Кыргыз гезиттер архиви

  Насаат

"Аны адам баласынын көзүнө көрсөтпөсүн"...
Айтылуу Чоң-Кеминдеги Тегирменти айлынын баш жагынан орун алган Саид атанын короосуна кирип учурашкан соң эле үйдүн батыш тарабындагы тоо кыркаларына көз чаптырабыз. Нары жагы Ак-Түзгө ашып кетчү тоо кыркалары жаңыдан жаздын келишин күтүп жаткандай. Кар жаңыдан гана тоо таянып кыштак ичи али кургап деле бүтө элек учур. Март айынын ортосу ушундай эле салкындыгынан анча алыстай элек кез экенин бүгүнкү күн да далилдеп тургандай.


- Ии уулум төргө өтүңүз, -деди Саид аба сылык сүйлөп. Жашы токсонду таяп калса да баскан турганы тың, сүйлөгөн сөзү ордунда бу бир кездин жоокери менен болгон аңгеме-дүкөн андан ары өзүнөн-өзү эле уланып кетти. Мен алгач ал кишинин аты-жөнүн тактоо максатында:
- Аксакал атыңыз Саидби же Сейитби, адатта кыргыздар Сейит дегенди көбүрөөк коюшчу эле, -дедим.
- Оо, жок атым Саид, - деп ысымын эки, үч ирээт кайталап жиберди.
- Ээ айланайын иним бу жумуру баштап эмнелер гана өтпөдү, - деп сөзүн баштады Саид карыя. Согуш дегендин Кудай жүзүн адам эмес чымынга да көрсөтпөсүн. Ал алаамат башталганына бир жыл төрт ай өткөн соң тактап айтканда 1942-жылдын 7-сентябрын майданга аттандым. Поездге түшкөн калыбыбызда Ивановка областынын Тилмаж станциясына келип жеттик. Аерде үч күн өргүү болгон соң ордубуздан көтөрүлүп Горький шаарынын Зорина кыштагына жайгашкан артиллеристтердин тобуна кошулуп, замбирек атууга көнүгө баштадым. Замбирек атуу бир кишинин же эки кишинин иши эмес. Мен аерде үчүнчүсү болуп анын стболуна (темир көңдөйүнө) анын огун салып берүүчү кызматын аткаруу милдети жүктөлгөнүн кыстара кетейин. Ал замбирек деген бир куралдын артында (эгер ал кыймылга кирип атылган учурда) канча жана кандай тагдырлардын дуушарланарын да элестетүү кыйла оор. Ушул себептен согуш деген согуш экен да! Анын атын пенде баласы өз башынан кечирмек турсун кулагы укпай эле койсун, - дегим келет. Мына ошол артиллерияда бир нече жума болгон соң, анда салгылашкандар сан жагынан азайган себептүү, акыры болчубуз кайрадан түзүлүп, кийин жөө аскерлердин катарын толуктадым. Ошондо гана артиллерия согуштун падышасы деген сөздүн маңызына түшүндүм. Ооба, ага салыштырганда жоо аскер тирүүнүн тозогу экен. Муну өзүм өлүм менен өмүрдүн ортосунда бир жарым суткага жакын топурак алдында көмүлүп жаткан учурда сездим. Же ажалымдын жоктугубу, же Кудайдын буйругубу айтуу кыйын, ошол топуракка көмүлүп жатканымда жаан аябай жаап, үстүмдөгү топуракты агызып, мурдагыдай оор болбой жеңилдей түшкөнүмдү сездим. Көзүмдү ачып, буту-колдорумду кыймылдатсам иштеп жаткан сыяктанат. Ошондон соң да канчага жатканым эсимде жок. Бир убакта кобураган үн чыккансыйт. Көрсө, мени издеп атайын адамдар келишкенби, же жанымдан өтүп бара жатып байкап калганбы, бир орус жоокер мени кадимкидей көтөрүп, кээде сүйрөп отуруп бир жерге жеткизип эптеп машинага отургузду. Ошону менен Баку шаарына келип, аерде үч ай жатып толук болбосо да жарым жартылай айыгып:
- Сен согушка жарабайсың, үйүңө кетиребиз, - деп колума керектүү кагаздарын берип аерден бошонуп чыктым. Согуш окуясын айтып отурса сөз кыйлага узарып кетет эмеспи. Бакудан Каспий деңизи аркылуу алгач Красноводск шаарына келип, аерден поездге отуруп Кыргызстанга сапар тартышым керек да! Согуш учурунда да ар түрдүү адамдар көп болот эмеспи. Ошондо Красноводск шаарына жетип фронттон эки буту тизесинен кесилген адамды узатып келе жаткан бир орус кыздын азабын айтып отурсам өзүнчө узун сөз. Кыскача ал окуя мындайча болгон. Параход токтогон станциядан жогоруда эскерип жаткан эки буту кесилген кыргыз жоокерине боорум ооруп:
