайткан жоксузбу? Же балаңызды Кочкордон көчүрүп келип, жамандыкты алдын алуунун аракетин көрбөдүңүзбү?
- Мынчалык кара мүртөздүккө барышарына ишенгим келген эмес. Жөн эле мени коркутуу үчүн айтып атышат деп ойлогом.
- Иниңиз менен азыр мамилеңиз кандай? Анын баласына жалаа жапканын сезип турганыңыздан кийин мамилеңиздер үзүлбөгөн болсо керек?
- Бул иштин чын - бышыгына жете элекмин, ошон үчүн иним менен да сүйлөшпөйм. Ким ак, ким кара экенин билишим керек.
- Иниңиз менен ошол кездерде араздашуу болгон эмес беле?
- Жок, жакшы мамиледе эле жүрчүбүз. Баламдын тергөөсүн аягына чыгарбай Кочкордун прокурору менен соту жаап ташташты.
- Балаңыздын өлүмү өз позицияңызды ансайын бекемдедиби?
- Бакиевдин мыйзамсыз бийлиги менен акыр аягына чейин күрөшүүнү чечтим. Жалгыз баламдан ажырашым сындырган жок, тескерисинче кыжырым, кегим көбөйдү.
- Саясий качкындардын катарын арбытып, өлкөдөн чыгып кетүүңүзгө эмне себеп болду?
- Президенттик шайлоодо Атамбаевди жактадым.
№19 шайлоо округунда жоопкерчиликтүү болдум. Анан макала жаздым, 89 киши буйрутма өлүм менен өлдү деп. Атамбаевди эл менен жолугуштурбай, алдыга ажылдаган аялдарды кое берип, колунан келишинче тоскоолдук жасады да. Бакиев эл алдында таза шайлоо болот деп коюп, көмүскөдө таза шайлоого өзү бут тосуп, атаандаштарынын үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратып атканы да жазылган болчу. Бул Бакиевдин өзүнө ишенбегени жана корккондугунун белгиси эмеспи. Ошондон соң мага кылмыш ишин козгошту. Аны "Де Факто" гезити менен байланыштырышты. Биринчи күбө катары, андан соң айыпкер, анан уюштуруучу болдум. "Де Факто" менен байланыштырышынын себеби, анда иштеген бир кыз келип жардам сураганынан макаласын оңдоп - түзөп берип, жарыкка чыгарганбыз. Анын айынан 2 күн түрмөдө жаттым. Кийин телефондон коркутуп - үркүтмөй башталды: "Жылкыңды даярдай бер, өлбөй калсаң калган өмүрүң дары менен өтөт", дешип. Булар соо койбойт экен деп ойлодум. Ал учурда "Де Фактону" жаап, редактору Чолпон Орозобекова өмүрүнө коркунуч туулганынан өлкөдөн чыгып кеткен экен. Аны кийин уктум. Айла жок, мен да качып кетүүгө аргасыз болдум.
- Кыргызстандан ким аркылуу чыгып кеттиңиз?
- ОБСЕде жыл сайын октябрь - ноябрь айларында адам укугун коргоо боюнча конференция өтөт. Ошол жактан мага чакырык келип калды. "О, Кудай аман калдым окшойт", дедим да Польшага, андан ары Швецияга кеттим.
- Ошол кезде сизге кылмыш иши козголуп аткан да, анан чегарадан кантип өттүңүз?
