п»ї
С.Урманаев менен У.Барыктабасовдун мамилеси
Шейшенби күнү Манас эл аралык аэропортуна У.Барктабасовдун самолетун кондурбай коюуга Султан Урманаевдин тиешеси бар деген сөз коомчулукка тарап кеткен.
Редакциядан Султан Исакуновичке кайрылганыбызда: "Менин У.Барктабасов менен эч кандай ысык же суук мамилем жок. Анын келишин каалабаган кандайдыр бир күчтөрдүн мени бетине кармап, С.Урманаев жасатып жатат деген сөздөрү чындыкка жатпайт. Ал дагы Кыргыз мамлекетинин жарандарындай эле укукка ээ экендигин баса белгилеп кетким келет" - деди С.Урманаев.

Быйыл өлкө бююнча76 миң бүтүрүүчү мектепти аяктайт
25-майда республикадагы 2 миң 188 мектепте салттуу болуп калган акыркы коңгуроо салтанаты болду. Орто мектептин 11-классын 76 миң бүтүрүүчү аяктайт. Өзгөчө үлгүдөгү аттестатка 3 миң окуучу талапкер болууда.


Укук коргоо органдары тарабынан 316дан ашык ок атуучу курал чогултулду
Кыргызстанда Ички иштер органдары тарабынан 25-майга чейин 316 даана ар түрдүү модификациядагы ок атуучу курал чогултулду. Алардын арасында Калашников автоматтары, пулеметтор, гранатометтер, снайпердик винтовкалар, Макаров, Стечкин тапанчалары, аң уулоочу куралдар, газ пистолеттери бар. Бул тууралуу КРнын Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланыш башкармалыгы кабарлады. Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан 25 миң 650 ок дары чогултулган.


"Свет-аке" тасмасы Канн кинофестивалында тартууланды
Жакынкы күндөрү Францияда жыйынтыкталган Эл аралык 63-Канн кинофестивалында кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын "Свет-аке" тасмасы тартууланды. Тасманын продюсери Алтынай Койчуманованын айтымында, анын бетачары "Режиссерлордун эки жумалыгы" аттуу белгилүү программанын алкагында болуп өттү. Тасмада башкы каармандын ролун фильмди койгон режиссер Актан Арым Кубат өзү ойногон. Ошондой эле Таалайкан Абазова, Асхат Сулайманов, Асан Аманов жана башка актерлор тасмадагы каармандардын ролун жараткан. Кыргызстанда тасманын бетачары 2010-жылдын күз мезгилине белгиленген.


Микаэлди өлтүрдү деп шектелген адам кармалды
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматтарга караганда, Бишкек шаардык жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлеринин издөө иш-аракеттеринен улам бул кылмышты жасаган адам камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Эстрада чөйрөсүндө Микаэл деген ысым менен таанымал Мирлан Даутовду 31-мартта кечке жуук үйүнөн белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен.

И. Исаков:
К. Батыров мыйзам алдында жооп берет
Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков бул тууралуу Жалал-Абадда жергиликтүү эл менен жолугушууда билдирди. Кадыржан Батыров адамгерчиликтүү болгон үчүн өзүнүн айткандары боюнча кечирим сурады, бирок башка кылган иштери боюнча мыйзам алдында жооп берет, деп баса белгиледи. Жалал-Абаддагы Өзбек маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыров Баш мыйзамдын долбоору жана айрым кылмышкерлер тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим сурап видео кайрылуу тараткан. Жалал-Абад шаарында жергиликтүү эл К. Батыровдун айткандарына жаалданып 19-майда көчөгө чыгышкан. Шаардагы К. Батыровго таандык делген "Элдердин достугу" университетинин жанындагы кагылыштан үч адам өлгөн, жетимиштен ашууну жаракат алган. Ошол күнү Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал жарыяланып, 30-майга чейин коменданттык саат киргизилген болчу.


Акыйкат партиясынын лидерлерине Кочкор эли батасын беришти
Өткөн ишенбиде, Акыйкат Республикалык партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов менен аты аталган партиянын төрагасынын биринчи орун басары, тең төрага Жусупжан Жээнбековду Кочкор районунун эли сыйлап ак жол каалап, батасын беришти.
Жергиликтүү айылдын аксакалы С.Жумакадыровдун айтымында: "Аликбек Жекшенкулов интелегенттин үй-бүлөсүндө туулган, жакшы тарбия алган. Ал бүгүнкү кээ бир саясатчыларга окшоп, элди алдабаган таза саясатчы. Буга чейин Кочкор элинен айтылуу Ормонхан жана Т.Усубалиев чыккан. Аккан арыктан суу агат дегендей биз дагы А.Жекшенкуловдон үмүтүбүз чоң"-дейт.


Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча 51-орунда турат
Ookla компаниясы тарабынан түзүлгөн NetIndex рейтингинде интернеттин ылдамдыгы боюнча биринчи орунда Түштүк Корея турат. Бул өлкөдө колдонуучулар интернетке секундуна 34,14 мегабит ылдамдыгында чыгышат. Экинчи орунда Латвия - секундуна 24,29 мегабит көрсөткүчү менен турат. Ал эми үчүнчү кезекти Молдова ээлеп, өлкөдө секундуна 21,37 мегабит көрсөткүчү менен интернетке чыгууга болоору тастыкталган. Жалпысынан рейтинг 152 өлкөнү камтыган. Анын ичинде интернетке өтө жай ылдамдыкта чыгуу Африканын Зимбабвесинде катталган. NetIndex рейтингинде Кыргызстан 51-орунга илинди. Ал эми коңшу Казакстан 62, Өзбекстан 128-орундарда, ал эми Россия интернеттин ылдамдыгы боюнча 28-орунду ээлеген.


Чүй областында жазгы дан эгиндери 10 миң 273 гектарга аз айдалды
Ушул жылдын 24-майына карата Чүй областында жазгы дан эгиндери 91 миң 530 га эгилди. 2009-жыл менен салыштырганда бул 10 миң 273 гектарга аз. Бул тууралуу Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын басма сөз борбору маалымдады. Аталган маалыматка таянсак, буудай - 29 миң 139 га, арпа - 60 миң 858 га, сулу - 1533 га, жүгөрү - 19 миң 61 га жерге айдалган. Ал эми жашылчалар 15 миң 32 гектар жерге эгилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 113 гектарга көп. Картошка -15 миң 32 га, өсүмдүк майы культуралары - 9271 га, кант кызылчасы - 7315 га, ал эми бакча культуралары1 726 га жерге айдалган.


Нарын: бүтүрүүчүлөрдүн арасында "эң жакшы" окугандар аз
Нарын облусу боюнча быйыл 9315 бүтүрүүчү катталды. Алардын ичинен 3569 окуучу 11-классты аяктады. 305 окуучу 9-классты артыкчылык аттестаты менен аяктаса, 11-класстын 220 бүтүрүүчүсү кызыл аттестатка ээ болушту. Бул көрсөткүч 6 пайызды түзөт. Быйыл мектепти аяктагандардын билим деңгээли начар болуп калганын Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Салтанат Эсенаманова айтты. Облус боюнча окуу китеп менен камсыз болуу бул окуу жылында 70 пайызды түзгөн. Авариялык абалда 19 мектеп катталып, анын бири Алыш айлына мамлекеттин эсебинен мектеп салынышы күтүлүүдө.


Кыргызстандык кыз Бүткүл дүйнөлүк суулуулар конкурсунда "Өздүк мисс" номинациясын алды

Баракелде - Кыргызстандык Жамиля Бактыбек кызы Кытайда өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк суулар конкурсунда "Өздүк мисс" аттуу номинацияга ээ болду, деп кабарлайт АКИpress маалымат агенттиги.
Конкурска 53 мамлекеттен сулуулар катышып, биринчи орунга Латвиядан келген кыз, 2-орунга Кытайдын сулуусу жана 3-орунга Эфиопиянын кара терилүү сулуусу ээ болду.


"Рухпресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
28-май, 2010-ж.:
1-бет
Максимге жан тарткан Нариман
2-бет
С.Урманаев менен У.Барыктабасовдун мамилеси
3-бет
Түлеевдин котур ташы?
4-бет
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."
5-бет
Күнсобол
6-бет
Темир Сариев Бекназаровдун адамы Кубан Кулматов менен эмнени сүйлөшкөн?
7-бет
Азил
8-бет
Учур жана жаштар
9-бет
Жанета Бобкова:
"Атамды эки жыл көндүрө албай койгонбуз"

10-бет
Хозяин "Мегакома" -
кто такой Андрей Силич?

11-бет
Политика
12-бет
Башыңда кара булут айланат; эсиңе келип, эртеңкиңди ойло, элим!..
13-бет
"Аны адам баласынын көзүнө көрсөтпөсүн"...
14-бет
Адабият
15-бет
Кыргызстанды кантип көтөрөбүз?










??.??