п»ї
  Саясат

Түлеевдин котур ташы?
Бийлик алмашканы менен Бакиевдин учурундагы чиновниктердин кээ бири эч кандай уялбастан эле кайрадан бийликке жулунушууда. Баарынан дагы Бакиевди "ата" деп жүргөн Максимдин жакын досу болгон Нариман Түлеевдин уялыш, коркуштун ордуна катуу амбиция менен бийликке жулунуп, болушунча өзүн пиар кылып, интервью бербеген гезити калган жок. Жада калса, Нарындан бери автобус менен киши жалдап келип 12-майда тополоң уюштурганга чейин барды. Тополоңдон кийин Казакстанга качып кетип, ал жакта Марат Бакиев менен дагы жаңы ири интриганы баштап жүрөт өңдүү.


Нариман Максим тараптабы?
Нариман менен Мараттын жаңы интриганын башында жүрөт окшойт дегенибиздин себеби, жакында эле интернетке чыккан Максим менен Жаныштын сөзүнөн байкап калдык. Марат менен Наримандын интригасынын учугу Москвадан көрүндү. Муну бул эки адамдын жакыны Максим Бакиев Жаныш менен сүйлөшүүсүндө "Түлеев орустар менен сүйлөшкөнү Москвада жүрөт дейт" деп "балп" эттирип алды. Аны Жаныш байкабадыбы, "качан?, кантип?" деп тактаган жок. Тактаса деле ага Максим ачык айтмак эмес. Себеби, Жаныштын "Марат эмне кылып жүрөт?" деген суроосуна Максим атайылап эле жооп бербей, сөздү такыр башкага буруп койду. Мунун өзү бир кездегидей эле Курманбектин балдары бир туугандар Максим менен Мараттын, Жаныш баштаган Саалынын балдарына көп ишене бербестигин Жаныш менен Максимди реванш азабы дагы деле аргасыз бириктирип турганын байкайсың. Дагы деле Жаныш баягыдай эле түштүк саясатчыларына басым койсо, Максим баягыдай эле бир тууганы Марат менен биригип алып Түлеевге окшогон досторуна ставка жасап жаткандай. Ал эми Бакиевдерге тиешем жок, мен Кыргызстан үчүн, кыргыздар үчүн, бишкектиктер үчүн кан- жаны менен иштеп берем деген Нариман Түлеевдин кандайча кан-жаны менен иштей аларына сареп салып көрөлү.
Каны бузук
Кан-жаны менен демекчи, Нариман Түлеевдин "каны бузук, кыргыз эмес" деген сөздөр мурун деле айтылчу. Буга көп маани берчү эмеспиз. Себеби, каны кыргыз болбосо эмне экен, Кыргызстанда 80 улуттун өкүлүнүн кандары кыргыз менен аралашып кеткен да деп коёт элек. Бирок, каны бузук деген улуту бөлөк дегенден да жаман, жөнөкөй эле башка улуттун өкүлү эмес, атайын кыргызга кек сактаган каны бузуктардан окшобойбу. Кыргызга кек сактагандарды бизде "калмакчылык" деп коёт. Нариман Түлеевдин өң-келбетинен баштап, кылган жоруктарынын баарына абай салсак, дал ушул калмакчылык Нариманда болгон экен. Нариман деген ысымдын өзү деле калмакча болуп жатпайбы. "Нариман Түлеев Курманбек Бакиевге жетинчи атага жетпей кошулат" -деген сөздөргө ишенсек, булардын калмакчылыгы чогуу болуп, алиге бөлүнө албай жатышат окшойт. Түлеевдин оркойгон калмакчылыгынын үч чоң белгисин келтирели. Майдаларын коё туралы.