- Сен буерде туруп тур, менин кол мешогума да көз сал, талондорго барып тамак алып жетип келейин. Анан үчөбүз жолдош болуп чогуу Фрунзеге кетебиз, -деп мен чуркап кетип жатпайымбы. Келсем баягы жоокер ордунда отурат, анын жанындагы орус кыз менин мүшөгүмдү көтөрүп алып жолго түшүптүр. Андагы анча-мынча оокатыма көп деле кейибейт элем. Кейигеним менин бошоп чыкты деген кагаздар менен документтерим болду. айлам куруп эмне дээримди билбей, отуруп калдым. Документтерсиз каякка барам. Ал кезде эң башкы нерсе, бошоду деген кагаздар менен кошо дарыланууну улантуу зарылдыгы жөнүндө врачтын кагазысыз кадам да баса албайт элем. Узатып келе жаткан тиги кыздын эки бутсуз жоокерди талаага таштап баса бериши экинчи жагынан жанды кейитип турду. Ошондой болсо да адам калчаса эле мындайдын да жолу табылбай койбойт экен. Ойлоп туруп эки, үч саат эле мурда кагаздарды колума карматышкандарга ал-абалымды түшүндүрүүнү туура таптым. Бул оюм чын чыгып эки, үч күн күтүүдөн соң жазып берүүнү алар да туура көрүшүп, колума кайрадан керектүү кагаздарын карматышты. Ушундан соң гана сапарымдын бактысы ачылды. Баса буерден да түркмөн досумду эскере кетейин. Красноводскийден түз эле Ашхабадка келип досумдун дарегин издей баштадым. Анын фамилиясы Хазанов эле, издеп жүрүп досумдун туугандарын таптым. Мен аларга:
- Экөөбүз үч, төрт ай бирге жүрүп, согушка да бирге киргенбиз. Анын жанына бомба жарылып кайтыш болду. Экөөбүздүн аз убакыт болсо бири-бирибизге кылган мамилебиз жакшы эле. Эми андан күдөрүңүздөрдү үзсөңүздөр болот. Ал түрдүү эмес, анын каза тапканын өз көзүм көрдү - деп угузуп анын ата-энесинин үйүндө бир түнөп мейман болуп Фрунзеге сапар тарттым.
О. Тенти: Согуш деген согуш, сиз ангемеңиздин бир жеринде, согуштун алааматынан кан ичтим деген сөз оозуңуздан чыгып кетти. Бул бир чети кан ичүү деген кыргыз тилинде өтө жаман сөз экенин сиз да жакшы билесиз. Ошол кандай болду эле?
Т. Саид: Жогоруда бомба түшүп ошонун чачырган огу колума тийип жарадар болгонумду жогоруда эскерип кетпедим беле. Ал бомба мен жаткан окопко жакын коктунун кырына келип түшүптүр. Биз үч киши жыйырмага жакын жоокерлердин артында элек. Алдыбызда бара жатышкан ошол жыйырмага чукул кишини толугу менен ошол бир бомба жайлап кетти. Биз үчөөбүз:
- Эптеп аман калдык буерде турууга болбойт, -деп качып бара жатсак ошондой эле экинчи бомба жаныбызга түшүп жатпайбы. Анан ошо бомба серпкен топурактын алдына көмүлүп калып жатпайымбы. Анын астында да бир суткадан ашык жатсам керек. Кара терге түшүп өлүп бара жатам. Анан күндүн катуу жааны мени чындап сактап калды десем болот. Үстүмдөгү топуракты жаандын суусу жууп андан араң суурулуп чыктым. Эптеп андан чыксам каным катып өлүп бараттым. Карасам алдымда бир көлчүк көрүндү.
- Ии, бул суу болсо керек, ушундан ичейин, -деп башымды салып ичип жибердим. Анын даамын сезип көзүм негедир ачыла түштү. Карасам көлдүн ичи жалаң эле соймоңдогон курттар экен. Айтор оозума канча курт киргенин билбейм. Ал эле эмес жалаң суу курт эле эмес, кызарган кан. Ошондо, Кудай мени кечир кан болсо да ичип, жаным калды, - деп ойлодум да анан ошол жерде кыйлага жаттым.
Ооба Саид абабыз жогоруда айткандай согуш деген адамга кандай гана күндү көрсөтпөйт. Ушул себептен аны көргөн да, көрбөгөн да адамдар:
- Анын жүзү курусун, аны адам баласынын көзүнө көрсөтпөсүн, -деп кан какшап келишет. Мына кийинки жыйырманчы кылымда бир нече миллион адамдын өмүрүн кырккан өтө кандуу да, кыргын да согуштун аяктаганына 65 жыл болуп отурат. Анын бири Саид Төлөбаевдин согуш баянынан анча-мынча кабардар болдук. Жалаң эле согуш кайгысын кеп кыла бербейли дедик. Саид абабыз кийинки т.а. жеңиштин залпы дүңгүрөгөн 65 жылдан бери кыйла жумушту аркалап, он бир баланын сүйүктүү атасы болуп алардын онун өнүп, өстүрүп, эрезеге жеткизип, көбүн илимдүү, билимдүү кылып жакшы тарбиялады. Биз бүгүн Саид Төлөбаев абабызды улуу Жеңиштин 65 жылдыгы жана ага эле оро-пара 88 жашы менен куттуктап, төмөндөгү ыр саптарын ага арноону туура таптык:

Мекен кылып Чоң-Кеминдин өрдөшүн,
Мекен кылып Тегирменти жергесин.
Жашоо өткөзүп келген Саид абабыз,
Жакшы көрсүн, жаман көздөр көрбөсүн.

Ушул белем бизге суңган күч-деми,
Жүзүбүздөн сылап турду жаз жели.
Токсон жашка таяп барып калса да,
Даана чыгат Саид аба кептери.

...Согушту кой, согуш деген согуш да,
Жоболоңун кулагыма угузба.
Жүзү кара, ба-бактыгын билем мен.
Ал жүргөн жер болбосу чын жылыш да.

Кепке албайлы, ал өңдөнгөн жакырды,
Кеп кылалы мээнет деген баатырды.
Ал жаратып, ал бардыгын бар кылып,
Асыл кылат, асылдан да асылды.

Ал бар үчүн бала өстүрүп, үй курдум.
Ал жанда үчүн өз айлымды бай кылдым.
Ана бүгүн он бир балам кашымда,
Бири да жок согуштагы кайгымдын.

Ал бар үчүн, мейманым бар, курбум бар.
Жакшылыкты дагы көп-көп туйгум бар,
Сексенде эмес, токсонду ашып түшсөм да,
Картмын дебей дале иштеп тургум бар.

Деген сөзү кимге гана шык жакпайт,
Кимди гана бул кайраты суктантпайт.
Ыраазымын Саид аба сөзүнө,
Ойдо турдук, андай үйдөн кут качпайт!