- Чыгарышмак эмес, чегарага акырын барып, эч кимге көрүнбөй аркы тарабынан бекинип жөө өттүк. Казакстандан ары поездге отуруп кеттик. Польшага барсак укук коргоочулар айтып калышты: "Польша Кыргызстандай эле адам укугу менен эсептешпеген өлкө. Бул жактан кыйналып каласыңар", деп. Аны уккандан кийин Швецияга кеттик Жолдош Орозов экөөбүз. Ал жер чынында өтө жакшы өлкө экен. Бирок биз келишимди бузуп коюптурбуз. Келишимде визаны кайсы жакка алсаң ошол мамлекетке караштуу болот экенсиң. Биздин виза Польшага алынган. Ошентип артка кайтууга туура келди. Польшада качкындар Советтер Союзунан калган илгерки эски 17 аскер лагеринде жашашат экен. Арасында сарык, кургак учук менен ооругандар бар. Аралашып жашайбыз. Кан талама деген жер жайнайт, ак шейшеп жок. Бир кишиге квадрат метр жер туура келет, керебеттер үстү үстүнө коюлган. Өтө оор абалда жашадык. Качкындардын 60 пайызы чечендер, 40 пайызы грузиндер экен. Качкындар статусунун кадыр - баркын кетирген кавказдыктар. Жалаң гуманитардык жардам менен жашаганга көнүп алышыптыр. Грузиндерге дүкөнгө кирүүгө, базар аралоого тыюу салыныптыр. Дүкөндөргө "Вход грузинам запрещен", "Пожалуйста, грузины, не воруйте" деп жазып коюшуптур. Грузиндер деле моюндарына алышат экен, биз уурулуксуз жашай албайбыз дешип.
- Кылмыш жообуна тартылышпайт бекен?
- Булар мындай экен да, 6-7 балалуу болуп алышат экен. Ал жакта жаш баланы катуу сыйлашат, кармалган качкындын жаш балдары болсо кылмыш жообуна тартышпайт. Бирок, үч жолку кармалганга чейин унчугушпайт да, төртүнчү - бешинчисинде өлкөдөн чыгарып жиберүүгө аргасыз болушат. Алар качкын статусун алып бекер жашоого көнүп алышыптыр. А балдары калканч катары.
- Сиз да качкын статусун алдыңыз да?
- Жок, мен алганым жок. ООНго мен убактылуу эле жүрөм, мага түбөлүк качкындыктын кереги жок, Кыргызстанда кокус бийлик алмашып кетсе, ошол замат кетип калам деп, ушул жылдын 2- апрелинде арыз жазгам. Бөлөк элдин тамагын ичкенден көрө Кыргызстандын суусун ичип жашаганым жакшы.
- Кыргызстан менен кантип байланышып турдуңуздар?
- Швецияда экенибизде "Азаттыкка" маек берип, интернеттен кыргыз гезиттерин окуп көнүп калдык эле. Ал жакта интернет бекер болчу. А Польшада эч бир байланыш жок. Лагерден башка эч нерсе кылалбайсың. Шаарга чыкканга жол киреге акча турмак жуунганга самын беришпейт, бир күндө ысык суу 15 мүнөт чыгат.
- Ар бир бөлмөдө бирден жуунучу жайбы?
- 6 үй-бүлөгө бир жуунучу жай, даараткана, 50 кишиге бир плита. Баргандан бери жарытылуу жууна албай кайтып келдим. Кавказдыктарды тартипке, тазалыкка үйрөтө албай койдум. Мен аларды өнүккөн эл деп жүрсөм, аябай сабатсыз болушат экен.
- Кандай тамактанып аттыңыздар?
- Эртең менен картошка, түштө картошка, анан "Галина бланка" деген кубик бар го, ошону сууга салып беришет. Кечинде бир сосиска менен бир алма беришет.
- Казы - картага көнгөн кыргыз организми ага кантип туруштук берди?
- Шишип - көөп, өлүп кала жаздадык. Түшүбүзгө күнүгө эт кирет. Бир жолу Эдил Байсалов мага чалып калды, кадимкидей көз жашымды көлдөтүп ыйладым. "Эдил, мен Польшада Кыргызстанды кайрылып бир көрбөй өлүп калат окшойм", деп ыйладым. Эдилдин экинчи чалгысы да келбей калды окшойт. Польшада Бактыбек Кайназаров деген докторлугун жазып жүргөн бир кыргыз бала бар экен. Таластан болот. Ошол бала да көп жардам берди, ал болбогондо балким андан да көп кыйналат белек.