Биринчи белги:
Түлеев келгени шаардын архитектурасында калмакча колорит пайда болду
Түлеев келгени шаарды оңоп койду дедик. Чын эле шаар тазаланып, мыкты үйлөр салына баштады. Бирок, байкаган кишиге шаардын архитектурасында калмак колорити пайда болду. Муну төмөнкү сүрөттөрдөн көрсөңүздөр болот. Бул үйлөр калмак калпагынын формасына окшотуп жасалган. Түлеевдин учурунда салынган бул үйлөр менен Калмыкиядагы үйлөрдү салыштырып көрсөңүздөр буга ишенесиздер.

Экинчи белги:
Түлеев борбордук аянтка "Манас" эпосундагы калмак душмандардын эстелигин тургузган
Баарыбызга белгилүү Түлеев мэр болуп турганда мамлекетибиздин чок ортосундагы Ала-Тоо аянтына "Манас" эпосундагы терс каармандар - калмак-кытайлардын эстеликтери орнотулган. Учурунда бул катуу чуу чыгарып, канында кыргыз имунитети ойногон балдар ал эстеликтерди талкалап киришип, аягында мэрия эстеликтерди кайра алып кетүүгө аргасыз болгон. Бул боюнча чуу чыкканда тымызын душмандыгы ашкере болуп калуудан коркконбу, Түлеев күнөөнү дароо орун басарларына шылтап, кутулган. Шаар башчысынын тымызын душмандыгы болушу мүмкүн экенинен кабары жок орун басарлар аргасыз өздөрү билбеген, түшүнбөгөн "күнөөлөрүн" мойнуна алууга аргасыз болушкан. "Бул эстеликтер чыныгы эмес, макет эле" деп жандалбасташкандарга "макетти Ала-Тоо аянтына алып келип коюу оюнчукпу?" деп эч ким сураган жок. Демек, Нариман Түлеев тымызын душмандыгы билинип каларынан коркуп, чыныгы эстеликтерди жасоого акча коротуп отурбай, байкап көрүү максатында гана атайын макеттерди жасаттырышы мүмкүн деген логикалуу ой келет. Баарынан дагы кызыгы бул эстеликтердин арасында "Манас" эпосунда жалпыга көп таанымал боло бербеген Шыпшайдардын жаа кармаган элеси өзгөчө көңүл бурарлык жасалган эле. Ал эстелик кимдики деп сурагандардын көпчүлүгү Жолой, Нескаранын эстеликтерин тааныса да, Шыпшайдарды көп тааный беришкен эмес. Ал эми чоң "босстор" Бакиев менен Түлеев кол алдыларындагыларга шылташканынан улам Түлеев менен Бакиев "Манас" эпосун окубай, байкабай калышса керек дегенбиз. Чындыгында Түлеев "Манас" эпосун окубай эле эмес, казып окуп, өзгөчө эпостогу калмак душмандарды катуу изилдеген көрүнөт. Анысы тигинтип ашкере жасалган Шыпшайдардын жаасынан эле сезилип турбайбы. Түлеевдин Шыпшайдарга өзгөчө көңүл бурганы дагы бир каргашалуу окуяга, 7-апрелдеги кандуу кагылышта жапжаш балдарыбыз Шыпшайдарга окшогон снайперлердин огунан каза болуусуна алып келгенсийт. Бул жөнүндө сөз өзүнчө болсун.