"Эл үчүн Адамкерчилик оттон да, суудан да кымбат зарыл нерсе. Адамдын от менен суудан өлгөнүн көрдүм, зили адамкерчиликтен өлгөнүн кезиктирбедим"
(Конфуций - кытай ойчулу)
Эл башчы кылаң болсо - эл ичи ылаң болот…
- Чебер - жандын тилмечтигине жаралган, тукуму таралган өнөр ээси, Кудайдын сүйгөн пендеси. Чебер - ар иштин көзү, мээси, ээси!
Эми, сөздү бөлбөңүз. Жалпы жыйынтык кийин чыгат. Шышылбаңыз. Шаштырбаңыз…
- Макул. Жолтоо болбоюн.
- Ыракмат.
"… Асылдыкты баш курайт, акмактык-алтынды таш кылат, келтирип куттун кунарын, ааламды өңдөн аздырат!.. Башыңды ташка урсаң да, ал таштан алтын жаралбайт, жыртылган көңүл жамалбайт, карарган көөнүң агарбайт". Эзелки бабалар кеби ушундай жаңырат. Биз кыргыз журтчулугу ушундай абалдабыз. Мындайда эмнеге сүйөнүүбүз абзел?
"Асыл-таштан, акыл-жаштан". Бизге бергиле бийликти. "Кары келсе - ашка, жаш келсе ишке". Ишеним бизге артылсын! -деп жаштардын жаңшанышканы да жүйөөлүдөй мындайда. Бирок…
- А эмне бирок? Балким, алар жандары күйгөндөн эле эмес, окуп-чокуп, бүтүндөй илээ-амалдарды, бийлик табиятын түгөлдөй өздөштүрүшүп, калкты байытуу-маарытуу, өлкөбүздү, мамлекетибизди телчиктирүү, телчиктирүү эле эмес бүткүл дүйнө суктанарлыктай идеалдарды амалга ашыруучу табылгаларды таап, саап, жадыбалдай жатташып алышкандандыр? Бизге, элге, карапайым калкка: "Өздөн чыккан жат, куулук-митайымдык менен кытмырлык түрлөрүн кыйын өздөштүргөн карт - катыган дарт, өзөктөн чыккан өрт" керекпи, же отурган орду улагада болгону менен төрдү муютар жүйөөнү тапкан, акылы чапчаң, ажат ачкан жаштар керекпи? Бузуку куулук-шумдук жолго кире элек, кытмырлыкты жек көргөн, зээн, дээр-дилдери таза, элим дегенде эт-бетинен кеткен, эл ишеними кокустан аларга артылса "карысын-казык, башын-токмок" кылууга даяр, аяр тукумдарыбыз бардыр калк ичинде?!
- Болсо ага не жетсин, көсөмүм! Бирок…
- Эмне бирок?!
- "Даанышман акыбет күтпөй, иш бүтүрөт, даңк көсөбөй, эрдик жасайт" -делинет кыргыз макалында. "Падыша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес" делинет эл макалында. Ушул акывал-даражасына жеткендер, сиз айткандардын-жаш муундардын арасында бар экенине ким- кандай олуя инсан кепилдик бере алар экен? Бул бир суроо.
- Охо-о, таксыр, чү дегенде эле жарга такап салгандай абал туудуруп салдыңыз, оув!??
- Сизди көсөмдүккө: тубаса жаратымыңыз, окумалдыгыңыз, зиректигиңиз сезим ылгагыч туюмчулдугуңуз, көкүрөк идиректүүлүгүңүз, жашыңыз улам илгерилеген сайын кыпындайдан чогулткан акыл кенчин кураган сарамжалыңыз, билимиңиз, илимиңиз, көкүрөк көздүүлүгүңүз жана башка нукура сапаттарыңыздын тоому жеткирди. Туурабы? Туура.
- О-о, ашыра баалап жибергендейсиз, оув!..
- Бул биздин баам. Ашык-кеми жок. чөйрөңүздүн анык нарктоосу.
Эми айтар сөздүн чордонуна оойлу: Эл-Эгедерин кандай инсандан тандоо керек?
Тээ 6-5-кылымдарда көзү өткөн кытай ойчулу Лао Цзы мындай деген экен:
"Улуу акылмандар эл-эгедери болгон жерде- кол алдындагылар анын бар экенин сезбей (таназарга алууга үлгүрбөй) да калышат" дейт. Бул эмне дегендик? Таназар сала өтөлү. Элге, жерге, мамлекетке, өлкөгө, анын жашоочуларынын ар бирине жыргалчылык, оомат, зоболо, атак, даңк, байкерчилик, кубат, күч, дөөлөт кенчин кураар башталмалар, демилгелер -колдон келер реалдуу - идеялар тоому менен көөн тойгузулат. (Карын кайгысы жоюлат…)