п»ї
  Учур

Келишим дагы адам тагдырын чечеби?
Аликбек Жекшенкуловдун аппеляциялык арызы боюнча 19-майда Бишкек шаардык сотунда үч судьянын курамында каралды. Буга чейин Биринчи май райондук сотунда каралып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 315-статьясына таянып, А.Жекшенкуловду кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгымга учураткан деген күнөө коюп, 5 жылга эркинен ажыраткан.
Сот процесси башталганда, Аликбек Жекшенкуловдун ТИМде бирге иштеген Стат-катчы, коомдук байланыш департаментинин директору, дагы бир ТИМдин жооптуу кызматкери дагы бар экен. Териштирүү учурунда, судьялардын өздөрү деле таң калышты болуш керек.
Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн сот процессинде болгонун-болгондой окурмандарга сунуш кылмакчыбыз. 315-статья I-бөлүгү кызматынынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджеттик акча каражатын максатсыз пайдаланган-деген күнөө экен.
Көрсө, 2007-жылы ШОСтун самитти жакындап калганда, Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги Эркиндик көчөсүндө жайгашкан (мурдагы Мүлк фондусунун) имаратын алып, дубалынан башкасын капиталдык ремонттон чыгарат. Бул курулушка кеткен чыгымды мамлекеттин казынасынан бир тыйын албай туруп, чет элдик гранттардын негизинде ремонттоо иштерин жүргүзөт.
Гранттан келген каражаттарга тендер жарыялап, фирмалардан курулуш материалдары алынат. Бир жылдан кийин, Эсеп палатасы текшерип, "бир фирмадан алынган курулуш материалдарынын Счет-фактурасы, фирманын накладнойлору бар экен дагы келишими жок экен" кеч болсо деле ошол фирма менен келишим түзүп койгула дейт. Министрликтин бухгалтерлеринин суранычы боюнча Коомдук байланыш департаментинин директору Жолдошбекова аты аталган министрликтин стат - катчысы Т.Кыдыровго барып, бардык документтер толук экендигин көрсөтүп, мыйзамдуу болуш үчүн формалдуу келишим түзүп коюуну суранып жатышат деп кол коюп берүүсүн өтүнөт.
Кыдыров келишим расмий документ болбогондуктан кийин кол коюп берип коёт. 2008-жылы Аликбек Жекшенкулов Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясатына каршы пикирин билдире баштаганда, башкы прокуратурадан келип, текшерип эч нерсе таппагандан кийин келишимди бетине кармап, 5 жылга соттоп жатпайбы. Мени таң калтырганы, ТИМдин имаратынын курулушуна алынган товарды тастыктаган документтердин баары турса, экс-министрге эмненин негизинде кызматынан кыянаттык менен пайдаланды- деген күнөө коюлуп, түрмөдө отурду-деген суроо пайда болот.
Ал жерде кыянаттык эмес, чет элден Самитке келген жетекчилердин алдында корунбай татыктуу тосуп алуу үчүн өз өлкөсүнүн өркүндөшүнө жасаган эмгеги үчүн күнөөлүү болдубу? Айтор ким билсин, Бакиевдин деңгээли ошол болсо, анын жүргүзүп жаткан саясатына каршы ачык айтып, ак сүйлөгөн атуулдар дайынсыз жоголуп, же ак жеринен түрмөгө түшүп, андан дагы коркунучтуу көрүнгөн атуулдар машинеден эле күл болуп күйүп кеткен фактылар коомчулукка аттын кашкасындай белгилүү болуп калбадыбы. Аликбек Жекшенкуловго тагылган күнөө 305-статьянын II-бөлүгү жана түрк ишкеринин өлүмүнө байланыштуу 97-статьянын 1-бөлүгү.