Үчүнчү белги:
Түлеевдин
идеясы менен Шыпшайдар-снайперлер элди аткан эмеспи?
Жогорудагы эки белгиден улам 7-апрелдеги кан төгүүгө катышым жок деген Нариман Түлеев ага түздөн-түз шыкак берип, Шыпшайдар-снайперлер менен элди атуу идеясын Бакиевдерге сунуштаган эмеспи?-деген логикалуу суроо туулат. Себеби, бир топ дүйнөлүк бийлик төңкөрүштөрүнүн, аскер төңкөрүштөрүнүн тарыхын карап отуруп, снайперлер менен элди терип атуу мисалын кездештире албадым. Баарында кадимки эле курал-жарактар менен коргонуп, кадимки эле аскер адамдарын, атайын даярдалган отряддар колдонулган. Көзгө атар менен душманын терип атуу "Манас" эпосунда кездешет экен. Кыргыздардын бир топ чабуулуна туруштук бере албаган кытайлар акыры, көзгө атар мерген Шыпшайдар аркылуу Манастын Алманбет, Чубак, Сыргак, Серек өңдүү ишенимдүү чоролорун жоокерлердин арасынан терип аттырат. Кыязы, Шыпшайдарга Манас, Алманбет, Чубак, Сыргак өңдүү негизги чоролордун келбети, минген аты, кийген киймине чейин сүрөттөлүп берилген өңдүү. Ошол үчүн ал көп элдин ичинен баатырларды тандап терип аткандай. Көзгө басар чоролору көзгө атардын жебесинен каза болгон кыргыз колу кайра кайтууга аргасыз болушат. Ошондо эзели мүңкүрөбөгөн Манас аяштарынын алдында оор күнөөгө баткандай муңканып отуруп чоролорунан айрылганын мындайча зар какшап баяндайт:
"………
Айдар көкүл, чок белбоо,
Алмамбеттен айрылдым аяш,
Канатым сынып, кайгырдым аяш,
Кан Чубактан айрылдым аяш,
Манастын бул окуясы чын эле эпостогу эң трагедиялуу эпизод. Элинин тагдырын, өз өмүрүнөн артык көргөн Манастай эр үчүн жандай көргөн чоролору өлүп өзүнүн тирүү калганы чындыгында эле өтө оор болгон.
Акүйдүн үстүндөгү снайперлерге да оппозиция өкүлдөрү Текебаев, Атамбаев, Отунбаева, Бекназаров баштаган лидерлердин сүрөтү берилген дешет. Бирок, окуя башкача өңүттө бурулуп, лидерлердин баары камакта жатканда эл лидери жок эле капыстан Акүйгө кол салышкан. Даярдалган Шыпшайдар-снайперлер анан лидерлер жок болсо да даярдалган боюнча оюна келгендерди терип ата баштаган өңдүү. Өткөндө Асылбаш айлынан 7-апрелде окко учкан Асылбаш айлынын тургуну 25 жаштагы Чубак Кадыралиевди көмүү зыйнаты болуп жатканын телевизордон көрүп отуруп, снайпердин Чубак Кадыралиевди атканы бир кездеги Шыпшайдар кадимки Акбалтанын Чубагын аткандай элес берип кетти. 30 жашка жетпей каза болгон Манастан мурун өлгөн Чубак да дал ушул Чубак Кадыралиевдей 25 ке гана чыккан күлгүн курактагы азамат баатыр болсо керек.
Кандай болгон күндө да булардын баары кокустук болду деп айтыш кыйын. Нариман Түлеевдин баскан-турганынан калмакчылык кайра-кайра көрүнүп туруп алганы кантсе да ойлоно турган, кийинкиде эске ала турган нерсе. Мунун баары кокустук деп айткыдай кокустук өтө эле көп жана өтө эле олуттуу, коркунучтуу кокустук болуп жатпайбы. Мындай котур ташы койнунда адамдардан кантсе да сак болуу керек.
Адилет Өмүркулов








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
28-май, 2010-ж.:
1-бет
Максимге жан тарткан Нариман
2-бет
С.Урманаев менен У.Барыктабасовдун мамилеси
3-бет
Түлеевдин котур ташы?
4-бет
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."
5-бет
Күнсобол
6-бет
Темир Сариев Бекназаровдун адамы Кубан Кулматов менен эмнени сүйлөшкөн?
7-бет
Азил
8-бет
Учур жана жаштар
9-бет
Жанета Бобкова:
"Атамды эки жыл көндүрө албай койгонбуз"

10-бет
Хозяин "Мегакома" -
кто такой Андрей Силич?

11-бет
Политика
12-бет
Башыңда кара булут айланат; эсиңе келип, эртеңкиңди ойло, элим!..
13-бет
"Аны адам баласынын көзүнө көрсөтпөсүн"...
14-бет
Адабият
15-бет
Кыргызстанды кантип көтөрөбүз?










??.??