- Кыргызстанда бийлик алмашканын кайдан уктуңуз?
- Бактыбек сүйүнчүлөдү, Кыргызстанда төңкөрүш болду деп. Анан Польшанын өзүнүн телеканалдарынан да, спутник телеканалдарынан да көрсөтүп башташты биздеги абалды. Аябай сүйүнүп, дароо эле кетебиз дедик. Бактыбек жардам берип, "Миграция боюнча эл аралык коом" аркылуу билет алдыртты. Шордуу кишиге айла жок экен, вулкан жарылып самолеттор убактылуу учпай калышып, эки жума күтүп калдык. Же бир күн өтсөчү, Бактыбек "кетесиңер аба, бир аз чыдагыла" деп бизди сооротуп атты. Ушул балага чоң рахмат, бизге арка - бел болуп берди, келинчеги нарындык экен, өзү мамлекеттин түзүлүшү боюнча деди беле... докторлугун жактап атыптыр. Келечекте Кыргызстандын керегине жарачу кызматкерлерден болот.
- Жалпысынан Кыргызстандан сырт канча айды кечирдиңиз?
- Жарым жыл: 4 ай Польшада, 2 ай Швецияда. Швецияда жүргөндө жөн жүргөн жокмун, өлкөнүн кандай өнүгүп жатканын байкадым. Ар кандай семинарларына барып, тил билбесем да сүйлөшкөнгө аракет жасадым. Биз Түлеевди мактап атпайбызбы, шаарды оңдоду деп. Жок, оңдогон мындай болбойт. Швецияда таштандыны мамлекеттин байлыгы дешет экен. Бөтөлкөгө өзүнчө, тамак - аштын калдыгына өзүнчө, башкаларга да бөлөк таштанды жашиктерин коюшат да, кайра иштетип чыгарышат экен. Таштанды төккөн жер ар бир үйдүн алдында кадимки үй кейиптенип турат, каалгасында коду менен кулпу бар. Таштандыны кайра иштетүү менен чоң киреше табышат. А биз таштандыга көп маани бербейбиз. А мурунку мэрлер жалаң ушул жааттан чоң сумманы чөнтөктөрүнө салып келишти. Ошол сумма мамлекеттин эсебине кетсе чоң тогончок болмок.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар? Эки доордо куугунтук жеп жүрдүңүз, эми тынч жашоо өткөрөйүн деп атасызбы же, дагы деле баштаган ишиңизден четтей албайсызбы?
- Быйыл алтымыш жашка чыктым. Майып да болуп калдым минтип. Учурунда көп кордук көрдүм, адамдык укугум далай ирет тепселенди. Бир эле меники эмес Болот Шерниязов сыяктуу ишмерлер мыйзамсыз аракеттерден жабыр тартышты. Ушундай колдогу бийликтен пайдаланып, мыйзамга дал келбеген аракеттер ачыкка чыгып, аткаруучулар өз жазасын алууга убакыт келип жетти. Сот бир адамга эмес, коомго баш ийиш керек. Сот элдин кызыкчылыгын коргош керек. Дежурларды жоготуш керек. Алар мамлекетке чоң провокация кылып, артка тарткан кишилер. Булар бийлик үчүн бүт баарына даяр. Ага жакында эле 14 - майда болуп өткөн окуядан улам өзүңөр күбө болдуңар. Исхак Масалиев чындык үчүн күйгөн адам болуп көрүнчү эле. Жок, анын жүзү эми ачыкка чыкты. Демократияны жамынып, өздөрүнүн арыгына суу буруп жүрүшүптүр. Демократия эл үчүн ыңгайлуу болуш керек, демократия элге кызмат кылыш керек.
- 2005 - жылдагыдай бийлик алмашкандагы сүйүнүчүңүз бир айга гана жашап калат деп коркпойсузбу?