Сотто А. Жекшенкуловдун көргөзмөсү: Ал маркум Таласта төө буурчак менен көп жылдардан бери алектенген ишкер экендигин, анын кимдер менен байланышы, кандай иштеп жүргөнү мага белгисиз. Мен аны таанымак турсун уккан дагы эмесмин. 2005-жылы март окуясынан кийин мамлекеттик мыкты кызматкерлерге бирден курал белекке берген эле. Анын арасында мен дагы бар болчумун. Мен аны алган күнү алып барып, үйүмдөгү уктоочу бөлмөмдө жайгашкан сейфке салып койгом. Ошол бойдон ага көңүл деле бурбаптырмын. Менден башка сейфти эч ким ачпайт. Себеби, ачкыч дайым менин жанымда. Бир күнү ИИМден чакыртып, ошол пистолеттен 3 ок берип аттырды дагы бир окту бербейт. Кана атылган октун үчүнчүсүн таап бериңиз десем өзүңөр таап алгыла деди. Менин жан сакчым издеп таап алды. Ошондо, бийлик тараптан мага каршы бир нерсе жасалып жатканын сездим. Көп өтпөй Адилет министрлигине чакырып дагы ушундай окуялар болду.
Урматтуу соттун жамааты, мен мурда кийин ишкерлик менен алектенип көргөн эмесмин же аны тааныбасам анан кандайча болуп, менин сейфте жаткан пистолетим анын өлүмүнө байланышы болуп калат. Эң кызыгы, мен белекке алган пистолет 1960-жылкы, мурда списанияга кеткен курал экендигин ошол текшерүү учурунда билип жатпаймынбы. Коомчулукка белгилүү болгондой жашыруун базарларда (чёрный рынок) 200-300 долларга мындай курал жарактар сатылып эле жатпайбы. Мына ошондон кийин мен жана менин үй-бүлөмдүн түрк ишкерине кандай тиешеси болушу мүмкүн?
Бул Бакиевдин кезектеги саясий куугунтугунун бири катары баалайм. Ошондуктан, жогоруда айтылган фактылардын негизинде менин эч кандай күнөөмдүн жок экендиги жана менин артымдан мурдагы кызматкерлеримдин дагы эч кандай мыйзам бузган күнөөлөрү жок, ак жеринен күйүп жаткандыгына күбө болдуңуздар окшойт. Ошондуктан, бул ишти адилет чечип берүүңүздөрдү өтүнөм"-деди.
Мындай фактылардан кийин азыркы бийликтен эч кандай буйрутмалар болбосо судьялардын жана прокурордун берген суроолоруна жооп берип, фактыларды даана, так айтып жаткан Аликбек Жекшенкуловду көрүп, судьялар Бакиевдин кылганына таң калып, жакасын муунбагандай кармады болушу керек-деген ойдо калдык. Ким билсин, алар деле жогору жактан кандай буйрутма болсо, ошону аткараарын турмуш көрсөттү го. Ошону менен жыйынтыгын 20-майда саат 16-00дө угасыңар деп кийинки күнгө калтырып коюшту. Эми эртеңки күндү күтө туралы, Кудай бар, хан бар.
Учурдагы таң калтырган окуядан кийин 2005-жылдагы бир окуя эсиме түштү. Акаевдин режимине каршы чыккан Топчубек Тургуналиевди "мамлекеттин башчысына кол салды" - деген күнөө менен онго жакын бала түрмөгө камалган эле. 2005-жылы Март ынкылабынан кийин, автоматтык түрдө Топчукени балдары менен соттон актап, моралдык компенсация катары 100 000 (жүз миң) сомдон беришти эле. Бүгүнкү күндө, Бакиевдин режиминен Ноокат окуясына байланыштуу, Балыкчыдагы окуя, Аликбек Жекшенкулов, Исмаил Исаковго окшогон саясий куугунтукка туш болуп, ак жеринен түрмөгө жаткан атуулдардын ден-соолугу, кетирген убакыты ж.б. үчүн ким жооп берет. Эмне үчүн аларга күнөө коюп сотко чейин даярдаган тергөөчүлөр мыйзам алдында жооп бербейт? Эмне үчүн буларга моралдык компенсация төлөнбөш керек? - мына ушундай суроо артынан суроолор туулат экен. А мыйзам бардык атуулга бирдей деген Кыргыз Республикасынын баш мыйзамында бадырайып жазылып турган тамгаларды Бийлик башында тургандар жана Сот, Прокуратура кызматкерлери жакшылап окуп чыкса -деген ойду айткым келет.
Адина Өмүркулова




"Жаш Тегин" жаштар кыймылынын башкы багыттары

Элдик көзөмөл
Общественная палата
Жогорку Кеңеш Мыйзам палатасы
Законодательная палата

Жогорку Кеңеш Эл өкүлдөрү
Совет народных представителей

Өкмөт
Правительство

1. Кыргызстан Жаштар Биримдигин уюштуруу
Жаштардын ар түрдүү саясий кыймылдарын жана бирикмелерин Жаштардын Борбордук Биримдигине баш коштуруунун максаты - Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө залалын тийгизүүчү терс көрүнүштөргө (уюшма жана кылымышкер топтор, казына уурдоочулук, паракорчулук, экстремизм, улут аралык пикир келишпестик, саясий жана экономикалык кедерги) каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу.
Элге экономикалык жана саясий жактан болуучу кысым көрсөтүүлөргө прогрессивдүү жаштар биримдиги, мыйзамдык негизде жол бербейт.
2. Элдик өкүлчүлүктүн ар түркүн формалары аркылуу-бардык бийлик элге.
Өкмөттүн жана анын бутактарынын ишмердигине көзөмөл жүргүзүү, маалымат бутактарынан толугу менен пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болуу аркылуу эл өлкөнү башкаруу менен биз авторитаризмге, жердешчиликке жол бербейбиз.
3. Кыргыз Республикасынын Сакчы институтун уюштуруу.
Сакчы - милиция сыяктуу күч түзүмү, бирок жер-жерлерде эл тарабынан шайланат жана жергиликтүү эл өкүлдөрүнө баш ийип, толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат.
Сакчынын эл өкүлдөрү бекиткен өздүк штаты, курал-жарагы, атайын каражаттары, трансопрт унаасы жана зарыл жабдуулары менен кийими, көзөмөл пункттары болушу керек.
4. Кыргыз Республикасында парламенттик башкаруу.
Кыргызстан эли үчүн паралменттик башкаруу демократиялуу жана ылайыктуу. Ушул жол менен гана Кыргызстан эли бийликке ээ боло алат. Биздин эл эзелтеден эле -демократ эл, акын эл, мээнеткеч эл, жоокер эл.
5. Муктаждарга ыңгайлуу, жайлуу жана арзан турак-жай.
Көп квартиралуу кабат үйлөрдү куруу зарыл. Бул үчүн "Жаш Тегин" кыймылы бардык мүмкүнчүлүктөрдү издейт.
"Жаш Тегин" жаштар кыймылынын сунушу
Президентсиз, элдик башкаруунун парламенттик республикасы.
А) Көзөмөл уюмдары.
1) Шайлануучу - Коомдук палата.
Бир мандаттык негизде эл тарабынан жашырын добуш берүү менен шайланат. Аткаруу бийлигин көзөмөлдөө боюнча өз курамында көп багыттагы комиссия жана комитеттерге ээ, анын ичинде жашыруун иштер боюнча да (бул жагдайда аталган комитет же комиссия мүчөлөрүнүн өзгөчө укугу болот. )
Талдоого, көзөмөлдөөгө жана жарыялоо үчүн кандай маалымат болбосун талап этүүгө укуктуу. Коомдук палата өкүлдөрүнүн тең жарымы жаштардан шайланышы керек.
Мыйзам чыгаруу бийлиги - Эки палаталуу парламент.
1). Эл өкүлдөрү палатасынын Кеңеши бекитүүчү- тескөөчү функцияларга ээ жана райондор боюнча түз жашыруун добуш менен шайланат.
Талапкер ушул райондун акыркы 15 жылда үзгүлтүксүз жашаган тургуну болушу керек. Жогорку бийлик кызматтарын бекитет (жогорку сот, генералдык прокурор, премьер-министр, ИИМ жана УКК министрлери). 44 район жана Бишкек, Ош шаарларынан бардыгы 46 өкүл.
2) Мыйзам чыгаруу палатасы: мыйзам чыгаруу функцияларына эл, аларга бир мандаттык жана партиялык негизде шайланган эл депутаттары кирет.
Аткаруу бийлиги.
1) Бул - өкмөт, министрликтер жана бийликтин жергиликтүү органдары. Премьер-министр мамлекеттин жогорку кызматтык адамы.
Сот бийлиги.
1. Эл өкүлдөрү палатасына отчет берип турат.
Замир Дүйшөнов, "Жаш Тегин" жаштар кыймылынын катчысы Алмаз Курманкулов, саясий кеңешчи

Из книги предложений и соболезнований молодёжного движения "Жаш Тегин", работавщей на площади Ала-Тоо.
Прости меня парень, приехавший из далекого Нарына. Это все, что ты сказал о себе. Вместе мы искали воду, чтобы смыть с тебя кровь, она шла из разбитой руки. Парни перевязали руку и мы вернулись на площадь. Там я бросила тебя, убежала по никчёмным делам. А ты остался, чтобы победить. Теперь мне стыдно и больно, будто я предала брата. Не зная, где ты, как ты, очень надеюсь, что ты жив. Простите нас ребята, что не уберегли Вас, вы живы в наших сердцах, гордимся Вами и плачем о Вас. Прости меня парень из Нарына, теперь, я иду за тобой в воспоминаниях.
После 7 апреля 2010 года мы должны, обязаны жить в чистой, счастливой, богатой, нашей общей красавице стране. За это пролилась кровь, за это отдам самое дорогое - ЖИЗНЬ. Наш долг сделать её такой.
Боже мой! Какие ребята погибли, лучшие из лучших.
Галина

Р.S. Нарындык жигит! Колуңдун сыныгы бүтүп, көңүлүң аз да болсо ордуна келсе, эсиңден түбөлүк кеткис 7-апрелдин апаат мезгилинин ушул Галина жазган көз ирмемин элестетип жазып берерсиң?..








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Сапарыңыз байсалдуу болсун, Роза эже
2-бет
Тегирмен
3-бет
"Валя, Валек, иди сюда"
4-бет
Партократтардын "Акыркы Могиканы"
5-бет
Качкын Булатов:
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."

6-бет
Акыйкат республикалык партиясынын 1-курултайы болду
7-бет
Келишим дагы адам тагдырын чечеби?
8-бет
Бакиевдин заманын эстегендердин мээси жок,
7-апрелди эстебегендердин жүрөгү жок
Азизбектен азил кеп

9-бет
УРМАТ БАРКТАБАСОВ
10-бет
Дарика Жалгасынова
"Бийикте желбиресин Кыргыз Руху!"

11-бет
33 роза
же мамлекеттин фундаменти мектептен башталат

12-бет
САЙПАНА
13-бет
Эл башчы кылаң болсо - эл ичи ылаң болот…
14-бет
Дил кайрыгы
Алгалай бер, эмгегиңден кылым карытып!

15-бет
Мыйзам
16-бет
Гүлнара Тойгонбаева:
Завучка кармалып калгам











??.??