- Мындан ары Кыргызстандын өнүгүшүнө ишенем. 90дой баланын арбагы Кыргызстандын ар бир кадамына көз салып турушат. Булар эми коррупцияга, бузукучулукка жол бердиришпейт. Тирүүлөр жаш шейиттердин элеси үчүн болсо да таза иштеп, элге кызмат көрсөтүүгө милдеттүү болуп калдык. Балким, бул нерсе Кудайдын кыргызга берген ырайымыдыр. Мына, бир убактардагы америкалык Никсон деген президент ар кандай партиялардын отурумдарын уурдап уккандыгы ачыкка чыгып калып, соттоло турган болгондо, өз ыктыяры менен отставкага кеткен. Ошондо Никсан менен бир дагы адам, бир дагы коом, журналисттер да сүйлөшпөй, жалгыздыкта өлгөн. Биздин журналистикада да ошондой нерсе болуш керек. Мисалы Мелис Эшимканов деген журналист бар. А кылган - эткени эч бир журналистиканын этикасына жатпайт. Коомду бузуп, бөлүп - жаруу гана аракети.
- Ушунча кыйынчылыкты көрүп, ден соолугуңузга залака келтирип, ата - бабаңыз тааныбаган Польшанын жеринде жашоого да аргасыз кылган саясатка аралашканыңызга өкүнөсүзбү?
- Саясатка киргенге жол бар, кайтканга жол жок экен. Убагында жакшы жашоо кечирдим. Алыска жүк ташып жүрүп, кыргыздардын башка элде бүжүрөп, кагып - силккендерин көтөрүп, "чурка, черный" деген шылдыңдарды угуп иштөөгө аргасыз болуп атышканын көрүп жүрүп укук коргоп кеттим. Мен бир гана нерсеге өкүнөм... 2004 - жылы Айтпаевдин кызы турмушка чыкты, той көйнөгүн кийип, атасынын үйүнөн узап... Артынан менин кызым турмушка чыкты, мен Кочкорго баралбай жүргөм, Бишкектин бир көчөсүнөн машинага салып, бетинен өөп жөнөттүм... Эстеген сайын ыйлагым келет... Жалгыз кызымды атадай болуп өз үйүнөн турмушка узата албадым...
Жамандык-жакшылыкка да баралбай жүрүп, туугандардан да чыктым... Чындык үчүн күрөшкөн адамды сыйлаш керек, а бизде андай жок... 86 жаштагы апам бар, Польшага кеткенимде алыс жакка эмнеге кеттиң деп ыйлады эле. Эми кайтып келгениме кубанып отурат... "Өлбөгөн кул алтын аяктан суу ичет" дейт, мына мен канча азап тартсам да өлбөдүм эле, Бакиевдин бийлигисиз жазды тостум, а канча адам буйрутма өлүм менен кетишти быйылкы өзгөчөлүү жазга жетпей...

(Уландысы кийинки санда)

Гүлмайрам Турусбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
28-май, 2010-ж.:
1-бет
Максимге жан тарткан Нариман
2-бет
С.Урманаев менен У.Барыктабасовдун мамилеси
3-бет
Түлеевдин котур ташы?
4-бет
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."
5-бет
Күнсобол
6-бет
Темир Сариев Бекназаровдун адамы Кубан Кулматов менен эмнени сүйлөшкөн?
7-бет
Азил
8-бет
Учур жана жаштар
9-бет
Жанета Бобкова:
"Атамды эки жыл көндүрө албай койгонбуз"

10-бет
Хозяин "Мегакома" -
кто такой Андрей Силич?

11-бет
Политика
12-бет
Башыңда кара булут айланат; эсиңе келип, эртеңкиңди ойло, элим!..
13-бет
"Аны адам баласынын көзүнө көрсөтпөсүн"...
14-бет
Адабият
15-бет
Кыргызстанды кантип көтөрөбүз?










??.??